Кыргыз гезиттер архиви

  Пайшамба

Эркектер, көп эле сүйүнө бербегиле
Эркек аял кошулуу алдында бири-бирин эркелетип, жагымдуу жагдай түзгөнгө аракет кылышары белгилүү. Айрым айымдардын эркегинин лаззат оюндарына аз көңүл бөлүп, негизги ишти бүтүрүп коюп эле уктап калышарына нааразы болгондорун да угуп жүрөбүз.
Англиялык жана чехиялык окумуштуулар 2360 ар кандай курактагы аялдардын бардык учурдагы интимдик жашоосун изилдешкен. Изилдөө жыйынтыгы төмөнкүчө болгон: эркек аял сүйүү оюндарына орточо 15,4 мүнөт кетирип, ал эми гениталдык кошулууга 16,2 мүнөт коротушкан. Кызыгы мында, аялдын эрогендик зоналарын алдын ала стимуляция жасоо, анын оргазмга жетүүсүнө же анын күчтүү болушуна эч таасир бербейт экен. Жөнөкөй айтканда, эркектер назик эркелетип, сүйүү оюндарына күч, убакыт коротпой эле, түз эле кошулууга өтсө болот. (Эркектер эми сүйүнө бергиле). Бирок… өбүшүүлөрдүн, наздануулардын кыска болгонуна жараша негизги чабуулду эркек чейрек саатка чейин жеткириши керек. Антпесе, аялды лаззат кумарына жеткире албайт.
Балким бул изилдөөлөрдү өткөргөндөр-дүн бардыгы эркек экендиги сизге шек жаратып же күлкүңүздү келтириши мүмкүн. Ошон үчүн кеп изилдөөдө эмес, кеп махабаттын маңызында.

Аялдын эриндери эмне дейт?
Толук эриндер. Махабатка бай, ысык, назик. Секстен чоң ырахат алышат.
Чоң эмес, "бантик" түрүндөгү эриндер. Бирөөнү гана ысык сүйөт. Бирок аны табуу үчүн көпкө издөөгө туура келет.
Ичке эриндер. Сүйүүгө жүрөгүн узак убакыттан кийин гана ачышат. Күйөөнү жакын тааныштардын ичинен эле табат, күтүлбөгөн жерден таанышуу деген мында болбойт.
Үстү толук, алды ичке эриндер. Эркеги абдан күчтүү болуусун каалайт. Күчтүү эркек гана аларды сезимталдуулукка жеткирет.
Эркектин эриндеричи?
Чоң калбыр эриндер. Мындай эркектин эрки күчтүү, ага таасир көрсөтүү өтө кыйын.
Кичинекей ооз. Мүнөзү алсыз. Мындай эркектин жашоо үчүн күрөшүүдөн башы бошобойт.
Чоң жана алдыга чыгып турган эриндер. Ийгиликтин жана жашоосуна ыраазы экендиктин күбөсү. Мындай эркектин интимдик турмушу өзү каалагандай.
Эриндин бурчтары өйдө көтөрүлгөн. Бул эркектин мүнөзү жакшы, өзүнө жаккан аялды каалагандай махабатка мас кыла алат.
Үстүңкү эрин алдын басып турат. Чечкинсиз эркек.
Алдыңкы эрини алдыга чыгып турат. Өзүмчүл эркек.





"Аяз кыз"
Алима жаңы жылга аз калган сайын Эркинге эмне белек берсем деп ойлоно баштады. Эмне белек болсо да эсте каларлык болсо деп дүкөндөрдү да кыдырып чыкты. Көз айнек, саат, кур, капчык сыяктуулардын бардыгын буга чейин эле берип келген. Маршруткага түшөйүн деп келатып, эшиги ачык турган машинедеги радиодон: "Жаңы жыл түнүндө сүйгөнүңөргө Аяз кыз тартуулагыла, ал сүйгөнүңүздүн бардык каалоосун аткарат" деген жарыяны угуп калды. Чын эле деп ойлонуп, "ошо аяз кыз өзүм болсом кантет" деген ойдон сүйүнүп да кетти…
Алима менен Эркин күзүндө гана үйлөнүшкөн, бири-биринен кызыктары тарай элек кези. Бир бөлмө квартирада экөө гана жашайт. Алима жогорку окуу жайлардын биринде окуса, Эркин юрист, жеке мекемелердин биринде иштейт. Ушу кезге чейин Эркин түшкү дем алуу учурунда үйгө шашып келип, ашканада тамак даярдап аткан колуктусунун мойнунан жыттап, анын ой-боюна койбой, төшөккө көтөрүп барып, Алимага ар нерсени айтып тамашалап, көңүлүн көтөрүп, экөө тең сүйүүнүн түгөнбөгөн кумарына батышып, анан гана Эркин тамакты эстечү.
- Курсак эми чындап ачты. Көңүлүм тойду, эми ашказанды тойгузалы, - деп Алима экөө бет маңдай отуруп алып тамак ичиш-чү. Алима Эркинди аябай жакшы көрчү, айрыкча ал жумушка кетип баратканда өбүшүп коштошпой, кулак түбүнөн жыттаганды жакшы көрчү. Эркиндин да Алиманы жакшы көрөрү анын күлмүңдөгөн көздөрүнөн көрүнүп турчу. Быйылкы жаңы жыл экөөнүн чогуу тоскон биринчи үйбүлөлүк жаңы жылы болмок. Ошон үчүн канткенде жакшы, эсте каларлык тособуз дегенди келин дайыма ойлонуп келаткан. Эркин экөө алдын ала сүйлөшүп ата-энелериникинде да, досторунукунда да эмес, ушу бир бөлмө квартирада экөөлөп гана тосууну сүйлөшүп алышкан. Аяз кыз болуп Эркиндин каалаганын аткаруу идеясына сүйүнүп, эмнелерди аткарарын элестетип жылмайып алды.
31-декабрь күнү жаңы жылдык үстөлдү эки кишиге чакандап даярдап алышып, Эркин экөө телевизор көрүп отурушту. Эркин мурдатан даярдап койгон белегин - күмүш сөйкө, шакекти Алимага өзү тагып, көңүлү курсант.
- Биз сизден кандай белек күтсөк болот? - деп Алиманы тамашалады.
- Биздин белек заказ боюнча жолдо келатат, - деп Алима да жылмайды.
Эркин эмне белек болду экен деп абдан кызыгып калды. Түнкү он эки болуп, шампандар, петардалар атылгандан кийин Алима даярдап койгон Аяз кыздын кийимин кийип, аябай боенуп Эркин балкондон киргенде эмеле эшиктен киргенсип келип калды. Үйдүн дарегин, Эркиндин аты-жөнүн тамашалай сурап, Алима Бекбатырованын заказы боюнча алыстан атайы келгенин, Алиманын каалоосу боюнча бүгүн анын күйөөсүнүн бардык каалоосун аткара турганын салтанаттуу айтып, түптүз болуп туруп калды. Эркин адегенде күлүп жибергени менен "Аяз кыз өтө сулуу экен го" деп туруп калды. "Айтыңыз, урматтуу таксыр, эмне каалайсыз?" деп "Аяз кыз" үнүн шаңдуу чыгарды. Эркин Алиманын өзгөчө сулуулугуна, "каалооңду аткарам" деп турганына элжиреп, жанына барды. "Аяз кыздын" чекесине вата бастырылган жалтылдаган көйнөгү жука экен. Мойнунда бир эле бүчү менен кармалып турган көйнөктү чечип жиберсе, мүчөсү келишкен жапжаш келиндин денеси жылаңач, көкүрөгү менен алдында жалтылдаган кызыл ич кийим гана бар экен… Эркин эңкейип Алиманын буттарынан аймалап өпкүлөй баштады… Келин көйнөктү четке коюп, башынан Аяз кыздын топусун чечпей, мурдагыдай болбой эркекке биринчи өзү жол көрсөтүп, алоолонгон эриндери менен ал да аймалап жатты… Кызыл ич кийимди мурда көрбөгөн эркек, аны чечпей эле айрып ыргытты… Адегенде келиндин көкүрөгүндө уюган коргошундай катуу нерсе жылып отуруп киндик тушка жетти… Келин башы ысып, атылып кетчүдөй болуп турган милтени сылагылап өзүнүкү тушка тийгизип, айлантып турду… Эркек бир маалда келиндин тилин үзүп алчудай соруп, чыдабай баратканын билгизди. Дененин денеге тийишип сүрүшкөнүнөн мурда, келинге милтенин кирген кези жакты… алоолонуп жерде эмес асманда учуп жүргөнсүп, ошол эле учурда денесинин көлкүп баратканын сезди. Бут учтарынан бери жылган таттуу нерсе ортого жеткенде бир нерсе жарылгансып, көзү тумандап, кыйкырганын да сезбей калды…
- Мындай "ысык" Аяз кыз бүгүн мага эле келди болуш керек ээ, - деген Эркин Алиманын чекесинен өөп, топусун чечип салды. Эгер ушундай "Аяз кыздар" белекке келип турса, бир жылда бир эмес, ай сайын жаңы жыл уюштуруп тураарын айтып тамашалады.
Гүлбарчын, Бишкек




  Справочный бүйрө

Секс семиртеби?
С.: - Мен интимдик жашоо менен туруктуу жашай баштаганда толуп кеттим. Эркек менен көрүшпөй калгандан бери салмагым калыбына келди. Эми фигурам үчүн интимдик жашоодон баш тартамбы?
Алымкан, Нарын
"П": - Эмнеге баш тартышыңыз керек? Секс эч качан салмакка таасир этпейт. Сизде эки проблема болушу мүмкүн: биринчиден, врач менен кеңешпей гормоналдык дары ичүүдөн же секс учурунда оборуңуздун ачылып кетишинен. Аялдар романтикалуу маанайда жүргөндө өздөрүнө жакшы карашат, интим башталгандан кийин өздөрүнө аз көңүл бөлүп, ар бир жолугушууда төшөктө тамак жегенге кантип барып калышканын өздөрү да байкабай калышат. Ушу сыяктуу зыяндуу адаттан арылып, бирок секстен эч убакта баш тартпаңыз.
Картайтпайт мени замана…
С.: - Күйөөм экөөбүз орто жашка жакындап калдык. Ошентсе да кошулганыбыз жаш кездегидей ысык эмес. Акыркы кезде менде кандайдыр бир кургак болуу пайда болгонун сезип жүрөм. Эмне кылсам болот?
Гүлбүбү, Бишкек
"П": - Аялдын интимдик жеринин кургак болушу орто жашта эле эмес, отуз жашта деле болушу мүмкүн. Демек, ал жерди нымдаштыруу керек. Кантип? Вазелин сүйкөгөнгө шашпаңыз, ал огобетер кургатат. Эгер сиз презерватив менен кошулсаңыз, анда суунун негизинде жасалган кремди, эгер презервативи жок кошулсаңыз, интимдик нымдаштыруучу майды сүйкөсөңүз болот. Мындай май нымдаштырып эле тим болбой, кыйынчылык менен жетүүчү аялдын оргазмын да стимулдаштырат.
Жытты эңсеп…
С.: - Ким кандай экенин билбейм, мен күйөөмдүн колтугунун жытынан кадимкидей козголуп, аны каалап калам. Бирок эмне себептен ушундай болорун түшүнбөйм. Сиздер жооп бере аласыздарбы?
Айсулуу, Токмок
"П": - Феромондор (эркектин колтук алдынан бөлүнүп чыгуучу нерселер) боюнча изилдөөлөрдү 1998-жылы америкалык физиолог Марта Маклинток өткөргөн. Ал эркектердин колтугун жыттаган аялдардын айыздык цикли узак болорун аныктаган. Марта андан ары эркектердин феромондору жумурткачалардын бөлүнүп чыгышын жакындатат, башкача айтканда, аял эркек менен кошулгусу келип каларын далилдеген. Демек, сиздин мындай абалыңыз жөн жерден чыккан жок. Бул табияттын, аял-эркек мамилесинин дагы бир кубулушу.