Кыргыз гезиттер архиви

  Сүйүүнүн "үч бурчтугу"

Афганистан бизден алыспы же Борбор Азия коопсуздугун ким камсыз кылат?
Ошентип, кыргызстандыктардын гана эмес, дээрлик бүтүндөй эларалык коомчулуктун бүйүрүн кызыткан маселеге чекит коюлгансыды. "Манас" аэропортунда жайгашкан америкалыктардын "Ганси" авиабазасы Кыргызстандан чыгарыла турган болду. Эми ал качан жана кандай тартипте чыгып кетишин эки тараптуу сүйлөшүүлөр чечиши керек. Бирок, ал маселе анчалык кызыктуу эмес.


Кызык жери - америкалыктар эч качан жакшылыкты да, жамандыкты да унутушпайт, муну тарых далилдеген. Бир кезде Япония Перл-Харбор үчүн, экинчи дүйнөлүк согуш аяктап бараткан кезде, Хиросима менен Нагасакиге атом бомбасын "белекке" алган. Албетте, эртең бизди да бомбалап салат деген болбогон сөз, бирок эртеби-кечпи Борбор Азиядагы ири державалык атаандашууларда бир жеңишти орустарга алып бергенибизди алар эстебей коюшпайт.
Дегенибиз, кандайдыр бир чечимге келерден мурун анын аягын тереңирек караш керек окшобойбу. Авиабазаны "Манаска" алып келерден мурун ошол кездеги кырдаалга гана карабай, бир нече жылдардан кийинки азыркы шартты да даанышмандарча эске алуу керек эле. Азыр да авиабазаны чыгаруу боюнча чечим кийинки шарттар менен ылайык келерин карап коюу керек. Мурдунан алысты көрүү - мамлекетке эң зарыл касиеттен.
Дагы бир кызык жери - өлкө жетекчилиги өкмөт чечим кабыл алары менен айрым саясатчылар, аналитиктер туура чечим кабыл алынгандыгын, Россия менен стратегиялык өнөктөш болуунун артыкчылыгын саймедиреп, бирок ошол эле кезде "Америка бизге эмне берип койду" маанисинде кеп жорутушту.
Ырас, кыйын кезеңде орус туугандар биздин стратегиялык багыттарыбыздын бирин каржылап бере турган болушту, мунун үлкөн маанисинде дегеле кеп жок. Кеп Россиянын бул жардамын мактап атып дароо антиамерикалык кычымайга өтүп жатканыбызда. Мындан чыкты, биздин негизги душманыбыз - азыркы саясый маданиятыбыз. Бир кезде азыркы бизге анча жакпай жаткан державалар колунан келишинче жардамын берген эле, ошону эстеп, алардын дарегине сөз тийгизбей эле койсок болбойбу?
Кете турган авиабаза кетет. Бирок, биздин жаныбызда кечээ эле жүрөк үшүткөн, азыр ал жакта антитеррордук коалициянын аскерлери тургандыктан эми ал жактан анчалык коркунуч байкалбай жаткан Афганистан кала берүүдө. Эсиңизде бардыр, өткөн кылымдын акыркы жылдары Афганистандын 90 пайыз аймагын колуна алып, Бамияндагы эларалык мааниси бар үлкөн эстеликтерди кыйраткан, стадиондорду элге көңүл ача турган эмес, паранжысын ачып койгон аялдарды автоматтан атуу үчүн жай кылып алышкан талибдер ыраматылык Шах Масуддун аскерлерин түндүк-батыш провинцияларга сүрүп, тажиктер менен чектешип турган Пянж суусуна келип жетишкен.
Талибдердин улам бизге жакындап келиши биз үчүн канчалык тынчсызданууну пайда кылганы, анан 1999-2000-жылы он чакты боевиктер келип, өлкөнүн үрөйүн учурганы азыр эсибизден чыгып кетсе керек. Эгер 2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йорктогу эгиз мунаралар кыйрап, террористтерге кыжырданган АКШнын аскерлери Афганистанга кирип келбегенде, талибдердин бир бөлүгүн Пакистанга, калганын тоо-ташка киргизе кууп жибербегенде, азыр кандай абалда болорубуз белгисиз эле. Америкалыктардын Афганистанга, "Гансинин" "Манаска" келиши ошол кезде бизге өлө жаккан. Жалпы терроризмге биздин салымыбыз деп төш какканбыз.
Эми андан бери кырдаал өзгөрдү, тактап айтканда, бизде гана. Ал эми Афганистанда акыркы жылдары абал кайрадан оорлошо баштады. Айрым массалык маалымат каражаттары билдиргендей, Афган Талибанынын Пакистандагы жетекчиси Байтулла Месуддун колунда 20 миң куралдуу жоокер турат. Эгер алар түндүккө жарып чыга алышса, анда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жалпы коопсуздугу коркунуч астында калары бышык.
Талибдердин эмнеге жок болуп кетпей, дале кыр көрсөтүп жатышынын ички да, тышкы да себептери бар экенин ар кайсы аналитиктер айта берип баарыбызды бышы кулак кылып бүткөрө жаздашты. Талибдер жөн гана партизандык согуш принциптерин карманып көздөн далдаа жаткан жери жок экен. Көрсө, айрым коңшулаш мамлекеттер дегингисинде Афганистандын туруксуздугуна оголе кызыкдар.
Эгер эсибизден чыгып кетпесе, Талибан кыймылы өткөн кылымдын 90-жылдары Пакистандын Интер Сервис Интеллиженс (Inter Service Intelligence) чалгындоо кызматы тарабынан түзүлгөн. Анан да Афганистандагы Ахмад Шах Масуд фондусунун негиздөөчүсү жана төрагасы Ахмад Вали Масуд бир журналистке интервью берип жатып, Пакистан өкмөтүн башкарып турганда Беназир Бхутто менен бир нече жолу жолугушканын, бир күнү ал ага жашыруун кызматты жетектеген бир генералы столду муштап туруп: "Биз колубузга курал кармап, Аму дарыяга чейин барабыз" дегенин айтып бергенин билдирет.
Ахмад Вали Масуддун билдиришинче, Пакистанда Афганистандан гана эмес, Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келип окуп жаткан жаштарды тарбиялоочу 36 миң медресе бар. "Алардын ар биринде эч болбогондо бирден жанкечтини даярдашса эмне болорун билесизби? Булар - террорист-жанкечтилерди даярдоочу чыныгы фабрикалар. Бул бүтүндөй аймакка коркунучтуу. Башкы коркунуч - Борбордук Азияны талибандаштыруу процесси" дейт ал.
Талибдерди жоюу боюнча операция башталгандан бери жети жыл өттү, бирок натыйжалуу жана олуттуу жыйынтыкты азырынча эч ким көрөлек. Тескерисинче, жогоруда айтып өткөнүбүздөй, абал оорлошуп келатат. Ал эми ар кайсы мамлекеттин саясатчылары, аналитиктери АКШ баш болгон Батыштын антитеррордук коалициясы Афган проблемасын куралдуу күч менен чече албасын, ошондуктан экономикалык жагдайын да караш керектигин айтып келишет. Чынында мыкты куралданган аскерлер да кайсы бир эрежелерге негизделбеген партизандык кыймылды жеңип кете коюшу кыйын. Деген менен, дегеле Афганистандагы азыркы абал кайсы бир эрежелерге баш ийбейт.
Ошого карбастан, эларалык коомчулук Афганистанга ири каржылык жардамын көргөздү, мындай жардам улантылып да келатат. Алынган маалыматтарга караганда, бул өлкөнүн эларалык коомчулуктан алган жардамы 10 миллиард доллардан ашып кеткен. Бирок, Афганистандын жетекчилери буга алымсынбай, өлкөнү калыбына келтирүү максатында 2013-жылга карата дагы кеминде эле 50 миллиард доллар каражат берүүнү сурап жатышат.
Афганистанда туруктуулукту камсыз кылуу, Борбордук Азия аймагында жалпы коопсуздукту бекемдөө - АКШ башында турган Батыштын коалициясынын гана иши эмес, бул маанилүү жагдайда ШОСтун да активдүү аракеттери керек. Бул тууралуу ошол эле эларалык баяндамачылар айтып келишет. Эгерде Афганистан боюнча Батыш менен Чыгыштын жана ага ээрчигендердин пикири бир жерден чыкпаса, анда келечектен жакшылыкты күтпөй койсо деле болот. Өзүнө "Фергана өрөөнү" деген "шахиддин курун" курчанып турган Борбордук Азиянын акыбалы ушундай.
Мына ушундай учурда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн суу-энергетикалык потенциалын бири-биринен кызганып, талашып отуруп, ушул аймактан бирин-бири сүрүп чыгарма оюнун от алдышырып, ири державалар СССР кыйрагандан бери жакшылык күндү үмүт этип келаткан көп миллиондуу ортоазиялыктардын убалына калышпаса эле болду. Кыргызстандын суу-энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн башкаруу - ошол державалардын түн уйкусун бузуп жаткан эңсөө. Кризистен улам кабыргасы кайышып турган Россия 2 миллиард долларын бир гана кыргыздардын кызыкчылыгы үчүн бере салбаганы да түшүнүктүү.
Кыргызстан Россия менен түзгөн келишимдер аркылуу чынында эле стратегиялык маанилүү кадам жасады, бул шексиз. Камбарата-1 жалпы аймактагы үлкөн долбоор катары Кыргызстандын эгемендигин жана саясый маанисин оболотот. Бирок, кептин баары аны эч бир проблемаларсыз куруп алууда турат. Мисалы, биздин жакынкы коңшуларыбыз Кудай бизге берип койгон сууларыбызга ири суу энергетикалык жабдуулардын курулушун каалабайт. Ошону үчүн да Ташкенге келип, Россиянын лидери аймактагы сууларга ири энергетикалык объекттерди суунун ылдый жагындагылардын жактыруусу же макулдугу менен курушу керектигин айтып салды. Кыскасы, ага айттырып салышты.
Буга Тажикстандын расмий бийлиги дароо реакция жасап, нота жибергенге да үлгүрдү. Деген менен, Тажикстандын бул иштерде оозун күйгүзгөн жери бар: ал жакта Россиянын көмөгү менен курулуп жаткан Ронгун ГЭСинин плотинасынын бийиктиги баланча гана метр болушу керек деп расмий Ташкен ортодон чыгат. Ага россиялыктар макул боло коюшат, ага болбой эле тажиктер плотина бийик курулушу керек дейт. Ортодо проблема пайда болот да, курулуш иши кечеңдейт. Мындан ким утту?
Айтайын дегенибиз, кийин ушул маселеде Кыргызстан да "сүйүүнүн үч бурчтугуна" кептелип, оозун күйгүзүп албас бекен. Кантсе да бизден суу иче турган Өзбекстан менен Казакстан эларалык, аймактык мааниде сөзү өтүмдүү, ар кандай империянын алдына таштай турган тартуусу бар токочтуу өлкөлөр. Ал эми ар кандай империя же мурдагы империяны сагынып шыпшынгандар токоч сурагандарды эмес, токоч бергендерди жакшы көрүшөт.

Жалил САПАРОВ,
Жалал-Абад шаары