mainkaptal
Пользовательский поиск
  Ап... оп... поза... иция...

Ак терек, көк терек, бизден Сизге ким керек?

Балачактагы "Ак терек, көк терек" ойнун элестетет ээ, азыркы саясатчылардын жоругу? Тияктан - биякка, бияктан - тиякка чымылдап чуркаган чыткурсактарды. Анысы ал, ортодо айрым чаарбаштары мушташа кетишип, жыгылып алдында калгандары таноолорунан "көк лямпичка" чыгып, "неңдурайын, туйсам өлөсүң!" деп көз жашын онталаа агызгандары. Оппозиция акең бүгүн ушунакай.

Азикең "акыйкатчыл" оппозицияны көзгө соккондо
Бекназаровдун ушундай берендиги бар. Башкаларчылап жымсалдатып отурбай бетке чаап ийгендей. 29-ноябрдагы оппозициялык отуруш боюнча агынан жарылып: "Менимче бул элдик курултай болбой эле, бириккен партчогулуш болуп калды. Акүйдүн сценарийи боюнча өткөндүгү ачык билинди. А.Жекшенкулов чыгып туруп, "Бийликке сатылбайбыз", "Бакиев кетет" деп үч жолу айтканда негедир залдагы толгон элдин бирөө да унчукпай койду. Бул деген лидерлерден элдин көңүлү калгандык. Мындай шоунун не кереги бар эле?"

"Киргизка" Чолпонду ким каргады?
Оппозициялык эле маанайдагы "Жаңырык апта" басылмасы атырылды. Чолпон Идиновнанын болгон күнөөсү курултайда орусча сүйлөп койгону: "Улут деген түшүнүктөн кеч төрөлгөн Ч.Жакуповага окшогон "киргиздер" ушундай кейпи менен Элдин Каргышына Калбаса Болду (чоң тамгалар менен жазылып - ред.). Экинчиден, Өмүрбек Текебаевдин жанынан эки "аял" чыкпай калганы айтылууда. Асия Сасыкбаева менен Чолпон Жакупова Ө.Текебаевди бирде Америкага учуруп, бирде Москвага учуруп, кадырын "жүда" түшүрүп жатыр" дешти. ("Жаңырык апта", 04.12.08).

Атамбаев менен Сариевди калемпирлеген Анвар ака
Экс-губернатор Анвар Артыков дагы ымандай сырын жашырбай: "Бул дежурный, эч кандай жыйынтык бербей турган курултай катары максатына жетти, мунун сценарийи Акүйдө жазылган дегенге негиз бар" деп "тарс" эттирди. Айрыкча Т.Сариев менен А.Атамбаевди соо койбоду. "Курултайды уюштуруучулардын көпчүлүгү мурунку Айдардын достору, Акаевдин доорунда чоң постту ээлегендер, коррупция менен байыгандар, арасында Кытайга Үзөңгүкуушту бергенге үлкөн салым кошкондор отурушат… А бу курултайда "дүжүр" кол чабуучулар (квака) пайда болгонун көрдүк. Айрыкча бу маселеде Т.Сариев ат чабым алдыга кетти. Бу киши оозун ача электе эле, сүйлөгөн сөзүнүн эч бир мааниси жок болсо да кол чабылып жатты. Сөзү жалаң куру ураандар. А.Атамбаев болсо "Акаевге оппозиция болуп келгем" дейт. Бул жөн эле актануу. Себеби ал Акаев доорунда 5 завод алып байыбады беле? Мына бүгүн Атамбаев "Эки эл кагышып кетпесин деп премьер-министрлик кызматка баргам" дейт. Өзүнө өзү эле "Данакер" орденин ыйгарып атат. Бул деген уят да. Элди аттырып, уулантып алып, элди "баран" дебеди беле? Ушундай киши данакер болобу?"

Карапайым калк калп айтпастыр!
Көчөдөн кокус кошулбаган, бийлик "дүжүрлөтүп" айдактабаган, курултайга чын жүрөгүнөн күйүп барган карапайым делегаттардын ойлорунан бир шиңгилден угалы.
А.Шаршеев, Чүй облусу: "Ошентип бул курултай дагы кезектеги дежур, ормон опуза, жөнөкөй элдин нукура ички оюн айта албаган курултай болду. Эми оппозициянын бул тобу "Эр албай же жер албай" калган кыздын акыбалына келди. Анткени артында эли жок адамдын бийликке кереги жок".
Сагынбек Момбеков, белгилүү ырчы: "Эми өздөрү жумушсуз калганда кокуй бийлик жаман экен, кетирели деп жатышат. Көчүктөрүнө күч келгенде минтет элек, тигинтет элек дегендери туура эмес. Мына эми бул курултайда элге сөз береби десек, баягы эле көнгөн адаттарын карматып, күн мурунтан даярдап койгон, өздөрүнүн дүжүр сөздөрдү сүйлөөчү адамдарды чогултуп алып, ошолор сүйлөдү".
Төрөкан Алимов, Базар-Коргон: "Оппозициянын көрүнүктүү лидерлеринин көпчүлүгү өздөрүнүн эскиче стили менен союздук инерция менен иш алпарып жаткандарына жалпы жумурай журт күбө болду. Кечээ курултайда отурган жолдоштор Т.Сариев, А.Жекшенкулов, Э.Каптагаев жана башкалардын сөзүнө элдин ичи чыккан жок. Оппозициядан түңүлгөн таризде тарап кетишти".

Көмүр "королу" саясат "королдорун" өкүрткөндө
Миң тийиш, шылдыңда, теңсинбе, Нурлан Мотуевдин да оюндагысын бербеген көкжалдык позициясы бар. Т.Бакир экөө Түштүктү түрө кыдырып келген соң: "Бишкектен чыкпаган Атамбаев, Текебаев, Сариев өңдүү лидерлерди жөнөкөй эл сыйлабайт экен!" деп Нукең "балп" эттирди эле, тиги оппозиция атамандары чачтарын жулуп, Мотуевди каргап-шилеп эле жатып калышты. Чындык дайыма оңдо дагы, солдо дагы эмес, ортодо жүрөрүн эске алып, эртең журт башкарабыз деген көсөмдөр Мотуевге чычалаштын ордуна, кичине өздөрүнө сын көз менен караганды үйрөнүшсө боло эмитен…

Текебаев "тек" эткенде, Шык-маматов "шык" этедиби?
Ө.Чиркешовичтин колго суу куяр жигити бар, Алманбет Шыкмаматов аттуу. "Шыктуу" жигит. Суранса коомчулук билбеген образын ачып беребиз. Шу азамат "Агымга" асылыптыр. Кожоюну Текебаевге ыплас каралоо күч алганын кошокко салып. "Ыплас, өтө кир, жийиркеничтүү!" деп боздосо жанына киши чыдап туралбайт. Ай Алманбет, Алманбет, сенде деги канча бет: өтө кир идеологиянын үлгүсү, тейит, ичкилик күптүсү сен сыйынган "атамекенчил" акаларыңдын колу менен жазылып келгенин унуттуңбу, кааласаң архивди эсиңе салып беребиз. Анан калса "жоопкерчиликти өз мойнуңа алып туруп, Ө.Чиркешовичтин бир да "Джиби" жок!" деп карганганыңды түшүнбөдүк, жалпы оппозиция олигархтарына багышталган соболго шефиң экөөң не анча так секирдиңер? Ко-ой берекеси, генсек атаң үчүн анчалык катуу кетпесеңчи. Аман болсоңор, "Джип" да, башкасы да (чоң куйруктуулары менен) табылып калгысы бардыр…

Элин маңкурттарга теңеп, эки президентибиздин тең сүрөтүнө аллергиясы кармаган Бешимовдун жомогу
Оппана-шоңку! Кимбайке Төкөбүз айтмакчы. Кадимки Бакыт Бешимовдун курултайдагы курулдак сөзүнөн кийин ушинтип чокунуп ийдик, эй! Жолчубековичтин академик, пилосопиялык ой жүгүртүүсүнө ишенсек, бардыгыбыз, түгөл кыргыз эли маңкурттарга айланып баратыптырбыз. Маңкуртка - ата-тегин унуткан, мал кейпиндеги, уят-сыйытты билбеген бир дөңбайга окшошуп кетип атыптырбыз. Көксөгөнүбүз байлык менен бийлик гана экен. Антип акылдуусунганына караганда, Бешимов гана андай азгырыктардан алыс, пайгамбардай пакиза пенде көрүнөт. Буга да шүгүр, шагыраган маңкурттарды башка чаап окута турган бирөө калганына!.. Андай "асабой" сапаты катары Бакыт мырза өз турмушунан бир гана мисал келтирди. Эки ажонун тең - Акаевдин да, Бакиевдин да сүрөттөрүн төбөсүнө илдирбей, "культ личностко" сыйынуу сезимин э-эч ойготпоптур… Анысына ишенели десек, Индиядагы элчи кезинде Бешимов улуу-урматтуу Акайычка алтын жалатылган пилдин сөөктөрүн белекке бергенин генпрокурор учурунда Бекназаров телевизордон көрсөтүп, далайлар таңдай кагышкан эле. Ошондой эле Жолчубековичтин саясый партиялардан дагы жолдуу экенинен коомчулук кабардар: Коммунисттер, Бей-бечаралар, Атамекен, Акшумкар, акырында Социал-демократтардын катарында. "Тазалык, туруктуулук" деген шундай болот, уктуңарбы, маңкурттар?

Куйругуңда коррупция шалдыраса - оппозицияга чурка!
Анын далили толтура. Курулуш бизнесмендерин ботодой боздоткон коррупционер И.Кадырбеков түрмөгө түшкөндө гана Бекназаров менен Текебаевдин эң жакшы көргөн саясатчысы болуп чыга келди. Ысык-Көлдөн губернатор орунбасары, экология постунун ачендиги кезиндеги кылмыш иштери ачылганда "ко-окуй, 37-жыл келип калды!" деп Э.Каптагаев аюудай бакырды, оппозиция төрүн ээлеп. Улуу Британиядагы элчибиз К.Мамбеталиевден сурасаңар болот, азыркы "адилеттик" үчүн көз жашын төгүмүш эткен Роза айым Отунбаева убагында Лондондо кандай "мурас" калтырып кеткенин. Анда-санда Америкадан үн каткан качкын-саясатчы Р.Жээнбековдун маммүлктү башкарган мезгилиндеги мыйзам тебелегенин прокуратура небак далилдеген. Оппозиция курамына кызыксаң, мындай мисалдарды четинен таба берсеңер болот. Мораль жөнөкөй: "Майлуу жерде каалашыңча тайраңда, жеп-ич, а кийин айыбың ачылып калса, "бийлик саясый куугунтукка алууда, жансоога, калайык-калк!" деп ач айкырыкты салсаң, энөө элиң ишенип да калышы мүмкүн.

Эркин ПИРИМОВ






ПОИСК ГАЗЕТЫ