Кыргыз гезиттер архиви

  Апта астрологиясы

26-январдан 1-февральга чейин
Кой (21.03-20.04)
Турмушта: Ишмердикке байланышкан ой-кыялдарыңызды ишке ашыруу үчүн ылайыктуу апта. Таасирлүү адамдардын, чиновниктердин, бийлик өкүлдөрүнүн колдоосуна ээ болосуз. Эски досторго жолугушуңуз мүмкүн. Сүйүүдө: Жакын адамыңыздын ой-пикири сиз үчүн абдан маанилүү болот. Келечек пландарды бирге түзүңүз. Акчада: Материалдык абалыңыздын жакшырышына бир кыйла ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Учурду пайдалана билиңиз.
Букачар (21.04-21.05)
Турмушта: Ээ болгон жаңылык менен маалыматтардан улам дүйнө таанымыңыз, динге болгон мамилеңиз өзгөрүшү ыктымал. Максаттарыңыз көпчүлүктүн жардамы менен орундалат. Сүйүүдө: Түгөйүңүздүн көңүлүн оорутпаңыз, анын кеп-кеңешин кулак сыртынан кетирүүгө болбойт. Апта аягы романтикалуу мүнөттөргө бай болот. Акчада: Кредит, мурас маселелеринин чечилиши үчүн аптанын биринчи жарымы ылайыктуу.
Эгиздер (22.05-21.06)
Турмушта: Ишмердигиңизде өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Мындан оң жыйынтык чыгарып, пайдалуу жактарын өзүңүз үчүн белгилеп койсоңуз болот. Өнөктөштөр менен келечектүү келишимдерди түзүүгө жетишесиз. Сүйүүдө: Жаңы таанышуулар күтүлөт. Баш айланткан махабатка алданбаңыз, бул сезимдер убактылуу болот. Акчада: Апта ортосунда негизги ишмердигиңизден тышкары кошумча киреше булагына ээ болосуз.
Бөйөн (22.06-23.07)
Турмушта: Бардык пикир келишпестиктерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кылыңыз. Оюңузду туура деп эсептесеңиз, позицияңыз үчүн аягына чейин күрөшүү керек. Туруктуу болуңуз. Сүйүүдө: Өзүмчүлдүгүңүз менен өзүңүздү да, түгөйүңүздү да кыйнап жиберишиңиз мүмкүн. Ортодогу мамилени компромисске баруу менен оңой аласыз. Акчада: Каражатты туура пайдаланыңыз. Карызга батуудан, кимдир-бирөөлөрдөн акчалай белек алуудан алыс болуңуз.
Арстан (24.07-23.08)
Турмушта: Ден соолукка кам көрүү зарыл. Ушул убакыт аралыгында бардык илдеттериңизден арылаласыз. Ишиңиздин ийгилиги артып, татаал тапшырмаларды тез жана жеңил аткарасыз. Сүйүүдө: Жолдошуңуздун кеңешин эске алып, иш алпарганыңыз оң. Ага көбүрөөк көңүл буруңуз, натыйжада бир топ жеңиштерге жетишесиз. Акчада: Каражатты оңду-солду чача бербей, сарамжалдуу болуңуз.
Бийкеч (24.08-23.09)
Турмушта: Чыгармачылык, спорт менен машыгуу үчүн ылайыктуу убакыт. Өзүңүздөн жаңы шык-жөндөмдөрдү ачууга кесиптештериңиз көмөкчү болуп, ишиңизден ырахат ала баштайсыз. Сүйүүдө: Романтикалуу жолугушуулар көбөйт. Буга өзүңүз демилгечи болосуз. Мамиле түзүүдө чечкиндүүлүгүңүз менен кыйла ийгиликтерге жетишесиз. Акчада: Ишмердигиңиздин натыйжалуулугу материалдык абалыңызга оң таасирин тийгизет.
Тараза (24.09-23.10)
Турмушта: Өзгөлөрдүн таасиринен улам чыгармачылыгыңыз өркүндөйт. Жагымдуу маанайыңыз тиричилик көйгөйлөрдү артка калтырып, талаш маселелердин чечилишине көмөкчү болот. Сүйүүдө: Өзүңүзгө көп көңүл бурулуп атканын байкайсыз. Мындан өзүңүзгө болгон ишеним артып, көптөгөн романтикалуу кечтерди өткөрөсүз. Акчада: Финансылык маселелердин чечилиши үчүн апта аягы ылайыктуу. Күмөн туудурган долбоорлордон баш тартуу зарыл.
Чаян (24.10-22.11)
Турмушта: Баарлашуунун бардык түрү көңүлүңүздү көтөрүп, жагымдуу маанай тартуулайт. Өнөктөштөр, достор менен буюм-тайым, маалымат алмашуу же ушул жаатта соодалашуу аптанын маанилүү жумушуна айланат. Сүйүүдө: Апта бою романтикалуу маанай өкүм сүрөт. Жаңы адамдар менен таанышып, махабат кечтерин өткөрөсүз. Акчада. Аласа-бересеге так болуңуз. Баш оорутуп келген каражат көйгөйүнүн аягына чыгасыз.
Жаачы (23.11-21.12)
Турмушта. Көпчүлүктүн көңүл чордонунда болосуз. Чала тааныш, же таптакыр тааныбаган адамдардын сиз менен байланышууга умтулганын байкоого болот. Шашкан шайтандын иши экенин унутпай, иште, жол жүрүүдө сак болуңуз. Сүйүүдө: Жеке турмушуңуз бир калыпта. Апта аягында жакын адамыңыз менен сапарга чыгышыңыз күтүлөт. Акчада: Каражатка байланышкан бардык маселелер ийгиликтүү чечилет. Материалдык абалыңызды жакшыртууга шарт-жагдай түзүлөт.
Текечер (22.12-20.01)
Турмушта: Активдүүлүгүңүздөн улам бир топ маселелердин аягына чыгууга үлгүрөсүз. Шашмалыгыңыз тоскоолдуктарды, жагымсыз окуяларды жаратышы ыктымал. Сүйүүдө: Жакыныңыздан белек алышыңыз мүмкүн. Муну менен ал сезимин же кандайдыр бир оюн билдирип жатканын аңдаңыз. Акчада: Апта аралыгында каражатка байланышкан пайдалуу сунуштар түшөт. Бирок акыркы чечимди өзүңүз кабыл алышыңыз керек.
Суу пери (21.01-19.02)
Турмушта: Билелек, көрөлек нерсенин бардыгы, атургай башкалардын жеке турмушу да кызыгууңузду жаратат. Үйрөнүүгө болгон дала-латыңыз мактоого арзыйт, бирок өзгөлөрдүн кызыкчылыгын да эске алууну унутпаңыз. Сүйүүдө: Жакыныңыздын сын-пикири алгач катуу тийсе да кийин анын тууралыгына ынанасыз. Акчада: Капчыгыңызга карап иш кылганыңыз оң. Болбосо апта аягында бир топ чыгым болуп калышыңыз мүмкүн.
Балык (20.02-20.03)
Турмушта: Аптанын биринчи жарымында сиздин демилгеңиз менен достордун жолугушуусу күтүлөт. Мындай иш-чаралар коллективдүү ишмердикти жандандырууга өбөлгө түзөт. Аптанын экинчи жарымы эс алуу үчүн ылайыктуу. Сүйүүдө: Жеке турмушуңуз өнүгүп-өсүүдө. Жакыныңыздын оюн айттырбай билип, көз караштан түшүнүшүп турган чагыңыз. Акчада: Апта аягында кирешелүү болуп, ири соода-сатык кылышыңыз күтүлөт.