mainkaptal

Пользовательский поиск
 "Пейджер" - Сиздин үнүңүз!

"Пейджерибизге" жана SMS үчүн кыска номурга сахна жана саясат жылдыздарына арналган далай арзуу, сын-пикир билдирүүлөр түшүп турат. Ошондон улам жылдыздарга багытталган билдирүүлөрдү "Пейджердин" "Пейджерчесине" жарыялап турууну туура көрдүк. Коомдогу окуяларга күйүп-бышсаңыз - "Пейджерге" 66-55-68 номурун бурап, жылдызды сүйүп-күйүп атсаңыз, же сын айтсаңыз - "Пейджерчеге" AGYM деген сөздөн баштап 2525 кыска номуруна SMS жолдоңуз. Бул ирет рубриканын мейманы - ырчы НЭЛЯ.

П-108. Нэля, туулган күнүң менен! Ийгилик сага! 0777ХХХХ43. Зуля.
П-109. Неля, үнүңүздүн назиктиги жөнеле эритип жиберет го… 0550ХХХХ97. Эркин.
П-110. Концертиңе барып, бир кумардан чыктым. 0555ХХХХ56. Бека.
П-111. Неля эже, мен да сиздей болуп бийлегим келет. 0772ХХХХ21. Эля.
П-112. Үнүңүз жакшы, эмнеге конкурстардан көрбөйбүз? Өзүңүзгө ишенбейсизби? 0773ХХХХ30. Чолпон.
П-113. Неля, туулган күнүңүз менен! 0550ХХХХ86. Сайкал.
П-114. Аябай эрке окшойсуң, кичинекей кыздай болуп… 0777ХХХХ44. Асыл.
Бир SMS-билдирүүнүн баасы $0,75

Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 2525 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Бир SMS баасы $0.75

П-1026. Той-топурдун тышкы карызга эч тиешеси жок. Биз эмне Акүйгө барып атабызбы "кудама кийит камдап бер" деп. Союлган малдын эти менен кийген кийитин кудаларыбыз өзбектерге сатып ийип аткан жок да. Кийинки кудага сактап коебуз. Же эмне, мамлекетке өткөрүп беришибиз керекпи, "ме, карызыңан кутул" деп. Аскар байке, деги кызыксыз. Алмаз.
П-1027. Кыргыз өкмөтү энергияны эконом үчүн өчүрүп жатат. Ал эми мамлекеттик органдагы кызматкерлердин формаларын кенен эле тигип берип коюшпайбы. Бүчүлөрү топчуланбай, кыйналып жүрүшөт. Ушуга түшүнбөйм. Пенсионер Акун.
П-1028. Февралдагы энергиялык кризиске даярсызбы деген суроолор болуп жатат. Республика боюнча саналуу гана адамдар даяр да. Миллиондогон адамдар, завод-фабрикалар, баары эле электроэнергияга турукташкан. Элдин чөнтөгү эңшерилип, сууктан миң-миңдеген адамдар ооруга чалдыгып, мамлекетке тоодой зыян болуп, дүйнө элине шерменде болгонубузду айтпай эле коелу. Биринчи оору - сууктан, экинчи оору - арактан экенин унутпайлы. Караш Насер.
П-1029. Ажобуздун Германиядан келгенден кийинки кебете-кешпирин теледен көрүп алып, эмнеси ооруп кетти деп эле ойлонуп калдык. Буту ооруп атат деп уктук эле, буту эмес эле көзүнө сурма салдырып келген го, көзкарашы башкача. Өзү Бакиев, көзү Бакиев эмес болуп атат. Клара.
П-1030. Генийдин жолун гений улап туурдан / Алыкул кайткан күнү Чыңгыз туулган / Алиге сан кайрыкты бүтпөй келем / Шыктанып кирген жаштан акын туумдан. Эркин Жаныбеков.
П-1031. Адам менен иттин окшош жоруктары бар. Адам да, ит да сөзсүз бак-дарактуу жерди пайдаланышат. Караш Насер.
П-1032. Энергетика министрлиги Менделеевдин системасы сыяктуу түзүлсө керек. Н2О кызматтан кетсе ордуна Хлорду коюп, ал кетсе Кальций менен Хром мен болом дегенсип өмүрү бузулбаган Чудиновдун системасына айланган окшойт. Мамбетов А.
П-1033. Көзү бүтүк чиновниктер, көзүңөргө сурма салдырабыз десеңер Германияга келгиле. Биздин дарек: Бонн шаары, Рейхстаг көчөсү, 1945. Операция бекер жасалат. Барып-келишиңерди өкмөт каржылайт. Окулист Генрих.
П-1034. Канимет, сага салам жолдойм. Бул дүйнөдөгү бардык жакшылыкты каалап, эч качан оорубашыңды тилейм. Бар бол жана бай бол! Махабат.
П-1035. Мелис байке президент мени тирукмуш казанга кайнатты деп жазыптыр. Ошо казанга отту чоңураак жагып туруп, Катанини да салып жиберсе болмок. Нарындын элин жипке тизгендей эле болуп кылды. Курултай менен да, свет менен да иштери жок, өз алдыларынча эле өнүгүп жатышат. Ушу Нарын облусу алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына киреби деп калдым. Алмаз.
П-1036. Бишкектин тургундары, шаар мэринин базарларды четке көчүрүп, тазалатып жатканын колдойлу. Айрыкча, түштүктөн келген туугандар, тирилик кылабыз деп догурунбай, кичи мекенибизге кайтып, жер иштетип, мал багып жан сактабайлыбы, жерди өзбек-тажиктерге бошотуп берели, Чүйгө тыгылбай. Мыйзамды сыйлайлы да тартипти сактайлы. Кайырса.
П-1037. Арбактар непадам тирилип түн ортосунда Кыргызстанга учуп келишсе, жарыксыз кара түндү көрүшүп, кыргыздар оптом өлгөн экен деп жүрөктөрү жарылып экинчи жолу өлүшөт го. Азамат.
П-1038. Баекова Чолпон чоң апа! Тойлордо ырдап-бийлеп, байгеге жалаң телевизор, муздаткыч, килемдерди алат экенсиз. Үйүңүзгө батпай деле калса керек. Жаңы жыл алдында бизге бир телевизор подарить этпейсизби. Адил, Алия, Арча-Бешик.
П-1039. Той-аштын көптүгүнөн бир эле мени бир күндө төрт тойго, эки ашка чакырышты. Бирөөнө барсам, бешөө калат. Калган той-аштарга баралбай калып жатам. Уялсаңар боло, туугандар. Минтип отурсак, Гиннестин рекорддор китебине кезексиз эле кирип барабыз го. Тойчубай.
П-1040. Ногоев сөзүнө туруп элди эгин менен камсыз кылууда чоң эрдик көрсөттү. Эгин үчүн күрөш курч мүнөздө өтүп, жоготуулар да болбой койгон жок. Азуусуна чейин куралданган Талиб чегирткелери өлкөнүн түштүгүнөн чегараны бузуп, 22-июнда таңкы саат 4тө тынч жаткан Кыргызстандын эгин талаасын басып киришти. АН-2 учагы менен бомбалап жатып, бир учкучунан айрылды. Бирок Атамекендин эгинин сактап калалды. Мамбетов А.
П-1041. Урматтуу Айтибай Тагаев, үстүндө айылда да, шаарда да үй эмес алачыгы жок, мал-сал эмес, үрүп чыгар ити жок, итке минген кембагал депутатты атасаңыз, эптеп Дордойдо оокат кылган "Гольф-2" машинемди ошого белекке берем. Мутап.
П-1042. Бишкек шаарында жашаган Нурия эжебизди 5-декабрь туулган күнү менен куттуктайбыз. Нурия эже, чың ден соолукта ачык болсун жолуңуз, аткарылсын ар бир максат-оюңуз. Күлкү-шаңга толуп, бактылуу-таалайлуу болуңуз. Сиңдилериңиз Зыйнат, Венера.
П-1043. Чычкан жылынын башында чычкандай төлдөп көбөйөлү, чычкандай тынбай эмгектенели деп тост көтөрдүк эле. Жаңырган жыл уй жылы экен, иштебей да, көбөйбөй да сайгактап сай-сайга житип жоголбосок болду. Талгат.
П-1044. Мелис байке, туулган күнүңүз менен. Эч өкүнбөй өткөрүп алсаңыз экен. Сизди Бакиев бул казанга салды, бирок али жакшы кайнап быша элексиз. Убактыңыздын ченелүү экенин унутпасаңыз. Сизди кумир туткан карындашыңыз.
П-1045. Бишкектин тургуну, уулум Марис Алымбековду 50 жашка толгону менен куттуктайм. 50 жаш эр ортону деген ырас / Мүнөздөп койгум келди сени бир аз / Ар ишке кылдат карап, даанышмандык / Калыптыр атакеңден сага мурас / Эч качан жаман ишке чарпылбаган / Өткүрсүң, намыскөйсүң тартынбаган / Аты да, заты дагы роза гүлдөй / Өмүрлөш жубайың бар жаркылдаган / Хан сарай үйдү дагы салып койдуң / Сөз жетпейт эмгегиңди айтсам, балам / Кут болсун юбилейиң, бактылуу бол / Барлык жакшылыкты каалайм саган. Апаң Батмакан.
П-1046. Кадамжай районунда даватта жүргөн күйөө балам Осмонов Аязга салам жолдойбуз. Чың ден соолук, узун өмүр, даватты жакшы өткөрүп келишин каалайбыз. Кайнежеси Ракила, бажасы Абдимуса.
П-1047. Ой, тобо! Күндө шумдук укпасаң, кулагың дүлөй болот деген чын белем. Укканда да көчөдөгү көп сүйлөгөн бирөөдөн эмес, КТРден. КТР түштө берген жаңылыгынан жоголуп жаткан Шабатоевди көрдүм дегендерди уктук. Амандыгын угуп, сүйүнчүлөшүп бүтөлекте кечки жаңылыктан алиги көргөн адам Шабатоев эмес экен деп шаабайыбызды жаман суутту. Кытайдан келген унду эртең менен уулуу дешсе, кечинде таза дешти. Самаркандан саман учту десе, жоо чапты деген ушу да. Алымбекова.
П-1047. Абакан шаарында иштеп жатышкан күйөө балабыз Сыдыков Азиз менен Тилекеева Нурияны кыздуу болушу менен куттуктайбыз. Уланга, куда-кудагыйларга салам жолдойбуз. Таежеси Ракила, жездеси Абдимуса.
П-1048. Санжар депутатыбыз кыргыздын эмес, өзбектин тилин алат. Кайран Баямандын жоктугу… Абонент.
П-1049. Бакай-Ата районунда жашашкан апам Кашкатаева Канышайга, атам Саркулга, эже-сиңдилериме, күйөө балдарыма, жезделериме, аке-жеңелериме, куда-кудагыйларыбызга салам жолдойбуз. Абдимуса, Ракила.
П-1050. Ташиевге да бул жыл жеңил болгон жок. Табият кырсыгы менен күрөшүүдө алсыздыгын сездиби, өкмөттөн 90 млн. сом бөлдүрүп алып, 12 баллдык жер титирөөгө туруштук бере турган бункер курдура баштаптыр. Кокус жер титирөө болот деген SOS болсо, МЧС кызматкерлери ошого кире качышат экен. Сактанганды сактайм деген ушу турбайбы. Алмаз.
П-1051. Бириндей сансыздардын тулуп келе / Советтен ай-ааламга арыш кере / Дүйнөнү дүңгүрөтүп кетти Чыкем / "Солк" деп да адамзатка конуш кеме. Эркин Жаныбеков.
Жеңүүчүбүз - Баекова Чолпон чоң апасына кайрылган Адил, Алия (П-1038), редакция менен байланышыңыз.

Даярдаган
Канышай БЕШБАЕВА





меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика