Кыргыз гезиттер архиви

  Жарыя! Жарыя! Жарыя

Жылдыздар манежде
Премьер-министр Игорь Чудинов ответит на ваши вопросы
В авторской передаче президента Конгресса женщин Кыргызстана Замиры Акбагышевой "Точка зрения", которая состоится во вторник, 13-января в 19 часов 30 минут на телеканале НТС, на вопросы телезрителей ответит премьер-министр Игорь Чудинов. Бюджет страны и задачи правительства в Новом году, промышленность, сельское хозяйство, МСБ, энергетика. Вот перечень проблем, которые будут затронуты во время прямого эфира. Повторят передачу в воскресенье 18-января в 16:05. Вопросы и предложения можно направить по телефонам: 66-42-13, 66-13-52 и в прямом эфире 44-07-85, а также присылать на электронный адрес: congresswomen@intranet.kg или посетите наш сайт www.infodev.kg ; www.cabinetwork.org

Улуттук биринчи канал менен Улуттук цирк жаңы жылдан баштап "Баракелде!" долбоорунун ордуна "Жылдыздар манежде" аттуу долбоорду биргелешип алып чыгат. Бул долбоорго элибиздин урмат-сыйына татыган белгилүү ырчы, чоорчу, бийчи, саясатчы, акын-жазуучу, банкир, спортмен ж.б. ар кыл кесиптин ээлери күчүмдү цирк жанрларында да сынай алам деп өзүнө жүз пайыз ишенгендер катыша алат. Улуттук циркте жөндөмүнө жараша кастинг өтөт. Адистерге жагып, "мына эми чындап эле өнөрүмдү өргө чапсам болот тура" деген уул-кыздарыбызды профессионал машыктыруучулар жигитовка, жонглер, акробатика, аба гимнастикасы, фокус, йог, иллюзия, клоунада жанрлары боюнча даярдайт.
1-2-3-турда күчтүүлөрдүн күчтүүлөрү тандалып отуруп, финалда (3-турда) башбайге ээси калыстар тобу тарабынан аныкталып, калгандарын атайы байгелер күтөт.
Башбайге - 100 миң сом.
Улуттук биринчи канал менен Улуттук цирк "Жылдыздар манежде" долбоору үчүн өзүн цирк жанрында да көргөзө алам деген элибиздин урмат-сыйына татыган ар кыл кесиптин ээлерин цирктин имаратында 17-январь күнү өтүүчү кастингге чакырат. Шашылыңыз! Балким башбайге - 100 миң сом Сиздики болуп калар.
Сурап билүү үчүн УТРКнын "Ибарат" борборунун телефондору: 65-66-85; (0770) 20-40-53; (0543) 85-18-36; (0555) 00-26-23. Улуттук цирктин 68-66-06; (0543) 97-01-40 телефондоруна байланышып, толук маалымат алсаңыздар болот.
Долбоор Улуттук цирктин манежинде тартылат.