"Агым", 19.12.08 - 24-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Күзгү, чыныңды айтчы

Арык, сулуу болгум келет…
Жыл жаңырарына аз убакыт калды. Балаты, жаңы жыл майрамын жаш балдар эле эмес, чоңдор да өзгөчө күтөбүз. Айрыкча айымдар. Жок дегенде ошо майрам күнү көрктүү, сулуу болгубуз келет. Аялдын биринчи кезекте дене түзүлүшү анын жалпы абалынан кабар берет. Бойго жараша салмак күтүү идеалдуу дечи, бирок бул бардыгыбыздын эле колубуздан келе бербейт. Ошентсе да туура тамактануу (диета эмес) тууралуу айткыбыз келет. Жок дегенде он күн ушуну кармасаңыз айырманы сезесиз.

…Организмди тыңдаңыз
Эртең менен турганда кээ бирөөлөр бир чыны чай же кофе, бир жумуртка жесе, айрымдары кара нанга майды абдан сүйкөп чай ичкенди жакшы көрөт. Үчүнчүлөрү эртең менен таптакыр эч нерсе жегиси келбейт. Эртең менен сөзсүз тамак ичүү же ичпөө керек эмес, организм эмнени талап кылса, ошону гана кылган оң. Абдан тамак ичкиңиз келсе, демек, организмге ал керек. Биздин ата-бабалар семирүү менен күрөшүү эмне экенин такыр билишпесе керек. Анткени алар дайыма дене-эмоция-акыл-эс табиятын бузбай жашашкан.

Өзүм тойсом да көзүм тойбой…
Ачкачылык, ачка болуу - бул организм ошол учурда өзүн канааттандыруу үчүн кандай гана тамак болбосун кабыл алууга даяр экенин билдирген денеден чыккан табигый үн. Аппетит - ачкачылыктын карама-каршысы, ал тамак-ашты көргөндөн, анын жытынан биздин акылыбызга, сезимибизге таасир берген нерсе. Аппетит адамдын ач же тогуна карабастан тамак жегенге мажбурлайт. Көп учурда адам тамакка тоет, бирок аппетити тойбойт. Мындайда көз тойбойт деп да коюшат. Ошо тойгондон кийин да билинбей желе берген тамактар адамды семиртип, ашыкча салмак күттүрөт.

Шашылбаңыз, кудагый…
Тамакты канчалык шашып жесеңиз, ошончо семиресиз. Окумуштуулар адамдын тамакты жай жана тез жегенин изилдешип, аялдардын 50 пайызы, эркектердин 84 пайызы ушундан семирерин аныкташкан. Канчалык майда чайнап жесеңиз, ачка болуу да тез басылып, майдаланган тамак организмге пайдалуу нерсенин бардыгын берет.

Маанай пас убакта ашканадан качкан оң
Көп эле адамдар көңүлү чөккөндө эмне жегенине маани бербейт, бирок эмне болсо да тамак жегиси келет. Маанай пас болуу жумуштан, үйбүлөдөгү мамиледен, тууган-туушкандардын абалына байланыштуу болушу мүмкүн. Колдон келсе тамак жеп атканда жаман ойлордон алыс болуп, барчылыкка тобо кылып, көтөрүңкү көңүл менен гана отуруу кажет. Көңүл суз, коркуу, кызганыч, көз артуу сыяктуу көрсезимдер тамак ичип атканда сизди ээлеп алса, анда алар организмге да ошондой сигнал берет. Көңүл шат, кубанычта болсоңуз, тамак сиңирүү да жакшы болот.

Суу, кофе, шире, чай…
Тамак жеп атканда чай, шире, кофе же суу ичпөө керек. Көрсө, алар пайдалуу ферменттерди жууп кетет экен. Ферменттер - углевод менен белокту сиңире турган маанилүү нерсе. Ошондой эле кандай гана суюктук болбосун, ал ашказан согун да суюлтуп жиберет. Аны ордуна келтирүү үчүн убакыт, кошумча күч керектелет. Жаныбарлар тамак жеп атканда суюктук ичпей турганын билебиз. Адамдар да ушул инстинкти кабыл алса, жакшы болмок.




Далымдан ылдыйраак, ийи, ошерди…
Магдыраткан массаж
Кантип пайда болгонун билесизби? Анын тарыхы биздин эрага чейинки 3000 жыл мурда башталат. Адегенде массажды дарылоо максатында Кытайда, Индияда колдонушкан. Тери, муундар жана ички органдарга анын пайдасы тууралуу Гиппократ да жазган. Орто кылымдарда массаж жасагандарды чиркөө жектеп, куугунтукка алып, көптөгөн уникалдуу ыкмалар жок болуп кеткен. Жүздөгөн жылдардан соң гана ал Европада калыбына келип, адегенде шведдер массажды көп пайдаланышкан. Кийин немистер массаждын абдан пайдалуу экенин илимий далилдеп чыккан соң гана дүйнө жүзү ага олуттуу көңүл бөлө баштаган.




  Жейт десе эле

Суши, сашими, саке
Кыргызстанга Кытайдын, Тибеттин жана Кореянын элдик да, заманбап да медицинасы ар тараптан кирип иштеп жатканын көрүп турабыз. Медицинадан тышкары ар түрдүү өлкөлөрдүн, айталы, япон, кытай, ливан, француз ашканасынын тамак-ашы да күнүмдүк турмушта барган сайын көбүрөөк жолуга баштады. Борбордун биртоп жеринде япон ашканасынын даамдарын сунуш кылган кафелер иштеп, суши-барлар ачылганына күбөбүз. Япон ашканасы кандай, суши, саке, сашими деген эмне?
Биринчиден, япон тамак-ашынын көлөмү өтө кичинекей порциялардан турат. Алар аз болгону менен бир адамга 15-20дай түрү берилет. Өтө тоюп, тамакты көп жегенди япондор жактырышпайт. Тамак жеш үчүн хаси деген кашык ордуна колдончу таякчалар ар бир адамдын жеке буюму, бирөөгө берүүгө болбойт. Хаси адамга узак өмүр, ийгилик алып келет деп ишенишет. Япондор биринчи хасини наристе төрөлгөндөн жүз күн өткөн соң анын колуна карматышат. Сашими - ар кандай деңиз азыктарынан даярдалган тамак. Суши - япондордун традициялуу башкы тамагы. Анын курамы чийки балыктын жука тилинген этинен, жашылчалардан, өзгөчө тап менен бышырылган күрүчтөн турат. Саке - күрүчтөн тартылган арак, кадимки биз билген арактарга караганда градусу биртоп төмөн. Якисаба - жашылчалар жана куурулган кесме, якитори - куурулган тоок. Бирок…
Япон ашканасынын токсон пайызы деңиз азыгынан турат. Өздөрү кенедей кезинен ошондой тамак-ашка көнгөн. Мисалы, балыкты чийки жеп көрбөгөн адам аны биринчи жегенде ооруп да калышы мүмкүн. Чийки балыкта түрдүү майда инфекциялар көп болорун окумуштуулар далилдешкен. Ошон үчүн сушини жештен мурда ден соолук жөнүндө ойлонгон оң.




  Жакуттай жалтылдап…

Саамайда калган кыз кезим
Агарган чач, чачтын көп түшүүсү ар бир экинчи аялды ойлонткон маселе. Чач үчүн учурда түрдүү шампунь, бальзамдардын бардыгы тең пайдалуу экени да күмөн. Шампундан баш тери кургаган, чач түшкөнү көбөйгөн же чач какачтаган учурлар аз эмес. Ошон үчүн кандай шампунду колдонсоң да, андан сырткары баш тери, чач үчүн өзүнчө ыкмаларды колдонууга болот. Мисалы, чачты таза жууп бүткөн соң, аягында кычкыл суу менен чайкоо бардык эле типтеги чач үчүн абдан пайдалуу. Кычкыл суу (бир аш кашык уксус же бир лимондун согун эки литр сууга кошуу) менен башыңызды чайкасаңыз, чачыңыз жалтылдап, өсүмү да мыкты болот. Кээде календуланын тундурмасына кастор майын аз өлчөмдө аралаштырып чачка сүйкөп, бир нече мүнөттөн соң жууп салуу керек.
Чачы кургак айымдар чачты жууштун алдында ага ириген сүттү же кефир сүйкөп, 10-20 мүнөт башты жылуу таңып жүргөн оң. Мындай чачты бекемдөө үчүн уйгактын (репейное масло) майын баш терисине сүйкөсө да абдан пайдалуу.
Албетте, мындай ыкмалар өтө көп. Бирок кеп жалкоолонбой, ошолордун өзүңө жакканын билип алып жасашта. Айымдар сулуулук үчүн эмнеге гана чыдашпайт. Чач агарбасын, жалтылдап турсун десеңиз жасайсыз да.




  Одадан көрө соданы айт

Дениң соо болбосо, жаның да соо болбойт
Кадимки, биз ашканада күнүгө колдонуп жүргөн соданын дарылык, ооруну алдын алуучу касиети бар экенин бардыгыбыз билбестирбиз. Эмесе, соданын касиеттери менен таанышып алыңыз.
1. Тамак ооруса, соода аралашмасы менен (стакан сууга бир чай кашык сода) күнүгө 5-7 жолу чайкасаңыз, оору сен көр, мен көр жок болот. Чүчкүрүп-бышкырып, мурундан суу куюлганда мурунду ушундай аралашма менен жууса тез айыгат.
2. Дезодорантка аллергияңыз болсо, сода сизге жардам берет. Эртең менен сода аралашмасын ватага сиңирип, колтук алдын сүрсөңүз, кечке тердебейсиз.
3. Кечке басып жүрүп, бутуңуз шишимик тартып калса, бутту сода аралашмасынан турган сууга 7-10 мүнөт сала турсаңыз, шишик да тарап, өзүңүз да эс ала түшөсүз. (10 литр жылуу сууга жарым стакан сода).
4. Көпчүлүк адамдардын чыканак териси кара, катуу келет. Тери таза, назик болсун үчүн сода аралашмасын (1 литр самындуу жылуу сууга 2 аш кашык сода кошуп, 2-3 мүнөт кое туруу керек) жасап, чыканактарды майлуу крем менен майлап, бир нече мүнөт сода аралашмасына сала туруу зарыл. Чыканакты чыгарып, сүрүп тазалап, кайра бир нече мүнөт сала турган оң. Ушундан кийин гана колуңуз биротоло таза болот.

Даярдаган
Аскер САКЫБАЕВА