Кыргыз гезиттер архиви

  Төбөсү менен төркүнү

Марс Сариев:
"Кыргызда саясый оюндун эрежесин кармоо деген жок"
Бийликтеги акыркы кадрдык жүрүштөр, Президенттин кайрылуусу, кландар таасири, Америка менен Россиянын Кыргызстанга мамилеси, 2010-жылдагы шайлоо, Борборазиядагы геосаясат жөнүндө саясат иликтөөчү Марс САРИЕВ ой бөлүштү.
- Акыркы кездеги кадрдык жүрүштөр, жаңы адамдарды бийликке тартуунун максаты кандай? Бир топ эле өзгөрүүлөр болгонсуган менен негизги экономика, финансы жана күч органдары өзгөрүүсүз калбадыбы.
- Жаштарды бийликке тартуу эски фасадды жашыл боек менен аз-маз боеп койгондой таасир калтырышы мүмкүн. Бирок мунун артында чоң өзгөрүүлөр бар. Ички башкаруу, экономика кризисине март-апрель айларында дүйнөлүк финансы кризиси кошулуп, жазында эл кескин жакырланат. Гастарбайтерлер биякка кайтып, алардын Кыргызстанга жөнөткөн каражаттары кескин токтойт. Жазында элдин азык-түлүк запасы да түгөнөт, иш жок. Азыр көптөгөн майда өндүрүштөр да токтой баштады. Ушу кезге чейин аз да болсо орто катмар пайда болуп баратты эле, алар да жок болууда. Эки-үч айдан кийин туташ кризис айынан эл арасында башаламандык башталат, көчөгө чыгат. Ошонүчүн азыр президенттин абалы оор. Менимче, бара-бара экономика, финансы секторун башкаргандар да жаңыланат. Анткени премьер-министр И.Чудинов Россиядан келе турган 2 млрд.доллар кредитти чоң долбоор катары көрүп, өзү аркасынан чуркап жүрөт. Ал ишке ашпаса өкмөт башчысы отставкага кетет. Ошону менен экономика секторун жаңылоого шанс түзүлөт. Ал эми күч органдары жаңырбайт болуш керек. Себеби, алардын жаңылануу ресурсу бүткөн. Балким көпчүлүккө жакпаган бир-эки фигура гана жылышы мүмкүн.
- Россиядан 2 млрд.доллар кредит келет деп аябай ажиотаж жасашпады беле?
- Ооба, буга чейин президенттин Россияга таянуу стратегиясы бар эле. Премьер-министр И.Чудинов Россиядан 2 млрд.доллар кредитти алуу боюнча жакшы пиар-компания да өткөргөн. Бирок Россия президенти Д.Медведевдин Ташкентке болгон иш сапарынан чоң өзгөрүүлөр болду. Россия биздин Камбаратага, Тажикстандын Рогун ГЭСине жардам беребиз, эгер ошентсек Борборазиядагы суунун ачкычы биздин колдо болот деп ойлошкон. Бирок алардын түпкү максаты бул эмес, Өзбекстанды газ боюнча иштешүүгө көндүрүү эле. Украина-Россия газ чатагынан кийин Европа газды алуунун башка жолдорун издей баштады. Украина дүйнөгө уят болгонуна карабай, Американын бир программасын аткарып, ушу кадамга барды эле, аны көргөн Европа украиндерден да, орустардан да түңүлдү. Орустар менен иштешүү болбойт экен деп калышты. Газды Европага жеткирүүнүн альтернативдүү жолуна Түркмөнстан, Азербайжан, Өзбекстандын газы кетери мүмкүн экенин Россия түшүндү. Ошон үчүн Россия Өзбекстанды колго алып, газ сатуу маселесин толук чечип алды. Эгерде Москва Борборазияда суунун ачкычын колго алса, анда ал Казакстан менен Өзбекстанды иш жүзүндө тизелетмек. Өзбекстан ошонүчүн көп кыйыктанбай, газ боюнча Россияга макул болду. Каримов да муну жакшы түшүндү. Медведев Каримов менен сүйлөшкөндө чек арадан өткөн сууларда бардык тараптардын кызыкчылыгы, анын ичинен Өзбекстандын кызыкчылыгы корголуусу керек экенин баса айтпадыбы. Мурда Россия Камбаратага жөн эле жардам беребиз дебатышпады беле. Эми алар газды чечип алгандан кийин Камбаратага да, Рогунга да жардам беришпейт. Албетте, Бакиев жазында Москвага барганда аяктан 300 млн.доллар алып келет. Бирок келечекте ал таянгысы келген 1,7 млрд.долларды алалбайт. Бу дагы Бакиевдин кадыр-баркына оңбогондой зыян тийгизет.
- Америка да Ганси авиабазасы боюнча соодалашуудан кийин бизге башкача карап калышты өңдөнөт.
- Ушу боюнча Америкадан келген Петреус "сүйлөшүүлөрдүн борборазиялык ыкмасы" деп бийликтин деңгээлин баалабадыбы. Америка ушундан кийин Кыргызстанды эларалык деңгээлде өнөктөш болалбайт, булар менен макулдашуу мүмкүн эмес тура деп калды. Россия деле жыргап аткан жок, катып отурган 200 млрд. долларын кризис үчүн чачты. Москванын деле бизге мамилеси салкын болуп калды. Анткени базасын чыгарабыз деп Америка менен соодалашып, мейли, биз Россиянын канатына киргенге макулбуз, бирок анүчүн Камбаратага 2 млрд.доллар бергиле деген мамиле үчүн алар бизди жакшы көрүп аткан жок. Ички-тышкы кризистин бардыгын сезген президент батыл кадамдарга барып, кадрларды кескин жаңыртты. Ал биринчи кезекте өкмөттө кризис менеджерлердин болушун көздөп атат.
- Кризис-менеджерлер өлкөнү жазгы татаал кырдаалдан канткенде алып чыга алышат? Анткени башкаруу баарыбир бир адамдын колунда да.
- Эң башкысы, бийликке жаштар келгенде элде үмүт пайда болот. Жаштар курч, жүрөгү таза деп ойлошот. Митинг учурларында Ө.Бабановдун жалындуу сөзү элдин эсинен дагы эле кетелек. Анүстүнө Бабанов баштаган жаңы кадрлардын байлыгы өздөрүнө жетишет. Демек, мурдагыдай жеп-жутуу да азырак болот. Эгер президент Россиядан 300 млн.доллар алып келсе, алар аны экономиканын жыртык-тешигин бүтөөгө салып, экономикалык өсүш өңдүү көрсөтүүгө аракет кылышат. Эң башкысы, жазгы кризистен элди чайпалтпай, жумшак алып өтүшсө, аларга иштөөгө дагы мүмкүнчүлүк берилет. Ага убакыт керек. Ошентип кийинки шайлоого жетсе болот. Азыркы командасы менен Бакиев 2010-жылдагы шайлоого жетпесин жөнөкөй адам да түшүнөт. Ошонүчүн бийликти жаңылоо, жаш кан куюу керек. Анын жакшы кеңешчилери бар, алар чоң ката кетиргенге жол беришпейт. Байкасаңыз, Данияр Үсөновдун президент администрация башчысы катары функциясы өзгөрүп, президенттин чарбалык иштерин камсыз кылуу жагына гана басым жасалып атат. Жаңы түзүлгөн секретариат өлкөнүн стратегиялык багытын аныктап, анализдеп, кадр саясатын да жүргүзүп жатышат. Жаштарды ушулар тартууда.
- Анда Акүйдүн ичиндеги кландардын, регионалдык кландардын таасири кайда калат?
- Алар четке сүрүлөт. Азыр саясый айдыңда чоң өзгөрүү болду. Кландар азыр эч нерсе кылалбайт. Алардын кадыр-баркы бир чоң ресурсту басып алууга гана жетчү да. Бакиев да жогорудагыдай кадамга барып тобокелге салууда. Бизде кландык да, транскландык да топтор бар. Революция учурунда туугандык кланга таянса болорун көрдүк. Азыр булар тирешип, президент балансты кантип кармарын билбей атат. Бакиев менен бийликке келгендер ага милдеткер эмес эле. Эми жаштар бийликке келгени үчүн Бакиевге милдеткер болушат жана бул ага пайдалуу. Реформатор жаштар экономиканы өтө түшүрүп жибербейт, бийлик үчүн туу да болуп беришет.
- Президенттин кайрылуусу эмне жөнүндө болушу мүмкүн?
- Негизи бир күндө он алты адам кызматтан кеткенде элита чочуп калат. (Маек президенттин кайрылуусуна чейин алынган. - А.С. ). Алардын колунда байлык, чоң финансы ресурстары бар. Финансы ресурстары бири-бири менен аябай чырмалышкан. Бакиев эмнени баштаганы калды, балким кийинки кетчүсү мен болбоюн деп ойлошот. Өздөрүнчө уюша башташат. Мындайда чырмалышкан байлык, финансы байланыштары кыйрай баштайт. Бакиев кайрылууда Уго Чавестин стратегиясын колдонот. Ал кландардын колдоосунан сырткары элге да колдоп бергиле деп кайрылат. Анткени кландар өзүнчө, эл өзүнчө туруп атпайбы. Байкасаңар, Акүйдөгү кландардын бир тобу президенттин саясатына нааразы болуп тирешип атып, оппозицияга өттү. Азыр алардан да чоң таасирдүү кландар оппозицияга өтүп кетүү коркунучу бар. Анткени Акаевден калган система урай баштарын алар түшүнөт. Мындайда президенттин абалы да олку-солку болот. Ошонүчүн ал элге таянуусу керек. Акаев учурунда жалаң кландардын кызыкчылыгы менен гана эсептешчү да, эл менен сүйлөшө алчу эмес. Кландардын бардыгына өзү жол ачып бергендиктен, коррупция укмуштай тамырлап кетпедиби.
Бакиев кетсе мен анын ордуна келе турган адамды көрбөй турам. Ал Акаевдей интеллигент эмес, кетсе да жөн кетпейт, анан кан төгүлөт, карама-каршылык башталат. Ошондой болбос үчүн азыр секретариат да негизги ролду ойноп, ал элдин ой-пикирине таянат. Бакиевге азыр элдин түздөн-түз колдоосу зарыл. Эгер эл колдосо, анда шайлоого да шанс болот.
- Жазында эл толкуп көчөгө чыгат дегенди эмнеге таянып айтып жатасыз?
- Күндөлүк жашоо, тейлөө азыр эле кымбаттап атат, жазында жетчү жерине жетет. Жазында картошканын баасы кандай болот, билесиңер да. Бизге караганда жакшы жашаган Прибалтика өлкөлөрүнүн эли да көчөгө чыгып жатышпайбы. Алар күчөсө, анын таасири бизге да тиет. Эл чыкса, оппозиция желегин көтөрүп алдыга тура калат. Элде болсо аларга кошулгандан башка арга жок, анткени башка күч да жок. "Хизб-ут Тахрир" эл ишенген деңгээлге жетелек. Бейөкмөт уюмдарды байкасаңар, оппозицияга кошулуп, саясый партиядай таасир калтырып, ошого ылайык билдирүүлөрдү жасап атышат. Анүстүнө аларды батыш каржылайт, демек батыш баарыбир оппозицияны колдойт. Оппозициянын элге жага турган системаны өзгөртүү жөнүндөгү көзкарашы бар. Бакиев болсо өлкө ичинде өзү башкара ала турган кризис кылып, системаны өзү уратып, жаңысын түзгүсү келип атат. Оппозиция ичинде бөлүнүп-жарылуу болот, анткени алардын талаптары аткарыла баштайт. Жаштардын келиши - саясый система өзгөрө баштайт деген кеп. Ушу айдын аягында Текебаев баштаган оппозиция Москвага барыш керек болчу. Ага шылтоо табылып, кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыгалбай калды. Москва да оппозиция менен иштешет. Россия оппозиция аркылуу Бакиевге кысым көрсөтүп өзүнө пайдалуу нерсеге жетишип, же Бакиевди күчтөндүрүп, ал аркылуу оппозицияга таасир көрсөткүсү келет. Камбаратага каражат келбесе, оппозиция Москва Бакиевди колдогон жок деп чыгат. Ошонүчүн Бакиев элге таянып туруп, чынеле системаны жаңылоосу керек. Антпесе азыркы саясат туңгуюкка такалат.
- Бийлик менен оппозициянын азыркы мамилеси жөнүндө эмне дейсиз?
- Кыргыздар өтө кызык элбиз. Биз үчүн принцип, саясый оюндун эрежелерин кармануу деген жок. Бийликтин олдоксон, тыюу салынган ыкмаларды өтө орой колдонгону саясатка, саясатчыларга эле эмес, Кыргызстандын кадыр-баркына да чоң зыян келтирип жатат. Мындай мамиленин зыяны тышкы саясатка да тийип жатат. Ошонүчүн Америка бизге ишенбейт, Россия болсо теңата катары көрбөйт. Бийликтин оппозицияга болгон адекваттуу эмес мамилеси, анын натыйжасын көрө билбегендик өздөрүнө эле тиет. Текебаевге болгон мамиле, башкаларына кылмыш ишин козгоо эл алдында оппозициянын кадыр-баркын гана көтөрөт. Анткени акыйкаттыктын таламын талашып жүргөн адамды дагы тебелесе, эл сөзсүз ага жан тартат. Кыргыздар өз ара ушинтип чабышып атканда, коңшуларыбыз экономикалык экспансия жасап, дагы эмнесин басып алсак экен деп катуу иштеп жатышат. Казактардын банктары азыр биздин экономиканы толугу менен кармап турары жашыруун эмес. Түштүктө башчылары кыргыздар болгон менен базарлардын көпчүлүгүн өзбектер совет учурунан бери кармары белгилүү. Булар качан бөлүнүп кетип колубузга түшөр экен деп эки коңшу күтүп атышат. Кыргыздар муну түшүнбөй эле бийлик талаш менен алек. Минтип кете берсе, эки бөлүнүп кетчү убак деле алыс эмес.

Аскер САКЫБАЕВА