Кыргыз гезиттер архиви

 "Пейджер" - Сиздин үнүңүз!

"Пейджерибизге" жана SMS үчүн кыска номурга сахна жана саясат жылдыздарына арналган далай арзуу, сын-пикир билдирүүлөр түшүп турат. Ошондон улам жылдыздарга багытталган билдирүүлөрдү "Пейджердин" "Пейджерчесине" жарыялап турууну туура көрдүк. Коомдогу окуяларга күйүп-бышсаңыз - "Пейджерге" 66-55-68 номурун бурап, жылдызды сүйүп-күйүп атсаңыз, же сын айтсаңыз - "Пейджерчеге" AGYM деген сөздөн баштап 2525 кыска номуруна SMS жолдоңуз. Бул ирет рубриканын мейманы - ырчы ДАНИЭЛЬ.

п-21. Даниэль, клибиңе тартылган Айзада деген кызга салам айтып койчу. Жакшынакай кыз экен. 0555ХХХХ26. Санжар.
п-22. Көздөрүңдөн көздөрүмдү алалбай убара тарттым… 0550ХХХХ00. Жылдыз.
п-23. Даниэль, мен сени сүйөм, сүйөм, сүйөм!!! 0777ХХХХ41. Саида.
п-24. Ырларыңдын сапатына көбүрөөк көңүл бурсаң жакшы болот эле. Ишиңе ийгилик. 0772ХХХХ72. Эркин.
п-25. Боюң бир аз узунураак, жашың улуураак болгондо, сага өзүм эле барат элем. 0770ХХХХ32. Тинатин.
п-26. Даниэль, клиптериң абдан жагат. Өзүңө ден соолук, ишиңе ийгилик каалайм. Бар бол! 0773ХХХХ98. Аида.
Бир SMS-билдирүүнүн баасы $0,75

Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 2525 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Бир SMS баасы $0.75

20-ЯНВАрда "Пейджер"
менен
сүйлөшкөндөр:

П-98. Урматтуу Усубаалы уулу Турдакун ага, сизди кутман курак 90 жашка чыгышыңыз менен куттуктаймын. Сиз кыргыз эли үчүн чоң кызмат кылдыңыз. Сизчелик кызмат өтөгөн адам жок. Мындан ары ден соолукта болуп, атаңыздын жолун жолдоп 100дөн аша жашаңыз. Аалиев Шара.
П-99. Айчүрөк Иманалиева, мен сенчилеп сүлкүлдөп машине минип, күнүгө бирди кийип жашасам, сенин таңуулап таштап кеткен 300 сомдук билеттериңден үчтү эмес, баарын сатып алмакмын. Тилекке каршы, алганым 3000 сом болуп сага ары карап ыйлап, бери карап күлүп эптеп жардам берип атам. Эт көрбөй, нанга араң жетип жашап атканда сенин концертиңдин эмне кереги бар эле мага? Бирөөнүн ырыскысына кол салгандан уялбай калгансыңарбы, артисттер. Лира.
П-100. Урматтуу теле чоңу Мелис берен / Жүзүбүз кээ бир айым диктор деген / Экрандан көрүнүшсө жүзүн бурбай / Улуттук көркү - кундуз чачы менен! Эркин Жаныбеков.
П-101. Жанагы чет өлкөгө бир да жолу командировкага баралекмин деп таарынып жүргөн депутаттарды Палестинага бир айга жөнөтүп жибербейсиңерби, Ибрагим мырзаны кошуп. Мээримдүүлүк концертин коюп келишсин. Алмаз.
П-102. Азыркы саясат таануучу сөрөйлөрүбүз бийликке жагалдана сүйлөшүп, кадимки дүжүр чал, дүжүрка кемпирлердин ролун ойноп калышкандарына кыжырың кайнайт. Күйдүмчок.
П-103. Стамов Асанбек мырза, сиз демилге көтөрүп, куурчак театрына Муса Жангазиевдин атын бердирген экенсиз. Ошондо артисттерге бир жылкы берем деп сөз бериптирсиз. Азыр жылкы эмес, чычкак улак жок деп отурушат. Эми театрды курдуруп, 26 жыл иштеп туруп каза болгон иним Кубанычбек Аалиевдин атын койдуруп бербейсизби, ошол жылкыны мен берейин. Агасы Аалиев Шара.
П-104. Бизде Токтогул Какчекеевден башка политолог жокпу. Гезитти ачсаң деле, телевизор сайсаң деле Током сүйлөп аткан болот. Акыркы күндөрү Какчекеевди көргөндө дароо башка каналга которуп жиберчү болдум. Эмир.
П-105. Сансызбаев Таалайга: Бетиң бетпи, картонбу / Же Алла Таалам жактырбай / Элден бөтөн болсун деп / Эски-уску кийиздерди / Эптеп чаптап койгонбу? Зам.Байдылда.
П-106. Ат-Башынын Кара-Суусундагы Арыков Ажыбек, сени "супер саяк" деп жүрсөм, "супер кидальщик" турбайсыңбы. Атаң менен апаң сыймыктангыдай эле бар экенсиң. Эми Россиянын орустарын алдап, оозу-башың талкаланып келбесең болду. Медербек Сулайманов.
П-107. Сүйүктүү карындашым Дилдени туулган күнү менен куттуктайм. Сага чың ден соолук, узун өмүр, ачык асман, тоо суусундай тунуктукту, таңкы шүүдүрүмдөй тазалыкты каалоо менен көңүлүң чөкпөй, жүзүңдөн күлкү кетпей, жашооңдун ар бир күнүн кубаныч, шаттык коштоп жүрсүн. Бешенеңен жанып турсун таалайың / Күлүп-жайнап аман болгун ылайым / Кайгыга шат, кубанычка ортоктош-санаалаш / Өзүңдү жүрөк сокпой калганча ырдаймын. Каримшах.
П-108. Түштүктүн борборунда "Ош-Таатан" деген лозунгдар жайнап кетиптир. Ош эмес эле Таатан мамлекети деген сезим үстөмдүк кылып, адамдын оюн бөлүп турат. Же идеологиябы?.. Караш Насер.
П-109. Заманың түлкү болсо, түлкү бол, жойпу болсо жойпу бол, сойку болсо, сойку бол деп Сооронбайдын кызы Сонунбүбү сонун тост айткан. Гансибек (Америка).
П-110. Күкүк менен Зейнеп жолукса жер астын-үстүн болот деп айтып жүрүшөт. Мадумаров менен Данияр мырза кайрадан бириккени турушат. Кыргызстанды көмкөрүп жиберишпесе эле болду. Мамбетов А.
П-111. Президент кадрдык өзгөртүүлөрдө жаштарга басым жасады деп атышат. Данчик качантан бери жаштарга кирип калды эле. Же мурутун алып койсо эле жаш болуп калабы?.. Чубак.
П-112. Өткөрүп баштан улуу Совет өлүмүн / Коррупция мүлжүп, жоодой бөгөп өнүмүн / Бейиштей гүлдөп келген алтын Кыргызстаным / Өлкөсү болду бандит, ууру-бөрүнүн! Эркин Жаныбеков.
П-113. Бишкектин көчөлөрүндө кээ бир таксилердин чокусунда христиандардын гробунун макетин реклама кылып орнотуп коюшуптур. Жүргүнчүлөрдүн көңүлүн сабыр кылбай, жок дегенде дивандын макетин коюп коюшпайбы. Караш Насер.
П-114. Оо, жаным БИ-БИ-СИ, оозуңдагы 10 тонна сөз көмүргө айланып кетсе кана? Мечтабек Үшүкбаев.
П-115. Кыргыз эли беш формацияны кайрадан басып өтмөйүн өнүгө албайт. 1 - Тезек доору. 2 - Алгачкы жампа жабуу коому. 3 - Кык ээлөөчүлүк коому. 4 - Феодалдык кумалак коому. 5 - Капиталисттик коргоол чыгаруу коому. Бул беш формация дагы 15 жылга созулат. Алмаз.
П-116. Светтин өчкөнү кыргыз спортсмендерине пайдалуу эле болуп жатат. Учурда өтүп жаткан бокс боюнча Шопоков турниринде кокусунан свет өчө калып, буга көнүп калган кыргыз боксеру "стоп" дегиче болбой казак мушкерин торойто чаап салды. Чоң чыр чыгып атып, турнир уланды. Кийинки боксерлор фонарик көтөрүп чыгып атышат. Күйөрман.
П-117. ЖК депутаты Бейшенбек Абдыразаков мырза, карабаса катын кетет деген кеп бар. Какшадым, какшадым, какшап жүрүп аксадым дегизбей, "Үй куруучу" гезитибизди же бар кылып, же жок кылбайлыбы? Зам. Байдылда.
П-118. Кадр маселесинде жалаң гана чабактарын алып жатат. Чаяндарынан баштаса болмок. МЧС кеткенден кийин ак очкини тагынып сахнадан Мадумаров көрүнө баштады… Мамбетов А.
П-119. Бакыбаев Асылбек Сатардинович, Кудай көзүңө көрүнбөсө, бир күнү көрүнөт. Өлгөнгө жалаа жаап, тирүүнү тирүүлөй күйгүзгөнүңдү токтот. Медербек Сулайманов.
П-120. Досубуз Мээримди 31-январь туулган күнү менен куттуктайбыз. Мээрим, сага чың ден соолук, узун өмүр, окууларыңа чоң ийгиликтерди каалайбыз. Бардык тилеген максаттарың орундалсын. Чика, Замира, Баха.
П-121. Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт болбой, оппозиция бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарса эбак эле жеңишке жетишмек. Антпей коюшпадыбы. Баарынын эле амбициялары күч. Болбосо чогулуп туруп бир лидерди ээрчигенде мындай болбойт эле. "Ырыс алды - ынтымак" деген жомокту кайрадан бир сыйра окуп чыкпайсыңарбы. Эсенгелди.
П-122. Мелис балам, деги КТРди ырас кылдың. Кечкисин саясат-маясатың менен ишибиз жок болуп, ата-бабабыздан бери көрөлек ырчы-чоорчулардын концертин көрүп жыргап эле калдык. Качан койсоң созолонуп ырдап атышкан болот, байкуштар. Ыракмат сага! Анипа апа.
П-123. Чудинов өзү кыргызча сүйлөбөсө, түшүнбөсө, анын министр балдарын жабыратып кыргызча сүйлөтүп койгондо эмне пайда? Отчетту латын тилинде беришеби же котормочу жалдашабы. Балык каягынан сасып атканын эске алышпайбы. Алмаз.
П-124. Молдомуса ака, Ноокен МАИсинде иштеген Андрейге жолду менчикке бердиңизби? Машинеге куйган бензинден МАИге берген акча ашып кетти го, же милийсанын баркын элдин кыжырына тиймейинче көтөрөсүзбү? Аяз.
П-125. Кагылып кетейин Өмүрбегим, жакшы заман келгиче Таластын токоюна сугатчы болуп иштей турсаң болбойт беле?! Таласбай.
П-126. Караколдо жашаган атам Анарбекке, апам Инаятка, эже-сиңдилериме салам жолдойм. Силерге чың ден соолук, узун өмүр, бакубат турмуш каалайм. Динаш.
П-127. Кызматынан кеткен аткаминерлерибиз эми эмне иш кылат болду экен. Башкалардан эмнеңер кем, силер деле барып оппозиция болуп алгыла, же кылмыш иши козголуп кетет деп жүрөксүйсүңөрбү?.. Алия.
П-128. Урматтуу администрация жетекчиси Үсөнов мырза, Нооруз майрамында Арча-Бешиктин жаңы мектеби 1-сентябрга чейин бүтүп, жолдору толугу менен асфальтталат деп сүйүндүрүп кеттиңиз эле. Эми кандай болот? Медербек Сулайманов.
П-129. Асыранкул кызы Жийденин наамына жазылган 9-классты бүткөндүгү тууралуу күбөлүк жоголду. Таап алгандар кайтарып берсе, сүйүнчүсү болот. Тел.: 0772 536234.
Жеңүүчүбүз - Бабановду сугатчылыкка чакырган Таласбай (П-125), редакция менен байланышыңыз.

Даярдаган
Канышай БЕШБАЕВА