"Агым", 12.12.08 - 28-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Апта астрологиясы

15-декабрдан 21-декабрга чейин
Кой (21.03-20.04)
Турмушта: Адистигиңиз боюнча гана иш алпарганыңыз оң. Олуттуу чечимдерди санаалаштарыңыз менен кеңешип туруп кабыл алуу керек. Иштен көрө эс алууга арналган сапарлар ийгиликтүү болот. Сүйүүдө: Жеке турмушуңуздун келечеги туурасында ойлонууга ылайыктуу убакыт. Жакыныңыздын демилгесине көңүл буруңуз. Акчада: Пландаштыргандан көбүрөөк каражат сарпташыңыз ыктымал, кейибеңиз, мындай аракет жакын арада үзүрүн бере баштайт.
Букачар (21.04-21.05)
Турмушта: Ийгилик сиз тарапта, антсе да тобокелчиликке барбай, ар бир кадамыңызга сак болуңуз. Апта аралыгында сиздин жардамыңызга муктаж адамдар кездешет. Сүйүүдө: Жеке турмушуңузга саресеп салып, учурда эмне каалап-көздөп жатканыңызды тактап алганыңыз оң. Акчада: Чечкиндүүлүгүңүз менен көп финансылык көйгөйлөрдөн арылып, капчыгыңызды да кампайтууга үлгүрөсүз.
Эгиздер (22.05-21.06)
Турмушта: Окуу, билим көрөңгөнү кеңейтүү үчүн ийгиликтүү апта. Учурда сизге колдоо көрсөтүүдөн эч ким баш тартпайт. Башка улуттун маданиятына, салт-санаасына кызыгууңуз байкалат. Сүйүүдө: Ички туюмуңузду пайдалануу жакын адамыңызга болгон ишенимди арттырат. Эскичил көзкараштан арылуу зарыл. Акчада: Саякатка, мейманчылоого каражат жумшалат. Ал эми апта аягы кирешелүү болот.
Бөйөн (22.06-23.07)
Турмушта: Майда-барат нерселерден көрө бир урунттуу маселеге көңүл бурганыңыз оң. Ден соолукка кам көрүүнү унутпаңыз. Мында да майда-чүйдө ооруларга эмес, башкы илдетти дарылооңуз керек. Сүйүүдө: Жеке турмушуңуздун өнүгүшү үчүн ийгиликтүү убакыт. Жакын адамыңыздын көтөрүңкү маанайы кубаныч тартуулайт. Акчада: Кирешелүү апта. Каражатты туура пайдаланууга аракет жасаңыз.
Арстан (24.07-23.08)
Турмушта: Апта активдүүлүгү менен эсте калат. Тажрыйбаңыз жетпеген иштен оолак болгонуңуз оң. Ар кыл ишке чарпыла бербей, бир багытты тандап алуу ийгилик апкелет. Сүйүүдө: Учурдагы мамилелер чыңдалып, дагы бир тепкичке өйдөлөшү күтүлөт. Апта куда түшүү, баш кошуу үчүн ийгиликтүү. Акчада: Бюджетиңизге карап иш кылып, көңүл ачуунун кымбат түрлөрүнөн баш тартуу керек.
Бийкеч (24.08-23.09)
Турмушта: Тиричилик көйгөйлөрдү чечүүдө консервативдүү көзкараштан арылуу керек. Ички туюмуңузга ишениңиз. Кесиптештер менен мамилени чыңдоо үчүн ийгиликтүү убакыт. Сүйүүдө: Жакыныңыздын кызыкчылыгын эске алууну унутпаңыз. Мындай мамиле жеке турмушуңуздун өнүгүшүнө өбөлгө болот. Акчада: Түшкөн кирешени орду менен пайдаланыңыз. Апта аягында ири соода-сатык жасашыңыз күтүлөт.
Тараза (24.09-23.10)
Турмушта: Апта жагымдуу окуяларга бай болот. Алдамчылардын торунан сак болуңуз. Көңүл ачууга арналган коллективдүү сапарлар ийгиликтүү аяктайт. Апта аягында ден соолугуңуз тынчыңызды алышы мүмкүн. Сүйүүдө: Романтикалуу апта. Жеке мамилелердин өнүгүшүнө мыкты стимул пайда болот. Акчада: Финансылык маселелердин чечилиши көп убактыңызды ээлеши ыктымал. Чыдамдуулук керек.
Чаян (24.10-22.11)
Турмушта: Үйбүлө мүчөлөрү, кесиптештер менен мамилени чыңдоо-го ылайыктуу мезгил. Өзүмчүл болбоңуз. Жардамыңызга муктаж адамдардан кеп-кеңешиңизди аябастан көмөктөшүңүз. Сүйүүдө: Жеке турмушуңузду жашоо агымы өзү эле тең салмактап коет. Болгону жакыныңыздын көңүлүн оорутпоого аракет кылыңыз. Акчада. Киреше-чыгашаларды эсептеп, пландаштырууга ылайыксыз учур. Карыз акча берип, коллективдүү иш-чараларга катышуу сунушталбайт.
Жаачы (23.11-21.12)
Турмушта: Милдеттериңизге так болбосоңуз, таасирлүү адамдардын колдоосунан ажырап калышыңыз мүмкүн. Амбицияларыңыз туурасында жар сала бербей, тынч оокатыңызды кылганыңыз оң. Сүйүүдө: Түшүнбөстүктөрдөн арылуунун бирден бир жолу - компромисс. Түгөйүңүздүн дооматтарына да кулак салыңыз. Акчада: Материалдык абалыңыз бир калыпта. Апта башы кирешелүү болушу күтүлөт.
Текечер (22.12-20.01)
Турмушта: Эс алууга, организмди өз калыбына келтирүүгө күч жумшооңуз зарыл. Буга суу процедуралары, массаж, ароматерапия ылайыктуу. Ал эми алыс жолго чыгуу саламаттыгыңызга доо кетириши мүмкүн. Сүйүүдө: Апта жакыныңыз менен келечек пландарды түзүүгө, ой-максаттарды ишке ашырууга ийгиликтүү. Акчада: Финансылык маселелер чечилип, кошумча киреше булагы пайда болот. Көптөн эңсеген буюмуңузга ээ болосуз.
Суу пери (21.01-19.02)
Турмушта: Сунушталган авантюралык иш-аракеттерден алыс болууңуз керек. Келечекти пландаштырууга ылайыктуу мезгил. Кыялдарыңызды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Сүйүүдө: Апта жаңы таанышуулар, романтикалуу жолугушууларга бай болот. Тилекке каршы, мындан олуттуу мамиле жаралышы күмөн. Акчада: Көңүл ачууга көп каражат коротушуңуз мүмкүн. Апта аягында аласа-бересеге так болгонуңуз оң.
Балык (20.02-20.03)
Турмушта: Тыным алып, ой-каалооңузду тактап иш алпарганыңыз оң. Өнөктөштөрүңүз менен болгон алака солгундашы ыктымал. Буга ашкере бюрократия себепчи болот. Сүйүүдө: Жакыныңыздын мүдөөсүнө, суроо-талабына көңүлкош болбоңуз. Өзүмчүлдүктөн качып, ортодогу пикир келишпестиктерди жай отуруп чечишип алыңыз. Акчада: Материалдык абалыңыз стабилдүү. Жума аягындагы иш-аракеттерге биртоп каражат сарпташыңыз ыктымал.