"Агым", 12.12.08 - 9-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Алтын алакасы

Кумтөр мамлекеттин эсебине өтөбү?

Кумтөр алтын кенин улутташтыруу жөнүндө ЖК депутаты Кубанычбек Исабеков мыйзам долбоорун даярдады. Анын маалымат негиздеме катындагы фактылар буга негиз болмокчу. Эгер ЖК тарабынан мыйзам кабыл алынса, Кумтөр алтын кени мамлекеттин эсебине өтмөкчү.
1992-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана канадалык "Камеко Корпорейшн" корпорациясынын ортосунда "Кумтөр" долбоору боюнча биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө Генералдык макулдашууга кол коюлган. Аталган макулдашууга ылайык кыргыз тарабынын үлүшү 66,67%, канадалык корпорацияныкы 33,33% акцияны түзгөн.
Биздин тарап Генералдык макулдашуу боюнча бардык шарттарды аткарган, ал эми канадалык тарап 2007-жылдын 10-майындагы Макулдашуунун шарттары боюнча фабриканы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн башкаруусуна өткөрүп берүүгө тийиш эле. Канадалыктар өздөрүн инвестор деп эсептеп, макулдашууга кол коюу менен Кумтөр алтын кенинин "Борбордук" участогун алышып, аны күрөө катары банкка коюшкан жана анын негизинде кредит алгандан кийин аталган фабриканы жана зарыл техникаларды сатып алышкан.
2002-жылы "Камеко Корпорейшн" корпорациясынын сунушу боюнча Кумтөр алтын долбоорун реструктуризациялоо жүргүзүлгөн, натыйжада "Центерра Голд ИНК" компаниясы түзүлгөн. Ошентип кыргыз тарабы болгону 32,66% акция гана алган, анын 18%га жакын акциялары Кыргызстан үчүн чоң зыян келтирүү менен сатылган.
"Центерра Голд ИНК" компаниясын түзүү көз боемочулук болуп саналат, анткени 716 тонна алтын коруна ээ болгон Кыргызстан 33%га жетпеген акция алган. Ал эми "Центерра Голд ИНКтин" курамына кирген "Бороо", "Гацуурт" (Монголия), "REN" (АКШ) алтын кендерин чогуу алганда калган үч алтын кенинин кору 97,5 тонна алтынды түзөт. "Центерра Голд ИНК" компаниясын түзүүдө Кыргызстандын үлүшү башка үч катышуучуну чогуу алганда 7,4 эсеге көп болууга тийиш эле.
Ысык-Көл облусунун курорттук сезону толугу менен үзгүлтүккө учураган. Азыркы учурга чейин канадалыктар 700 миң АКШ доллары суммасында төртүнчү компенсациялык траншты калкка төлөбөй келет.
Берилген бардык жеңилдик-терге карабастан, "Кумтөр Голд Компани" компаниясы чыгашалуу компания болуп саналат. (2008-жылдын 1-апрелине карата компаниянын карызы 190 млн. АКШ долларын түзгөн). Бирок 2,5 млрд. АКШ долларына жакын суммага 201 тонна алтын сатылган.
Бирок канадалык тарап бир нече мыйзамдарды бузган, атап айтканда:
Кыргыз Республикасынын каржы полициясы кызматы 2008-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесинин 2-бөлүгүнүн (ири өлчөмдөрдө салыктарды төлөөдөн качуу) жана 215-беренесинин (мыйзамсыз каржы жеңилдиктерин алуу) белгилери боюнча "Кумтөр Голд Компани" жана "Центерра Голд ИНК" компанияларына кылмыш ишин козгогон.
Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2003-жылдын 31-декабрында "Кумтөр долбоорун реструктуризациялоо жөнүндө" ?835 токтом кабыл алган жана ошол эле күнү, 2003-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун бузуу менен төмөндөгүдөй эларалык макулдашууларга жана келишимдерге кол коюлган:
Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен "Центерра Голд ИНК" жана "Кумтөр Голд Компани" компанияларынын ортосундагы инвестициялык макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен "Кумтөр Голд Компания" ЖАК ортосундагы оңдолгон жана толукталган концессиялык келишим;
- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн, "Кыргызалтын" АКнын "Камеко Корпорейшн" корпорациясынын жана "Центерра Голд ИНК" компаниясынын ортосунда 1994-жылдын 31-майында өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен түзүлгөн 1992-жылдын 2-декабрындагы Генералдык макулдашуунун новациясы, колдонууну токтотуу жөнүндө макулдашуу.
"Кумтөр Голд Компаниси" ратификацияланбаган инвестициялык макулдашууну пайдалануу аркылуу мыйзамсыз салык жана башка каржы жеңилдиктерин алып, ушул күнгө чейин мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирүү менен салык төлөөдөн качып келе жатат.
Иликтөөлөрдүн натыйжасында Жети-Өгүз раймамадминистрациясы тарабынан 15 жылдык мөөнөт менен 10070 гектар жерди убактылуу пайдаланууга Кумтөр менен ижара келишимин түзгөндүгү, бирок Кумтөр айыл чарба багытындагы 4375 гектар жер үчүн гана жыл сайын ижара акысын төлөп келгендиги аныкталган, ошол эле мезгилде ал жерлер алтын казып алуу үчүн өнөржай багытындагы жер катары пайдаланылат. "Кумтөр Голд Компани" ЖАКы тарабынан өнөржай багытындагы жер катары пайдаланылган калган 5695 гектар өлчөмүндөгү жер үчүн салык төлөнгөн эмес, андыктан, каржы жеңилдиктери эске алынбаган жер салыгын төлөө боюнча текшерүү иштери ушуга байланыштуу жүргүзүлгөн.
2002-жылдан 2005-жылга чейин 5695 гектар жерден жер салыгын алуу маселеси боюнча 45 млн. 591 миң 768 сом чегерилип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечимине ылайык 2006-жылдын декабрында толугу менен бюджетке киргизилген. (Эскертүү: 1996-жылдан 2006-жылдар аралыгында 10070 гектар жер үчүн айыл чарба багытындагы жер ижарасы катары болгону 300 миң 600 сом төлөнгөн, ал эми 5695 гектар жерге салык жыл сайын 15 млн. сомду түзөт).
1997-жылдан 2006-жылга чейинки текшерүүлөрдүн актыларына ылайык "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКы жана "Кумтөр Голд Компани" ЖАКы айыптык санкцияларды жана проценттерди, анын ичиндеги 401 млн. 612 миң 672 сом салыктар менен республикалык бюджетке 693 млн. 362 миң 536 сомдук салык төлөшү керек.
Мындан сырткары, 2007-жылдын 27-октябрындагы текшерүү актысы боюнча "Кумтөр Голд Компани" ЖАКка кошумча кирешеден салыктан кошумча 59 млн. 433 миң 600 сомдук салык салынган, 29 млн. 716 миң 800 сомдук финансылык санкциялар колдонулган жана 6 млн. 753 миң 600 сом проценттер салынган, бардыгы 95 млн. 903 миң 900 сом.
Бардык салыктар боюнча, жер салыгын жана соцфондго социалдык төлөмдөрдү эске алуу менен "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАК жана "Кумтөр Голд Компани" ЖАК мамлекеттин бюджетине кошумча 1 млрд. 78 млн. 528 миң 205 сом төлөшү керек, анын ичинде негизги сумма 705 млн. 359 миң 747 сом, проценттер жана айыптар 373 млн. 168 миң 458 сом.
Азыркы убакта "Кумтөр Голд Компани" компаниясынын 2006-жылдан 2007-жылга чейинки финансы-чарбачылык иши текшерилип жатат.
Иликтөө ошондой эле "Кумтөр Голд Компани" ЖАК 2005-жылдан 2007-жылга чейин "Кумтөр аянты", "Түштүк-Батыш участок жана "Сарытөр" участогу кендерин чалгындоо жана изилдөө иштерин жүргүзгөн жана лицензия алган, ал эми 2007-жылы "Түштүк-Батыш участок" участкасында иштерди жүргүзгөн жана кендерди кайра иштетүүдөн 3235 кг алтын алган, мында Кыргыз Республикасынын бажы комитетинин 2005-2007-жылдардагы маалыматына ылайык "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАК же "Кумтөр Голд Компани" Кыргыз Республикасынын аймагына жабдууларды, күйүүчү-майлоочу материалдарды, химикаттарды ташып кирүүдө кирешеден алынган салык шарттуу салынган. Маалымат үчүн: ташылып келинген товардык материалдык баалуулуктарга эсептелген кирешеден шарттуу алынган салык 2005-жылы 733 млн. 631 миң 700 сомду, 2006-жылы 1 млрд. 372 млн. 665 миң 450 сомду жана 2007-жылы 1 млрд. 312 млн. 920 миң 530 сомду түзгөн. Концессиялык келишим "Борбордук" деген гана участкада концессияны карайт. "Кумтөр аянты" участкасына ?Аи 79-97 лицензиясы 2005-жылдын 8-декабрында алынган, "Сарытөр" участкасына ?1521 АЕ лицензиясы 2007-жылдын 30-ноябрында алынган, ал эми "Түштүк-Батыш участогу" жер казнасын пайдалануу укугуна лицензияга ылайык 2005-жылдын 22-июнундагы АЕ 147 номурдагы лицензияга жана лицензиялык макулдашууга ылайык иштетилүүдө, КНС боюнча "Кумтөр аянты" жана "Сарытөр" участкаларын иштетүүдө, ошондой эле "Түштүк-Батыш" участкасында алтынды казууда колдонулбашы керек болчу. Мында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бажы комитетинин (чыгыш ?25-9/2904, 2008-жылдын 30-июну) эгерде 2006-2007 жана 2008-жылдын 5 айындагы шарттарды эске алсак, "Борбордук" участогунан тышкары 1/3 алтын иштелип чыкса ошол эле мезгилдин ичинде шарттуу чегерилген КНС 1056757,97 миң сомду түзөт.
Мына ошентип, улуттук кызыкчылыктарды, Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекти катары Кумтөр алтын кенинин маанисин, канадалык тараптын салык, бажы, экологиялык мыйзамдарды туруктуу, одоно бузуу фактыларын жана башкы макулдашуунун "Кумтөр" долбоорун өткөрүп берүү боюнча шарттарды аткарбагандыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 281-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна жана 288-беренесине ылайык "Кумтөр алтын кенин мамлекеттештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору кароого киргизилет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамы "Кумтөр алтын кенин мамлекеттештирүү жөнүндө" мыйзам долбоору төмөнкүдөй:
1-берене. Кумтөр алтын кени фабрикасы, имарат, курулуш, жабдуу, транспорттук каражаттар, атайын техника, инвестициялар, корпорациялар, акча каражаттары, карыздар ж.б. чыныгы укуктар баланстарына ылайык бүткүл мүлктүк комплекстери менен мамлекеттештирилсин;
2-берене. Кыргыз өкмөтү белгиленген тартипте "Камеко" корпорациясы ээ болгон 51 пайыз акциясын компенсацияласын.
3-берене. Ушул мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кубанычбек ИСАБЕКОВ, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
депутаты
Бетти даярдаган Кайыргүл МОЛДАЛИЕВА