"Агым", 12.12.08 - 17-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Шоу маек

НАЗМИ & САПАР:
"Ортобузга от жаккандын сазайын беребиз"
Ээрчишкен бул эки достун дуэтине араң беш жыл гана толгону менен булар бала кезинен чогуу өскөн сымал бир-бирине ынак. Андай ынтымактын жемиши өлкө ичинде гана эмес, чет өлкөдө да татылган.
Бүгүн биздин төрдө - НАЗМИ & САПАР.

Назми Сапардын сынында
- Назми атына жараша эле барбы?
- Наздуу жан. Сырткы келбети менен ички дүйнөсү төп келишкен кыз. Кыз кишиге таандык бардык мүнөзгө ээ. Ак көңүл, берешен, арам ой деген мында жок.
- Кандай кемчиликтери бар?
- Кемчиликсиз адам болбойт да. Жалкоолугу, уйкучулугу бар.
- Кээде уйкусунан ойгото албай кыйналган кездер болобу?
- Телефон чала берип жадатам. Ойгондуңбу, чыктыңбы, бол эми кечигебиз дегеним канча. Уктап калган учурлар менде деле болот дечи, бирок, Назмиде көбүрөөк.
- Мактай аласыңбы?
- Биринчи кезекте чыгармачыл өнөктөшүм катарында бийик баа берем. үн десең үнү, өң десең өңү, талант десең таланты бар. Машине айдайт десең, андан да көбүн артка таштайт. Машинеге олтурганда рулда Назми болсо, өзүмдү ишенимдүү, кенен сезем.
- Көбүнчө Назми айдоочу болобу?
- Айдоочум эмес, болгону Назминин машинеси бар да.


Сапар Назминин сынында
- Эмоцияга тез алдырат. Бирөө таарынтып койсо, бат чөгүп кетмейи бар. Урушчаак, көк беттик жагы бар. Туура эмес экенин сезип турса да, эки-үч күнгө чейин меники туура деп жүрө берет.
- Сапарга аябай жиниң келгенде не кыласың?
- Унчукпай коем. Сапар да мага жинденгенде үндөбөй калат. Анткени, мүнөзүн билем. Бир аздан кийин эле өзүнө келет. Жинденген болсо, беш мүнөттөн кийин жазылат. Кичинекей бир маселе чыкса, ырбатып албаганга аракет кылабыз. Сый-урмат, ишенич биздин дуэттин бир өзгөчөлүгү болсо керек. Таарынсак - бат унутууга аракеттенебиз. Сахнада дуэт болсок, турмушта дос, атүгүл биртуугандайбыз. Биртуугандык жактан Сапардан эч кандай ката кеткен эмес. Досторумдун ичинен адамгерчилик, ыйман жана тарбия жагынан Сапар эң ишеничтүү адамым. Кыздарга ачпаган сырларымды бүт айтам, бөлүшөм, кеңешем. Дайым мага күйүп турган досум ушул.
- Кандайдыр көйгөй чыгып калса, Сапарга айтып, ыйлап эркелей аласыңбы?
- Албетте. Ушул адамдан дайым жардам күтөм. Апамдын жүрөгүн оорутпайын деген сырларымды Сапарга ачам.

Сапар: - Баягы врачтын диагнозу эсиңдеби, Назми?
Назми: - Өткөндө катуу суук тийип ооруп, бир менчик ооруканага бардым. Рак коркунучу бар деди врач. Сапарга келип алып ыйладым. Эртең эле жок болуп каламбы дедим.
Сапар: - Экөөбүз тең ыйладык. Жаман болот экенсиң. Баары бир аты жаман дарт эмеспи. Балким, анализ башкача болуп чыгып калар деп сооротуп коем.
Назми: - Кайра барып, толук текшерүүдөн өттүм. Кудай жалгап анализ жакшы чыкты. Дарыланып чыктым. Сахнада гана эмес, кыйын күндө да Сапар мага дайым жөлөк.
- Бири-бириңерди аябай жакшы көрүп кеткендечи?..
Назми: - Ойлонуп көрсөм, бир-бирибизди көп деле мактабайт экенбиз, ээ, Сапар?
Сапар: - "Ой, азамат! Акылдуу турбайсыңбы, колуңдан баары келет тура" деп эле эркелетип калганыбыз болбосо… Анан да бир чогуу жакшылык же ийгилигибиз болуп калса, бизде сөз көбөйөт. Гастролго чыкканда да экөөбүз бир олтурабыз, жетер-жеткенче сүйлөшүп барабыз. Жаныбыздагылар күлүп "жаңы көрүшкөнсүңөр го" деп калышат. Көп артисттер менен чогулуп калганда да экөөбүз бир-бирибизди издеп калмайыбыз бар.
- Экөөңөр таарынышып кеткенде ортого бирөө түшүп, жараштырган учур болду беле?
Назми: - Жо-ок, Кудай сактасын!
- Ортоңорго чагымчылык кылган адамдар да бар чыгар?..
Сапар: - Андайлар болбой койбойт экен. Назми экөөбүз бир-бирибизди жакшы билебиз, кимдин колунан эмне келерин, ким кандай сүйлөрүн деле билип калдык. Ал эми ошондой чагымчыл ой менен ортого киргендер аны сезбесе керек…
Назми: - Кээде ким бирөө: "Сени Сапар мындай дебедиби" деп баштап калса, экөөбүз калп урушумуш болобуз да, акырында кайра жанагы адамды "Сен бизди антип бузба" деп экөөбүз биригип алып аны чын-тамашага сала урушуп киребиз.
- Бирге аткарган соопчулук кандай иштериңер бар?
Сапар: - Ырчынын соопчулук кылганы - өнөрү менен элдин көңүлүн көтөргөнү.
Назми: - Биз бардык эле жерге акча менен барбайбыз. Жесир аял баласына той берип же жетим бала бир жакшылык кечесин өткөрүп аткан болсо, жөн гана барып ырдап беребиз. Ушул өңдүү себептерин түшүндүрсө, биз эч качан баш тартпайбыз. Кудай бизге ушул өнөрдү бериптир, мүмкүнчүлүк турса, анын эмнесин элден аяйлы.
Сапар: - Андай кезде биз бир-бирибизди кубаттап кетебиз. Абакта жаткандарга да ыр тартуулап жүрөбүз.
Назми: - Назгүл Насиева жетектеген чакан бир топ бар.
Сапар: - Абакта олтурган адамдарга көңүл буруп "Бул күндөр да өтүп кетет, Кудай буйруп эркин турмушта жолугалы. Ага Кудай жеткирсин" деп жылуу кеп айтып, концерт коюп келебиз.
- "Өнөрлүүнүн көңүлүн калтырба" деген кеп бар экен байыркыдан. А силердин көңүлүңөрдү калтырган жагдайлар же адамдар болду беле?
Сапар: - Концерт жүрүп атса, ичип алган жаш балдар уруш чыгарып, анысы аз келгенсип, концерт бүткөндө да келип алып мээни ооруткандар болот. Арактарын көтөрүп алып, анысын шыкагандар чыгат. Айылдарда дагы ыйман бар, кичи шаарларда тартип начар.
Назми: - Кудайга шүгүр, Сапар экөөбүз иштешкени жаман деле жагдайларга кабыла элекпиз. Эң эле кыйнаганы Ноокатта машинебиздин эки дөңгөлөгүн чечип кетишкени болсо керек. Түркияга жөнөп атканда агездеги депутаттардан М.Эшимканов менен К.Карабеков гана жардам берип, калганы, мисалы, М.Салымбеков кабыл албай да койгон. Алардан көп сумма деле сураган эмеспиз, болгону Түркиядагы кыргыз көргөзмөгө кое турган эстелик буюмдардан гана жардамдашып койсо деген элек.
Сапар: - Негизи эле өлкө атын искусство менен спорт гана чыгарат. Аны түшүнбөй колунан келип турган адамдар жардамдашуудан баш тартканда шагың сынбай койбойт.
- Экөөңөр ээрчишип эле, бир-бириңердин багыңарды байлап жүргөн жоксуңарбы?
Назми: - Балким. Анткени, көбү кыз-жигит деп ойлоп, атургай, экөөбүздү үйлөнтүп салгандар да чыккан.
Сапар: - Башында ушундай сөздөр көп эле, азыр тынчып деле калды. Назминин учурда көңүлүн ээлеген жигити бар.
- А өзүң кыз жандап жүрөсүңбү?
Назми: - Көк бет деп атпайымбы, Сапар айтканынан кайтпайт. Биз тандагандар буга жакпайт. Кыз туурасында өз пикири бар, бизди кийлигишпегиле дегендей кылып коет.
Сапар: - Мен өзүм тандап, анан досторума көргөзөм.
- Назмини качан узатабыз?
Сапар: - 17-декабрда концерт белгилеп койгонбуз, ошондон кийин гана ойлонобуз.
Назми: - Концертке чейинчи?..
Сапар: - Андай ойго да келбесин.
- Назми, келиндүү болгон турбайсыңбы? Кайнеже болгон кандай экен?
Назми: - Сонун! Ал бизге келин эмес, өз сиңдимдей болуп калды. Бизде жашап калган казактардын кызы болот. Азыркы жаштардан нормалдуусу деле чыкпайт болуш керек дечүмүн, көрсө, бар экен. Кудай буюрса, эки жарым айдан кийин инилүү болом.

Маек курган
Айнагүл САПАРБЕК кызы