"Агым", 26.12.08 - 32-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Өнөр дүйнөсүндө

Жыл жыйынтык
Түтүн булаткандар:
АСЕМА өзү тартылган тасмадагы сымал ким-бирөө алагачып кетелекте дедиби, айтор, өзүнө биртоп мезгилден бери продюсер болуп жүргөн Акжол аттуу жигиттин колун кармады.
Темир НАЗАРОВ 080808 - катар келген үч сегиз күнүн ырымдап, кудалашкан кызына ак жоолук салды. Тойдо жубайы Мунара экөө "Өрүкзарга кетели" ырын созуп, элден бата алышты.

Сынак башат
Алгач ирет түрк тилдүү улуттар арасында "Чолпон жылдыз" фестивалы Кыргызстанда старт алды. Аталган ыр сынагы Ысыккөл жээгинде өтүп, тектеш тилдүү улуттарды бир сахнада ыр создурду. Айтмакчы, "Чолпон Жылдыз" Кыргызстанда патриот мекендештерибиз Эмил МАРЛИС уулу, Актан ИСАБАЕВ, Жамиля МУРАТОВА жана Елена ПЕСОЧИНАнын демилге, аракети жана күчү менен өткөрүлдү.

Темир аргымак мингендер:
Биздин өнөр дүйнөсүндөгүлөрдүн айрымдарына машине айырбаштаган - мээлей алмаштыргандай. Баарын тизмектеп олтурбай, кечээ жакындагы бир жаңылыкты айталы дедик. "Кызбурак" тобунун кыздары өз көркөм жетекчиси, КР эмгек сиңирген артисти Гүлшайыр САДЫБАКАСОВАга "Лексус 330 RX" маркасындагы аргымак тартуу калышты.

Театр
Мындан 15 жыл мурун театр сахнасына чыккан "Чыңгызхандын ак булуту" спектакли быйыл Кыргыз драма театрынын артисттери тарабынан жаңыланган түрдө, түркмөн режиссерунун жетекчилигинде коюлуп, Түркия жергесин кыдырып кайтты. Андан тышкары 2008-жылы өлкө аймагында Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына карата эларалык жана республикалык эки театр сынагы жүрдү.

Бешик терметкендер:
"Кызбуракчы" Айжамал КАБЫЛОВА август айында кыздуу болуп, Жыпара деген ысым ыйгарса, күздө мукам үндүү Роза ШАКИРОВА көзжарды. Макс БЕГАЛИЕВ Айтол аттуу уул тапса, анын дагы бир сахналашы Самат Дөөлөтбаков да наристе көрдү. Ырыскелди ОСМОНКУЛОВ экинчи небере күттү.

Тасмалар талаасынан
"Гүлсарат", "Теңири", ошондой эле канчалык сынга кабылса да, карапайым элге жаккан "Достор", "Кандуу сүйүү", "Эркектер" тасмасы экранга чыкты. Ошондой эле тасма дүйнөсүндө жаш режиссерлор мууну келатканына ушул жылы күбө болдук. Бир тобу кыска метраждуу тасмаларын көрөрман сынына койду.

Жарыя!
Жаңы жылды утурлап Камчы САРЫБАЕВ, Жаным АЙЗАТ жана Съездбек ИСКЕНАЛИЕВ аяз-ааламга аралашып, баштык көтөрүнө жолго чыкты. Балдарыңыздын көңүлүн көтөргүңүз келсе, тамашага жык ата-бала аяз аталарды жана суйкайган аяз кызды чакыра аласыз, окурман!

Мамлекет сыйына татыгандар:
Гүлнур САТЫЛГАНОВА КР эл артисти, ал эми Бек БОРБИЕВ КР эмгек сиңирген артисти наамына татыды. Андан тышкары Ардак грамоталары менен бир катар жаш таланттар сыйланды.

Чет жерде кыргыз туусун желбиреткендер:
ОМА (Өмүрбек Андашев) аткаруучулардын дүйнөлүк сынагында үч алтын, бир күмүш медаль тагынса, ысымдаш иниси ОМАР (Өмүрбек Жанышев) орус шоу бизнесинин алп өкүлү Алла Пугачеванын алтын жылдызын алып кайтты. НЭНА катышып гана эмес, сыйланып келген эларалык сынактар манжа санагынан да ашып барат. Ал эми КМШ өлкөлөрү арасындагы "Беш жылдыз" конкурсунда Сочи шаардык мэринин атайын сыйлыгына татыган Гүлзинат СУРАНЧИЕВАны Улуттук каналдан бүт өлкө сүрөп турду.

Мейман жылдыздар
Казак-өзбек жылдыздарынан тышкары, Boney M, "Банд'эрос", Анастасия ВОЛОЧКОВА, "Comedy club" өлкөбүздө өнөрүн тартуулап узашты. Ошондой эле казактардан биз да кем калбай, Марк Дакаскосту тосуп, кыргыз сыйын көрсөттүк. Ал эми эртең мамлекетибиздин президентинин бишкектиктерге жасаган белеги катары -"Ин-грид" тобу жана Юрий Титов борбордук аянтта ыр тартууламакчы.
Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы