Кыргыз гезиттер архиви

Star news
Продюсер ДАНА турмушка аттанганы өз канатындагы таланттарды жалгызсыраткандай элес калтырган. Жумгал жергесин эки ай байырлап, келиндик кызматын өтөп келгенин билдирген продюсер мындан ары активдешерин, анткени, жанында Нурлан аттуу тиреги бар экенин белгилейт. Учурда Дана наристе күтүп турган чагы. Ошентсе да, чыгармачылыкты таштабастыгына ынандырат. Продюсер белгилүү ырчы Семага жеңе болгонун кошумчалай кетели.

Мэри ШАКУЛИНА жаңы жылдын шылтоосу менен кесиптеш досу Султан Садыралиевден белекке ыр алды. Ал "белекти" көркүнө чыгаруу менен катар бул бийкеч "Кечигипмин" аттуу армандуу арзуу ырын "экрандаштыруунун" аракетин көрүп келатат.

Макс БЕГАЛИЕВ патриоттуулук, махабат жана жашоо темасын камтыган кыргыз тилиндеги ырларга текст издөөдө. Эгер ушул жигиттин аткаруу чеберчилигине шайкеш келген ыр саптарыңыз болсо, 0555 842992 номуру аркылуу байланышка чыксаңыз болот, окурман.

Нурзат САДЫКОВА Чыңгыз Айтматов туурасындагы "Улуу дүйнө" аталган балладасына клип тартууга чамынды. Бул ою менен сапат жагынан алдыңкы сапты ээлеп келаткан клипмейкер Мирлан Абдыкалыковго кайрылган. Айтмакчы, ырчы кыздын "Улуу дүйнөсүнө" Кыялбек Урманбетов текст жазып берсе, композитор Бакыт Алишеров обон жараткан.

АСЕЛ сахнага болгон сүйүүсүнөн улам Бишкекти байырламакчы. Ал эми кичи мекени Ошко анда-санда каттап гана турчу болду. Билек түрүнө киришип, ыр артынан ыр жаздырууда. Атүгүл айрым жигиттер менен жакында дуэт ырлары да жаңырат. Ошондой эле ырга салынчу бактылуу махабатын да кезиктирсем деген тилекте жүрөт.

Мирбек ИМАНБЕКОВ өзүнө-өзү кышкы каникул куруп, үйүнөн чыкпай кенен-чонон өткөрдү. Анын соңунан өзүнүн жана темир тулпарынын саламаттыгын чыңап, эми гана чээнден чыгууга камынып, "Түн чүрөгү" ырына клип тартуу ниетин койду.


Сапар ЭРКЕБАЕВдин "Кыргызстаным" аталган патриоттук ырына клип тартууга өзүнүн жакын достору демөөрчүлүк кылууда. Айтмакчы, Сапар 29-декабрдагы мамлекеттик резиденциядагы балатыга чакырылып, бирок, тийиштүү документтери жоктугунан улам катышалбай калгандыгына чоң өкүттө.

Кундуз КАНАТ кызы кечээ Москвага аттанды. Орусиядагы мекендештерге ыр тартуулаганы бул сулуу менен ырчылар Кайрат Примбердиев жана Сема да сапар алган.

ОМАР пианино алсам деп кыялданып жүргөн чагы. Бул жаңыдан ремонттолуп аткан бөлмөсүнө бир жагынан өзгөчө көрк бере турган болсо, башкысы, Омардын чыгармачылыгына эң зарыл буюм. Учурда ырчы "Жума" аттуу инструменталдык топ менен бирге вокал жагынан чеберчилигин арттыруу машакатында.

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы