Кыргыз гезиттер архиви

Фотоальбом
Убакытка учкаша өмүр өтө берет. Анын жүрүшүн токтотууга күч да жок. Болгону сүрөттөрдө сакталат өмүрдүн көз ирмеми. Сиздер менен бирге ысымы дайын мекендештерибиздин фотоальбомдоруна көз чаптырып чыгуу ниетиндебиз. Бул ирет ырчы жигит Султан САДЫРАЛИЕВдин альбомун барактадык. Өзү да ар бир сүрөтүнүн тарыхынан кеп салып берди.

Кичинекей Сауленин фотосессиясында. Ал мени "сүйгөнүм" деп калат. Бир ирет Караколго гастролго чогуу барганбыз. Жолду катар алдыма алып, уктатып, ойнотуп келгем. Кыздар менен туруп калганымды көрсө, кызганганын айтып калат.

Бул менин студент кезим. Эч бирибиз сахнага чыга элек, эл тааный элек учур. Аянтта кенен-кесири басып жүрчүбүз. Чыңгыз, Мирбек, Акбарды эл билет. Ал эми жанындагы Санжар, Эмил аттуу досторум. Жыландан аябай корком. Баары тизилгенден кийин келип, бир жеринен кармамыш болуп калгам.

Айжамал Кабылованын Бишкектеги концертинде. Ал эже менен алгач ошол жылы таанышып, Оштогу концертинде да мейман болгонбуз. "Кызбурак" бизди үйүндө аябай коноктогон.

"Бул сүрөттө төрт жашта экенмин. 1990-жыл. Ата-энем жана агам. Нооруз майрамы эле. Казакстандагы кезибиз. Ар бир майрам сайын ата-энем райборборго алпарып майрамдатып келер эле.

Жаңыдан продюсерим Динара Эсенгулова менен иштешип аткан мезгил. "Музыкалык бороон" долбоорунун соңунда. Дал ушул концертте жеке ыр кече уюштуруу чечимин кабыл алганбыз.

Таласта "Пери" деген эң популярдуу кыздар тобу болчу. "Ош азем түндөрү-2000" сынагына барып, "Интурист" мейманканасына конгонбуз. "Перинин" кыздары мага көзайнек тагып, "кооздоп" түшүрүшкөн. "Кызбурак", Р.Адилханова, Б.Шатенов, М.Сагыналиев, Р.Осмонкулов, Р.Маматкулов өңдүү байке-эжелерибизди алгач ошондо көргөм.

Таластагы Манас күмбөзүнүн Кароол чокусу. Талас жергесине барып Алгач бата алган кезим. Жанымда Мирбек менен Акбар.

"Жөнөкөй жигит" аталган концертимде. Апам мага арнап ыр аткарган.

Жөнөкөй жигиттин образы мага айрыкча кызык болгон. Ушул сүрөт мага өзгөчө. Анткени, күйөрмандарым кош колдоп турган көз ирмем. Кээде карап алып, Кудай кут кылсын дейм.

Маданият министрлигинин сыйлыгын алган убак. Сыйлык мага чоң жүк артканын билем, ырым жаңырып, элдин көңүлүн ээлеп турсун деп гана тилейм.

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы