"Агым", 19.12.08 - 18-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви


Улуттук каналга улугандарга
Бакыт БЕШИМОВго
Канчалык жашырсаңыз да, урматтуу сыдыпыкычыл депутат Жолчубекович, УТРК баш директорун эмнеге эле жекирип туруп алды десе, көрсө, өлө "жүйөөлүү" эки жарма таарынычыңыз бар экен: 1) Акаевдин амири менен Индияда элчи болуп жүргөнүңүздө финансылык итбай тешиктериңизди жаап келген башбухгалтериңиз А.Айтиеваны кийин, амалга салып КТРдын реклама агенттигинин акча санагычына отургузган экенсиз, Эсеп палатасы менен финполиция текшере берип "косяктарын" тапкандыктан, жумуштан кетип кутулуптур. А сиз бул окуяны Эшимкановдун куугунтугу катары кабылдап, ызырынып атканыңыз жалганбы? 2) "Биздин фракцияга баланча убакыт эфир бергин" деп кат жолдосоңуз, Мелис Асаналиевич "Парламент толук кандуу чагылдырылып атат, Сиз особый эмессиз" маанисинде жооп кайтарган экен, ошого ичиңиз өрттөнгөнү жалганбы?

Нурлан ШАКИЕВге
Эшимкановдун чыпалагына тең келбесеңиз да, чычаңдап жактырбай, ушактап, ажого УТРК башчысы жөнүндө дайыма атайылап калп маалымат берип тураарыңыз журналистика чөйрөсүндө белгилүү. Ушундай тышы жалтырак, ичи калтырак пресс-секретарына чыдап жүргөн Бакиевдин кең пейилдигине да таңгалабыз. Собол мындай: Быйылкы февраль айында, азыркы декабрдагы Улуттук каналдан улуп чыккандарды улам гендиректорго каршы тукуруп, улам "консультация" берип, ЭлТР менен "Суперинфого" шыбырап, Акүйдүн 7-кабатын кыдыртып, Курманбек Салиевичке бурмаланган фактыларды жаадырып, жаныңызга эмне мынча күч келди, Нурлан мырза?

Болот КУПЕШОВго
(Ысык-Көл мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси)
Өзүңүз Караколдо эл башкарып, карачечекей жубайыңыз Салима УТРКнын рекламасын тейлеп жан багып атканда, күтүүсүздөн ал кызматтан мыйзамдуу шыпырылып түшөрү менен, урматтуу Болот мырза, Сиз абдан далбастап, чоң аттууларды Эшимкановго ортого салып, аныңыздан майнап чыкпаганда, аялыңыз чүргөп берген жасалма "компра" сөрөйдү коррупция менен күрөшүү боюнча комиссарына чейин ала чуркап, Акүйдүн кабинеттерин аралап, Мелис Асаналиевичке ор казуу оромпойун тепкениңизди эч ким билбей калат дедиңизби?

Анаш КАДЫРОВАга
Ыраматылык Р.Акматбаев менен кантип достошконуңузду, Үсөн аке Сыдыков менен кандай мамиледе жүргөнүңүздү, радикал Т.Тургуналиев менен азыркыга чейинки ысык достугуңузду, жетекчилик деңгээлиңизди, жазында түн катып бекешовдорго, жумаевдерге чуркаганыңызды, "Жаңы ордого" жетекчиңиз жөнүндө кандай кир материал ташыганыңызды козгоп убара тартпайлы. Жакында Сиз башкарган радио толкун аркылуу Ассоль айым Молдокматова түз эфирге чыгып (өзүңүздүн жеке буйругуңуз менен!), баарыңар суусун ичкен кудукка (УТРКга) түкүрүп, телевидениени өкүртө сындап, жетекчиңерди каалашынча мыскылдап алды. Анаш (же Авиаханбы) айым, айтсаңыз, гендиректордун орунбасары да ушинтип кызматтык-этикалык эрежелерди тебелеп, мамлекеттик каналды мусор челекке айланта берсе болобу?

Бейшенбек БЕКЕШОВго
Кадыресе баяндамачы болсоңуз да, башкалардан өөдөсүнүп, догурунуп атып азыркы гендиректордун буйругу менен бир жылдан бери 18 миң сомдон айлык алып, мамлекеттик мекеменин бусик автоунаасын, 2 кабинет, камера, монтаж үстөлүн жеке менчигиңиздей пайдаланып, аялыңыз, балдыздарыңыз, кайнилериңиз УТРКда "семейный" уюк түзүп, айтор, эң эрке баладай талтаңдап жүргөнүңүз аздык кылдыбы? Жумурияттын Улуттук коопсуздук кызматы адалсынган Бекешов убагында Дубайдагы исламчыл досторунан жашыруун жол менен 50 миң доллар алган фактысына кызыкканы чынбы? Көлдөн, Оштон прокуратурага маалыматтар түшүп атканычы, кезинде "Коломтого" кимден канча каражат чогултканы жөнүндөгү? Азыр айласыз шилекей алышкан Ассолуңуз мурда Сиз орунбасар катары сын айтып койсоңуз, "бойфренди" аркылуу коркутуп келгенин көргөн күбөлөр жетиштүү экен, буга не дейсиз? Жакында мамкатчы Н.Досболго кирип Эшимкановду алыңыздын жетишинче поктоп чыгыптырсыз, мусулман жолундагы ажы экениңиз анык болсо, мунуңуз кайсы сүрөгө туура келет?

Ассол МОЛДОКМАТОВАга
Так где же грань твоей самовлюбленности, так называемая "теледива" страны? Не ты ли была самой избалованной куколкой всех руководителей НТРК, начиная покойного Карыпкулова вплоть до сегодняшнего гендиректора, которого сегодня ты готова разорвать на куски только по одной причине: Эшимканов лишил тебя коррумпированной телекормушки и всемогущества в музыкальном мире? В порыве лютой ненависти не заметила Ассоль, как ты сама низко упала, цинично обвиняя его чуть ли не в сексуальном домогательстве, видите ли, гендиректор "с непристойными предложениями приглашал меня в Париж, Лондон… (?!). "…И после моего мужественного отказа, он начал прессинговать меня". Полноте, госпожа "теледива"! А где неопровержимые доказательства, документы, аудио-видео записи? Ляпнула, и все что-ли? И почему не подашь в суд на него, "сексуального маньяка, развратника, пьяницу", как ты сейчас кричишь на каждом углу? Если не сможешь доказать это, подай по другому поводу. Ведь он при всем честном народе, то бишь, на летучке назвал же тебя "бедной, несчастной женщиной"? Прости уж господи, если Эшимканов, у которого такая замечательная красавица жена, у которого столько молодых, очаровательных супер-поклонниц, действительно делал "непристойные предложения" этой Молдокматовой (репутация которой, о-очень известна широкой общественности), тогда пардон, у гендиректора НТРК большие проблемы со вкусом, и вообще с психикой. Насколько нам известно, Молдокматова и ее команда (очень разношерстная, особенно в плане сексориентации) были уволены по двум основным причинам: 1) Грубые финансовые махинации, о которых мы ведем свое расследование. 2) 90 процентов (!) музыкантов всех поколений по горло сыты "деятельностью" этой команды и просто восхищаются решительностью гендиректора НТРК. Интервью на эту тему с известными исполнителями мы будем публиковать из номера в номер.
И последнее. По последним данным, Молдокматова пытается выйти к представителям криминального мира, чтобы наказать (а возможно и убить!) физически Эшимканова и членов его семьи. Госпожа "теледива" наверное думает, что это останется безнаказанным? Давно ли ты смотрела на себя в зеркало, самовлюбленная Ассол? (Именно без мягкого знака, знаете почему?)

Жайнагүл МАКСИМОВАга, Алтынбек ЖУМАЕВге,
Шайыр АБДРАХМАНОВго, Алексей ФИЛАТОВго
Бириң "Сары-Өзөндүн" жамааты менен чабышып, экинчиң А.Кадырованы айланчыктап, "Заманадан" айдалып, эшик кайтарган милициялардын берген түшүндүрмөсүнө ишенсек, түн оокумунда гримдөөчү бөлмөдө тирукмуш "көгүлтүр" жоруктар менен жийиркентип, үчүнчүң "Студенттик кечтер" көрсөтүүсүнүн шылтоосу менен Курманбек, Татьяна, Максим Бакиевдерди ыпылас мазактап, төртүнчүң, ой, а четвертый "мальчик-кибальчиш", тоже с "особой" ориентацией, который играючи, нагло плюет на кыргызов, - кыскасы, эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт болуп, силерге эмне жок? Эшимканов атаңарды өлтүрдүбү, катыныңарды тартып алдыбы? Ассолго тийишкенсип, Алексей менен Алтынбекке да асылдыбы? Эмгек тартибин бузсаңар чекеңерден сыласынбы?




Соңку сөз
же пикетчилер менен Эшимканов жөнүндө президенттин позициясы
Акүйдөн соңку кабар алдык. Мелис Асаналиевичтин өз ыктыяры менен отставка сураган кезектеги арызын уккан президент Курманбек Салиевич: "Эч жакка кетпейт, Эшимканов реформаларын жүргүзсүн, бут тосконду токтоткула" дептир. Гендиректор мырза биздин "неудобный" суроолорго бир аз кийинчерээк жооп берерин телефондон кабарлады.
Эркин ПИРИМОВ