Кыргыз гезиттер архиви

  Экстер эмне дейт?

Жантөрө САТЫБАЛДИЕВ:
"Сааты келгенде мен дагы "чээнден чыгам"
Биздин аткаминерлер кызматка карапайым калкка эмгек өтөйүн дебей, "жеш" үчүн барышат. Ал эми Жантөрө мырзанын өмүр таржымалына саресеп салсак, жалаң майлуу креслодо өмүрүн өткөрүптүр. Маегибиз дагы ушул өңүттө башталып, таарыныч, музыка дүйнөсү жана саясат темасы менен коштолду


- Бардыгыңарды: карапайым калк, чиновник, саясатчы, журналист журтчулугун алдап коюшум мүмкүн. Бирок, өзүңө өзүң жалган айталбайсың, "өзүңдү өзүң алдаба" принцибин туу тутуп келем. Кайсы гана тармакты аркалабайын, адилеттүү, таза иштегенге аракет кылдым. Адам болгондон кийин, айрыкча кызматта жүрүп, бир күнү креслодон жылмышканы артыңдан сөзсүз ушак ээрчийт экен. Саясат деген - саясат. Оппоненттер түрдүү методду колдонуп айың кеп таратып, сени каралаганга аракет кылары турган иш. Андыктан, аларга анчалык деле маани бербейм. Элимдин алдында жүзүм таза экенин ишенимдүү айта алам.
- Бирок, сиздин ишмердигиңизге байланыштуу сын-пикирлер арбын. Маселен, Сулайман тоону көрктөндүрүү, өнүктүрүү максатында 2006-жылы марафон өткөрүп, андан түшкөн каражатты сол чөнтөккө солоп жибергениңиз туурасында маалымат айтылып жүрөт.
- Сурооңузга жооп берерден мурда, бир маселенин башын ачып алсак. Сулайман тоо - сыйына турган жайбы же туристтик аймакпы? Менин жеке пикиримде, ал сыйынуучу жер болушу керек. Анүчүн бардык шартты түзүү зарыл. Мына ушул максатта марафон өткөрүп, 7 млн. сомдун тегерегинде акча чогултканбыз.
Жалпы жонунан ыйык тоону реконструкциялоо иштерин жүргүзүүгө 50 млн. сом сарпталат. Ага спонсор издөө керек. Ал үч этапта жүзөгө ашмак. Алгач тоонун түштүк жагын көрктөндүрүп, андан кийин түндүк аймагына өтмөкпүз. Сулайман тоосун түнү дагы жарык болуп тургандай деңгээлге жеткирүү планда бар эле. Губернатор болуп турганымда эки ажаткана, акча төлөөчү жай (касса) курулуп, ыйык тоону темир тосмо менен тегерете тосуу иштери бүткөн. Кызматтан кеткениме эки жылга аяк басты. Тилекке каршы, менин ордума дайындалган жетекчилик башталган ишти аягына чыгарган жок. Бул мен үчүн өкүнүчтүү.
Өзүңүз деле ойлонсоңуз, кандай адам пайгамбар атын алган тоону көрктөндүрүү максатында чогулган акчаны "жеп" жиберет? Жеке мен андай кадамга барбайм. Бул маселе боюнча тиешелүү орган текшерген. Бир дагы мыйзам бузууну тапкан жок. Сулайман Тоо - бир эле Кыргызстанга эмес, бүткүл мусулман журтчулугуна тиешелүү ыйык жер.
- Кезинде Оштогу жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендерге бөлүнгөн гумжардамды, анын ичинен курулуш материалдарын өз кызыкчылыгына пайдаланды деген күнөө менен сизге кылмыш иши козголгон. Анын айынан кызматтан алынгандай болдуңуз. "Сатыбалдиев Акүй менен сүйлөшүп алып, тилин тишине катып отурат" дегендер да жок эмес. Коомдогу болуп аткан окуяларга ак же кара дебей, "балык ооз" принцибин карманып турганыңыздын башкы себеби ушундадыр?
- Так ошол жаратылыш кырсыгына жеткиликтүү чара көрбөгөнү үчүн өкмөттү, финансы жана өзгөчө кырдаалдар министрин сынга алгам. Анан кантип гумжардамга келген цемент-шиферди "жеп-жутуп" жиберейин. Өзүмдүн артым таза болбосо, жогору жакты сынга алат белем? Бул маселе боюнча кылмыш иши ачылып, күнөөлүүлөр өз жазасын алган.
Менин губернаторлуктан кетишим - саясый чечим экенин убагында айткам. Өткөөл убакытта губернатор, министр сындуу аткаминерлерди алмаштыруу мыйзамченемдүү көрүнүш. Шайлоонун шайтан оюндарынан мен гана эмес, менден кийин дагы көп эле аткаминерлер кызматтан кол жуушкан.
- "Сүттөн ак, суудан таза" экенсиз. Ошого карабастан, коомчулукка өз пикириңизди ачык айтпаганыңыздын сыры неде? Анын үстүнө, кызматтан куулганда бийликтин быкыйын чукуп, кыйкырып чыкмай бизде салтка айланган жайы бар.
- Эмне үчүн саясый тыныгуу алып, силердин термин менен айтканда, "балык" болуп отурам? Өзүмдүн басып өткөн жолума көз чаптырып, кандай катачылык кетирип, кандай алгылыктуу иш жасаганымды анализдеп аткан кезим. Мен деле башкалардын жолоюна түшүп, теле жылдызы аталып, гезит бетине интервью курсам жарашмак. Кыргызда бир жакшы сөз бар го: "Жоо кеткенден соң кылычынды ташка чап" деген. Мамлекеттик кызматта жүргөндө башканы сүйлөп, кеткен соң башкача "обон созуу" менин табиятыма туура келбейт.
- Мындан үч жыл мурда айрым бир депутаттар топ түзүп, бийликке нааразычылык билдирип чыктыңыздар эле. Андан кийин Акүй менен соодалашып, ордолуу Ошко губернаторлукка кызматка бардыңыз. Мына ошол мезгилде көтөргөн маселелериңиз азыр дагы өзүнүн актуалдуулугун жогото элек. Же бул айтканыма кошулбайсызбы?
- Менин губернаторлукка барышымды Акүй менен соодалашуу катары баалагандар чоң жаңылышат. Бийликтен Ош облусун башкарып берүү сунушу түштү. Жакын санаалаштарымдын оюн угуп, "жети өлчөп, бир кесип" макулдугумду бердим. Агезде пикет-митингдер байма-бай өтүп турганы жалпыбызга маалым. Ош облусуна кандайдыр бир деңгээлде стабилдүүлүктү алып келдим десем аша чапкандык болбос. Алты-жети ай жалаң гана саясый акцияларды токтотууга жумшалды.
- Жогоруда саясый тыныгууда жүргөнүңүздү айттыңыз. Ал канча убакытка созулушу мүмкүн?
- Бул процесс көпкө созулбайт. Ар бир нерсенин өзүнүн убактысы бар. Сааты келгенде мен дагы "чээнден" чыгам. Мен өзүмдү жашмын деп эсептейм, болгону 53кө толдум. Мамлекетим, элим үчүн аткара турган иштер али алдыда. Ал максаттар өндүрүш, чарба, бизнес чөйрөсүнөн жүзөгө ашышы ыктымал.
- Демек, саясатка кайрылып келбейт экенсиз да? Эмне үчүн сизге окшогон тажрыйбасы бай, басып өткөн жолу жаштарга үлгү боло турган кыргыздын патриоту саясаттан тышкары болуш керек?
- Саясатка аралашууга неге болбосун? Келечекте парламенттик, жергиликтүү органдарга шайлоо өтөт. Балким, ошондо депутаттыкка ат салышармын. Бул менин конституциялык укугум. Кыскарта айтканда, бардыгын мезгил көрсөтөт.
- Дайыма жооптуу кызматты аркалап жүрдүңүз эле. Эми минтип "Кател" фирмасын жетектеп атасыз. Абройлуу чиновниктин кичинекей креслого отуруп калышы ыңгайсыздыкты жаратпайт бекен?
- Кыргызда: "Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт" деген накыл кеп бар эмеспи. Жөө жүргөнүндө кимдин чыныгы дос, кимдин жарма дос экенин ажырата билет экенсиң. Буга мен философиялык көзкарашта баа берем. Албетте, айрым жумушта кетирген катачылыктарды эстеп өкүнгөн учурлар бар. Иштин алга жүрүшүн көздөп, анча-мынча адамдарды капа кылып койсом, ал иштин гана кызыкчылыгы болчу. Капа болгон коллегаларыман кечирим сурайм.
- Сизден интервью алайын деп жакын санаалаштарыңыздан дарегиңизди сураштырсам: "Сатыбалдиев бизге катуу таарынып жүрөт, сүйлөбөйт. А кишинин кайда экенин билбейбиз…" маанисинде жооп узатышты. Сиз айтып аткан жарма досторуңуз балким ошолор чыгар?
- Сиз аттарын ачык атабагандан кийин, алардын ким экенин кайдан билем…
Дегеле менин эчкимге капачылыгым жок. Бу жарыкчылыкта мен жубайыма, анан балдарыма таарынышым мүмкүн.
- Жеңебиз сизди катуу кайгыга салган учуру болду беле?
- Жубайыма абдан ыраазымын, ушу кезге чейин сүйүндүрүп гана келатат. Ал биринчиден уул-кызымдын энеси, биртуугандарыма эже-карындаш. Жакындарым, туугандарым менен карым-катнашты жеңеңер жүргүзөт. Бул жагынан жаратканга миң мертебе ыраазымын. Орусча айтканда: "Тыл у меня очень надежный".
- Кандай гана ата-эне болбосун балдарын жакшы көрөт. Бирок, алардын ичинен да өзгөчөлөнүп турган сүймөнчүгү болот эмеспи.
- Үч уул, бир кызым, үч неберем бар. Баардык балдар ата-эне үчүн бирдей, бирок неберелер өтө таттуу болот экен. Аларга өмүр, бакыт тилейм.
- Ата-эненин милдети - уул-кыздарына татыктуу билим берүү, анан турмуш жолуна аттанышына - үйбүлө курушуна шарт түзүү. Ушул маселеге келгенде сиз уулум тигинин кызын ал, же болбосо кызым бул кишинин баласына турмушка чык деп оюңузду таңуулабайсызбы?
- Колдон келишинче татыктуу билим бергенге аракет кылдык. Кызым Улуттук университетти аяктап, Оксфорддон билимин жогорулатып келди. Эки уулум сыртка чыккан жок, Кыргызстандан эле дипломдуу болушту. Үчүнчү уулум дагы студент. Бардыгы тең чет тилдерин мыкты билишет. Мен ушуга сыймыктанам. Ал эми үйбүлө куруу маселесине келгенде, бизде демократия. Жүрөгү кимди тандаса, аны менен өмүр бою ынтымакта жашай аларына көзү жетсе, турмуш курушуна каршылык кылуу - акылсыздык.
Башка маселеге келгенде атасы катары акылымды айтам. Бардыгыбыз эле жаш болгонбуз да. Мындай куракта максимализм өтө чоң болот. Кээде акыл айткан учурда менин көзкарашым алардыкына төп келбей калышы ыктымал. Андай учурда компромисске барабыз.
- Кандай гана тармакта эмгектенбегин, биринчи кезекте жол көрсөткөн, акыл айткан адамың болору турган иш. Ал эми сизге туура багыт берип, дайыма колдоп турган насаатчы-устатыңыз ким?
- Өмүрүмдөгү башкы насаатчым - атам. 26 жашымда жетекчилик кызматка келгенимде, райондун 1-секретары Талипов Вагинур мага жол көрсөткөн. Андан кийин министрлик кызматка чейин бышып жетилишиме Жумакадыр Убышевдин кошкон салымы зор. А негизинен адам баласынын эң башкы окутуучусу - убакыт, турмуш. Университеттен албаган билимди турмуш акең өзү эле окутуп, мезгил сенин ким экениңди тараза ташына салып, өлчөп, бышырып коет.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ