"Агым", 12.12.08 - 30-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 "Пейджер" - Сиздин үнүңүз!

"Пейджерибизге" жана SMS үчүн кыска номурга сахна жана саясат жылдыздарына арналган далай арзуу, сын-пикир билдирүүлөр түшүп турат. Ошондон улам жылдыздарга багытталган билдирүүлөрдү "Пейджердин" "Пейджерчесине" жарыялап турууну туура көрдүк. Коомдогу окуяларга күйүп-бышсаңыз - "Пейджерге" 66-55-68 номурун бурап, жылдызды сүйүп-күйүп атсаңыз, же сын айтсаңыз - "Пейджерчеге" AGYM деген сөздөн баштап 2525 кыска номуруна SMS жолдоңуз. Бул ирет рубриканын мейманы - ырчы Ильяз АНДАШ.

П-115. "Ильястын ырын" өзүң эле ырдасаң болмок… 0550ХХХХ69. Айпери.
П-116. "Капкан-шоуда" өзүңдүн ыйлаганыңды унуткансың го. Айнураны неге мынча коркуттуң? 0777ХХХХ13. Жыргал.
П-117. Лапочка, сени ушунча жакшы көрөм!!! 0777ХХХХ42. Айка.
П-118. Аида экөөңдүн дуэтиңер бар го. Ошо кыздын ордунда мен болуп калсам эмне… 0775ХХХХ85. Зарина.
П-119. Коркок эмессиңби, көздөрүң алаңдап турат же жайнаганыбы? 0543ХХХХ72. Асел.
П-120. "Айжамалды" ырдаганыңан бери сени өзгөчө көрүп калдым. Илгери мага да бирөө ушу ырды арнаган эле. Жаштыгымды эске салдың. Ыракмат. 0312ХХХХ21. Айжамал.
П-121. Ильяз, мен сени аябай жакшы көрөм!!! 0550ХХХХ50. Нури.
Бир SMS-билдирүүнүн баасы $0,75

Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 2525 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Бир SMS баасы $0.759-декабрда "Пейджер"
менен
сүйлөшкөндөр:
П-1051. Мыйзамдуу президентибиз К.Бакиевди шыбап, сындап эле атабыз. Ошентсе да амалдуу экен, 15 жылда болбогон үлкөн иштерди жасап жатат. Эмесе, туугандар, оң-тескери саясатты куугандар! Каалайбызбы-каалабайбызбы, Бакиев 2010-жылдын аягына чейин иштейт. Эгерде К.Бакиев чечкиндүү кадамдарга барып, карапайым калкка тарыхта кала тургандай пайдалуу иштерди жасаса, кабагым-кашым дебей экинчи мөөнөткө баралат го деп ойлойм. Р.К.Дада.
П-1052. Тамеки чегүү ден соолукка зыян деп ааламда ондогон жылдардан бери миллиард деген акчаларды краскага кетирип, курулай эле элди алдап жазгандын ордуна ошол каражатты чегүүгө каршы колдонушпайбы. Келгиле, биз кыргызстандыктар, коррупция жагынан алдыга чыкпай, тамеки чегүүнү токтотууга дүйнөдө биринчилерден болуп үлгү көрсөтүп, күрөшөлү. Караш Насер.
П-1053. Турсунбек Акун мырза, сизди кайсы кара теке сүзүп, мурутуңузду алдырып салгансыз? Же жашарайын дегениңизби? Эл го эл болду, Эламан акеге не болду дегендей, сизге не болду? Жаныбек.
П-1054. Айтышты го казак, кыргыз акындары / Ыр дүйнөгө, ыр жамакка жакындары / Өлкөбүздүн жармачтыгын казак тууган / Чоң сахнада уят кылып бакылдады / Малай жүргөн кыргызымды козгойбу деп / Курган жүрөк оозго келип лакылдады. Сейдана Бейшебекова.
П-1055. Саптагы көч баштаган көптү самай / Эл-журтту жыргатышка туусу санай / Колдору тийбей жатат байкуштардын / Көп катын ала, куруп алтын сарай. Эркин Жаныбеков.
П-1056. Эжем Клараны 14-декабрь туулган күнү менен куттуктайм. Эже, сизге чың ден соолук, узун өмүр, ишиңизге албан ийгиликтерди каалайм. Сагида.
П-1057. Коррупция гүлдөгөн биздин Кыргызстанда эң оңой бизнес - депутаттыкка жетүү жана МАИге кызматка орношуу. Караш Насер.
П-1058. Эки-үч айтты жойгондуктан, жылдагыдай керели-кечке үймө-үй кыдырып жүрбөй, өз үйдө бала-чака менен Курман айтты майрамдоого жетиштик. Буга демилгечи болгон аксакалдардын - айыл башчы Шамшы менен имам Асылбектин ашыкча ыгым-чыгымды жоюуга кылган аркетинин жемиши болду. Ушундай ийгиликтерди жараткан айылдаштарыма, акыркы күндөрдө атагы чыгып аткан Аким Баатыр башкарган Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Эркин айылынын тургундарын Курман айт майрамы менен куттуктайм. Камчыбек Сатаров.
П-1059. А.Молдокматова менен Б.Бекешов, элге эмне кылып ийдиңер? Кичине чөйрөгө, өзүңөргө кылгандырсыңар. Эмгегиңер элге сиңип кеткенсип, тимеле айгай саласыңар. Ассоль, айланайын, "Салам, Кыргызстан!" деп орусча жалаңдачу элең го, кыргыздын 70%ы айылда экенин эске албай. Анан дагы тамак жасап ойкуштадың. Сен тамак жасаганда, неберем биз качан ушундай тамак жейбиз деп зээнди кейитчү. "Хит-парад" деп жаштарды улуттук музыкадан адаштырдың. Мелис уулум туура кылды силерди. Бу эл силерди көрүп турбайбы, жолуңар болсун. Аккалпак.
П-1060. Курман айтта Мураталы ажы президентибиз өз акчасына 10 уй сатып алып, элге тараттырды деди. Ооз тийбей арманда калдым. Ургаачы болсом, төшүм шишип жарылмак экен. Же молдокем бетин тултуйтуп туруп, калпты уруп таштадыбы? Талгат.
П-1061. Момун кыргыздар, жок дегенде баш кийимибиз ак калпакты Айттарда, Ноорузда жапа тырмак кийип койсок арбактар деле ыраазы болот го. Кара кепка менен кара топу улутубуздун баш кийими болуп баратабы? Дегеле кара өң жаманчылыктын белгиси го. Акылга келели, кыргыздар. Азамат.
П-1062. Урматтуу Аликбек Жекшенкулов, 2006-жылы министр болуп турганыңызда кичи мекениңиз Кочкордогу жер титирөөдө элдин абалын бир сурап койгон жок деп кочкорлуктар нааразы болгонсуду эле. Өткөндө Кочкордун Дөң-Алыш айылында 11 жолу майда-барат жер силкинүү катталып, эл түлөө өткөрүп баштады. Эми деле элдин абалын сурасаңыз кеч эмес. Бир бала.
П-1063. Мелис байке, өзүңүзгө толугу менен кошулалбасам да ушу Ассоль менен Бекешовду кетиргениңизге чоң ыракмат! Бири орусча сүйлөп өзүн рекламалап, бири динден башканы айтпай, элди жадатып жиберишти эле. Ушуларды ырас кылдыңыз. Жаркын.
П-1064. Колубуздан келген ишти аткара / Артыбызда жакшы деген ат кала / Жетелешип жете келдик дөөлөткө / Ширеп кошкон от сүйүүдөн аттана. Эркин Жаныбеков.
П-1065. Апабыз Мамбеталиева Сагынды 60 жашка чыгышы менен куттуктайбыз. Апа, мааракелүү тоюңуз кут болсун. Оорубай, төрүбүздү көрккө бөлөп, уул-кыздарыңыздын атабыз көрбөй кеткен сый-урматын көрүп, аман болуңуз. Балдарыңыз.
П-1066. "Ичкен кудугуңа түкүрбө" деген сөздүн маанисин түшүнгөн эмес экенсиң, Мээрим. Иши кылып аман бол. Нурпазыл.
П-1067. "Тенти-Аке" хоккей жана көкбөрү командаларын, ошондой эле "Тенти-Ата" футбол командасын келе жаткан жаңы жылы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Силерди жигиттин пири шаймерден колдоп, Теңирим жалгап, Тенти акеңердин касиети жылоолосун. Мелис Тентиев.
П-1068. Биз куру калабызбы дешкен окшойт, автобустар да маршруткалардан бетер оңду-солду токтоп калышыптыр. Маршруткалар го кичирээк, токтосо да көлөмү аз. Киши өткөн жерден килейип автобустар токтосо жаман эле көрүнөт экен. Жол бузарлар даана ушулар окшобойбу. Эрнис.
П-1069. Кесиптешибиз Карагулова Нуржамал Калыевнаны 15-декабрь туулган күнү менен куттуктайбыз. Иште жөнбилги, курбулар арасында шайыр, үйбүлөдө мээримдүү эне, жаркылдаган жар экениңди билебиз. Ушунуң өзүңө кут болсун. Денсоолукта болуп, жолдошуң Кайрат менен уулдарыңдын урматын, кыздарыңдын кызматын көр. Нурила, Сымбат, Жолдош.
П-1070. Оппозициянын деле шаасы калбай калыптыр. Деген менен азыркы бийлик кыйын экен. Каратып туруп эле ортосуна жик салып койду. Эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт болуп, оппозициядагылардын да амбицияларына не дейсиң? Баарынын алкымы чоң. Сенден мен кыйын деп атып, элге жаман көрүнүп алышты окшойт. Кайырса.
П-1071. Учурда Россияда иштеп атышкан уулдарым Алмаз менен Керээзге салам жолдойбуз. Ден соолугуңар чың болуп, ишиңердин ийгилиги арта берсин. Ата-эне, биртуугандарыңар.
П-1072. Мурда деле жаңы жылга бир ай калганда даярдык көрүлө баштачу беле же азыр эле ошондой болуп калганбы? Эчтекенин жыты жокто "Народныйлар" елка коюп, жаңы жылдык кийим кийип алышыптыр го… Кыял.
П-1073. Мирбек Атабеков, мен сени аябай жакшы көрөм. Чыгармачылыгыңа зор ийгиликтерди каалайм. Бар бол! Мира.
П-1074. УТРКнын жаңыланганын ушундан билгиле, быйылкы жаңы жылдык "Мыскыл жана тамаша" Теңир-Тоонун борбору Нарын менен көгүлтүр көлдүн борбору Караколдо өтөрүн угуп, сүйүнүп атабыз. Мына жаңылануу деген ушу. Айсулуу.
П-1075. Неберем Чыңгызды туулган күнү менен куттуктап, чың ден соолук, узун өмүр, ишине ийгилик каалайм. Чоң атасы Көчөрбай.
П-1076. Кийинки убакта А.Акаев жана анын үйбүлөсү сүрөттөрү менен чыгып, бая мурдагыдай Ай менен Күнгө теңелип, макталып жатышат айрым гезиттерде. Андан да Аскардын эрке талтаң катыны Майрам бир да чиновниктен пара алган эмеспиз дейт. Пара албаса хансарайларды, Кремлдей болгон китепканаларды, Маскөөдөгү үйлөрдү кайсы каражатка салдырып алышты? СССРдин экс-президенти М.Горбачевдун "Нетрудовой доход" деген указын ушуларга колдонгудай. Р.К.Дада.
П-1077. Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн Балкыбековду эптеп көздөн далдоо кылышты. Билген кишиге кайра эле майкөл, сүткөлгө барып конду. Балкыбековдун эмне балээси бар, деги мындан эч ким кутулалбайт экен го. Коркок билишпи? Анын ордуна апкелген киши деле мурун пара алган деген айып менен кармалыптыр. Неужели бизде министрлик креслого отура турган таза адам жок? Соня.
П-1078. Кымбаттуу иним Даниэл, атыңды атам элде дан болсун деп Даниэл койгон. "Дандан өткөн улук тамак жок, элден өткөн улуу Кудай жок" демекчи, атыңа затың жарашкан акылдуу, өмүрлүү адам бол. Балбан энеңди тартып балбан бол, Эрнис атаңды тартып эр бол. Агаң Жайкар, Байзак айылы.
Жеңүүчүбүз - Балкыбековго таңгалган Соня (П-1077), редакция менен байланышыңыз.
Даярдаган
Канышай БЕШБАЕВА