"Агым", 26.12.08 - 16-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сергектикке шерик

Келечек муундун саламаттыгы үчүн!
ЖК депутаты Орзубек Назаров жаштар арасында спорт менен машыгуу көбөйүп, өлкөнүн бардык аймактарында күрөш, бокс, фитнес залдары, профессионалдык машыгууга ылайык муз аянттары көп ачылуу тенденциясында баратканын билдирди. Учурда Ысык-Көлдүн тескейиндеги атайы санаторийде 200 профессионал спортчу чогулуп машыгып, аны менен бирге мектеп окуучулары үчүн да ден соолукта болууга шарттар түзүлүп атканын билдирди.


Бул туурасында ал 17-декабрда Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын Эшмамбет Кендирбаев атындагы орто мектептеги жаңы күрөш жана бокс үчүн машыгуу залынын ачылышына катышуу учурунда сөз кылды.
- Мен мектеп жамаатын, окуучуларды, Барскоон айылынын тургундарын бул жакшылыгы менен куттуктаймын! Дүйнө картасынын масштабында бул кичинекей бир айылдын кичинекей саамалыгы. Бирок, бул кыргызстандыктар үчүн чоң жетишкендик. Мектепте окуган 1500 окуучунун жарымы эле келип, көчөдө иши жок жүргөндөн көрө, ушул залда машыкса жетишкендик болот. Азырынча зал сууктай көрүнөт. 3-4 күндөн кийин ал бала жытына, жылуулугуна, машыккан окуучулардын терине толуп, көркүнө келе түшөт. Мен өзүм Кант шаарындагы ушундай кичинекей залда машыгып баштагам. Жабдуусун, ремонтун да өз колубуз менен кылганбыз. Балдардын бактысына "Кумтөр" компаниясы машыгуу шарттарын түзүүгө кеткен чыгымдарды толугу менен мойнуна алган. Ал эми баарынан жаккан жери, демилгени айыл жаштары өздөрү көтөрүп, "Кумтөр" компаниясына даяр долбоор алып келип, бүгүн ушундай ачылышына катышып отурабыз. Тилегеним, ушул залдан Азия чемпиондору, Дүйнө чемпиондору, Олимпиада чемпиондору чыксын! Келечек муун чың денсоолукта өссүн!
Мектептин подвалын машыгуу залына айландырууну айылдын жаштары катуу самап жүрүштү. Жүзөгө ашырууну Эркин Турусбеков баш болгон Жети-Өгүз районунун жаштар кыймылы өз колуна алышты. Атайы долбоор иштеп чыгышып, демөөрчүлөргө сунуштаган. "Кумтөр Оперейтинг Компани" жергиликтүү калкка жардам көрсөтүү боюнча үч жылдык программасынын алкагында каржы маселесин чечип берсе, тазалоо, оңдоо жумуштарын жаштар өздөрү аткарышты. Ошентип, эки тараптын биргелешкен аракетинин негизинде бүтүндөй район үчүн ден соолукка пайда алып келе турган иш чара болду.
Мектептин жогорку класстагы окуучулары атагын алыстан угуп, атын билип бирок жүзүн тааныбаган дүйнө чемпиондоруна суктана карашты. Орзубек Назаровду көрүп, балдар келечегин спорт менен байланыштырууну талкуулап турушту. Өздөрүндөй кезинде ушул сыяктуу спорт залдан баштаган, кийин чоң спортко өтүп, бир нече жолу дүйнө чемпиону болуп, учурда алардын түшүнүгүндөгү эң укмуш кесиптердин бири депутат болушу - өспүрүмдөргө жетишкендиктин туу чокусундай сезилди. Ал эми Шабан Шатманов, кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болсо да жапалдаш бойлуу экенин абдан жактырып калышты. Анткени өздөрү анча бойлуу эмес экенине кабатыр болуп жүрүшсө керек.
Дүйнөлүк атагы бар спортсмендер окуучуларга өздөрүнөн рингдеги урушка кийген мээлейлерин, бейнеси түшүрүлгөн футболка ж.б. белек кылышты. "Кумтөр Оперейтинг Компани" кызматкерлеринен да өзүнчө белектер - урма груша жана скакалкалар тапшырылды. Мыкты боксер болуш үчүн скакалкада жакшы секире билүү сөзсүз шарт экенин келген атактуу спортчулар белгилеп өтүштү.
Ардактуу меймандар арасында самбо боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону, өткөн жылы 60 жашында Грецияда мастерлер (ветерандар) арасында өткөн чемпионатта 3-орунду алып келген Абакир Ырысов да болду. Жаштарга айткан насаатында ал спортту 30 жашта таштап койбой, жок дегенде 60 жашка чейин, колдон келип, ден соолук болсо андан ары да улантууну сунуштады. Барскоондук балбан 70 жаштан өткөн казак спортсмендеринен үлгү алып, Кыргызстанга дүйнөлүк чемпионаттардан дагы бир нече алтын медаль алып келүүнү тилек кылат. Спорт менен айкалышкан чың ден соолуктагы өмүр сүрүү идеологиясын таратууну атуулдук милдет катары көрүп, жайкысын айыл балдарын машыктырып, өз тажрыйбасы менен кенен бөлүшүп турарын айтты.
Салтанаттуу ачылыштын эң кызык учуру Бишкек жана Токмок шаарларынан келишкен жаш спортчулардын рингдеги согушу болду. Өспүрүмдөр Барскоондогу курбуларына спорттогу жетишкендиктерин, күчтүүлүгүн, ыкчам, элпек, шамдагайлыгын көрсөтө алышты. Аларды көргөн ушул залда машыга турган балдар спортчу деген атка жетүү үчүн заманбап машыгуу жайдан башка күчтүү эрк, талыкпаган машыгуу, көп убакыт талап кылынарына көздөрү жетип турду. Дагы аларда көлгө эс алып, таза абасынан дем алып, ден соолукка эң пайдалуу шартта машыгуу колдо турган артыкчылыгы бар эмеспи.
"Кумтөр Оперейтинг Компани" менеджери Керим Шатманов жергиликтүү калкка жардам берүү пландары тууралуу кеп салды.
- Бул иш-чара эртерээк ишке ашырылганына биздин компаниядагы, өлкөдөгү айрым шарттар тоскоол болуп калды. Кудай жалгап жыл ооп кете электе спорт зал балдарга эшигин ачты. Келаткан жаңы 2009-жылда Жети-Өгүз районунун тургундарынын дагы бир көйгөйү - ветеринардык тейлөө көрсөтүүчү кызмат уюштуруу. Советтик заманда жакшы иштеп, азыр дайыны чыкпай бараткан бул тармак эл жашоосунда чоң мааниге ээ экенин жакшы түшүнөбүз. Таза мал - ден соолугу чың эл. Андан башка дагы жергиликтүү калкка жардам берүү боюнча ири масштабдагы долбоорлор бар. Өлкөбүздө баары жакшы болсо, буюрса келерки жылы аларды биргелешип ишке ашырабыз. Жаңы жылда жерибизде тынччылык, элибизде токчулук, молчулук болуп, өлкөбүз өркүндөп өссүн!

Нуржан АЛЫМКАНОВА