Кыргыз гезиттер архиви

 Хайл, Сайракан!


Сая-саалы
Диагноз
Президенттин элге кайрылуусун КМШ жана Орто Азия өлкөлөрү боюнча белгилүү эксперт Андрей Грозин мындай чечмеледи: "Кыргызстанды башка өлкөлөрдөгүдөй эле катаал сыноолор күтүп жатат. Энергетика көйгөйүн, социалдык саясаттын жыртык-тешигин, азык-түлүк коопсуздугунун начар абалын өлкө жетекчилиги көрүп турат. Ошонүчүн Бакиев булардын алдын алып, элге кайрылды. Бул көйгөйлөрдүн бардыгына оппозиция кудуңдайт, себеби алар канчалык жаман болсо бизге ошончо жакшы принциби менен иштешет. Президент ошонүчүн оппозициянын айрым келечектүү, ресурстары бар өкүлдөрүн өзүнө тартты. Оппозиция азыр президенттин башын эң аз оорутат. Анткени өлкө абдан оор экономикалык кризистин босогосунда турат. Элге кайрылып, аларды ачык айткан жакшы, андан да жакшысы сыноолордон жакшы өтүү".

Кредит сазы
"Дастан" трансулуттук корпорациясынын 48 пайыз акциясы үчүн Россия Кыргызстандын 180 млн. доллар карызын кечери маалым болду. Ошондой эле президенттин Россияга боло турган иш сапарына байланыштуу Кыргызстанга 150 млн. доллар грант түрүндө, 300 млн. доллар 0,75 пайыз жеңилдетилген кредитти 40 жылдык мөөнөт менен алуу үчүн өкмөттөр аралык макулдашуулар даярдалып жатат.

Ойлогон ойду...
СДПК фракция лидери Б.Бешимовдун ою боюнча "Дастандын" акциясы жок эле Россия биздин карызды кечсе болот дейт. Анткени буга чейин Россия өнүгүп келаткан Ливиянын 3 млрд. доллар, Ооганстандын 11 млрд. доллар карызын кечкен. "Дастан" ишканасы Украина, Индия сыяктуу өлкөлөрдүн контрагы менен иштеп жаткан бирден-бир стабилдүү ишкана. Депутат бул маселени дагы терең изилдөөнү өкмөт башчысына айтты.

Шайлоо качан болот?
Дагы бир сдпкычы депутат И.Өмүркулов "президенттин мөөнөтү 2009-жылы аяктайт" деп чыкты. Анын ою боюнча президенттик шайлоо ушул жылдын күзүндө өтүүсү керек, анткени Конституцияда президент шайлангандан кийин бешинчи жылы шайлоо өтөрү жазылып турат. Президент Бакиев болсо бийликке 2005-жылдын жайында келген. Азыркы Конституция боюнча шайлоо 2010-жылы өтүүгө тийиш. Эмне кылса да СДПК бул боюнча Конституциялык сотко кайрылмай болду.

Илимдин этегин кармап
Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн Арстанбек Ногоев бардык заманга жараган кадр. Кызматтан түшөрү менен жөн жатпай, Москвадан докторлук диссертациясын коргоого чамынып жатат. Илимий ишинин темасы "Кыргыз тибиндеги жаңы ири мүйүздүү малды жасалма уруктандыруу жана анын селекциясы" деп аталат. Акаевге да, Бакиевге да жаккан Ногоев эми кызматсыз калганда илимдин этегин кармап кетейин десе керек.




Крим-аалы
Кембагалдарды кемирип
Нарын облусунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Эмгекталаа айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси Ж.Э. кармалды. 2008-жылы мамлекеттик матрезервден аз камсыз үйбүлөлөргө берилүүчү арзан баадагы 101 мүшөк унду башкаларга ашыкча баада сатып, ортодо өзү оңбогондой пайда тапкан. Ал мамлекетке 41915 сом чыгым алып келген.

Бычактап качып кетишкен
Өткөн жылдын 20-декабрында Бишкек шаарынын Исанов көчөсүнөн көкүрөгүнө сайылган бычактан жаракат алган А.Маматалиев Улуттук хирургия борборуна түшкөн. А.Маматалиевге бычак сайган кылмышкерлер Байгелди айылынын тургундары А.Караев менен Ж.Ындыевге Аламүдүн РИИБнин изкубарлары кишен салышты.

Адам саткан шылуундар
27-январь күнү укук коргоо бөлүмүнө Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын бир нече тургундары арыз менен кайрылышкан. Алар өткөн жылдын октябрь айында бишкектик чала тааныш жигит Казакстандын Астана шаарынан акчасы көп жумуш таап берем деп алдап, чегарага жеткенде белгисиз адамдарга сатып жибергендигин айтышкан. Андан сырткары, Жайыл районунун бир нече жашоочулары да жумуш таап берем деген чала тааныш жигит ноябрь айында казактарга кулчулукка саткандыгын айтып арызданышты. Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан адамдарды кулчулукка сатып пайда таап жүргөн шылуундар 1970-жылы туулган К.Кыраан, 1958-жылы туулган Д.Маматов кармалышты. Адам убалынан коркпогон шылуундардын үстүнөн тергөө иши башталды.

Артыңды ойло, айдоочу!
24-январь күнү чаламандын чак түшүндө Бишкектин Манас көчөсүнөн 1951-жылы туулган М.Ташматовду белгисиз айдоочу машинеси менен койдуруп, жабырлануучуга жардам көрсөтпөстөн качып кеткен. М.Ташматов денесинен оор жаракат алып №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Адам өмүрүнө коркунуч алып келген айдоочу алыс узабай изкубарлардын колуна түштү. "Даймлер-Крайслер-208 Д" маркасындагы автоунаанын айдоочусу А.Сатылганов жасаган күнөөсүн мойнуна алды.

Чырдан чыккан өлүм
2008-жылдын 27-декабрында Токмок шаарынын тургуну, 1949-жылы туулган А.Щербаковдун өлүгү өз үйүнөн табылган. Маркумду кимдир-бирөө кекиртекке бычак менен сайып өлтүргөнүн соттук экспертиза аныктады. Бул кылмыш ишине тиешеси бар деп Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын изкубарлары 18 жаштагы Р.Масловду кармашты. Шектүү Р.Маслов жасаган кылмышын мойнуна алып, чырдан чыккан уруштан улам өлтүргөндүгүн айтты.

Айылдашын өлтүргөн канкор
28-январда таңкы саат жетилер чамасында Чүй районунун Кайырма айылынан жарым жылаңач, бети жарылып, көкүрөгүндө көгала тактары бар, колдору сынган, каракуштан катуу жаракат алган 1975-жылы туулган Т.Теңизовдун өлүгү табылды. Ошол эле күнү кечинде айылдагы К.Сагынбеков милициянын колуна түшүп, айылдашын эмне себептен өлтүргөндүгүн айтып, сурак берип отурган кези.




И-тагдаалы
Патент деп жүрүп агайын, өткөрөр күндүн далайын
Буга чейин казино, бильярд, сауна мончосун иштеткендер патент боюнча кайра-кайра жыйын куруп, өкмөттү бышы кулак кылып, патенттерине өзгөртүү киргизгенин байкап туруштубу, эми мугалимдер, котормочулар, репетиторлор да бизге патент бергиле деп чыгышты. Элүүдөй адам чогулуп, К.Бакиевге, өкмөткө, Жогорку Кеңешке кайрылуу жасашты. Көрсө жаңы жылдан тарта алардын ишмердүүлүгү патент менен кызмат көрсөтүлүүчү тизмеден алынып салынган экен. Салыкчылар бухгалтер жалдагыла же өзүңөр бухгалтерияны үйрөнгүлө, кассалык аппарат алгыла деп кыйнап жатыптыр.

Акун менен аялгабы же?..
Акыйкатчы Турсунбек Акун жакында 8-колонияда өлтүрүлгөн Исмаил Кочкаров боюнча президентке, парламентке, өкмөткө кайрылмай болду. Исмаил Кочкаров тирүүсүндө анын аялы Т.Акунга кайрылып, күйөөсү 8-колонияга которулса өмүрүнө коркунуч болорун билдирген. Акун менен Кочкаровдун аялына ишенейин десең, юстициянын орунбасар министри С.Зубов И.Кочкаров 8-колонияга өзү сурангандыгын, өмүрүнө коркунуч барбы деп сураса, баары жакшы деген имиш.

Кыймылсыз мүлктөр да кылтакта
Жогорку Кеңеш "Риэлтордук ишмердүүлүк жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизди. Ага ылайык эми кыймылсыз мүлк сатуу менен алектенгендер мындан ары каржылык чалгын кызматына эгерде каражаты 4,5 млн.сомдон ашса, бул жөнүндө маалымат берип турмай болушту. Мыйзамга өзгөртүү киргизүү себеби, "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого каршы аракет жөнүндөгү" мыйзамга шайкеш келтирүү. Шайкеш келтирүү жакшы дечи, бирок риэлторлор эртең каржылык чалгын кызматы бизди муунтуп атат деп кыйкырып чыкпас бекен.

Китепканага бөлгөнбү, кайырчыга бергенби?
Эл катары жыл жыйынтыгын Маданият жана маалымат министрлиги да чыгарууда. Ал журналисттерге 2008-жылы маданий имараттарды ремонттоого бөлүнгөн каражаттары боюнча отчетту жайды. Чекесинен санасак, борбордогу Улуттук китепканага 5 миң сом, тарых музейине 287, 1 млн.сом, циркке 10 миң сом, кыргыздрамтеатрына 2465 миң сом, министрлик өз кабинеттерин ремонттоого 165,9 миң сом бөлгөн. Бардыгын эмес, мерчемдүүлөрүн гана санадык. Жылуулук берилбей, төбөсүнөн суу таамп, ички эмеректери омкорулуп жаткан Улуттук китепканага 5 миң сом бөлүнгөнүн уккандар кай жери менен күлөт? Же болбосо, тарых музейиндеги экспонаттар үчүн атайын жай курууга тиги каражат жетеби? Эмнеси болсо дагы АКИpress агенттиги ушинтип кабарлады.




  Жума каарманы

Акылбек Жапаров
Экономикалык өнүгүү жана соода министри бу креслого отургандан бери жалаң теориялык маселелер менен алек эле, эми практикалык ишке өтүүгө белсенип калыптыр. Дегенибиз, кечээ жакында Кыргызстандагы ири ишканалардын бири - Майлысуу электрлампа заводунун кайра мамлекетке алуу маселесин көтөрүп чыкты. Куну кудая шүгүр кымбат болгону менен бул завод текейден арзан сатылып, колдон колго өтүп, жарытылуу иштетилбей келет. Эсиңизде болсо, Алмаз Атамбаев премьер-министр кезинде дал ушундай маселе көтөрүп, артында бийликке жакын дөө-шаалар тургандыктан алалбай койгонун ачык айткан.
Премьер алалбаганды министр алып "мыш" кылгай эле.