"Агым", 05.12.08 - 32-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Star news

Борончу КУДАЙБЕРГЕНОВ жакында бир журналистти сотко берүүгө камынды. Бирок, журналисттик макала же маек үчүн эмес! Айтымында, мындан бир аз мурунку концертинде билет сатып берейин деген убадасы менен журналист аны 97 миң сомго чыгым кылып кеткен. Борончу ушундай запкы көргөндөрдү биригип, бир күрөшүүгө чакырууда.

Замира МОЛДОШЕВА жаңы жылга жаңы мода үйү менен аттанмакчы. Мурда сулуулук менен алек болгон Замира айым мындан ары кийим тигүү ишмердигин кеңейтип, тигүүчүлүктүн болгон кызматтары көрсөтүлгөн үй түзүү менен жаны тынбай жүргөн убагы.

Динара ЭСЕНГУЛОВА быйыл да жылдыздарга кызыл килем төшөйт. Өзү айтмакчы, жетектеген "Улуттук хитпарад" теледолбоору былтыркыга караганда алдаганча мыкты деңгээлде жыл жыйынтыктайт. Былтыр эл түртүшүп-тартышып жылдыздарды көргөнү көрүп, көрбөгөнү көрбөй калган. А жылдыздар кызыл килемде кенен басалбай кыйналышкан. А быйыл жылдыздар кызыл тилкеси бир аз бийик орнотулат. Кол тамга гана калтырбастан, жылдыздар күйөрмандары менен бир аз баарлашууга да шарт түзүлөт. Ошондой эле концерт маалында эксклюзивдик 100 видеотасма билетте көрсөтүлгөн орундук боюнча ойнотулат.

АЗИЗА депутаттардан кем бекем деп туруп, эски машинесин "Тойота-Кэмриге" алмаштырды. Анан билекти түрүнө өз кесиби боюнча иш издеп жүрүп, акыры Улуттук каналдын таңкы студиясынын астанасын аттады. Эфирге үч ирет чыгып да үлгүрдү.

Дайыр ИСМАДИЯРОВ алматылык студенттердин "Кышты сүйөм" аттуу казак эстрадасынын белгилүү ырчылары катышкан шоу кечеге чакырылды. Ага биртоп убакыттан бери издеп келаткан парталаш классташы менен кезигүү себеп болгон. Дайырдын ал парталаш кызы учурда Алматыдагы "Рояль" аттуу музыкалык студияны жетектеп келет. Классташтык мамиле эми кесиптик чөйрөдө да өз үзүрүн берчүдөй.

Жан курбулардан болуп келген ырчы НАЗМИ менен продюсер Назгүл НАСИЕВА эми кудагылайлардан болуп калышты. Ырчы кыз жанындай көргөн Жанат иниси жана Индира келинине продюсерди жолдошу менен өкүл ата-өкүл апалыкка шайлады. Мындай биринчи жакшылыгына жетине албаган жаңы өкүл ата-өкүл эне кыйналбай тапкан балдарына кымбат таштар менен кооздолгон нике шакегин белек кылышты.

Жаным АЙЗАТ аяз кызга айланды. Чоң аяз атасын, өз аяз атасын жандап, жакынкы жаңы жылдык акцияда Бишкектин биртоп ишкана-мекемелерин кыдырып чыгат. Атургай, балдарыңызга жомок куруу үчүн аяз бүлөнү заказ менен чакырып алсаңыз да болчудай.

Модель Алтынай ИСМАНКУЛОВА Түштүк Кореянын Сеул шаарында башталып, Кытайдын Шеньжень шаарында уланган "Дүйнө Студент Сулуусу" конкурсунда "Тынчтык Элчиси" титулун тагынып кайтты. Мүчө-келбет көрсөтүп, тегеренип гана тим болбостон, бул ирет сынак адаттан тыш уюштурулган. Сулуулар менен дүйнө көйгөйлөрү талкууланган. Ал эми Кыргызстандагы энергетика көйгөйүн тыңдаган дүйнөлүк сулуулардын бири - Мальтанын катышуучусу биздин кызга шамчырак тартуулаган.

Султан САДЫРАЛИЕВ борбордук ооруканалардын биринде ден соолугун чыңдап аткан кези. Бирок, медициналык мекеменин эрежелерине баш ийбей, анда-санда качып чыгып, концерттерге катышып кайтууда.

Маданий оюн-зоок теле алпаруучулар Нурзат ТОКТОСУНОВА жана Эрмек НУРБАЕВ ушул жумадан тарта кыргызстандыктарды таң уйкудан ойгото башташты. Эгер мурда күйөрман-көрөрмандары бул экөөнү түнкү берүүлөрдөн гана көрүп келишсе, эми таң эрте туруп, "Замана" студиясына көз салса болот.

Айжан ГАЗИЕВА ырчы катарында гана эмес, ишмердигин кеңейтип, маданий иш-чараларды өткөрүү долбоорлору менен иш алпарууда. Жакындан бери "KG" шоу борборунда музыкалык менеджер катарында иштеп келатат. Ал эми мындай ишмердиги ырчылыгын жайылтууга көмөк, өбөлгө деп белгилейт.

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы