Кыргыз гезиттер архиви

  Апта астрологиясы

16-февралдан 22-февралга чейин
Кой (21.03-20.04)
Турмушта: Жандуулугуңуздан өзгөлөр да таасирленип, сиз катышкан бардык иш-чаралар жемиштүү болот. Жаңы дос-санаалаштарга ээ болосуз. Элдин ишенимин актап, бирөөлөрдүн жашыруун сырын бекем сактаңыз. Сүйүүдө: Жеке турмушуңуз үчүн апта аягы ийгиликтүү. Алдыда кызыктуу, келекчектүү жолугушуулар күтөт, чамдаңыз. Акчада: Жан дүйнөңүздү азыктандыруу үчүн каражат сарпташыңыз күтүлөт. Ири соода-сатыкты кийинкиге калтырганыңыз оң.
Букачар (21.04-21.05)
Турмушта: Максаттарыңызды ишке ашырууга көп энергия талап кылынат. Тырышып, талыкпай эмгек кылуу менен көздөгөнүңүзгө жетесиз. Чечкиндүү, эрктүү, өжөр болушуңуз зарыл. Сүйүүдө: Жакын адамыңыз менен саясаттан баштап майда-чүйдөгө чейин талкуулап, баарлашууга көп убакыт сарпташыңыз мүмкүн. Акчада: Апта ортосунда кошумча киреше булагына ээ болосуз. Бардык финансылык маселелер сиздин пайдаңызга чечилет.
Эгиздер (22.05-21.06)
Турмушта: Илимий изилдөө иштери менен алектенүүгө умтулууңуз байкалат. Көрөлек, билелек нерселерди үйрөнүүгө аракет кыласыз. Аптанын экинчи жарымында диний көзкарашыңызды өзгөртө турган окуянын болушу күтүлөт. Сүйүүдө: Ооз учунан убада берип, сөз менен ойноонун арты жакшы болбойт. Айткан сөзгө турууга аракет кылыңыз. Акчада: Капчыгыңыздын абалы сизден чечкиндүү кадамдарды талап кылат. Тартынбаңыз.
Бөйөн (22.06-23.07)
Турмушта: Авантюралык иш-аракеттерге кызыгууңуз байкалат. Жөнү жок тобокелчиликке баруунун кажети жок. Шашкан шайтандын иши экенин эске алып, жасай тургандарыңызды ирээтке келтирип алганыңыз оң. Сүйүүдө: Жеке турмушуңуз, интим мамилелери биринчи планга чыгат. Мындай сезим көпкө созулушу мүмкүн. Акчада: Каражатка байланышкан коллективдүү долбоорлор аздап үзүрүн бере баштайт.
Арстан (24.07-23.08)
Турмушта: Оор, жоопкерчиликтүү иштин аткарылышын жуманын экинчи жарымына пландаштырсаңыз болот. Күчүңүздү топтоп, тажрыйбаңызды бир анык нерсеге багыттаганыңыз оң. Сүйүүдө: Активдүүлүгүңүз менен жеке мамилелерди көркүнө чыгараласыз. Ачык, кызыктуу кеп куруп, жакыныңыздын көңүлүн көтөрсөңүз болот. Акчада: Аласа-бересеге так болуп, күмөн туудурган иш-чаралардан оолак болгонуңуз дурус.
Бийкеч (24.08-23.09)
Турмушта: Жашоонун активдүү мүнөзүнө басым жасап, жандуу иш-аракетке өтүүгө даярсыз. Жүктөлгөн жумушту тез арада аткарууга эмес, анын сапатына көңүл буруу керек. Сүйүүдө: Романтикалуу апта. Сезимдериңиз күчөп, сүйгөн адамыңызга жан-дилиңиз менен берилип мамиле жасайсыз. Жалгыз бойлор өз түгөйүн кезиктириши ыктымал. Акчада: Каражат сарптоону алгач пландаштырып, андан соң иштеткениңиз оң.
Тараза (24.09-23.10)
Турмушта: Бардык ишке чыгармачыл көзкараш менен карап, башкалардан айырмалана аласыз. Спорт менен машыгууга, мелдештерге катышууга ылайыктуу убакыт. Аптанын экинчи жарымында тиричилик жумуштары менен алек болосуз. Сүйүүдө: Келечектеги түгөйүңүз менен таанышууга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Чечкиндүүлүгүңүздөн улам кыйла ийгиликтерге жетишесиз. Акчада: Каражат жагынан жардам сурагандар арбын болот. Апта аягында материалдык абалыңыз стабилдешет.
Чаян (24.10-22.11)
Турмушта: Үй жумуштары үчүн апта башы ылайыктуу. Балдар менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө аракет кылыңыз. Апта аягындагы маданий иш-чаралар көңүлүңүздү көтөрүп, жагымдуу маанай тартуулайт. Сүйүүдө: Жеке турмушуңуздун өнүгүшү үчүн аптанын экинчи жарымы ылайыктуу. Учурду колдон чыгарбай, пайдаланып калыңыз. Акчада: Кадамдарыңызды алдын ала пландаштыруу менен каражат жаатында кыйла ийгиликтерге жетишесиз.
Жаачы (23.11-21.12)
Турмушта: Баарлашууда ачык-айкын болуу зарыл. Аптанын биринчи жарымы кыска сапарлар үчүн ийгиликтүү. Алыстан кат-кабар, посылка алышыңыз мүмкүн. Сүйүүдө: Жеке турмушуңузга өзгөртүү кирги-зүүдөн коркпоңуз. Активдүү иш-ара-кетке өтүүнү ойлонуштуруп көрүңүз. Акчада: Финансылык долбоорлордон түшкөн киреше көлөмү сиз пландаштыргандан ашып түшөт.
Текечер (22.12-20.01)
Турмушта: Сөзмөрлүгүңүз менен кимди да болсо өз тарабыңызга оодара аласыз. Кандай гана жумуш болбосун, анын майын чыгара аткарууга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Иш боюнча сүйлөшүүлөрдү аптанын экинчи жарымына пландаштыруу керек. Сүйүүдө: Жеке турмушуңузга кимдир бирөөлөрдүн кийлигишүүсүнө жол бербеңиз, терс таасир тийгизиши мүмкүн. Акчада: Материалдык абалыңызды жакшыртуу үчүн мүмкүнчүлүктөр кеңири. Жалкоолонбой, убакытты туура пайдаланыңыз.
Суу пери (21.01-19.02)
Турмушта: Активдүү болуп, мыкты демилгелердин ээси болосуз. Энергияңызды майда-барат нерсеге жумшабай, олуттуу иш менен алектенүүңүз керек. Ден соолугуңузду чыңдоого спорт жардам берет. Сүйүүдө: Назарыңыз түшкөн адамдын көңүлүн назик мамиле, жылуу сөз менен бура аласыз. Акчада: Финансылык көйгөйлөр аптанын экинчи жарымында ийгиликтүү чечилет. Киреше-чыгашаларыңыз туурасында эч ким менен сыр бөлүшөй турганыңыз оң.
Балык (20.02-20.03)
Турмушта: Ыңгайсыз болсо да көпчүлүктүн көзүндө болууга даяр туруңуз. Шык-жөндөмүңүздү, талантыңызды эл алдына алып чыгууга ылайыктуу мезгил. Сүйүүдө: Жакыныңыздын көңүлүн оорутпоого аракет кылыңыз. Берген кеп-кеңешиңиз өз учурундагы жардам болот. Акчада: Коллективдүү иш-чаралардан баш тарта туруңуз. Апта аягы кирешелүү болот.