mainkaptal

Пользовательский поиск

"Агым-пресс" билдирет:

Кумарчы ажы "кун" доолады

Мурдагы Акыйкатчы, азыркы ортозаар оппозиционер Турсунбай Бакир уулу глобалдык каржы кризисинин азабын тартып аткандай. Анын бир далили катары кабарчыбыздын кол телефонуна маяк таштаганын айтсак жарашат. Не кылар экен деп звандабай койдук. Уялдыбы, айтор, кайра өзү чалды. Сөз арасында эл өкүлү Кабай Карабековдон карызын өндүрө албай жүргөнүн айтып түгөтө албаганынан, гезитибиздин өткөн санында жарыяланган "неудобный суроону" эсине салдык (анда Турсунбай ажы Кабай мырзадан 200 миңден ашык акчаны бильярд ойноп утуп алганын, ошонусун доолап жүргөнүн жазганбыз). "ЭрКтин" лидери: "Түй, ата! Аны дагы изилдеп таба койдуңарбы…" деп сотогойун өчүрүп койду. Демек…

Министр Марат Мамбетов депутат айымга ашык болдубу?

Эл өкүлү Арзыбек Бурканов министрлерди баш, кесиптештерин төш кылып чакырып, "Дасмия" ресторанында атасына куран окутту. Саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетов негедир Дамира Ниязалиеванын жанынан чыкпай, аябай "ухаживать" этти. Министрдин депутат айымдын алдында чарк көпөлөк айланганынын себебин түшүнбөй, көпчүлүктүн башы маң. Саламаттыкты сактоо министрлигине акыркы 10 жылда гумжардам катары келген дары-дармектерди текшерүү демилгесин Д.Ниязалиева сессияда көтөрүп чыккан. Мунусун, Марат Авалович "косягын" сезип, Дамира айымдын алдынан өткөндөгү кербези деп түшүнөбүзбү? Же…

Мультик-пультик сериалы уланат

Оппозициянын тыңчыкмалары Өмүрбек Текебаев, Аликбек Жекшенкулов, Эркинбек Алымбеков, Кубатбек Байболов жана "Ачык саясат" гезитинин башредактору Бабырбек Жээнбеков Курман айттын эртеси океандын ары жагына сапар алышат. Ысымдарынын аягы "бектен" бүткөн берендерибиз АКШнын Карнеги борборуна чакырылып, мамдепартаменттин конгрессинде жолугушууларды өткөрүп, Колумбия университетинде дарс окушмакчы. Ал жакта билим алып, эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин ал-акыбалы менен жакындан таанышууну да унутка калтырышкан жок. Оппозиция лидерлери Москвага барып келгенден кийин 5-канал сонун мультик жарыялаган эле. 13 күндүк сапардан кайткан саясатчыларыбызды кандай "сүйрүприз" күтүп турат болду экен.

Бакыт Сыдыков ажого жалдырады дейби?

Германиядан дарыланып кайткан ажону алгачкылардан болуп көргөн "Манас" аэропортунун президенти Бакыт Сыдыков чөгөлөп эле: "Өзүңүз бирдеме деп койбосоңуз болбой калды. Эсеп палатасы кайра-кайра текшере берип, жанымды сууруп алмай болду" маанисинде ыйлап жиберген имиш. Да-а…

Текебаев териккенде

Гезитибиздин өткөн санында курултай жөнүндө жарыяланган макалага Ө.Текебаевдин жанжөкөрлөрү так секире: "Шефибиз антип айткан эмес" деп, маалымат каражаттарына оңду-солду интервью берип жиберишти. Адвокаттын ролун аткарып. Эсибизге жара чыкпаса, "Атамекендин" лидери А.Акаевди казак экенин 1995-жылы өткөн Манастын тоюнан кийин, парламентте президенттин мөөнөтүн узартуу боюнча маселе каралып жатканда айтып, чо-оң "ачылыш" жасаган. Ал эми "ит болду, эшек, рекет, хулиган" деген сөздөрүн да жалган десеңер, өз абийирлерине койдук. Артынан "үн" чыгарган кыз уялып калыштын ордуна минтип беттырмарлык кылып атыр.

Болсоң Дербишевадай бол

Англис, орус жана кыргыз тилинде түш жооруган "акжолчу" депутат Гүлнара Дербишева алты баланын энеси. Үйбүлө түйшүгүнөн сырткары, Баткендин кары-картаңдарына (2000ге чукул) ай сайын пенсия берип, ал үчүн акчаны Даниянын фонддорунан табат. Чоң бизнес жасабай, ашыкча дүнүйө чогултпай, азыркынын Жаңыл Мырзаларынын бири аталып жүргөнү ошондон.

"Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз"

Көрдүк, Чүйдүн экс-губернатору Тургунбек Кулмурзаевди. Көптөн бери коңулда жатып, түшүнөн чочуган немедей 29-ноябрда өтчү курултайга 500 атчанды айдактап келем кыязында чамынган эле. Элдик курултайда Т.Кулмурзаевдин карааны көрүнгөнү менен, убада кылган 500 атчандын дүбүртү да угулган жок. Бул, Тургунбек мырзанын …ышкырыгы таш жарганы, Мотуевчесинен күпүлдөгөндөн башка колунан пок келбесинин далили эмеспи, ыя?




меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика