mainkaptal
Пользовательский поиск
  Эл кайда көчөт...

Кыргызстан жумушчу күчүн экспорттоочу өлкөгө айландыбы ?
Бир сөз менен айтканда:
статистика боюнча Кыргызстан калкынын саны 5 млн. 257 миң. Анын ичинен жумушка жарактуулары 2 млн. 343 миң адам болсо, бир миллиондон ашыгы чет өлкөлөп жүрү;
1991-жылдан 2005-жылга чейин жумушсуздардын саны 500 эсеге өскөн;
бейрасмий маалыматтарга караганда, жумушсуздардын саны 450-500 миңди түзөт;
башка мамлекеттин жарандары бизге келип эмгектениши үчүн 10 000 квота бөлүнгөн;
өлкө боюнча жылына 100 миңге чукул эмгекке жарамдуу адамдардын армиясы пайда болот;
ай сайын бөлөк жерде күн кечирип жүргөн 30га чукул жарандарыбыздын өзү эмес, сөөгү кайтат. Жылына турмуш-шартын жакшыртам деген максаты ишке ашпай, ажалдын тузагына илингендердин саны 350-360ды чапчыган кези;
Азия өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, бизге келип түшкөн акчалардын жалпы көлөмүнүн 79%ы Россиядан которулат;
официалдуу маалыматка ишенсек, Россияда 400 миң этникалык кыргыз бар;


Күркүрөгөн күздүн алгачкы айында улуу Кытай өлкөсүндө эки жума командировкалап келдим эле. Ошондо бизди коштоп жүргөн Саша аттуу (ушинтип атап алганбыз) байкенин: "Силерге таңгалам, бардык шартыңар бар: жаратылышыңар таза, кен байлыгыңар жетиштүү дегендей. Калкыңар да аз. Кытай - чоң корабль. Салыштыра келгенде Кыргызстан кайыктай эле да. Эми элестетип көр, кораблди бурган оңойбу же кичинекей кайыктыбы? Андыктан, силер бутуңарга бат турсаңар болот…" деп айтканы эсимде калыптыр. Кыргыздын аткаминерлери эмес, минтип Кытайдын бир жараны бекеринен кейиген жок... Туңгуч ажобуз кыялданган экинчи Швейцарияда эмес, карызга белчесинен баткан, экономикасы эңшерилген, чиновниктери "жегенден" башканы билбеген, жарандары бөлөк эл, бөтөн жерде тентип жүргөн өлкөдө күн кечирип атабыз. Кыргызстан демократиялык аралчага эмес, жумушчу күчүн экспорттоочу мамлекетке айланып бараткандай…
270 500
"Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу" дейт кыргыз. Анын сыңарындай, мекендештерибиз жыргаганынан тентип жүргөн жери жок. Демократиялык аралчада жумушсуздардын саны арбып, эмгек акынын (өткөн жылга карата орточо айлык акы 110 долларды түзөт) көлөмү төмөн. 4200 сом менен бир үй-бүлөнү багууга мүмкүн эмес, жада калса кара башыңды асыраганга жетпейт. Анан кантип жаштарыбыз Россия, Казакстанды, бөтөн жерди көздөй сызбасын? Бул процесс токтомок тургай, тескерисинче күч алып аткан чагы. Алсак, 2007-жылы мурдагы жылдарга салыштырмалуу сыртка жумуш издеп кеткендердин саны 20%га өскөн. Учурда расмий каттоодон өткөн жумушсуздардын саны 270 500гө жетип, алардын 104 500ү миграция комитетинде каттоодо турса, калганы өз алдынча иш издеп жүрөт. Эгерде, ылайыктуу жумуш табылса, эртеңки күнү аларың дагы: "Кайдасың, Россия?" деп кетери турган иш.

"Кылкылдап поезд баратса…"
Кайран Ашыралы Айталиев агабыздын ушундай ыр сабы бар. Анда бир букет гүлүн сунуп, сүйгөн агайын Нарын облусуна жөнөтүп аткан кыздын образы сүрөттөлөт. А бүгүнкү күндө көпчүлүк адамдар жакын тууганын, өмүрлүк жарын алыскы Россияны көздөй узатышат. Театрдын ачылышына эмес, жашоо-шартын оңдогонго акча иштеп келиши үчүн. 16 вагон (орточо эсеп менен) чиркелген поезд бир каттамда 800 мекендешибизди орус туугандардын өлкөсүнө жеткирет экен. Таблицада көрсөтүлгөндөй, жумасына поезд 6 каттам жасаса, айына болжолу 19 миң адам окемдердин эшигин шыпырып, асман тиреген үйүн куруп, оор жумуштарды аткарыш үчүн сапар алышат.

Асманда "учкан" кыргыздар
Эки тараптуу келишимге ылайык, Кыргызстан-Россия аба каттамы жумасына 10 жолу жүргүзүлөт. Ошондо, "Манастан" самолет 100-110 жүргүнчүсү менен учса, бир аптада 1000, айына 4000 адам көгүлтүр асман аркылуу Москвага аттанышат. Ал эми кыш мезгилинде бул көрсөткүч 2500-2800дү (айына) түзөт.

Кош бол, дүйнө!
Чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендештерибизди бейиш жашоо күтүп турбасы айдан ачык. Көр оокаттын айынан бөтөн жерде көз жумган боордошторубуздун саны арбып барат. Маселен, акыркы төрт жылда Россиядагы такырбаштардын (скинхед) колунан 45 кыргызстандык жаран өлтүрүлсө, өткөн жылы 14 атуулубуздан айрылдык. Ушул жылдын алгачкы эки айында эле 32 кол салуу болуп, алты мекендешибиз жарык дүйнө менен кош айтышты.

Окуу, окуу жана окуу
Улуу Ленин атабыздын бул осуятын жерге калтырбай аткарып атырбыз. Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда 298 миң, техникумдарда 34 миң жана кесиптик лицейлерде 30 миң студент билим алат. Ал эми министрлик жана ведомстволордун маалыматына ылайык, өлкө боюнча 32 000 адис жетишпейт экен (анын ичинен 6 миңи билим берүү, үч миңи саламаттыкты сактоо жана 15 миңи энергетика, тоо-кен иштетүү тармагына). Бул, кызыл, жашыл дипломго ээ болгон жаштарыбыз өз кесибин аркалабай эле Россия, Казакстанды көздөй сапар алышат дегенди билдирет. Анда алардын беш жылдык контрагына, ичкен-жегенине акча сарпташтын кереги бар беле?

Араан ачкан коррупция
Март ыңкылабынан бери иммигрант статусун алып, Кыргызстанда эмгектенип аткан чет өлкөлүк жарандардын саны азайып кеткен (таблицаны караңыз). Алардын ичинен Россия 49%, Өзбекстан 8%, Германия 4%, атуулдугун көрсөтпөгөндөр 6%ды түзсө, Кытайдын тогуз гана жараны бар. Мындай статистикага акыл-эси жайында адам ишенбейт. Башкасын айтпаганда да, ордолуу Оштун Кара-Суу базарында 5000ге чукул кытай соода кылат. Бул, миңдеген долларбайлар мамлекеттин капчыгына түшпөй атканынын белгиси эмеспи?

Мани, мани…
Чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн атуулдарыбыз үй-бүлөсүнө, жакындарына жылына банк аркылуу 800 млн. доллар салат. Мындан сырткары, каттаган тааныштарынан берип жиберген салам-дубасы 200 млн. долларды чапчыйт экен. Ошентип, мекендештерибиз өзүн гана эмес, мамлекетинин бюджетин кармап турушат.
Дүйнөдөгү каржы кризиси Россиянын дагы шаштысын кетирип аткан чагы. Ушундан улам, ички жана сырткы миграциянын агымы азайып, иш орундарын кыскартуу маселеси каралууда. Айрым ишканалар штатын эки эсеге кыскартууга аргасыз. Демек, Москвада жүргөн мигранттарыбыздын жарымы өз өлкөсүнө кайтып келүүгө аргасыз болушат. Ансыз деле 270 500 адамга жумуш табалбай аткан бийликтин шайы ошондо накта оойт го…




 

Чет өлкөдө жан багуу сизге кандай таасир калтырды?
Арслан, Токтогул районунун тургуну:
- Москвада алты ай иштедим. Жумушум жеңил эле болчу, бирок кызыл шапкечендердин кордугу жаныма батты. Биз ал жакта экинчи сорттогу адамбыз. Улутчул такырбаштардын колунан каза тапкандары канча дейсиң. Келечек ээлери болгон жаштар ушинтип бөтөн элде кор болуп жүрөт. Ошого көңүл бурбаган аткаминерлерге таңгалам. Өздөрүн эле ойлой бербестен, карапайым калк үчүн деле кызмат кылышпайбы.
Азамат, Жалал-Абад облусунун тургуну:
- Бир жарым жыл курулуш тармагында жүрдүм. Кудайга шүгүр, жакшы акча иштеп келдим. Бир ай эс алып, кайра кетем го. Кыргызстанда калганда эмне иш кылмак элек? Албетте, кооптуу жагы да бар. Жумуш маалында көп кабаттуу имараттан учуп кетишиң мүмкүн. Ушундай тагдырга мени менен чогуу барган бала туш болду. Тогузунчу кабаттан кулаган экен, колу-буттары бөлүнүп, өңү таанылгыс абалга жеткен. Кыргызстанга өзүн эмес, сөөгүн жөнөттүк. Ата-эне жалгыз уулунан айрылып, кан жутуп калды.
Кубанычбек, Бишкек шаарынын тургуну:
- Убагында энергетика тармагында иштегем. Россиянын бир облусунда ГЭС курулуп аткан экен, ошол жакта эки жыл иштеп, борборубуздан үй алдым. Алты баламды эчнерседен кем кылбай багып атам. Маңдайыбызга жазганы ушул тура. Андан башка не айла кылабыз? Мындай темп менен кете берсек, Кыргызстан XXII кылымда деле өнүкпөйт, баягыле таз кейпинде калат.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ
(уландысы бар)
P.S. Гезитибиздин келерки санында алыскы Америка, Кытай, Германия, Түркия жана коңшу Казакстанда эмгектенип жүргөн мекендештерибиз туурасында кеп кылабыз.






ПОИСК ГАЗЕТЫ