"Агым", 12.12.08 - 16-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Күзгүгө каранчы

Элүү жылда эл жаңы
Жыл жаңырар алдында өткөндү эскерип, алдыга саресеп салуу, кемчиликтерди оңдоп, жетишкендиктерди алга сүрөө - ар бир адамдын оюндагы иш. Бир эле жыл эмес, элүү жыл мурдагысынан тарта эскерип, татыктууларды баалоо, алдыга чоң максат-ашууларды коюу УТРК үчүн сыймыктуу да жемиштүү да болду. Муну 9-декабрда УТРКга арналган атайын кечеден байкадык.


Буга чейин биз да, башкалар тараптан да канчалык сындалып келсе да, УТРК бүгүнкү күнгө чейин улуттун жүзү болуп келатканы факт. Анткени бардык массалык-маалымат каражаттары коомдун күзгүсү. Андан эмнелер көрүнүп, кандайча чагылып атканына бардыгыбыз күбөбүз.
Жашоодо жакшылык менен жамандык кошо жүргөн сымал Улуттук биринчи телеканалдын жакшысы менен жаманын журналисттерден артык эч ким билбесе керек. Эгемендикке ээ болгон он жети жылдан бери Улуттук биринчи каналдын техникалык жагын жакшыртууга гана көңүл бөлүнүп келсе, жакындан бери анда иштеген кадрлардын кесипкөйлүгүнө, алдыңкы технологияларды билүүсүнө, көрүүчүлөрдүн заманбап талаптарын канааттандыра турган сапаттык маңызына көңүл бөлүнө баштады. Жыл башында жаңылыктардан башка берүүлөрдүн бардыгын бир ай жаап, андан ары көрсөтүлө турган берүүлөрдү көркөм кеңештин сунушу менен кабыл алуу кадрларды чоң сыноодон өткөрүүдө. Ошо себептүү бир жыл ичинеде УТРК ичиндеги үч чоң структура Маданият жана маалымат министрлигине өткөрүлдү. Андан калгандары да биртоп тазалануу алдында турат. Ошол эле учурда УТРКнын элүү жылдыгы да кирип келип, байкообузда ал да жакшы белгиленди.
Элүү жыл ичинде Улуттук канал улуттун агартуучу да, руханий булагы да болуп калды. Бардыгыбыз тең жакшы сөз, жакшы ыр, жакшы кинону Улуттук каналдан көргөнүбүздү танбастырбыз. Кыргыздын руханий дөөлөттөрү да элестүү түрдө УТРКда жыйналганын ким билбейт. УТРК басып өткөн жолу, элүү жыл ичинде кыргыз тарыхында кайталангыс из калтырганы жөнүндө анын башкы директору Мелис Эшимканов да, өлкө президенти Курманбек Бакиев да филармониядагы кечеде кеңири айтып беришти. Президент тартуу кылган төрт автомашина УТРК автопаркын толуктап, өлкө башчысы мындай белеги менен УТРКнын жалпы жамаатын, андагы реформаларды колдоорун да көрсөттү.
Реформа демекчи, ал УТРКда башталды, бирок анда-санда жылт эткен, көрүүчү көңүлүн канткенде табам менен түйшөлгөн азаптуу толгонуу-изденүүлөр жүрүп жатканын көрүп турабыз. Көптөн бери түйүлүп, чиеленишип келаткан түйүндү жара чапкан Мелис Эшимканов биртоптордун куйругун басканын да сезип турабыз. Мындай ыры да, ыйы да бирдей чоң жамаатка, өзү айткандай, жиндирээк киши эле чыдабаса, эч кимге жаман көрүнгүсү келбегендер чыдай албасын буга чейин көрүп келдик. Чын эле андан башка эч ким чыдай албасын сезишкенби, кечеден кийин айтылуу Тамара Жаманбаева баштаган ондогон УТРК өкүлдөрү "Мелис Асаналиевич, акыркы кезде кетем деп көп айтчу болдуңуз, биз сизди "кетпесин" деген ураан менен чыгабыз. Кетпеңиз, баштаган ишиңиздин акырына чыгыңыз" деп абдан суранышты.
Айтмакчы, УТРК элүү жылдык мааракесин белгилеген күн менен Мелис Эшимкановдун туулган күнү дал келиши жөн жерден эместигин Мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол, Башпрокурор Элмурза Сатыбалдиев да белгилеп өттү. Ал эми "Замандаш" партиясын түптөгөндөрдүн бири Муктар Өмүракунов: "Мурда авантюрист, экстремал элеңиз, эми сизге реформатор деген ат кошулду" деди.
УТРК салтанаттуу кечесинде көгүлтүр экранда, экран сыртында эмгектенген адамдардын мамлекет башчысынын колунан орден, ардак наам, сыйлыктарды алышы да алардын демине дем, күчүнө күч кошту. "Замана" студиясынын көрсөтүүлөрүн алып барган белгилүү тележурналист Олжобай Токтосунов Ардак грамотага эмес, "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" наамына татыктуу экенин гана айткыбыз келет.
Алып баруучулардын бири айткандай, жүздөгөн чыгармачыл адамдардын алгачкы чыйыры, жүзү да коомчулукка Улуттук телеканал аркылуу таанылган. Кечеде муну белгилүү ырчылар Динара Акулова, Гүлнур Сатылганова, Ырыскелди Осмонкулов, Актан Исабаев, Айчүрөк Иманалиева жана башка биртоп чыгармачыл топтор далилдешти. Өзгөчө Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун студенттери көрсөткөн Улуттук каналдын өткөнү жөнүндөгү тамашалуу сценка, анын соңундагы кыргыз телесинин биринчи кышын коюшкан алгачкы карлыгачтардын сүрөттөрү жана ысымдары залдагыларды толкундантты. Улуу, орто жана кичүү муундардын байланышы, жакшысы да, жаманы да коомчулукка бирдей тийип келаткан УТРК бүгүн кайра жаралуу алдында тургандай. Өткөн тарых менен азыркыны чагылдырган, элдик музыка менен классиканы, эстрада менен оозеки дастанды, улуттук жана учурдун талабына шайкеш бийлерден турган салтанаттуу кечеден жандүйнө азыгы байыды.
Бир жыл ичинде УТРК жогоруда айтылган өзгөрүүлөргө бекеринен дуушар болбогондур. Эми мындан ары сапаттык секирик жасаса, УТРКдан жаңы жылдан ары карай жаңы жүз, жаңы көзкараштарды көрүп каларбыз.

Аскер
САКЫБАЕВА