Кыргыз гезиттер архиви

  Чубактын кунундай чубалган

Кумтөрдүн чыны менен чыры
Салык Сатиндиевич айткандай эмес
Ушул мезгилге чейин Кумтөр алтын кени боюнча көптөгөн пикирлер айтылды. Далай чуулгандуу окуялар болду. Бирок эл кайсы маалыматка ишенүүнү билбей арсар абалда калды. Себеби, баш айланткан талаш маселелер оголе көп.
28-январда вице-спикер Кубанычбек Исабеков Кумтөр компаниясынын өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү. Адатта журналисттер менен тыгыз байланышта жүргөн К.Исабеков маалымат каражаттарынын бардыгын чакырган. Кеңешмеге депутаттар Ю.Данилов, С.Ибрагимов, геологиялык чалгындоо агентчилигинин директору К.Курманалиев, "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" вице-президенти А.Сазанов жана республикалык соцфонд, салык, бажы кызматтарынын өкүлдөрү катышты. Чакырылгандардан финансы полициясынын өкүлдөрү келген жок.
Алгач депутат К.Исабеков кеңешме өткөрүүгө уруксат берчү мыйзам жолундагы ыйгарым укуктарды тизмектеп өттү. Андан кийин кыргыз өкмөтүнүн "Кумтөр Оперейтинг Компани" (КОК) менен салык боюнча 997,5 млн. сомдук талаш маселеси бар экенин айтты. Кеңешмеде бул тууралуу мамлекеттик салык комитет төрага орунбасары Жеңиш Эшенкулов төмөнкүлөрдү билдирди.
- Кубанычбек Сатындиевич айткан 997,5 млн. сом 1997-жылдан башталат. Бул талаш маселе. Акыркы текшерүүнүн актысында биз 167 млн. сом эсептедик. Бул эки жыл үчүн. Буга нааразы болуп, Салык кодексинин негизинде КОК апелляциялык арыз жазды. Буга алардын укугу бар. Биз азыр Жогорку Кеңештин бюджет комитетинин түшүнүк чечимин алып, өзүбүздүн методсоветибизде карап жатабыз. Ошол методсоветтеги комиссиянын чечими чыкса гана айып санкциясын коюу жөнүндө айтабыз. Азырынча текшерүү актысында 167 млн. эле. Ал эми 999,5 млн. талаш бойдон калууда. Биз да, алар да бул боюнча өкмөткө кайрылганбыз. Кийинки салыктарды КОК өз убагында төлөп жатат.
Андан кийин бажы комитетинин орунбасары Самсалы Субаналиев айрым себептерден улам КОКко азырынча доосу жок экенин билдирди.
Кеңешме кезеги "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" вице-президенти А.Сазановго жеткенде мамлекеттик геологиялык агенттиктин директору К.Курманалиев кокусунан эле журналисттердин кеңешмеден чыгып кетүүсүн өтүндү. Акырында комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен журналисттер залдан чыгып кетүүгө аргасыз болду.
Мунун өзү түшүнүксүз, компаниянын вице-президенти сөзгө чыкканда эмне үчүн журналисттер чыгып кетүүсү зарыл эле? Элдин башын айланткан ар түрдүү маалыматтар, чубалган ушак сөздөр дал ушул жабык эшик артында өткөн жыйындардан чыгарын айта кетүү керек. Өкмөттүк комиссия мүчөлөрү, салык, бажы, соцфонд, финансы полиция кызматтары КОКко болгон дооматтарын айтып, К.Исабековдун маалыматтарына жооп берүүгө милдеттүү эле. Ушундан улам алтын казып жатат деп эле КОКту туш-туштан ур-тепкиге алып жатышабы деген ойго кетесиң. Болбосо К.Исабековдун маалыматтарын эмне үчүн тиешелүү кызматтар ырастабайт? Бир сөз менен айтканда, КОК боюнча талаш маселелер коомчулук алдында ачык жүргүзүлүүгө тийиш.
Ошол эле күнү "Кумтөр Оперейтинг Компани" вице-президенти А.Сазанов журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, бир катар суроолорго жооп берди.


Андрей САЗАНОВ:
"Биз келишимди
"А" тамгасынан "Я" тамгасына чейин толук аткардык"
- 28
- январда Жогорку Кеңеште кеңешме өткөнүн жакшы билесиздер. Ал кеңешмеде Кумтөр кенинин ишмердүүлүгү каралмак. Бирок кеңешмеге маалымат каражаттары чакырылган менен аларды сыртка чыгарып, кеңешме жабык эшик артында өттү. Ошол кезде сүйлөө үчүн сөз мага берилген эле.
Биз жабык эшик артындагы сүйлөшүү учурунда кеңешменин жыйынтыгы тууралуу атайын билдирүү жасабайбыз деп макулдаштык. Бул менимче кадыресе эле көрүнүш деп ойлойм. Бирок кээ бир мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү маалымат каражаттарына маек берүүгө үлгүрүшүптүр. Ошондуктан мен дагы өз оюмду билдирүүнү эп көрдүм.
Мен жабык эшик артында эч кандай сенсациялуу билдирүү жасаган жокмун. Ал жерде салык жана башка төлөмдөр жөнүндө сөз болду. Буларга бажы, салык, социалдык кызматтар менен Кумтөр кенинин ортосундагы талаш маселелер кирет. Албетте, бизде чечилбеген маселелер көп. Ошондуктан ар бир кызмат менен "Кумтөр Голд Компани" өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү өзүнчө жүргүзөт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы сөзсүз өкмөттүк комиссиянын кароосуна коюлат.
- Айтыңызчы, салык төлөөдөн 997,5 млн. сом боюнча талаш маселе бар экен. Бул 1997-жылдан бери келатыптыр. Ушуга эмне дейсиз?
- Бул суроонун тарыхы узун. Анын баарына токтолуу көп убакытты талап кылат. Ооба, салык төлөө боюнча 1997-жылдан бери талаш бар экендиги анык. Дал ушул маселеден улам өкмөттүк комиссия түзүлүп, анын текшерүүсүнүн негизинде ошол салыкты жөнгө салуу боюнча 1999-жылы өкмөттүк келишим кабыл алынган.
Биздин жападан жалгыз өнөктөш кыргыз өкмөтү болгондуктан, биз ошол келишимдин алкагында иш жүргүзүп келдик. Азыркы талаш-тартыш ошол келишим туурабы же туура эмеспи деген маселе жөнүндө болуп жатат.
- Демек, сиз ошол карыздын бар экенин төгүнгө чыгарбайт экенсиз да?
- Биз кыргыз өкмөтү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн баарын "А" тамгасынан "Я" тамгасына чейин аткардык. Биз карыз дегенге кошулбайбыз жана карызсың деген дооматты кабыл албайбыз. 1999-жылдан бери бул туурасында салык кызматына, финансы министрлигине, кыргыз өкмөтүнө маалымат берип келебиз.
- Ошондон бери кандай текшерүүлөр жүрдү?
- Эгер өткөн жылда айта турган болсок, "Кумтөр Голд Компанини" салык, социалдык фонд кызматтары текшеришти. Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүбүздү баштагандан бери биз кыргыз өкмөтүнүн мыйзамдарына ылайык текшерүүнүн башкы бутасы болуп келе жатабыз деп айтууга болот. Бардык текшерүүлөрдүн актылары бизде сакталуу. Андыктан Кумтөр компаниясы фискалдык органдарды жолотпойт деген чындыкка төп келбейт.
- Кумтөргө КР финансы полициясы кылмыш ишин козгогон эле. Анын жыйынтыгы кандай болду?
- Бул кылмыш ишин финансы полициясы жүргүзүп жатат. Биз алардын суроолоруна жооп бердик. Андыктан кылмыш ишинин жыйынтыгы жөнүндө финансы полициясына кайрылуу керек. Алар талап кылган бардык маалыматтарды бергенбиз.
- Вице-спикер К.Исабеков Кумтөр долбоорун улутташтыруу боюнча көтөрүп жаткан маселеге кандай карайсыз?
- Мен Жогорку Кеңеш депутатынын аракетине талдоо жүргүзүүнү каалабайт элем. Себеби, алар өздөрү жактырган, ылайыктуу деп тапкан маселени парламент жыйынына алып чыгууга укуктуу. Бул үчүн мыйзам жол берет.
- Дүйнөлүк финансылык кризис сиздерге таасирин тийгиздиби?
- Финансылык кризис дүйнөдөгү бардык компанияларга таасирин тийгизди. Бирок башка нерселерге салыштырмалуу алтынга таасири аз тийди.
- Кыргыз өкмөтү Кумтөр компаниясына жаңы чечим чыгарат деген маалыматка кандай карайсыз?
- Мен бул жөнүндө билбейт экенмин.