"Агым", 05.12.08 - 6-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Өпкөгө урсаң да өкмөттөн пайда жок

Алишер МАМАСАЛИЕВ, ЖК депутаты:
"Акжолдун" келечеги быйылкы кышка көзкаранды"
Алишер "Акжолдон" парламентке депутат бололекте жалын сөздүү, бийликтин алмашуусуна активдүү катышкан жаштардан эле. Депутат болгондон бери кандай иштерди жасаганы тууралуу, өлкөнүн азыркы абалына, оппозицияга болгон мамилесинин тегерегинде пикир
алыштык.
- Алишер, парламентте отурганыңа бир жыл болду. Ушу убакыт бою кылган ишиңе ыраазысыңбы?
- Ыраазымын дей албайм. Мен парламентте эки маселе боюнча иштеп жатам. Адам укуктары жана ГУИН системасы боюнча. Экөө бири-бирине абдан байланышта. Апрелден тарта өлкөдөгү бардык СИЗО, ИВС, түрмөлөрдүн бардыгын текшерип келатабыз. Буюрса беш жыл ичинде ушу системаны өзгөртүп, көйгөйлөрүн чечип алсак, бардыгыбыз үчүн жакшы болмок. Өзүм да ушундай максаттамын. Жакында жаңы Салык кодекси иштей баштайт. Ал иштесе колониялардагы өндүрүш жанданат, себеби алардан кошумча нарк салыгы алынып, бул өндүрүштүн көбөйүп, жанданышына алып келет. Кызык нерсе, Бишкектикине караганда Оштогу ИВС, СИЗОлордун абалы жакшы. Борбордогу ИВСти жабууну көздөп жатабыз. Анткени канча текшерсең деле пайда жок. Анүстүнө ал ИВС 1930-жылдары курулган. Ремонт кылалы десе, баары урап калышы мүмкүн экен. 2009-жылы бузуп, ордуна европа стандартындагы эки кабат имаратты куралы деп атабыз. Анда медкабинет, жуунучу жайы да болот. ИВСте отурган жарандарга сот өкүмү чыгалек, али кылмышкер эмес. Бирок алар түрмөдөгүлөрдөн да абдан начар шартта турушат. Кыргызстан кыйноолорго каршы эларалык конвенцияга кол койгон, аны аткарышы керек.
- Укугу чектелип түрмөдө отургандар менен эркин коомдо жашаган адамдардын байланышы бар экенин көрүп жүрөбүз. Бул эмне болгон байланыш, аны кимдер аткарат?
- Ооба, байланыш бар. Зоналар өзүнчө дүйнө, алардын президенти, премьер-министри бар. Коомдогу, бийликтеги карама-каршылыктарга жараша алар да жооп берип турушат. Бирок азыр ГУИН кызматкерлери бул абалды катуу көзөмөлгө алышты. Азыр өмүр бою түрмөдө отургандар үчүн Нарында өзүнчө колония куруп, ошоякка бөлөбүз дебатышат. Себеби, мындай адамдар колониялардагы көзөмөлдү өздөрүнө алууга аракет кылышкан. Бирок түрмөдөгүлөрдү саясатчылар менен байланышта деп айталбайм. Андай фактылар жок.
- Алишер, сен бир кезде чогуу жүргөн оппозиция менен азыркы оппозициянын кандай айырмасы бар?
- Өлкөдөгү бардык оппозицияда жүргөндөргө бирдей баа берүү кыйын. Анткени азыр биртоп өз алдынча оппозициялык топтор бар. Алардын ар биринин максаты ар түрдүү. Бирөөлөр парламентти таратыш керек десе, экинчилери өкмөттү кетсин дейт, үчүнчүлөрү президент кетсин дабатышат. Максаты ар башка болгон соң аларга кандай бийлик берүүгө болот? Бирдиктүү стратегиясы болбосо да меморандум бар экен. Аны кандай, ким аткарат деген суроолор менде эле эмес, көп эле адамдарда болуп атат. Бүгүнкү оппозиция энергетикалык кризиске байланыштуу абдан активдүү болуп, ошондон өзүнө саясый упай алып атат. Бул деле туура, анткени ошон үчүн оппозиция. Бирок "Акжол" партиясы коалициялык өкмөт түзүүгө макул болгон күндө да, оппозициядан менимче, эки эле адам менен иштешүүгө болот. Алар интеллектуалдуу, жоопкерчиликтүү, тажрыйбалуу саясатчылар - Атамбаев жана Сариев. Калганы президенттик амбициядан чыгалбагандар. Оппозиция лидерлери көп учурда талаа командирлеринин милдетин аткарышат. А министр деген саясатчыга караганда менеджер болуш керек. Ошон үчүн бүгүнкү күндө мен оппозиция ичинен альтернативдүү өкмөт көрбөй турам. Алар даяр да эмес.
- Бирок, СДПК 2009-жылы президенттик шайлоо өткөрүү сунушу менен чыкпадыбы?
- Менимче, оппозиция өз ичинен бир лидерди президенттикке көрсөтүп, бардыгы ошонун тегерегинде бириксе, муну ойлонууга болот эле. Элге Бакиевге альтернативдүү атаандаш мына дешсе кеп башка эле. Алар планы жок эле шайлоо өткөрөбүз дебатышат. Оппозициянын ичинде да көйгөйлөр көп. Бирок жогорку сунуш "Акжол" үчүн, президент, өкмөт үчүн чоң сигнал. Бизде көйгөйлөр көп экенин моюнга алыш керек. Айрым жерлерде жарык, жылуулук такыр жок. Бул Бишкекте анча билинбейт, жер-жерлерде азыр чоң маселе. Менин байкоомдо эл негизинен президентке каршы эмес, электр энергиясынын жоктугуна, ошол тармактагыларга нааразы. Бирок бүгүнкү күндө "Акжол" партиясы өзүнүн саясый жоопкерчилигин даана сезбей жатат. Биздин партиянын саясый келечеги быйылкы кышка байланыштуу. Эгерде апрелге чейин социалдык-экономикалык абалды жок дегенде азыркыдай кармап туралсак, анда партиянын келечектеги пландары жөнүндө ойлонсок болот. Кокус кышында кризис болсо, анда биздин келечек мага белгисиз. Муну эми ачык айтыш керек. Өкмөттү биз түзгөнбүз, демек, жоопкерчилик да бизде. Биздин партиянын полномочиелери абдан көп. Бирок ошолорду колдонуп, эмнеге өтө катуу радикалдык иш-чараларды аткарбай жатканыбыз мага белгисиз.
- Өлкөнү энергокризиске алып келген С.Балкыбековду бир орундан экинчи орунга жылдырууга "Акжолдун" көзкарашы кандай? Болбосо азыр бүт өлкө ушу киши таарынып калбаса экен деп, ошонун көзүн карап калдык окшойт.
- Кеп Балкыбековдо эмес, суу жок болуп атпайбы. Менимче негизги маселе ушунда. Балкыбековдон башкасы келсе деле абал өзгөрбөйт.
- Бирок министр катары абалдын ушундай болорун эмнеге алдын ала билбейт? Анткени, кургакчылык, суу аз болгону быйыл эле эмес да.
- Бу маселеде позициям башка. Менимче, бир нерсе болсо эле министрди же премьер-министрди кызматтан кетирүү өнөкөтү күч. Бизде өз ордунда толук бир жыл отурган министрлер аз. Министр жок дегенде эки жыл отуруш керек. Эгер жакында өкмөттү кетирүү жөнүндө сөз болсо, мен каршы болом. Азыр министрлердин орунбасарлары көбүнчө жаштар. Алар тажрыйба топтосо, 2010-жылдан тарта аларды министр кылууга болот. Бирок бир-эки министрди кетирүүгө макулмун. Мисалы, Арстанбек Ногоев өзүнө берилген тапшырмаларды аткара алган жок, аны кетирсе болот.
- Эл арасында "Акжолдун" аброю кандай? Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор эмне үчүн партиялык система менен өткөн жок?
- Бул шайлоонун алдында президент "жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду саясатка аралаштырбайлы, адамдар өз талапкерлерин сунуштап, шайлап алышсын" деген. Анткени, акимдер, губернаторлор "Акжолдун" мүчөлөрү да. Ошон үчүн административдик ресурс колдонулбасын десе керек. Менимче, реформаларды жасоо үчүн саясый стабилдүүлүк керек. Кеп Бакиевде эле эмес, азыркы бийлик жок дегенде 2015-жылга чейин иштеш керек, жалпы эл, өлкө үчүн. Өндүрүш көбөйүп, экономика колго алынса, өнүгүү болот. Бүгүнкү күндө кандай гана маселе болбосун, мен оппозиция менен талашып-тартышууга даярмын. Оппозиция күчтүү болушу керек. Ал күчтүү болсо, бийлик да жакшы иштейт.

Аскер САКЫБАЕВА




  Бийлик кайгысы

Президент болууну Обамадан үйрөнгүлө

Кепти кайрадан эле Барак Обамадан баштайлы. Анын өңү кара экени америкалыктарды гана эмес кыргыз оппозициясын да шыктандырып жиберди. Суктанса болот, салыштырганга жакшы. Бирок биз кашайып Кыргызстан аттуу өлкөдө жашап жатпайбызбы. Бийликте тургандарыбыз Буш сыяктуу жадырап-жайнап кетип калбайт экен. Он беш жыл өтсө да кетейин деген ою жок. Ал эми бийликти эңсегендер элди көчөгө чыгарып, "кетсин" ураанын жаңыртып жаз менен күздө козголуп алат. Кээ бири президент болууну самаса, кээ бири депутат болгусу келет. Чынында, Барак Обама Текебаев сыпаттагандай жөнөкөй эле афроамерикалык жаран эмес. Барак Обама Америка калкын жасалма жол менен шайлоого алып чыккан жок. Ал элге өзүнүн мыкты программасын алып чыгып, анысы америкалыктардын көңүлүнө төп келди. Көпчүлүк жылуу кабыл алып, ага үмүт артышты. Обама ар бир америкалыктын көңүлүндөгү сөздү сүйлөдү. Президент болууга бардык жагынан даяр экенин ырастап берди.
Ал эми бизде оппозиция ич ара ыркырап, кечээки сөзүн бүгүн унутуп, башкы максат улуттун тагдыры эмес түпкүрдө өз кызыкчылык жатканы оркоюп көрүнүп турбайбы. Башканы коюп Топчубек Тургуналиевди алалы. Бакиев баштаган КЭК тобунда жүрүп, азыркы бийликтин ыракымынан жакшы эле үмүт кылды. Атургай оппозиция уюштурган митингдерге антимитинг уюштуруп, аз убакыт бийликке да кызмат кылды. Бирок парламенттик шайлоодо партиясы өтпөй калган соң бийликке аз-аздан сын айтып жүрүп, бүгүн биротоло оппозицияга ооду. Башкача айтканда, анын жеке таарынычы ошол кадамга барууга мажбур кылды. Эми Топчуке президенттикке кимди сүйрөп чыгат, бул жагы белгисиз.
Оппозиция сөз жүзүндө бириккени менен, чыныгы абал андай эмес. Маселен, Темир Сариев СДПК партиясы менен алака түзүп, Атамбаевдин айынан тил угууну каалабайт. Себеби, Темир мырза Атамбаевдин Акүйгө эмнеге барганын эң сонун билет. Ошондуктан эл алдында бөөдө актанууну каалабайт. Ал эми "Атамекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевде президент болуу максаты баарынан күчтүү. Эгер оппозиция арасында башка бирөөнүн бедели жогорулап баратса, түшүрүп коюуга дайыма даяр. Атургай өчөшкөн душманга айланышы да мүмкүн. Анткени, азыркы президент К.Бакиев "келерки шайлоодо президенттикке ат салышам" деп 2004-жылы жарыя айткандан бери көралбастык пайда болгон. Анткени Курманбек Салиевичтин аброю ошол кезде Текебаевге караганда өйдө эле. Ал туура болгонбу же туура эмеспи, ошол кездеги кашкайган чындык ушундай болчу. Демек, кимдир бирөөнүн Текебаевдин озунуп кеткени оппозициянын ынтымагын жаратпайт. Ал эми Текебаевдин санаалаштары жөнүндө пикири өзгөрсө тигилер да карап турбайт. Дароо Өмүрбек мырзанын кемчиликтерин чукуп шыбаганга кудуреттери жетет. Ансыз деле курултай өткөн соң оппозиция дегендин баары ММК аркылуу биринин көрүн бири казып жатпайбы.
Баарынан өкүнүчтүүсү, азыркы оппозицияны идеал тутуп жүргөн жаштардын туура эмес жолдо баратканы. Эгер Текебаев белгилегендей Мелис Эшимканов журналистикада башка салт жаратса, Өмүрбек Текебаев оппозицияда башка салт жаратты. Албетте, терс жагынан. Бүгүнкү оппозициядан үлгү алган жаштар алардын деңгээлинен ашып түшө албайт. Кечээки эле өткөн курултай башталганда микрофон иштебей калса, андагы жаштар "бийлик атайын жасап жатат" деп чуулдап, уят сөздөр менен сөгүнүп жиберишти.
Сөздүн ток этер жери, оппозиция азыркыдай ыкма менен муратына жете албай калды. Андыктан бийликке келүү үчүн Барак Обамадай цивилизациялуу жолду тандоону үйрөнүү керек. Бирок Обаманын деңгээлине жетүү үчүн Акүйдүн жетинчи кабатындагы Бакиев олтурган креслону ойлобой, дүйнөлүк акыл парасаттын чокусуна чыгуу зарыл. Ошондо сени Москва, Европа, Азия сүйлөйт. Кыргызстандын түндүк-түштүгү артыңдан ээрчийт. Миллиондордун сүйүүсүнө арзыйсың. Обама сыяктуу тегиң жок болсо да, шайлап алышат. Ал эми жазында жана күзүндө Акүйдүн түбүнө келип, Бакиевдин ордун эңсөө куру кыял боюнча кала берет.

Келдибек НАЗИРОВ