mainkaptal
Пользовательский поиск
  Гүлчамбар

Дагы бир залкардан айрылдык!
Быйыл кыргыз топуракты көп салды, өңчөй залкар инсандарына. Кара жер дале тоер эместей… Алардын жамандык зыйнатына чогулгандардын кимиси болбосун "деги ушул жыл эртерек өтүп кеткей эле…" деп ордунан тегеренип, үшкүрүнгөнүн угасың. Атпай-журттун жанар тоодой асылдары: Ч.Айтматов, А.Жумакматов, Д.Садырбаев, А.Сарлыкбеков, А.Айталиевдин соңунан минтип Тукабызды да жерге бердик. Жасат-уркунан жалаң өнөрү бийик бул ысымдар кыргыздын не деген доору, не деген тарыхы?! Деги кыргыздын башына быйылкыдай аза күтөр оор жыл келди беле? Бишкектеги авиакатастрофа, Алай зилзаласынан канча улутташыбыз топурак жастанганы аз келгенсип, улуттун сыймыгы деген асылдардын жаны учуп кетти. Эсил кайран залкарлардын топурагы торко болсун! Башка не…
Ашыкебизди (Айталиев) жерге берип аткандагы узатар кебин айтып, наристедей мукактанган Тукабыздын жаак эттери шалбырап, өңү кебездей кубарып турганын көргөнделе ичим сыйрыла түшкөн. Өмүр бою үзөңгүлөш келген Ашыкесинен айрылган кургур үйүнөн акыркы дем-күчүн жыйнап, топурак салганы келгендегиси - аны жетимсиретип тургансыган. Тукабыз ошонделе Ашыке жатар кабырдын ичин тиктеп, бир мелтиреп алган. Бир ууч топурак салып, чекеге басып, этегин кагып аткан устатыбызды "Айтыш" фонддун балдары курчап, көздөрүндө жаш каканактап турган эле. Ошол каканактаган ыйыбызды кечөө төгүп, бозоруп кала бердик. Ашыке менен Туканын мектеби болгон "Айтыш" фонддун төрүнө эми ким отурса жарашат? Алардын ордун ким басар? Уламалуу оозеки чыгармачылык өнөрдүн өмүрүн ушул эки апыз кайра тайтайлап тургузуп, уютку уланып калган кез эле. Экөө тең тектүү карыды. Ооздорунан нускалуу кеп куюлуп төрүбүздө отурганда, босогобузду аттаган ышкыбоздорду сүр басып турганын экөө тең илгиртпей баамдачу. "Бизден сүрдүксөң, элдин алдында кантип ырдайсың?" дешип, түз эле салттуу айтыштын тарыхынан кеп баштап, "баланча деле эки ооз сөздү араң кураштырып жүрүп, актаңдай болуп кеткен" деп шыктандырган үчүн канча төкмө ырчынын төбөсүн элге таанытышты.
Экөө тең тектүү карыды дегеним: азыркы чыккан төкмө ырчынын баары "Тууганбай ата", "Ашыраалы ата" дегенинен жазбады. Бирөөнүн оозунан "Тууганбай аке" же "Ашыраалы байке" дегенин укпайсың. Эмнеге? Себеби, артынан келаткан жаштарга экөө тең аталык камкордук көргөн нарк-нускалуу карыялар эле. Ушуга бир эле мисал, 93-94-жылдары журналисттик тапшырма менен Т.Абдиевге кезигишүүгө туура келди. "Журналисттерге айта турган дартым бар" - деп баштады кебин. "Филармониядагы ишимден бошоп калдым. Атаңдын оозун урайындыкы, өзүмдүн тагдырым менен бирөөгө кайрылган жан эмес элем. Менин күйгөнүм: Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Шекербек Адылов деген жаш балдарды Амангелди Керимбаев деген гендеректирибиз филармониядан айдап чыгып салды. Чоңдор менен ошонүчүн согушуп атам. Э кокуй, төкмө акын дегениң сырттандын тукумундай болуп, чыкса аз чыгат экен. Ошолорду филармонияга жумушка албаган филармониянын эмнеси филармония? Эми ал балдар кайда барып иштейт? Мейли, жанагы жыртайган Амантай дегенибиз ичсе ичип коет экен. Талант дегениң өйдө-ылдый кемчиликсиз болобу?" деп кейип алды. Ошондон кийин чын эле Тукабыз шакирттери менен бирге филармония босогосунан киралбай калган. Заман алтек-телтек болуп, Саргашка биртопко чейин дайынсыз кетти. А Элмирбек менен Шекербек иши да, жатагы да жок көчөдө калганына кайышкан Тукабыз эки шакиртин бирдей төрүнө киргизип алганы дайын. Аларды жөн эле төрүнө киргизип албай, кийинтип да, ичинтип да жүрдү. Элмирбекти өз колу менен үйлөнтүп, өкүл атасы болуп калганы ошондон. Жогоруда азыркы төкмө ырчыларга Ашыке экөөнүн кантип "ата" болуп калганынын дагы бир себеби, "Айтыш" фонду негизделет деген кабарды уккан Ашыке менен Тука үйлөрүндө уктабай калган. Күндө келип, Садык Шер-Ниязга бата берип, алкап жүрүп, төкмө акындар мектебинин коломтосун жандырып кеткени үчүн экөө бирдей ардактуу "атага" айланышты. Демек, ким артындагы жаштарга тоодой таяныч болуп турса, ата болор инсанат ошол тура. Бул эки залкардын нарк-нускалуу карылыгы - азыркы чоң үйүр болуп чыккан төкмөлөрдү таптап, баптап, элдин сынагына койду. Мына, үзүлгөндү улаган кудурет-күч ушул эки асылдын боюна уюса керек. Кыргызда азыр куштун кош канатындай жазма адабият менен катар оозеки адабияттын кайрадан ооматы келип, кайрадан жаңы өмүрүн сүрүп калышына ушул эки залкардын тоодой эмгеги сиңди.
Бул экөө өмүр бою чыгармачылык сапарда үзөңгү кагыш келип, о дүйнөгө да үзөңгү кагыш удаа-удаа кете берди. Экөөнө тең "Аларча" көрүстөнүнүн бир чарчы жеринен жанаша кабыр казылып, жанаша коюлду. Эгер куранда айтылган о дүйнө бейиши бар экени чын болсо, анделе бул эки залкар ал жакта жөн жатпайт. Колдоруна комуз алат да, саламдашуу, алым-сабак, табышмак айтыштарын баштайт. Баштаганда да экөө бирдей жаагын жанган төкмө эмеспи, "Аларча" көрүстөнүндө жаткандын баарын күлдүрүп жатып, бейишке чыгарат. Анан өздөрүнө кантип төрдөн орун тийбесин. Тийгенде да азыркы бизде тартыш болуп жаткан кадимки электр жарыгы бар бейиштин төрүндө саламдашуу айтышын бүтүп-бүталбай атышса керек…

Олжобай ШАКИР




  Жети нотаң ордундабы?

Балбай АЛАГУШЕВ:
"Карамолдо менен Ыбырай унутулду"
Белгилүү музыка изилдөөчү Балбай Алагушев менен искусствонун азыркы абалы жөнүндө маектештик.
- Балбай ага, акыркы кезде эстраданын өсүп баратканын көрүп атабыз. Классикалык музыка менен фольклор кандай абалда?
- Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери салттуу музыка өспөй эле эстен чыгып калды. Акыркы кезде "Эл ичи өнөр кенчи" деген сынак өттү. Андан бери да баш-аягы жок сынактар өткөнсүдү. Азыр болсо эч нерсе дайынсыз. Эгер ушинтип кете берсе, элдик салттуу музыкадан да тилден айрылган сыяктуу айрылабыз. Бүгүнкү жаштардын "Бекбекей", "Шырылдаң" эмне экени, Карамолдо, Ыбырай, Шекербек, Атай деген кимдер экени жөнүндө түшүнүктөрү жок. Мурда мектептерде "Музыка" деген окуу китеби бар эле. Ал он сегиз жылдан бери чыкпай калды.
- Анда азыр мектептерде музыка сабагы кантип өтүлөт?
- Билбейм эмне өтүлөрүн. Ошо окуу китебинин автору катары И.Болжуровага да кайрылдым, жооп да алдым. Азыркы эстрадада улуттук колорит такыр жок. Элдик музыканын казынасын түзгөн адамдарды эскерүү унуткарылды. Калыстык үчүн айтып коеюн, Осмонкулдун 120 жылдыгын Марат Жумагулов деген шыйрагы үзүлгүчө чуркап жүрүп, чүйлүктөр аны республикалык деңгээлде өткөрттү. Калык Акиевдин келини мыкты экен, акындын 125 жылдыгын өткөрүү боюнча өкмөттөн чечим чыгартып, Акиев атындагы көчөгө эстелигин койдуруп атат. Осмонкулдун эстелигин да борбордогу Тоголок Молдо атындагы паркка койгону жатышат. Эми Ыбырай Тумановго 120 жыл, Карамолдо Орозовго 125 жыл болуп атат, бирок көлдүктөрдүн намысы жокпу, булар жөнүндө эч ким унчуга элек. Ушу кантип адилеттүү болсун. К.Орозов менен М.Күрөңкеев экөө 1935-жылы биринчи жолу "Эл артисти" деген наамды алышкан. Ушундай кишилерди эскербегенибиз, алардын музыкалык мурасын элге кеңири тарата албаганыбыз итчилик да. Карамолдодой, Ыбырайдай комузчулар эми чыкпайт. Ушулардын китебин чыгаруу жөнүндө алар туулуп өскөн райондун акимдерине чейин бардым. Ыбырай менен Карамолдону жөлөп чуркаган адамдары болбосо эле аларды унутуп калышыбыз керекпи? Дегеле улуттук деңгээлде ушундай адамдарды даңктабасак, биздин эмнебиз улут? Же алардын мааракелери жакындарына эле керекпи? Ушинтип элдик музыканын башында тургандарды унуткарып, жок кылып аткандыктан, "Түгөлбай Сыдыкбеков комузчу" деген жаштар чыгып атат. Маданият жана маалымат министрлигинин аты бар, заты жок. "Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт" дегенди унутуп атабыз.
- Айта берсе арман көп деңиз. Бир кезде искусство музейи жөнүндө сөз болуп, андан ары тымып калды да…
- Мен ушу боюнча президентке кайрылуу жаздым. Сүрөтчүлөр музейлерин каалагандай жасап алышты. Искусство музейи 1940-жылы эле болуш керек эле. Согуш тоскоол болуп, андан бери салынганы сүрөт музейи болду. Тургунбай Садыков Акаевдин колтугунда жүрүп, сүрөт академиясын ачып алды. Бизде жазуучулар, акындар, композиторлор, артисттердин намыс-ары жок эл болот экен. Мына Манасты кыйын айткан Саякбай дейбиз. Саякбайдын музейи кайда? Дагы жакшы, таластыктар "Манас ордону" жакшынакай шаарча кылып коюшту.
- Бирок көп эле эстрада ырчылары эларалык деңгээлге чыккандай, атыбызды тааныткандай болуп атпайбы.
- Эми бардык жерде ушундай оору бар. Өскөндөрү өсө берсин, бирок ошолордун деле улуттук колоритине, сөздүн, музыканын маанисине эмес, батышты туураганын баалап атышпайбы. Биздин жаштарда кыргыз деген патриоттук сезим өчүп баратат, батышты туурап атып. Казактардын, өзбектердин эстрадасын карагыла, улуттук колориттин деми уруп турат. Түштүктө ошон үчүн өзбектердин музыкасын көп угуп атышат да. Биздики болсо батыштан, орустардан уурдалган обондор, элдик ырларды ырдашса да бузуп ырдашууда. Кыргызбыз деген менен баарыбызда тең эле патриоттук сезим жок экен. Бүгүн эстрадачыларга менин көңүлүм толбойт, алар болгону жандүйнөнү талкалап атат. Мисалы, "Күйдүм чокту", "Ак кептерди" эстрадага салып ырдоонун кандай зарылдыгы бар эле? Ал эмес санат ырларды, Арстанбектин ырларын эстрадага салып атышпайбы. Эстрадага түшө турган, түшпөй турган ырлар болорун азыркылар түшүнбөйт экен. Жакшы-жаманын ылгаган көркөм кеңеш деген жок. Азыр бардыгын акча чечип калбадыбы. Кимдин акчасы болсо эле эфирге чыга берчү болду.
- Бу жаатта Маданият, маалымат министрлиги эчтеке кылган жокпу?
- Ал аты бар, заты жок министрлик болду. Маселен, композиторлордун бир да чыгармасын кабыл албайт. Чыгармасы кабыл алынбаса, аткарылбаса, композиторлор да жоголуп баратат. Музыкалык мектептерде, искусство институтунда, консерваторияда кыргыз музыкасынын тарыхын окуткан китептер жок. Репертуар, уга турган музыка жөнүндө сөз да кылбай койсок болот. Министрлик ушундай маселелерди көтөрбөй отурганына таңгалам. Эң кызыгы, наам бергендери да шумдук, экономисттер "искусствого эмгек сиңирген ишмер" наамын алышса, комузчу, скрипач да "искусствого эмгек сиңирген ишмер" боло баштады. Э айланайын, ал "эмгек сиңирген артист" болушу керек да. Ушулардын айырмасын билбегендерди эмне дейбиз?..

Аскер САКЫБАЕВА