Кыргыз гезиттер архиви

  Биз экөөбүз

"Жан" менен "мамалактын" махабаты
Шоу чөйрөсүндө жаш муун ичинен жылдыз жылдызга баш кошуу "салтын" ырчылар Урмат УСЕНОВ жана НЕЛЯ баштады десек болор. Көч баштаган эки жаш Ыйык Валентин күнүнө карата жалпы күйөрмандардан бата алууну да көздөп турушат. Жаш жубайлардын үлпөт тою аталган ыр кечеден соң Бишкектин бир жакшылык өргөсүндө уланат.

- Куш боо бек болсун! Кандайча экөөңөрдө сезимдер тутанып кетти?
Урмат: - Кокустан же жок жерден болгон иш эмес. Мамиле түзүлгөнүнө бир жарым жылдай убакыт болуп калган.
- Эмне үчүн дал жаңы жылдын алдында баш коштуңар, же 2008-жылы жетишип калалы дедиңерби?
- Өткөн жылда пландаган жакшылыктардын бири болчу. Неляга ноябрда эле сөйкө салуу салты жасалган. 30-декабрга туштаган себебибиз, жаңы жылга жакшы ниет, жаңы союз менен кирели дедик.
Неля: - Анан да январь айында үйлөнгөн болбойт деген ырым бар экен.
- Баш кошууда кыргыздын кандай салттарын аткардыңар?
Неля: - Мен көбүн түшүнгөн да жокмун.
Урмат: - Неля эмес, мен араң түшүнүп жаттым. Билем деп жүргөнүм менен өзүм деле көп салтты үстүртөн гана билет экенмин. Айылдан уруубуздун аксакалдары келген, ошолордун жетегинде жүрдүк. Жалпы 30дай киши алчубузду алып, алдыбызга салып жаңы жылдын алдында Көк-Жарды көздөй жөнөп калдык...
- Баш кошкону экөөңөрдө чыгармачылык кандай уланат?
Урмат: - "Эми Неля ырдабайт турбайбы?.." дегендей сурап калышат. Жубайымдын ырдашына эч каршы эмесмин. Кош колдоп колдоого даярмын. Мурда чыгармачылыкта жалгыздап иштеп келсек, мындан ары жапа тырмак киришебиз. Ортодон чоң идея жаратып, көп иштерди жасайбыз деген ой-максаттар бар. Көкүрөгүмдө жазыла турган, аткарыла элек пландар көп. Башкысы, Жараткан бизге денсоолук, ынтымак берсе, элди дагы кубандырар күндөр арбын.
Неля: - Жакшы ырларды жазып берем деп көптөн бери айтып келген убадасы бар.
Урмат: - Нелянын угарман, күйөрмандары эч кабатыр болушпасын. Сөзсүз ырдап чыгат. Мени да алардын катарында деп билсеңер болот.
- Урматтын күйөрман кыздарына мамилең кандай болот, Неля? Кызганбайсыңбы?
- Түшүнөм, түшүнүүгө аракет жасайм. Себеби, алар менин сүйүктүү жубайымдын чыгармачылыгын сыйлаган адамдар. Кээде үйгө телефон чалышат, сүйлөшүп коем. Урматты ар тараптан колдоого аракет жасайм. Буга чейин да кеңешип, кеңеш берип, кеңеш алып келгем. Мындан ары да ушундай нерселер күч алат. Биз бир бүтүнбүз, ошол себептен, дайым гармония болушу шарт.
- А эгер артык баш көңүл бурган күйөрмандар чыккан мезгилдерде эч чыры жок чечишип алууга даярсыңарбы?
Неля: - Баарын көтөрө билүүгө аракет кылабыз.
Урмат: - Түбөлүккө деп жакшы ниет менен кадам таштагандан кийин көйгөй туудурган шарттардан оолак болобуз деп ойлойм. Күйөрмандар деле түшүнүү менен мамиле жасайт деп ишенем.
- Алгач силерди ким тааныштырган?
Неля: - Диджей Арстанбек Абдыманов КТРдин алдынан тааныштырган. Шоу-бизнеске жаңыдан аралашып аткан кезим болчу. Анда бул кишинин "Жазгы жамгыр" ыры дүң болуп турган. Негизи эле алгач таанышкандарым - Съездбек менен Урмат болгон.
Урмат: - Арстан "бул кыз жердешиң болот" деп тааныштырган. Агезде Нелянын бир да ырын угалек болчумун. Тил табышып, диалог курдук. Анан башынан ылдый бир карап коюп кетип калгам. Кийин билсек, экөөбүз тең эле бири-бирибизден жакшы таасирде узаппыз. Ортобуздагы мамиленин уланышына Съездбек да кошумча себепкер. Дайым мага Неляны мактап калчу.
- Чыгармачылыкта экөөңөрдүн кол кармашууңар кандайча кабылданды?
Неля: - Кубануу менен. Телефон чалып, куттуктоолорун айтып жатышты.
Урмат: - Жашырганда не, айрымдары таңгалышты. Жакын катышып жүргөндөр мамилебизден кабардар эле, ал эми сый жүргөн сахналаштарыбызга чындыгында күтүүсүз болуптур.
- Султан, Мирбек, Акбар өңдүү дос болуп жүргөн инилериңе Неля жеңеби же аяшпы?
- Аяш дешет. Болгону Мирбек гана сен деп кайрыла албай калды. Себеби, ал башынан мени өкүл ата коем деп атап алган.
- Үйдө күйөө бала, келин кандай кабылданууда?
Неля: - Мурдатан эле апам Урматка ишенчү. Өз баласындай кабыл алды. Гастролго чыгарда жанымда же Урмат, же Съездбек гана болор эле. Биринчи ирет Таласка Урматтын концертине барганбыз.
Урмат: - Чыгармачылыктабы же жеке турмуштабы, дайым апам менен кеңешем. Атамдар кийинчерээк угушса, апам баарынан мурун билчү. Тун келини. Азыр апам Бишкекте, келининин колунан чай ичип олтурат. Апам да, кайненем да педагог. Эмгиче алар бизди толук "окуп" чыкты болуш керек.
- Сиңдиңди маектериңде көп айтар элең. Жездеси ага жагып атабы?
- Алтынай мурдатан эле Урматты жакшы көрчү. Адегенде жезде деп айталбай, жездесинин кулагынан чойгондон уялып койду.
Урмат: - Кулагымдан чоймок тургай, чөнтөгүмдү да аңтарган жок. Атайын камдап келген акчаны өзүм алып чыгып бердим. Мүнөзү да, Неляга жасаган мамилеси да жакшы. Аябай жакшы көрөм жалгыз балдызымды. Кийин өзүм күйөөгө узатам деп тамашалап калам.
- Сүйлөшүп жүргөндө же баш кошор алдында жыл сүрүү же гороскоп боюнча төп келер-келбесиңерди териштирдиңерби?
Урмат: - Андайларга ишенбейм. Асмандагы бир планетага тагдырымды байланыштыргым келбейт. Көп окубаганга, ишенбегенге аракет кылам. Өзүмдүн ырым-жырымдарым бар, ошолордон тышкаркы нерселерди колдонбойм.
Неля: - Жылдызы Суу пери экенин билем, бирок, төп келүү жагын караган эмесмин. Кеп анда эмес да.
Урмат: - Үйлөнгөндөн кийин гана "декабрь түбөлүктүү үйбүлө курууга ылайыктуу ай" деп жазылганын окудук.
- Өкүл ата кимдин чечим менен коюлду?
Урмат: - Үйлөнгөнгө чейин эле режиссер Рысбек Жабиров байкени өкүл ата коем деп жүрчүмүн. Анткени, өкүл ата-эне эки жашка экинчи ата-энелик милдетти аткарат. Айрыкча кызга жакын эмеспи. Көбүрөөк Неляны ойлодум. Анткени, Рысбек байке Неляга башынан агалык мамиле жасап, дайым моралдык колдоо көрсөтүп келген. Ал адамга өзүмө ишенгендей ишенем. Жубайы экөөнүн бири-бирине кылган мамилесин көрүп, ал экөөнөн үлгү алсакпы дейм.
- Концерт менен катар тойго да камылга күчүндө болсо керек. Күйөө жолдош, курбу кыз кимдер?
Урмат: - Талапкерлер көп. Өздөрүнүн жайына коем. Алардын баары мага бирдей. Кимисин күйөө жолдоштукка шайлашса, ал чечимге баш ием. Акыркы кездерде чогуу жүргөн балдардын катарынан, балким, классташтар ичинен. Бирок, айылдагы досторум ардактуу меймандарым болгону оң, алардын орду төрдө деп ойлойм.
Неля: - Меники белгилүү. Көптөн бери мени бардык жагынан колдоп, чыгармачылыгыма толук жардам берип келаткан курбум Миргүл. Эч жерде жалгыз калтырган жок, дайым жанымда коштоп жүрдү. Аны шоу чөйрөсүндөгү досторубуз бүт тааныйт. Өзү аябай баамчыл. Мен сүйлөшкөн, мамиле курган адамдардын баары анын көз алдынан өтчү. Азыр апама барып, мени жоктотпой көңүлүн көтөрүп турган ошол курбум. Апам аны өз кызындай эле көрөт. Анын ата-энеси да мага ошондой мамиле жасайт. Урмат экөөбүздүн мамилебизде мен тараптан анын ролу чоң. Таарынышкан кезде ал бизди жараштырганга ашыгып турчу.
- Тойго чейин эле нике шакегин тагынып алыпсыңар го?..
Неля: - Өкүл атабыздын белеги. Нике кыйдырганда бири-бирибизге тактык. Кыргыздын салтына басым жасалгандыктан, биз баш ийдик. ЗАГСтан заманбап жөрөлгөлөр өзүнөн өзү жасала берет да.
- Тойдон мурун неге концерт берүүнү чечтиңер?
Урмат: - Неля да, мен да элге ыр арнап, элдин уул-кызы болуу аракетинде жүргөндүктөн, адегенде элден бата алууну туура көрдүк. Бардыгын ресторанга батыралбайбыз да, ошондуктан, алар концерттен ыр угуу менен катар биздин жакшылыгыбыздан даам сызып, кубанчыбызды тең бөлүшүп кетишин каалайбыз.
Неля: - Ушул кече дал сүйүү күнүнө туш келгенине сүйүнүп турам. Жомоктогудай абалдамын. Өзүбүз да бата алуу менен сүйүшкөн, табышкандарды экөөлөп куттуктагыбыз келди. Бир адам айтты эле: эмне жөнүндө ырдасаң, ошол нерсени өзүңө тартасың деп. Биз экөөбүздүн "Сүйүү жолу" деген мурдагы ырыбыз бар. Ошол ырда айтылгандар туш келди.
Урмат: - Ырдын сөзү меники эмес болчу, Чыңгыз Мырзаев жазып берген. Неля менен ырдайын деген деле так план жок болчу. Дуэт ырдап калдык. Кийин кичинекей Эмирдин ата-энесинин ырын Неля экөөбүз аткарганбыз. Чындап эле эмнени сүйлөсөң, эмнени ырдасаң, баары турмушуңа дал келет тура. Тагдырдын буйругунан экен, баш коштук.
- Бал айы үчүн кайсы жерди тандап атасыңар?
Урмат: - Көптөн бери эңсеп келаткан бир катар өлкөлөр бар. Ошолордун бирине барып калышыбыз мүмкүн. Кудай жол берип, виза жагы чечилип кала турган болсо, алдыдагы жакшылыктарды улай Америкага аттанышыбыз мүмкүн.
- Наристе күтүү жакынкы планда барбы?
Урмат: - Бул менин бирден-бир ири тилегим.
Неля: - Кичинекей балдарды аябай жакшы көрөт. Кайсы жерге барбасын, ойногону кичине балдар. Тааныбаган эле кичине балдар менен түшкөн сүрөттөрү көп.
Урмат: - Же аябай "страшныймын", же бир гана экземплярмынбы, айтор, наристелер да мага жакын.
- Үйлөнгөндөн кийинки мамилеңерде өзгөрүү жокпу?
Урмат: - Мурдагыдан да жакындаша түштүк окшойт.
- Телефон чалып кайда, эмне менен алек экениңди сурап Неля жадатып калбайбы?
Урмат: - Жок, кайда жүрсөм да концерттин иши менен чуркап жүргөнүмдү жакшы билет. Эң эрте дегенде үйгө түнкү 11де кайтып атат окшойм.
- СМСтер мазмуну азыр кандай маанайда?
Урмат: - Мурда башынан аягына чейин романтика болсо, азыр башы романтика менен башталып, соңу тиричилик маселеси менен аяктайт.
Неля: - Көп эркелейм. Өзү эркелетип койгон ат менен: "Мамалашка хочет апельсиновый сок" деп жылуу сөздөр менен кээде смс соңуна жазып коем. Өзүм "жаным" деп кайрылам, телефондо номери да ушул ат менен жазылган.
Урмат: - Кандай күндө да бири-бирибизге жылуу сезим, жылуу кеп арнап тургандан айырбасын. Ушундай даңгыр жолго бир түшкөндөн кийин ынтымак, денсоолук, акыл-эстен Алла Таалам кем кылбаса эле, калганын жайгарып алыш биздин колдо.

Айнагүл САПАРБЕК кызы