"Агым", 05.12.08 - 27-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Пайшамба

Жазат десе эле…
"…Аялымдын эмчеги чоң эле. Үйлөнгөндүн алгачкы жылдары өзүнөн мурда эмчегине кызыгып, далай кумардан экөөбүз тең чыкчубуз. Анын козголо турган жери да көкүрөгү болчу. Үч жылдан кийин төрөдү, аялым бала менен үйдө отуруп калды. Эмчекке эми мен ээ болалбай калдым. Бирок бир жолу аябай кызып кетип соруп алсам, оозум сүткө толо түштү... Түн ичинде эшикке кандай атып чыкканымды билбейм. Ошондон бери эмчектен көңүлүм калды, бирок аялым "мурдагыдай эркелетчи" дей берет. Мен болсо чочуп калдым, кандай айла кылсам?"

Мүдүн, Сокулук
"Сүйлөшкөн кызым экөөбүз жашап жүргөнбүз. Ал бир күнү "доктурга көрүнүп атам, экөөбүз кошулганга болбойт" деп калды. "Резина мененчи?" десем, "аны менен болот" деди. Мурда деле анда-санда кийчү элем, бирок аны менен ээн-эркин болалбайт экенсиң. Экөөбүз тең туура бүткөнү калганда резина айрылып кетсе болобу! Мен кылмыш кылгансып, дароо эле шаабайым сууй түштү. Тигиним болсо "дарыланууга короткон 1500 сомумду талаага кетирдиң" деп ыйлай баштады. Азыркы резиналарга да ишенич жок экен".

Айбек, студент
"Күйөөм экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө үч ай болду. Ал мени аябай эркелетип, жанымды койбойт. Бардык мүчөмдү менин колум менен көрсөтүп, "бул эмне?" деп сурап чыгат. Кээ бирин уялганымдан айтпайм. Андан кийин өзүнүкүнө менин колумду тийгизип сурап чыгат. Бирок мен да аны эркелетип айтпай коем. Бир күнү экөөбүз дагы ошентип ойноп атканда менин жыныстык мүчөм мага кадимки ээрдин кашына окшоп кетти… "Анда абышка, ээрдин кашын бек кармап, анан чап" десем, ал күлүп калды. Ошондон бери күйөөм "ээрдин кашын кармап качан чабам?" дей берет.

Толкунай, Ысык-Көл
"Жаңы эле лаззаттын туу чокусуна жетип, эс алып алган соң күйөөм экөөбүз тең жуунуп алып тамакка отурдук. Эмнегедир секстен кийин тамак жеген адатыбыз бар. Демейде бул жаатта ооз ачпаган күйөөм: "Көзүңдү жумуп эле жата бересиң, жок дегенде "арстаным, шерим" деп сүрөп койбойсуңбу, а то марага мен жалгыз чуркап бараткандай болом дайыма" деп калды. Бырс күлгөнүм менен ойлонуп калдым. Ал байкуш мен да көзүмдү жумуп алып эчтекеге алагды болбой, тезирээк кумарга батайын деп атканымды кайдан билсин…"

Жумаш, Бишкек
"Кулубек экөөбүз Көлдөн пансионаттан тааныштык. Ал дагы, мен дагы жалгыз бой эс алганы келген экенбиз. Бирок нарындык экенимди укканда эмнегедир кызыктай боло түштү. Мен "эмне болду?" десем, "анан айтып берем" деп калды. Дискотекадан кийин анын бөлмөсүнө бардык. Бири-бирибиздин тамырыбызды тартып кыналыша баштадык. Анын жүрүшү шартылдаган, эч нерсени илгиртпеген анык жорго экен… Төшөккө суналып жатып калганда Кулубек: "Биринчи жолу сендей нарындык кызды көрүшүм" деди. "Буга чейин канчаны көрдүң эле?" десем, "үчөөнү көргөм, үчөө тең тоң болчу. Түштүктүн кыздары ачык, алоолуу келишет, силер бир жолу эригиче, эркектер жарабай калышы да мүмкүн" деди. Экөөбүз ошол жерден таарыныша кеттик. Эмне, нарындыктар суук жакта жашаса эле тоң болушабы?"

Татынакай бир келин врачка көрүнгөнү келет. Алтымыштын нанын жеп калган кыйды врач тиги келинди аржак-бержагынан сыйпалап кирет.
- Эй, байке, эмне кылып атасыз?
- Сезеби, жокпу деп текшерип атам, келинчек…
- Мениби?
- Кайдан… өзүмдү.
???
Мас келин эркек үчүн оңой олжо, бирок оор жүк…
???
- Жүгүрүп баратып аялды зордуктаса болобу?
- Болбойт!
- Эмне үчүн?
- Этегин көтөрүп чуркаган катынга ыштанын шыпыра калып чуркаган эркек эч убакта жетпейт!..

Айжанат, Нарын




  Саргарган сагынычтар

Оттуу түндүн чабыты
Салкынай шашып баратты. Канча ай, канча күндөн бери бүгүнкү сүйлөшүүнү, чакырууну эңсеп күткөн. Күздүн чыкыроон күнү ага мелмилдеген жай көрүнүп, эчтеке бололекте эле денеси алоолоп, ысык да чыкты. Бирок анын сагынычы, сүйүүсү болгону бир гана түнгө созулат. Ошо түндү тосуу үчүн ал телефондон сүйгөнү айткан мейманканага келатты. Мейманкана борбордун так ортосунда жайгашкан. Экөө анда-санда жолугуп жүрчү мейманкананын люкс номурунун терезесин кээде көчөдөн өтүп баратып көргөндө шыпшынып койчу.
Салкынай учуп-күйүп күткөн сүйгөнү үч-төрт айда бир жолу Алматыдан келет. Экөө мейманканада эки же бир күн болушуп, телефондорду өчүрүп, сыртка чыкпай, жалаң лаззатка мас болушат. Таксиден шаша-буша түшкөн келин кароолдорду көзгө илбей, мейманканага чуркап кирди. Фойе төрүндө акырын басып келаткан орто бойлуу, чачын эми ак аралай баштаган чымыр адам жагымдуу жылмайып, анын алдынан тосо чыкты. Кыз ага жакындаганда ал нары жакта турган администраторго колу менен белги берип, тигини түз эле лифтке киргизди. Демин басып токтоло түшкөн келин тиги бирдеме десе жарылып кетчүдөй араң турду. Шашып атып кофтасынын көкүрөк бүчүсү чечилип калганын да байкабады. Агала чач киши анын көкүрөгүнөн жыттап, кофтасын чечип салды… Экөө эң үстүңкү кабатка чыкканда коридордо эч ким жок эле. Колдор бошобой, бири-бирине чырмалышып жатып, карточка менен ачыла турган эшикти да араң ачышты. Босогодо турган экөө бирөө келип ажыратып кетчүдөй өтө сугалактык менен бири-бирин аймалашып, кийимдерин чечип жатышты. Энеден туума жылаңач болгон соң, төшөккө эмес, жууна турган жерге киришти. Булардын махабат оюну дайыма ушинтип баштала турган…
Келин катуу мочалканы нарыдан бери самындап, эркектин артын жышып, кадимкидей жуунта баштады. Суу алдында турган эркекке анын жышканы аябай жагат. Келин эми эркектин алдына өтүп, өйдөтөн ылдый назик сылап, өзгөчө анын эркек мүчөсүн эркелетип, массаж да жасап, жууп атып, аны кантип күткөнүн, экөөнүн кантип кошулганын элестеткенинен бери айтып берет. Эркек эми келинди тургузуп алып, анын денесин жыпар жыт самын менен жууй баштайт. Жууп аткан ар бир мүчөсүн өпкүлөп, ал да кантип сагынганын, кантип киргенин элестетип уктай албай калганын, анын таттуу, шириндигин шыбырайт. Келиндин аппак, толмоч денесин аймалап бүткөн соң, анын оң бутун мойнуна арта салып, ажайып дүйнөнү көздөй арыш таштайт… Эркек абдан тажрыйбалуу болгондуктан, өзүн колго алып, артта калган келиндин кумары өзүнүкүнө теңелгиче ишин жайлата турат. Тигинин аппак денеси солкулдап, кое берсе да түшпөй турчу абалга жеткенде, экөө тең бир учурда кумардын назик да, ачуу да чыңырыгы менен бирге бүтүшөт…
Андан кийин кайра сууда ойной башташат. Коюуланган көздөр ордуна келип, денелер таза жуулган соң гана экөө төркү бөлмөгө өтүшөт. Капкара түстөгү шейшептүү төшөк үстүнө отурушуп, үстөл үстүндө куюлуп даяр турган бокалдагы ичимдиктен татып, анан жай сөзгө өтүшөт.
Салкынай буга чейин үч жыл жашаган күйөөсү менен ажырашкан, бир үйдө өзү жалгыз турган бой келин эле. Өткөн жылы бир курбусу менен Алматыга барып, Эрик менен таанышып келген. Эрик да экинчи аялы менен ажырашкан, бирок балдары жок, орто бизнесмен эле. Салкынайга адегенде көп көңүл бурбаганы менен, анын толмоч келген денесинен келген ысык нерседен денеси дүрт эткен. Ошондон бери ушу жыйырма бештеги жаш келиндин алоосуна арбалып келет. Салкынай да эркектен өзгөчө бир жигердүүлүктү байкап, аны тартып турган эмне экенин билбей, эркекке имерилип калды. Чогуу болгон алгачкы түнү эле эркек "сен таза экенсиң" деп келиндин колунан бутунун учуна чейин өпкүлөп, "экөөбүздүн темпераментибиз бирдей экен" деп таңаткыча аны уктаткан эмес… Ошондон бери Алматы менен Бишкек ортосундагы жүрүштөр токтобой келет. Эркектин колу бошобогондуктан, көрүшүүлөр да башынан эле сейрек. Ал Бишкекке келген сайын Салкынайга толтура белек-бечкектен тышкары, мелт-калт болуп турган сүйүүсүн да ала келет. "Экөөбүз дагы бир жылча жолугуп туралы, андан кийин жалгыз эжем бар, ошого тааныштырам" деп жүрөт.
Салкынай төшөктөн акырын туруп Эриктин алдына келип, анын жүзүн өзүнө буруп, өпкүлөй баштады… Эрик өйдө болуп, келинди так көтөрүп төшөккө жаткызды. Анын көздөрүнөн каалоонун учкундарын көрдү. Демейки адатына салбай, ал оодарылып, келиндин астында калды… Келиндин титиреген көкүрөгүнөн өпкүлөп, колу менен анын жүзүн өзүнө каратты да, "мага уул төрөп берчи" деп шыбырады. Ушундан соң оодарылып, келин анын алдына келди. Келиндин тумсак, назик этине кирген сом "темирден" эки дене бирдей солкулдай баштады… Эрик келиндин жүзүнөн эчтеке койбой аймалап, кулагынан тиштегилеп, биринчи жолу эч ким айтпаган сөздөр менен эркелете баштады. Анын сөздөрүнөн көзү тумандай түшкөн келин да болушунча жалынып, өзүн арнап жатты…
Эрик эртеси Салкынайдын чачынан сылап, "сенден жакшы кабар күтөм" деди. Ошондон бир ай өткөндөн кийин Салкынай доктурга көрүнгөнү барды. Анда да жакшы үмүт, жакшы тилек бар эле. Себеби, ал мурдагы күйөөсү менен жашап жүргөндө боюнда болуп, кокустуктан улам баласы боюнан түшүп калган. Салкынайдын ичин аппаратта көргөн доктур "бир айлык боюңда бар" деди. Салкынай сүйүнгөнүнөн доктурду өөп, кийимин чала кийип сыртка чыкты. Ээнирек жерге барып Эрикке телефон чалды. Биртоп назданып отуруп, аны кел деп чакырды. Эрик келсе боюнда бар экенин ага кантип сүйүнчүлөрүн, экөө дагы лаззатка батышарын, үйлөнүү тою болорун элестетип, үйүнө баратты…

ГҮЛБАРЧЫН, Бишкек