Кыргыз гезиттер архиви

  Майкечен маек

Аида КУЛУЕВА:
Досторума "братанмын"…
бир адамга созулган жар болгум келет
Мындан бир жыл мурун биздин окурмандарга Аида сүйүүдөн көңүлү калган маанайда маек куруп берген. Дал бүгүн туура 27 жашка толуп аткан ырчы бийкеч менен болгон маекти дал ушул сезимдер "ханышасынан" баштадык…

- Сүйүү таптыңбы?
- Эки жарым жылдан бери жигит дегенди деле унутуп, жалгыз жүрүп, сүйүүгө деле ишенич жоголуп кеткендей болгон. Бул сезимге кандайдыр бир муздактык менен карап калгам. Бирок, жакындан бери бир адам көңүлүмдү ээлеп келет. Өзүнчө эле башкача сезимдер кучагында жүрөм.
- Ал адамдын сенин сезимдериңден кабары барбы?
- Жакындарымдан башка эч кимге айткан эмесмин. Келечекте ошол адам менен кол кармашкым келет. Жакшы адам. Бөтөнчө адам. Негизи жаман көргөнүм да, жакшы көргөнүм да көзкарашымдан байкалып калат. Чочулаганым - көзүмдү улам алакачып атып сезим шегин билдирип албадым бекен?..
- Таанышуу, мамиле түзүүгө учурда мүмкүнчүлүк кеңири го?..
- Кыздар биринчи болуп сезимин билдирбеш керек деген ойду карманып келем. Балким, ошол себептир. А мүмкүн менин ашыкча тартынчаактыгым.
- Жакшы эле таанышсыңбы?
- Албетте, бир-бирибизди тааныйбыз. Бирок, сырдаша баарлаша элекмин.
- Эгер ал адам сага да сезимин билдирип калсачы?..
- Кудай деп эле сезимин да, сунуш айтса сунушун да кабылдамакмын. Бир гана талабым - үйбүлө курууга терең мамиле жасашы.
- Мүмкүн башка бир бай жигит колуңду сурасачы?..
- Эгер байлыкка эсеп кылып турмуш кургум келсе, эбак бирөөнүн колун кармап калмакмын. Мен сезимге баш ийем. Байлыгына таянгандарды жаныма жолоткум да келбейт. Азыр машинем жок маршрутка менен жүрсөм да, алардын сунуштарын четке кагам.
- Айрым ырчыларды карап, сахна үчүн жаралган деп баалап калышат. Өзүңө кандай баа бересиң?
- Ушул кезге чейин мени уяңдык ээлеп келгенин мойнума алам. Толук ачыла алчу эмесмин. Кудай берген талантты таарынткым келбейт. Бирок, келечекте өмүрлүк жолдошумдун пикирине да кулак салам. Ал колдой турган болсо, болгон күчүм менен чыгармачылыкты уланта берем. Агер, каршы чыкса, баш ийүүгө аргасыз болом го. Себеби, аялзатына чоң милдет тагылган. Бирок, сөзсүз менин ордум кыргыздын дагы бир таланты менен толукталарын так билем.
- Дарегиңе жазылган бир катта сага "муздак, түнт" деген мүнөздөмөлөр берилет…
- Андай деле эмесмин. Ачык эле кишимин. Ачылчу адамга ачылам. Кишинин өзүнө жараша мамиле кылам. Жактырбай калган болсом, ал адамга дароо эле кабак-кашым билдирип коет.
- Кыздын жашы улам өйдөлөгөн сайын эркектерге койгон талабы жогорулай берет дегенге кошуласыңбы?
- Дал ошондой экен. Өзүм ынанып баратам.
- Мурда эле турмуш куруп кетпей деп өкүнбөйсүңбү?
- Жок, эч качан. Анткени, мага төп келген кишини кезиктире элекмин. Ушул кезге чейин эки жигит менен сүйлөштүм. Бирөөсүн чындап сүйчү элем. Бирок, тагдырдын башка чечими бар экен, бөлүнүп кеттик.
- А быйыл турмушка аттанууга даярсыңбы?
- Чындыгында мурда күйөөгө чыккандан чочулай берчүмүн. Бирок, быйыл ак көйнөк кийип, ак жоолук салынгым келип жүрөт. Кафеде жети жылдан бери иштеп жүрүп, бир жылда жок эле дегенде 10дон ашуун үлпөт тойго күбө болдум. Үлпөт көйнөгүн кийгендерге суктанып жүрдүм. Мен да бактымды таап, ата-энемди таене-таятага айландыргым келет. Азыр турмушка кадам таштоодон коркпойм. Жашоого бышып, даярмын десем болот.
- Алты-жети жашка кичүү кыздар менен өз муунуңду салыштырып көрсөң.
- Бизде ыйман деген бар. Кафеде нелер гана болбойт. 15-16 жашар кыздардын ар кылыгын көрүп, намысыбызга доо кетип атканына күйөсүң. Батыштын таасирине миң берилгенибиз менен, кыргыз деген менталитет жүрөктө жашоого тийиш.
- Заманбап коом моделинде аялдар эркектер менен тең жарышып иштеп, ийгиликтүү болушу керек. Бул туурасында өз көзкарашың барбы?
- Сөзсүз. Анткени, экөө коомдо бирдей укукта. Бир чети үй кожоюнуна жардам, экинчиден, аялзатынын сансыз буюм-тайымдарына каражатты бүт өзү таап алат. Менимче, үйдү да, бала-бакыраны да, ишти да алып кеткен аялы менен туура жүргөн, чыныгы эркектер сыймыктанышат.
- Салыкчылыктан неге кетип калдың?
- 25 жашка чейин кээде суткалап уктабай иштечүмүн. Акыркы кездери кыйналып кеттим. Түндөп иштегендиктен, кээде будильникти укпай уктап кечигип калып жүрдүм. Акыры уялып, ал жумуштан кетүүнү чечкем. Бирок, коллектив менен байланышып турам. Алар мага "певичка-налоговичка" деп кайрылышар эле. Баары сыйлап, колдоп турушчу. Кызыл диплом менен аяктаган соң, кандай болгон күндө да бир күнү мамлекеттик бир мекемеден жумуш табарыма көзүм жетет.
- Эркек мүнөзүң бар сенин...
- Кээде өзүм да байкайм. Кылыктанайын десем деле жарашпайт. Эркек досторум толтура, үйлөнгөнү бар, үйлөнөлеги бар. Баары мага "братан" деп кайрылышат. Мурда этибар алчу эмесмин. Акыркы кездери "братан" деп кайрылбагылачы деп өтүнчү болдум. Мүнөзүм да, жүргөнүм да эркекче. Айттымбы - аткарам, күчүм жетпей турган болсо, сөз бербейм. Адам кечиримдүү болуш керек дешет го. Эгер менин көңүлүмдү катуу оорутуп коюшса, эмне болбосун, кечире албайм.
- Кек сактайсыңбы?
- Намысыма тийип коюшса, балким… Бирок, кектин артынан кууп, жамандык жасоону пландабайм.
- Кафеден жигиттер менен чабышканыңды эшиткенбиз…
- 1-январь болчу. Курбум Айжан Газиева мен иштеген кафеге торт көтөрүп, куттуктаганы келген. Нары жактагы столго мас кыргыз жигиттер олтурушкан. Бийге чакырышат, баш тартсак: "Жылдызсыңарбы? Бийлеп койбойсуңарбы…" деп тийишип киришти. Жаңы эле ачып куюлган шампанды бирөөсүнүн бетине чачып салдым. Анан мушташ башталды. Айжан экинчисинин бетине тортту чаптады. Акырында кафенин коопсуздук кызматкерлери ажыратты бизди. Айылдык жигиттер десең арданып калышат эмеспи. Бирок, өздөрүн алып жүргөндү билбей, ушундай катачылыктарды кетиргенде башка кандай баа берилет?
- Өткөн кездин окуяларынын каалгасын бекем жаап кое аласыңбы?
- Өткөн бул өткөн. Өзүмбү, башкабы өткөн турмуштун жагымсыз окуяларынан баяндаганды жактыра бербейм. Жакшы нерселерди гана жакындарым менен эскерем. Өкүнткөн окуялар болгон эмес, балалыгым да, жаштыгым да өз нугунда. Болгону, өткөн мезгилдерде жактырган жигитиме гана таарыныч бар. Эч түшүндүрбөй, өзү келип себептерин бетиме айтпай кетти. Азырынча, өткөндөн ушул нерсени гана унуталбай жүрөм.
- Дагы бир курактын барагын ачып жатып, эмне максаттарды көздөп турасың?
- Жеке концертимди берсем, элге тынымсыз ыр тартуулап турсам, эларалык фестивалдарга катышсам деп тилек кылам. Негедир акыркы кезде барган жеримен эле жоолук салып узатып калышчу болду. Балким, бу жылы нике шакегин тагынып калгым бардыр. Быйыл болбосо, буйруган бир адам, буйруган бир күн тургандыр.
- Жакындарың ак жоолук темасынан кеп козгоп тажатышпайбы?
- Туугандар кулак-мээни жешет. "Эмне, жигит жокпу?" деп ардантканга чейин барышат. Атам гана: "Кеч болобу, эрте болобу, айтор, бир ирет жана бактыга сугарылган турмуш кур" деп калат.
- Боз "темир тулпар" минген ханзаданы күтөсүңбү же катардагы эле карапайым жигит келсе деле макулсуңбу?
- Мага айырмасы жок. Билимдүү, бүлөсү да интеллигент, жүзү жарык, турмушка олуттуу караган, өнөрү миң кыр, эмгекчил, башкысы, бири-бирибизге жүрөктөрдөн от чачышып турсак болду.
- Шоу чөйрөсүнөн бирөө сага сунуш айтып калсачы?..
- Андай болсо, ал да өзүнчө ырахат. Кесибине карабайм. Өзүм ыйлаак, таарынчакмын. Ыйлатпаган, таарынтпаган, тилимди таап, көңүлүмдү оорутпай, таарынсам да көңүлүмдү тез жайгарган адам болсо жетиштүү.
- Продюсериңдин сага берген мүнөздөмөсүндө кайсы сапат көп айтылат?
- Жалкоолугум. Бирок, мени ал жүрөгү менен жакшы көрөт. Биртоп жылдан бери таанышпыз, биртуугандардай болуп калдык.
- Учурда жүрөгүңдү өйүгөн нерсе?..
- Дүйнөлүк экономикалык жана моралдык кризис. Биздин урматтуулар өздөрүн гана эмес, карапайым калкты да иш жүзүндө ойлой жүрүшсө… Жок дегенде бизди жарыктан айырбаса боло. Кээде өлкө экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуу мүмкүнчүлүгүмдүн жоктугуна кейип кетем. Анан да Маданият министрлиги да таланттуу ырчыларга олуттуу көмөктөшүп, дайым колдоп, бир казанда кайнай бербей, сыртка да чыгууну кеңейтүүгө кам көрсө…

Маектешкен
Айнагүл САПАРБЕК кызы