Кыргыз гезиттер архиви

Кимбайкеден
КУЙКУМТӨР
"Билбейм" деген бир сөз
Эгерде жоокер "ооба" десе, "ооба" деп түшүн.
Эгерде жоокер "жок" десе, "жок" деп түшүн.
Эгерде жоокер "балким" десе, жоокер сыягы жок деп түшүн.

Эгерде элчи "ооба" десе, "балким" деп түшүн.
Эгерде элчи "балким" десе, "жок" деп түшүн.
Эгерде элчи "жок" десе, элчи сыягы жок деп түшүн.

Эгерде бойго жеткен кыз "жок" десе, "балким" деп түшүн.
Эгерде бойго жеткен кыз "балким" десе, "ооба" деп түшүн.
Эгерде бойго жеткен кыз "ооба" десе, кыз сыягы жок деп түшүн.


Төөсү жорго төрт кабар
Үйдөн бешбармак жей элегибизге көп жыл болду. Жалаң эле өлгөнгө барып эт жеп калдык. Жаш болобу, кары болобу, паланча деген ары карап кетиптир дегенди укканда өкүрүп барып, чайын ичип, гөш жеп, кесмесин шыпыра-шыпыра сугунуп алып кайра жолго түшмөй. Биз жалаң эле Америка, Европа, Азияга карыз болбостон, өлгөндөргө да карызбыз. Өзүбүз өлгөндө гана ошол карыздан кутулабыз. Өкүрүп келип, эт-кесмесин шыпыра сугунуп жолго түшүшөт. Тирүүлөр өлгөнчө тоюп алып тарап кетишет. Ошентип, табигый тандоо жүрүп атат. Болбосо, бобуреки биздин башыбыздан күлүп-жайнап өтүп аткан көп жылдык реформага жалаң кара чай менен эчким чыдай алмак эмес. Эч ким калмак эмес. Эптеп, бир четинен өлүп, бир четинен жашап атабыз.

Мурунку конок кийинки келген конокту сүйбөйт эмеспи. Мен да мурда ошондой деп ойлочумун. Конокко дегенде бир күн мурда эле барып, төрдү ээлеп алчумун. Анан, менден кийин келген конокторду жек көрүп, жеп ийчүдөй карап отуруп, отуруштун аягында эң акыркы болуп келген конокту бир-бирге чакырып мушташа кетчүмүн.
Өткөндө бир жерде конокто отурсам, эң акыркы болуп бир сулуу келин кирип келсе болобу. Биз аз отургандан кийин адатымча ал келинди бир-бирге... бийге чакырдым. Эч кимге бербей бийледим. Сүйүп да калдым. Ошондон кийин мурунку конок кийинки конокту сүйбөйт деген тезиске балчайта түкүрдүм дагы, тиги сулуунун этегине жыгылып-туруп ээрчип кеттим.

Кечээ, түнкү саат онбирлерде күтүлбөгөн жерден жарык жалп өчтү. Үйдө эски достордон бешөөбүз отурганбыз. Караңгылыктан пайдаланып эски өчүмдү алайын деп сол жагымда отурган Осмонду ооздон ары басып калдым. Кимден көрөөр экен, сынайын дедим. Ал ары жагында олтурган Ормушту шилтеген экен, оң көзүнөн от чагылышып кетти. Айлана бир саамга жарык да боло түштү. Эч нерсе түшүнбөгөн Ормуш колу менен көзүн баса калганын гана баамдап калдым. Өзү сологой жигит болчу, сол кол менен серпкен окшойт, арадан бир-эки секунд өтпөй Өмүкө дегенибиз "нихирнасибе!" деген боюнча дүп эте кулап түштү. Андан кийин үйдүн ичи дүпө-дүп эле болуп калды. Аңгыча, күтүлбөгөн жерден жарык кайра күйдү. Бешөөбүз беш бурчта тыгылып жатыппыз. Эң кызыктуусу, бешинчи бурчту кайдан тапканыбыз белгисиз. Чачылган тиштерибизди бөлүп-бөлүп чогултуп алып жолго түштүк. Баарынан Осмокеге жаман болду. Курт жеген бир да тиши жок болчу. Мен көп деле зыян тарткан жокмун. Кийме тишимди алдын-ала текчеге коюп койгом.

- Эмне үчүн Кыргызстанда керебет жасап чыгарышпайт?
- Өлкөгө керебеттин кереги жок: дыйкандар талаада жатышат, байлар Канар аралдарында жатышат, кедейлер таардын үстүнө жатышат, бомжулар жертөлөдө, люктун ичинде, көчөдө жатышат, сойкулар бирөөнүн койнунда жатышат, оорулуулар догдурда жатышат, өлгөндөр көрдө жатышат.




Сөзирмемдер
Аялдын тилин тапкың келсе, тишин санаба.
Төрт тарабың кыбыла болгон менен, кайда барсаң Мамайдын көрү.
Сахнада бирөө кыяк тартып атса, залда залпы менен коңурук тартып атат дейт.
Ишке өтпөгөн тиш ашка келгенде отуз экиге көбөйөт.
Кассага кезекке тургуң келбесе, биртүн эрте кел.
Дарыдан үнөмдөгөн битир операцияга акча төлөйт.
Эки кочкордун башы бир казанга батпайт деп койлордун башын айлантса болот.
Башың ордунда болсо, кимдин болсо да мээсин чагып жейсиң.
Арак бириктирген баштар төрт аяктап ажырашат.
Бири кем топчу бири кем дүйнөнүн үкасы.




Күлкүлүү үй
Полковник генералга доклад кылып атат:
- Быйылкы жыл боюнча биздин батальондо тартип бузуу азайып, дисциплина жогорулады...
Аңгыча эшик ачылып, солдаттын башы көрүнөт да:
- Полковник, кулак салчы, мен сенин машинеңди кечке чейин тээп кеттим!
- Мына, көрдүңүзбү, жолдош генерал, эгер өткөн жыл болгондо, булар сурап да коймок эмес!

- Ар бир аялдын турмушунда негизги үч мезгил болот...
- Кандай үч мезгил?
- Мына мындайча: биринчи мезгилде атасынын башын оорутат, экинчи мезгилде күйөөсүнүн башын оорутат, үчүнчү мезгилде күйөөбаласынын башын оорутат.

Демалыш күн. Генерал балык кармаганы жөнөп атат. Көлгө келип, көрөн-шөрөндөрүн жерге коет да, сөөлжан салынган банканын оозун ачып:
- Мага өз ыктыяры менен бирөө керек! Эки кадам астыга чык! - дептир көнүмүш адат менен.

Бир киши барга кирип келип эле кыйкырат:
- Саясатчынын баары келесоо!
Үстөлдө отургандардын бири тура калып, тигини жакадан алат:
- Сен кимди шылдыңдап, былжырап атасың!
- Сиз эмне, саясатчысызбы?
- Жок, келесоомун!

Экөө арак ичип отурса, дагы бирөө кирип келип:
- О-у-у, чардап аткансыңар го, мени үчүнчү кылып кошуп алгылачы.
Тигил экөө жооп берет:
- Сен үчүнчү эмес, төртүнчү болосуң. Үчөөнү үжө айдап жолго салдык!

Бирөө эски таанышына конокко барат. Үй ээси чай бере баштайт. Үстөлдүн үстүнө нан, шекер коюп атып сурайт:
- Сен чыныга шекерден канча кашык саласың?
- Өз үйүмдө бир кашык, конокто отурсам беш кашык.
Үй ээси үтүрөйө түшүп:
- Ой, анда өз үйүңдөй көрүп отура бер, досум, - дептир.

Эки министр кудалашып, уул-кызы баш кошот. Чоң той беришет. Ошол жердеги тотукуш минтип коркута баштайт:
- Шүмшүктөр десе, баарыңар былчылдатып май чайнап отурасыңар! Тиякта болсо мугалимдер, медиктер ачка отурушат! Баарыңар тең суволуш экенсиңер!
Тойдун шаанисин бузбасын деп тотукушту тооканага камап коюшат. Бир маалда тооктор келип:
- Ай жигит, атың ким болот? - деп тийишет.
Тотукуш:
- Саясый зек силердей сойкулар менен сүйлөшпөйт!