Кыргыз гезиттер архиви

  Бул кайсы "нурлуу" мейман, ыя?

Здрастье, я ваша тетя!
Ушул атактуу фильмдин атын которалбай койдум. Которсом, артист Калягин кантип аялзатына айланып, кантип көздү сүзүп, көчүктү чайкап, "Здрастье, я ваша тетя!" деп кылактап, сырактап турганын элестетүү мүмкүн эместей. Анын беймаал эске түшүп жатканынын себеби бар. Бир нерсе бир нерсеге себеп болбой койбойт.
Кыргызстандын качып кеткен экс-президенти Аскар Акаев кийинки айларда Россия колтугунан башын кылтыйтып чыгарып, "Здрастье", силердин өлкөнү өлтүрбөй сактап калчу "я ваша тетя!" дегендей кыргыз журтуна кыр көрсөтө баштады. Москванын айрым басма сөзү, электрондук маалымат булактары аркылуу. Эсеби маселең, Чыңгыз Айтматов көз жумганда катуу каңырык түтөтүмүш этип, Кыргызстандын азыркы маңбаш бийлиги улуу жазуучуну Европадагы элчилик кызматтан козгобой койсо, мүмкүн өлмөк эмес маанисинде "илимий ачылыш" ыргытты. Кыязы, Аскар Акаевич Айтматовду өзү сыяктуу майда мансапкор ойлосо керек. Же улгайган жазуучунун жаны кудум жомоктогудай Люксембургдун бир жеринде алтын кутуга салынуу деп ойлогонбу? Андай оорулуу логика менен кимди ишендиргиси келгени түшүнүксүз.
Бул - бир. Экинчиден, атактуу жазуучу менен 15 жыл чамасы оттой ысык, күндөй нурлуу иштешкенине сыймыктанат. Болсун. Ошол эле учурда улуу жазуучу кайсы бир москвалык журналисттин "президенттик шайлоого катышасызбы?" деген суроосуна эмоция менен: "Катышса эмне экен, лаборанттар деле президент болуп атпайбы" деген мааниде жооп бере коем деп, бир жылдан ашуун Акаев бийлигинин кутулбас куясына калып, президенттикти башыма урамбы, жөнеле айтып койгом таризинде кайрадан интервью берип атып араң кутулганын унуткарат. Анткенге чейин Акаевдин агездеги пресс-секретары Каныбек Иманалиев "дирижерлук" кылган Акүй массалык маалымат империясы Айтматовду жерден алып көргө чаап, абийирин аштай төккөн, атүгүл "Айтматов Кыргызстандын гражданы эмес", "космополит" дегенге чейин барганын азчылык унутса да, көпчүлүк унутпаса керек. Биз учурунда жазганбыз, "мамлекеттик рэкет" маанисинде.
Аскар Акаевичтин "Здрастье, я ваша тетясы" "Республиканын биринчи президентинин китепканасы" деген каргы менен курулуп жаткан хансарайдын мамлекет карамагына өтүшүнө байланыштуу дагы бир жаңырды. Мамлекеттик комиссия аныктагандай бул чала бүткөн курулушка 247 млн. сом, анын ичинен 138,5 млн. сому республикалык жана шаардык бюджеттен жумшалган. Четелден алдырган мебелдер эле 25 млн. сомдук, люстрасы 15 млн. сом. Мамлекеттик бюджет менен ишкерлердин чөнтөгүнүн эсебинен курулган бул хансарай калыбынан бузулбаса, анткени ал мага эмес, калың элге зарыл, андай китепканалар көптөгөн өлкөлөрдө бар деген аргументти ала чуркайт Акаич. Россиянын иштин жөнүн түшүнбөгөн бир катар окумуштууларына аны колдогон кол койдуруп сунат. Глобалдуу ой жүгүртүп, глобалдуу мыкчып көнгөн эски мыкчыгерге даба жок: калыбында деген бизге калсын деген каңкуу эмей эмне? Анткени хансарайдын учредителдери ким? "Биринчи президенттин китепканасы" коомдук фонду жана Саадат Акаева менен Илим Акаев, б.а., экс-президенттин уул-кызы. "Биринчи президенттин китепканасы" коомдук фондунун учредителдеричи? Экс-президенттин башка уул-кызы: Бермет Акаева менен Айдар Акаев, анан… ыгы жок каламбур сезилсе, кечирим сурайм, алакаргадай болуп академик Аскар Какеев жүрөт. "Китепкананын" деректири Санат Жамакеева - экс-президенттин балдызы. Байкалып тургандай, хансарай короосунда Какеевден башка "чоочун эчки" жок, хансарай мамлекет каражатына курулганы менен менчик. Илим-билим храмына айланса, ошол жалгыз "чоочун эчкиге" гана ачык.
Кыргызстандын андагы президенти, Россиянын мындагы академиги Аскар Акаев айрым маалыматтарга караганда, эми китепкананын ичинде жашай турган үйүбүз да курулуп атты эле, ага үйбүлөбүздүн каражаты жумшалган деп чыкты. Эмне демекпиз, "үйбүлө" мамлекет чөнтөгү менен өз чөнтөгүнүн айырмасын билбей калганын бир айгинеси…
Аскар Акаевич Москвада кайтарылып жатканы менен айбаты ашынып баратканын мындан байкаса болот. "24.kg" маалымат агенттигине анын "Эмне кылуу керектигин мен билем" аттуу макаласы жарыяланды. Окуп койгула, макала "Репортер-Бишкек" гезитине ("Я знаю, что нужно делать!" 23.01.09) бакыйта басылды. Макалада өзү бийликте турган мезгилде Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктери тууралуу эзиле кеп кылат. Ушул тапта эрте күүгүмдөй жылып келаткан энергетикалык кризистин алдын алууга алы жетпегендиги үчүн азыркы бийликти "аталык" тес менен зекип өтөт. Албете, анын айрым пикир, сунуштарында акыйкат үлүшү бар. Анын канчалык негиздүү, негизсиз экендигин адистер териштирип көрөр. Кыскасы, макала лейтмотиви аты айкырып тургандай, "Эмне кылуу керектигин мен билем!" б.а., "Здрастье, я ваша тетя!" Экономикаңарды оңдосом, мен оңдойм, кризистен чыгарсам, мен чыгарам.
Макул, чыгарсын. Макул, эмоциясын да кошо чыгарып алсын. Бирок маселенин өзүнө келгенде, кудум караңгыдан калкып чыккансып, айрым суроолор өзүнөн өзү пайда болот. Кийинки 15 жылдагы эгемен Кыргызстандын экономикалык "кереметин" ким жаратканын өлкө чынеле унутуп койдубу? Кыргызстандын экономикалык рецептери Батыштын балбылдап жанган "шамчырактары" тарабынан даярдалып, аны араңжан өлкөгө президент Акаев таңуулаган. Ал боюнча үч жыл ичинде Батыш цивилизациясына кирип, экинчи Швейцарияга айланмакпыз. Үч жыл эмес, он үчүнчү жылы Кыргызстанга Батыштын эмес, Латын Америкасынын жолу гана жарашарын Акаев өзү айкындады. Экономиканы мындай кой, өзү бийликти демократия жолу менен өткөрбөй, орус бийлигинин этегине кире качып, зордук менен өткөрүп дегендей…
Жок, Аскар Акаевич анча-мынча кемчиликтер болду деп кыңылдаганы менен 15 жылдык экономикалык саясатын сүттөн ак, суудан таза санактайт. Мисалы, сырткы карыз 2 млрд.доллар болду, бирок ал "өзүбүздүн мамлекеттик үйүбүздүн курулушуна, өлкөнү ансыз андан ары өнүктүрүүгө болбой турган заманбап инфраструктураларды түзүүгө жардам берди" дейт да, "1992-жылдан 1995-жылга чейин өнөржай тармагындагы ишканаларды калыбына келтирүү жана колдоо үчүн 100 млн. доллардан ашуун жумшалганын" айтат. Натыйжада өнөржайдын текстиль, фармацевт, мебель, жеңил өнөржай, машина куруу, электротехника тармактары модернизацияланган имиш.
Таасирдүүбү? Айтпа! Бар болгону 100 млн.долларга ушунчалык албан милдет аткарылышы мүмкүнбү? Акыл-эсти жыйып эстеп, же азыр деле республика кыдырып издеп көрүңүзчү, заманбап технология менен жабдылып, модерндешкен кайсы өнөржай ишканасы бар? Айрыкча текстиль, жеңил өнөржай, машина куруу, фармацевт жаатынан. Бул тармактарга мүмкүн кредит бөлүнгөндүр, мүмкүн жеткендир же жетпей калгандыр кагаз жүзүндө. Айтор, жетсе-жетпесе да алардын көпчүлүгү желдей учуп, кумдай каякадыр куюлуп жок болгондугун Аскар Акаевич Бишкекте кезинде анчалык танчу эмес, Москвага орношкону танууну ойлоно баштаган окшойт.
Эсеби маселең, "Гималай" балдар тамак-ашы жана минерал сууларын даярдоо ишканасын курууга 1993-жылы бөлүнгөн 18,5 млн доллар. Аны өз жанжөкөрлөрү жалмап койгондуктан, ишкана түгүл турмук да курулбаганы "медициналык" факт. Ал кредит үстөгү менен 30 миллиондон ашканда, казнанын эсебинен, демек сизиң менен бизиңдин чөнтөгүнөн төлөндү. Же фармацевт ишканасын курууга бөлүнгөн 10 млн. доллар Пакистан кредитин модерндештирдик деп атабы? Пакистан кредитин кыргыз өкмөтүнөн үстөгү менен эбак сыгып алган, ал экс-президент айткан модерндешкен заводдун изи түгүл, жыты жок.
(Уландысы бар)
Алым ТОКТОМУШЕВ




  Үч кошкон собол

Бийликке жаңы келген кадрлар өлкөнү экономика сазынан чыгара аларына ишенесизби?
"Түндүкэлектро", "Бишкек жылуулук тармактары" жана ТЭЦ ишканасы чет элдик инвесторлорго бир пакет менен сатылмак. Бирок сатып алуучулар жок, тендер өтпөй калды. Тендер чын эле өтпөй калдыбы же кызыкдар тарап тиги объектилердин баасын түшүрүү амалын кылып атабы?
Театрга акыркы жолу качан бардыңыз же кандай китеп окудуңуз?
Мирослав НИЯЗОВ, коомдук ишмер.
1. Ишенбейм. Бүгүнкү бийликте отургандар биздин кандай сазга, кайсыга чейин чөккөнүбүздү түшүнбөй жатышат. Мурдагы СССР курамындагы өлкөлөргө салыштырмалуу абалыбыз эң төмөн. Жумушсуздук, миграция, жакырлар жагынан алдыдабыз. Мындан сырткары, энергетикалык, азык-түлүк коопсуздугубуз да камсыз болгон эмес. Сөз жүзүндө көзкарандысызбыз деген менен, иш жүзүндө бардык жагынан башкаларга көзкарандыбыз. Он жети жыл бою өсүп-өнсөк болмок эле, бирок андай аракет болгон жок. Ошондуктан бүгүн бийликке баргандар - президенттин кызыкчылыгын коргой турган адамдар. Элдин, жердин кызыкчылыгын ойлогондорго шарт да, мүмкүнчүлүк да берилбейт. Бүгүнкү кадр саясатына ошон үчүн ишеним жок.
2. Менимче, бул объектилерди сатууга эч кандай зарылдык жок эле. Булар стратегиялык объектилер, өлкөнүн жашоосун, кан айлануусун камсыз кылат. Азыркылар бир кезде Акаев саталбай кеткен нерсени шашып сатып жибергиси келүүдө. Бул кыргыз элине эч качан жакшылык алып келбейт. Анткени бирдемени сатканда ордуна альтернативдүү башка нерсе болуш керек да. Келечекти ойлогон адам жок.
3. Саясат, экономика боюнча, башка өлкөлөрдүн өнүгүшү жөнүндөгү китептерди окуп атам.
Чолпонкул АРАБАЕВ, КР мамлекеттик кызмат агенттигинин борбордук территориалдык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, юридика илиминин доктору, профессор:
1. Толук ишенбесек да үмүт чоң. Анткени азыркы жаштар чет өлкөдөн билим алышкан. Ошол алган билимдерин иш жүзүндө көрсөтүүгө, элге пайдасын тийгизүүдө аларга шанс берилди.
2. Тендер чын эле өтпөй калса керек. Анткени мыйзам боюнча тендер жабык өтөт да. Балким тиги объектилерге чоң каражат сала турган инвесторлор чын эле келген эместир.
3. Акыркы жолу кыргыз улуттук драма театрынан казактардын жакшы спектаклин көрдүк. Муундардын ортосундагы карама-каршылыктарды көрсөтүштү, аябай жакты.
Жамин АКИМАЛИЕВ, академик:
1. Ишенүүгө аракеттенем. Жаш кадрлардын келгени жакшы көрүнүш. Бирок жаштыкка тажрыйба айкалышса мыкты болот. Айыл чарбанын тили менен айтканда, которуштуруп айдоо болуп атат.
2. Менимче, кызыл кулактар бул объектилердин баасын түшүргүсү келип атат. Кыскасы, бекер алгысы келүүдө. Бул чатак маселе. Мына, кант кызылчасы эмне үчүн жоюлуп кетти? Бир кезде кант кызылчасын иштетүүчү заводдор менчикке берилип кеткен да. Бербегиле деп какшаганыбызды ошо кезде эч ким уккан эмес. Саткандар элди арзан кумшекер менен камсыз кылып жыргатат дешкен. Азыр болсо кант кызылчасы боюнча чарба толугу менен кыйрады. Энергообъектилер сатылып кеткенден кийин эмне болот, бир Кудай билет.
3. Опера-балет театрынын Малахит залына барып, орус романстарын угуп ыракат алдым.
Аскер САКЫБАЕВА