"Агым", 05.12.08 - 24-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Айымдар айдыңында

Швециядан соңку сөз
же башпаанек алган Байсалов
Жакында өлкөбүздөгү саясый партиялардын айым мүчөлөрү ПРООН программасынын алкагында Швеция мамлекетиндеги партиялык система, андагы аялдардын орду, ошондой эле аталган өлкөнүн бул жааттагы тажрыйбасы менен таанышып кайтты. Сапардан кийин аталган өлкө коомундагы айымдар орду жана ролуна суктанып кайткандардын бири - "Арнамыс" партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү Бөдөш МАМЫРОВА менен баарлаштык. Айтмакчы, Бөдөш айым учурда Швецияда өмүр сүрүп аткан мекендешибиз Эдил БАЙСАЛОВ менен болгон жолугушуусунан да кеп салып берди.

- Мындай программанын алкагында адегенде парламентарий, андан соң, мамлекеттик кызматтагы айымдар барып келишкен экен. Швеция учурда гендердик теңчилик көрсөткүчү боюнча Норвегия, Филиппинден кийинки үчүнчү орунда турат. Сапарыбыз абдан кызыктуу, салмактуу болду. Көптөгөн жолугушуулар өттү. Саясый тарыхын таанып, тажрыйбасы менен тааныштык, пикир алыштык. Швеция парламенттик мамлекет. Азыркы мезгилде бийлик консерваторлор партиясынын колунда. Өкмөтү коалициялык, төрт партиянын альянсынан куралган. Айрым партияларда айымдар саны 70 пайызга чейин чыгат.
- Мындай көрсөткүчкө алар кандай жетишкенине кызыктыңыздарбы?
- Баарынан мурун эле ушул нерсени билгенге ашыктык. Ар бир партияда ички квота катуу тартипте, атургай, айрымдарынын уставында партиялык тизмени айым жетектесин деген да жоболор камтылган экен. Мамлекеттик кызматтарга кабыл алууда да аялдар шериктештиги күчтүү. Кайсы партия, кайсы жер, кайсы уюм деп териштирбестен, кесиптик чеберчилиги гана башкы көрсөткүч болуп каралат. Швециялык айымдардын айтымында, мындай деңгээлге деле оңой-олтоң жетишкен эмес, 70 жыл бою күрөшүшкөн. 1993-жылы парламент спикери аял киши болгон экен. Ал эми учурда өкмөттүн 57 пайызын айымдар түзөт. Ошондой эле борбор калаанын четиндеги ири гувернияны да аял киши жетектейт. Гендердик теңчилик индексин баалоо боюнча чоң камсыздоо компаниясы иш алпарып, аны да айым башкарат экен. Ал эми бардык ишкана-мекемелер ошол гендердик теңчилик индексинин жогору болушу үчүн бүт аракетин кылышат. Айтмакчы, азыркы королдун мураскери мурда эркек бала гана болуп келсе, жакындагы мыйзам өзгөртүүлөр менен Карл XVI тактысы Магдолина Карлага өтөт.
- Күчтүү, популярдуу партиялары кайсылар экен?
- Социал-демократтар жана жашылдар партияларын аташты.
- Сиздердин катарыңыздардан биздеги "Жашылдар" партиясынын бир өкүлү Швецияда калып калганынан кабардарбыз…
- Алгач, биз анын ал жакта каларын деле билген эмеспиз. Кетерге аз калганда белгилүү болду. Адегенде, намыстандык. Бирок, ал себебин түшүндүргөн соң, анын чечимин туура кабылдоого аракет кылдык. Себеби, ал да жыргаганынан туулган жерин таштап, ошондой кадамга барып аткан жери жок. "Репортер" гезитиндеги бир макаласы үчүн белгисиз бир жигиттердин кысымына кабылып, өз үйүнөн ошол жигиттер чачынан сүйрөп сабап кордошкон экен.
- Ал жакта жашап калуу процедурасынын жолу оңой бекен?
- Жок, көп текшерүүлөр жүрүп, узактыгы жарым жылга дейре созулушу мүмкүн. Эгер текшерүүдө башпаанек сураган адамдын айткандары далилденбей калса, жол каражаты каржыланып, өз өлкөсүнө депортацияланат.
- Мындан башка биз тараптан жагымсыз окуялар болуп кеткен жокпу?
- Намыс деген бар. Атургай, программага байланыштуу биздеги айрым фактыларды аларга ачык айтуудан да намыстанып, жашырып коюп аттык. Болгону биздеги башкаруучу партиядан барган айым Швециядагы эң коррупциялашкан мекемени сурап, анан алардын жообун тыңдаганда бир аз оңтойсуздандык.
- Партиялардын ишине мамлекет тарабынан кандай камкордуктар түзүлгөн?
- Мамлекеттин дал ошол камкордугунун мыктылыгынан улам партиялардын иши абдан өнүккөн. Жолуккан партия өкүлдөрүнөн биринчи сураганыбыз эле көңүлүбүздү эзген каржылоо маселеси болду. Аларда парламенттеги ордуна жараша мамлекет тарабынан субсидия бөлүнүп, экинчиден, мүчөлүк төлөмдөрдөн чогулат деп жооп кылып атышты. Шайлоо убагында 5 пайыздык барьерди жеңген партиялардын баарына шайлоого кеткен чыгымды мамлекет төлөп берет. Бюллетенге партия атынан чыккан тизме бүт камтылат, анткени, ар бир партия өзү бюллетень чыгарат. Биздегидей "жасалма бюллетень" операциясы менен баш оорутмай жок. Себеби, мыйзамды сыйлашат, ашыкча чыгарылганы ар партиянын өздөрүнө эле чыгым. Бул жерден өз жарабызды өзүбүз чукубайлы деп унчукпадык.
- Бюллетень демекчи, дал ушунун айынан Эдил Байсалов Швецияда эмеспи. Чогуу түшкөн сүрөттөрүңүздү көрүп турам. Кандайча кезиктиңер?
- Биз катышкан программанын координатору кете жаздап калганда үйүнө меймандады. Бизге кошо Эдилди да чакырган экен. Жубайы экөө кызын көтөрүп келишти. Атын сурап, колума алсам, мурунтан жуурулушуп, чогуу жүргөндөй мойнума асылып эркелеп, жанымдан чыккан жок. "Эдил, кызың мен менен кетет окшоп калды, алып кетейин. Силер болсо, жакшы орношуп алыпсыңар" деп тамашаласам, ал да: "Бала болсо да сезип атат окшойт сиздин кыргыз экениңизди. Күндө эки эле кыргыз менен олтурчу элем, көп кыргыз кайдан келип калды деп таңгалып атса керек" деп билдирбейт. Үч-төрт университетке резюме жиберип, баарына өтүп, бирок, өзү бирин тандап алыптыр. Эки жыл билим алмак болуптур. Келинчеги ири компанияда экономист-менеджер болуп иштеп, эки бөлмөлүү квартирада турушат. Кызы Акылай балабакчага барат, швед тилин үйрөнөт экен. Үйдөн атасы ага кыргызча жомок окуп берем дейт.
- А эгер ал жакшы жайланышып алган болсо, биротоло калып калбайт бекен?
- Аны мен да сурадым. "Кантип калам? Чемоданымда отурам. Кызым Акылай кандай сиздин мойнуңузга асылса, мен да ошондой Кыргызстандан көзүм учуп турган чагы. Өзүм алыста болгонум менен ал жакта болгон бардык окуядан кабар алып турам. Баарына салам айта баргыла. Мени жактагандарды да, талкуулап айыптагандарды да туура түшүнөм" деди.

Маектешкен
Айнагүл САПАРБЕК кызы




  Аял укугу - жалпы адам укугу

Башкы социалдык маселе - үйбүлөдөгү зомбулук
Өлкөбүздө адам укуктарын коргоо боюнча ар тараптуу иштер жүргүзүлүп келет. Бирок көптөгөн башка өлкөлөрдөгүдөй эле Кыргызстанда жыныс боюнча дискриминация жана зомбулук орунга ээ. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ар бир аялзаты социалдык статусуна, улутуна, материалдык абалына жана билим деңгээлине карабастан, зордук-зомбулук курманы болуу коркунучу бар. Сексуалдык зомбулуктан жабыркагандар туугандарынан, жакындарынан уялып, жардамга кайрылбай келишет. Жумуш учурунда кызматы жогору эркектер жыныстык катнашка мажбурланган аялдар жумушун, аны менен тиричилик үчүн тапкан акча каражатын жоготуу коркунучунан эч кимге билдирбеши мүмкүн.
Аялдарга зомбулук көрсөтүү бизде менталитет өзгөчөлүгү катары кабыл алынып, көнүмүш нерседей. Бул - үйбүлөдөгү психологиялык жана физикалык зомбулук. Бизде күйөөсү көзүн көгөртүп, жумушка чыкпай калган аялга эч ким таң-галбайт. Психологиялык жана материалдык көзкарандуулуктан аялдар көп учурда укугу тебеленсе да, жүрөгү ачышып, көзү көгөрүп турса да, аны маңдайга жазган тагдырдай кабыл алышат. Айласы кеткен шордуу кайда бармакчы. Балдарын күкүктөй таштап кетпейт да. Эгер баласы же өзү мүмкүнчүлүгү чектелген болсочу?..
Мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар ассоциациясынын президенти Мусаева Асипа элет жеринде ушундай аялдардын турмушу өтө начар экенин билдирди.
- Алардын басымдуу көпчүлүгү жакыр жашагандар. Тиричилиги толугу менен туугандарынан көзкаранды. Өзүнө кам көралбаган аялдар айылдарда кай жерден жардам суроону билбей, денеси тирүүлөй чирип баштаганга чейин жеткен абалдарга туш болдук. Ал эми алсыз, мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар жакындарынан күнүгө уруш жеген учурлар сан жеткис. Биздин ассоциация өлкөнүн бардык жерлерин кыдырып, аларга жардам берип келебиз. Башкы маселе - кай жерден жардам алуу тууралуу маалыматтын жетишсиздигинде. Эларалык уюмдардын колдоосу менен китепчелерди чыгарып турабыз. Биздин коом ушу маселени толугу менен түшүнө электей. Кордук көрүп, майып коляскасында отуруп калган аял сотко кайрылганда, ага ишенишпей, арызын көпкө карабаган учур да болду. Жубайы жабыркап, майып болуп коляскага отуруп калганда, экинчи аял алып жашагандардын саны андан көп. Биз бул маселенин үстүнөн да иштеп жатабыз.
Үрөйдү учурган окуялар биздин коомдо, биздин учурубузда көп кездешет. Зомбулук курманы болуу коркунучу бар аялдар арасынан карылар өзүнчө топ. "Карылар үчүн ресурс борборунун" маалыматтары боюнча зомбулук көргөндөрдүн 10%ы гана жардамга кайрылат. Бул көрсөткүч биздин коомдо үйбүлөдөгү чырлар эч качан сыртка чыкпай, туугандар арасында чечилип келгенин билдирет. Өз балдарынан кордук көргөнүн элге айтканды намыс көрүшөт эмеспи.
Кары аялдар көргөн зордук тизмеси тилекке каршы узун болуп чыкты. Кыянаттык кылуу, кол көтөрүп ургандан тартып, тамак, медициналык жардам бербей, коркутуп, урушуп, жалаа жабуу, акчасын уурдоо, мүлкүн тартып алууга чейин бар экени иликтенген. Абалды кайра курчутуп же өч алуудан коркуп, аялдар унчукпай шор тартып жашай беришет. Уулу же кызы карылар үйүнө берип таштайт деген коркунуч да бар. Карылардын ден соолугу тез начарлайт. Алар агрессиядан качып кутулуу жолдорун же зомбулукту болтурбоо үчүн туура чечим кабыл алууга бардык жактан алсыз келишет. Анткени зомбулук көрсөткөн адам менен жабыркаган аял сүйлөшүп, мамиле кармаган жалгыз адам болуп чыгат…
Аял укугу - жалпы адам укугу. Аялдарга зомбулук көрсөтүүгө каршы16 күндүк кампания учурунда коомчулуктун көңүлүн ушул курч маселеге буруп, зомбулук көргөндөргө реабилитация иретинде жардам көрсөтүү боюнча Кыргызстандын бардык аймактарында түркүн иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул макала да ошол максат менен, адам укугу ыйык экенин дагы бир жолу эсиңиздерге салуу үчүн жарыяланды.

Нуржан АЛЫМКАНОВА