Кыргыз гезиттер архиви

  Кусейин Карасаев

Накыл сөздөр
Жандуудан балык чоң
Кыргыз элинин байыртан бери келаткан уламыш сөзү. Бирок кыргыз сууда жашагандардын бардыгын балык тукумуна кирет деп ой жоруган окшойт. Ошондуктан китти да балык катарына кошкон. Чынында кит балык эмес, сүт эмүүчүлөрдүн катарына кирип, өмүрүнүн бардыгын сууда өткөрөт. Кебетекешпир жагынан балыкка абдан эле окшош. Эми ошол кит "балык" чын эле жандуудан чоңбу? Илимпоздордун так маалыматына караганда кит өтө эле чоң жаныбар. Анын бир нече түрү бар. Жалгыз гана тили 3 тонна болот имиш. Кардына эки тонна тамак сыят. Ал жалгыз гана деңиздеги чаяндар менен азыктанат, балыкка жолобойт дешет. Ал эми суудагы чаяндардын түрлөрү жоон топ. Көк киттин жаңыдан туулган баласынын узундугу 6-9 метрге жетип, салмагы 3 тоннага жакын. Африкадагы пилдин эркегинин салмагы 5 тонна, ургаачысыныкы 3 тонна. Бир эле Көк киттин майы орточо алганда бир тонна. Тамакка жарай турган эти майынан үч эсе көп. Киттин сүтүнүн майлуулугу уйдукунан 10 эсе жогору. Андагы ак зат (белок) үч эсе арбын. Ошондуктан анын баласы өтө эле тез чоңоет. Ошентип, кыргыз элинин макалы абдан эле туура. Айырмасы - китти балыкка кошуп койгондугунда.

Жансыздан камыш чоң
Кыргыз эли атамзамандан бери эле бамбук өсүмдүгүн камыштын бир түрү деп келген окшойт. Жеке кыргыз эмес, өзбектер да бамбукту камыш сымал өсүмдүк дейт. Ошентип, бамбук жыгачы камыш атанып калган. Эми ошол бамбук жыгачын сыпаттайлы. Бамбук - камышка окшош. Сөңгөгүндө бүтөө болбойт. Ичи көңдөй түтүк. Узундугу 40 метрге чейин. Жоондугу адамдын жарты кучагына барабар. Аны суу жүргүч түтүк катары да колдонушат. Аны менен жайында жашай турган үй да курат, суунун үстүнө көпүрө да салат, эмеректер да жасалат. Нымдуу жерге жакшы өсөт. Кээде иттин мурду өткүс чытырман токойго да айланат. Анын бир нече түрү бар. Ошентип, кыргыз элинин "жансыздан камыш чоң", "жандуудан балык чоң" дегенинде чындык бар.