Кыргыз гезиттер архиви

  Ою менен ойлоп, колу менен кылган

Өз жибине өзү муунуп…

Кийинки мезгилде экс-президент Аскар Акаевди (ААА) эскерип, анын өлкөгө сиңирген албан "эмгегин" актоого аракет жасагандар арбып бараткансыйт. Анын себеби эмнеде экендигине саясат изилдөөчүлөр абай салар. Арийне менин байкаганым, азыркы бийлик маалымат күрөшүнөн уттуруп жаткансыйт. Кандай болгон күндө да бийлик ушуга окшогон ж.б. элдин башын айландырган фактыларга өз убагында жооп берип, айкындык киргизип турушу абзел эле.

Менин айтайын дегеним, кечээ жакында "Репортер Бишкек" гезити (23.01.09) жарыяланган АААнын "Я знаю, что нужно делать!" деген макаласы жөнүндө. Аты эле айтып тургандай, качкын президент, а чындыгында "тирүү өлүк" деп койсок болор эле, ААА кудум 15 жыл эшек такалап жүргөнсүп, өзү талкалап, тоноп кеткен республика экономикасын эми мен оңдойм деп төш кагат. Кай бир адамдар уялып өлбөйт экен.
Мен алыс кетпей, эрдемсинген эшендин андагы экономикалык "ишмердигинен" эки эле мисал келтирейин.
1991-1998-жылдары өнөржай министрлигинде жаңы техника жана технология боюнча Кыргызстандын коргоо өнөржай ишканаларын (оборонно-промышленный комплекс) жетектедим.
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары биз үчүн абдан чоң сыноо болду. Эң негизги максат - элибизде тынччылыкты сактап, биримдикте кызмат кылалы деген ой эле. Бирок тилекке каршы, андай болбоду. Демократ, илимпоз, физик президентибиз бир жылга жетпей бир тонна алтынды "под залог будущих кредитов" деп Швейцария банкына алып кетти. Ошол эле убакта мурдагы союздук ишканалар Кыргызстандын менчигине өтүп жатканда анын жетекчилери, басымдуу көпчүлүгү орустар, Россиянын ар кайсы шаарларынан филиал ача коюшуп, эң кымбат баалуу, бийик технологиялуу жана өтө так станокторду (высокотехнологичное оборудование и уникальные сверхточные станки) вагон менен, состав менен Россияга жөнөтүп атышты. Өнөржай ишканаларын сактап калыш үчүн тиякка чуркап, биякка чуркап, заводдун директорлору менен урушуп-талашып, мушташканга чейин барып жүрсөк, алар тиги өйдө жактан уруксат алып алышыптыр. Ал кагаздарда "Разрешаю" деп Г.Кузнецовдун, В.Куловдун, А.Акаевдин колдору жүрөт. Алар ал убакта элди, мамлекетти башкарган үчүнчү, экинчи, биринчи адамдар эле. "Манастан Чубак кем бекен" деген түшүнүк менен кызмат өтөгөн кыргыздын мамчиновниктеринин көпчүлүгү Акаевдин "рынок экономикасынын принцибин", б.а. "мамлекеттен жардам күтпөй өз билгениңерди кыла бергиле" деген түшүнүктү "туура" кабыл алышып, Маммүлк агенттиги аркылуу кыргыз элинин жетимиш жылдан бери жыйнаган дүнүйөсүн жети жылдын ичинде эле талап-тоноп бөлүп алышты.
Ал эми биздин көсөөнүн акылы түштөн кийин киргенби, кыргыздын экономикасын (өнөржай ишканаларын, айыл чарбасын) өз колу менен түп тамырынан бери жулуп Россияга берип, Кытайга сатып, эки миллиард карыз долларды элинин мойнуна илип, бир миллиард долларды жанына басып чыга берген биринчи президентибиз бүгүн экинчи президентти күнөөлөп, "силер туура эмес кылып атасыңар, мен билем эмне кылышты" деп күңкүлдөп калыптыр.
Укмушуң кургур, акыл-эсинен таналек алтымыштан ашкан адамдын да ушундай жасалма анткордугу, түшүнбөстүгү болушу мүмкүн деп ойлобоптурмун.
"В свое время российские компании проявили естественный интерес к возрождению Таш-Кумырского полупроводникового завода, что дало бы возможность создания совместного кыргызско-российского производства кремниевых фотоэлектрических преобразователей солнечной энергии, находящих сегодня широкое применение в мире" деп жазат ААА макаласында. Ырас, 1996-жылы бүткүл дүйнөгө орус радиоэлектроникасынын атагын чыгарган академик А.Прохоров Бишкекке атайын келип, ААА менен жолугушуп, Таш-Көмүрдөгү "Кристалл" заводунун негизинде биргелешкен ишкана түзүп иштейли деп макулдашуу протоколуна (протокол намерений) кол коюшкан. Келишимдин негизинде президенттин алдында "Кыргызэлектроника" компаниясы түзүлүп, компаниянын президенти болуп академик А.Прохоровдун мыкты окуучусу, кыргыз радиоэлектроникасынын чыгаан адиси Кылычбаев Турсунбек Баевич дайындалган.
Арадан жарым жыл өтпөй Япониядан 300 млн. доллар жардам келип, Таш-Көмүр заводу ошолордун көзөмөлүнө өтүп кетти. Япониянын МАК "Кристалл" заводундагы өкүлү Тобато мырза 2001-жылга чейин же өзү иштебей же бирөөнү иштетпей, заводду 5 жыл бою кайтарып отуруп, "заводдун технологиясы эскирип кетиптир" деген шылтоо менен заводду көрүнгөнгө талатып-тонотуп баса берди. Андан жарым жыл өтпөй Таш-Көмүр заводу Малайзиянын көзөмөлүнө берилди.
Бул авантюранын схемасы айтпаса да түшүнүктү: Азия материгинде Япония менен Малайзия радиоэлектрондук өнөржайы боюнча лидер болуп эсептелет. Аларга кайдагы бир Кыргызстандын конкурент болушунун эч кандай кажети жок. Убагында Советтер Союзу дүркүрөп өсүп-өнүп турган убакта ушул заводду курууга өзгөчө таза абасы бар тоо арасында жайгашкан Кыргызстан ылайык деп, тандалып алынган. Анткени техникалык поликристалл жана андан монокристалл өндүрүү үчүн Калифорниядагы "силиконовая долина" дегендей таза абалуу тоо арасы керек эле.
Ошондуктан академик А.Прохоров өзү атайын келип жүрбөйбү. Кыргызстанга, ушундай уникалдуу заводду биргелешип иштетүүгө аракеттенип, бирок ал киши бир үйбүлөнүн кызыкчылыгы эки мамлекеттин (Кыргызстан менен Россиянын) кызыкчылыгынан өйдө экенин түшүнө албай, ошо бойдон бу дүйнөдөн өтүп кетти.
Эгерде завод Россиянын жардамы менен иштеп калганда, аны менен кошо Орловкадагы химия-металлургиялык комбинат, Бишкектеги "Жанар" заводу, ОКБ, ИКИ, ЭВМ заводу, "Алатоо" бирикмеси, анын Жалал-Абаддагы филиалы, Токмок шаарындагы радиозавод жана башка көмөктөш ишканалар иштеп кетмек. Бул чындыгында эле Кыргызстандын экономикасын алдыга чыгара турган "локомотив" болчу.
Эң өкүнүчтүүсү, ААА өзү илимпоз физик сыягында XXI кылымдын негизги өндүрүш багыты микрорадиотехника менен байланыштуу экенин билип туруп, көроокат үчүн Кыргызстандын келечегин (экономикасын, өнөржайын, уникалдуу инженердик кадрларын жана адистерин) курмандыкка салып баса бериши өз элине чыккынчылык эмей эмне?!
АААнын баарыбызга белгилүү башка "эрдиктерин" айтпаган күндө да ушул эле "эрдиги" үчүн ал кишини Ала-Тоо аянтына алып келип, аны менен бирге бир убакта Россия ЖОЖдорунда билим алган курсташтарынын, коллегаларынын ж.б. техникалык адистердин ар бири айтчу сөзүн айтып, анын бетине түкүрөбү же унчукпастан бирден таш ыргытып баса береби, айтор, эмне кылган күндө да ал киши кылган күнөөсүнөн арылмак эмес деп ойлойм. Анткени ал бизди гана эмес (Ленинграддан билим алгандарды) бүт кыргыз элинин илимий-техникалык адистеринин тагдырын тебелеп, кызыкчылыгын сатып, мамлекетибиздин байлыгын көз көрүнөө талап-тоноп, экономикабызды итке мингизип коюп баса берди.
АААнын кыргыз мамлекетине жүргүзгөн экономикалык эксперименти туура эмес экендиги жөнүндө ушул саптардын автору "Кыргыздардын жашоосу физик Акаевдин көзү менен" ("Агым", 13, 17-июнь, 2003-жыл) деген макаласында айтып чыккан. Анда Акаевдин немис неолибералисттери Хайек менен Шумпетердин "социалдык рынок чарбасы" деген теориясынын негизинде "Кыргызстандын социалисттик экономикасын кыйратып кайра куруу" концепциясынын кабыл алып, 1992-1999-жылдардагы экономика реформаларын жүргүзгөнү каралган. Анткени Акаев өзү да ишенип, "Убежден, что именно концепция "социального рыночного хозяйства", разработанная немецким неолибералами Хайеком и Шумпетером наиболее подходит для преобразования социалистической экономики в рыночную. Не скрою, что именно эта концепция легла в основу радикальных рыночных реформ в экономике Кыргызстана, которые проводились в 1992-1999 годах.
…Конечно, разработанный мной математический аппарат, т.е. формулы и уравнения, описывающие закономерности протекания самих экономических процессов, может служить для краткосрочного (или среднесрочного) прогноза, что и был выполнен для Кыргызстана на период с 2000 по 2005 годы" (А.Акаев. "Переходная экономика глазами физика". 2000 г.) деп жазган.
Натыйжасында эмне болду? Эмне болгону ансыз да белгилүү. Эми ошол Кыргызстандын экономикасын түп тамырынан бери кыйратып, рыноктун, б.а. "кыргызча талап-тоноо экономикасын" курган неореформатор А.Акаев алыстан көзүнүн жашын көлдөтүп: "Мен тигинттим эле, мен минттим эле, силер билбей атасыңар эмне кылышты, мен билем эмне кылышты" деп жулунуп отурат.
Ал эми Чыңгыз Төрөкуловичтин 80 жылдык юбилейине карата улуу жазуучуну аямыш болуп, азыркы кыргыз администрациясына акаарат айтып турушу, Айтматовдун арбагына шек келтирип, жакшылыкты билбеген, адамгерчиликти түшүнбөгөн, жашоо-турмуштун бар-жогун, ысык-суугун, ач-тогун сезбеген маңкуртка айланып баратканын айгинелейт…
Эми эмне деп айтмакчымын, сөзүмдүн акырында, мен ойлойм, бул киши өз турмушуна өзү ээ болуп, адамгерчиликтин жазылбаган мыйзамдарынын чегинде абийир сактап, эл ичиндеги аброюн түшүрбөй, өзүн-өзү алып жүрүүгө кудурети жетпесе, кантип бирөөнө акыл үйрөткөнгө дити барып отурат деп. Билбейм, балким ал киши адегенде ушул жөнүндө ойлонушу керектир..

Карыбай ТУРУСБЕКОВ