"Агым", 05.12.08 - 16-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  ТВ-маек

"Ала-Тоо плюс" - чиновниктердин чыныгы жүзүн ачат

Кыргыз мамлекетибиздин үнү жана жүзү, кыргыз элинин күзгүсү болгон Кыргыз телевидениесине элүү жыл толду. Жарым кылым аралыгында канчалаган теледолбоорлор ишке ашып, канчалаган программалар көрсөтүлүп келатат. Бүгүн биз сөз кыла турган "Ала-Тоо плюс" көрсөтүүсү телевидениенин эң кенже, же жаш программасы деп айтса болот. Себеби, "Ала-Тоо плюс" көрсөтүүсү былтыр, 2007-жылдын 14-ноябрында биринчи жолу эфирге чыккан. Ала-Тоо маалыматтык программасына жалаң жаңылык, маалыматтар кетсе, "Ала-Тоо плюста" ошол күндүн, негизги жаңылыгы, актуалдуу темасы кеңири берилет. Бул редакцияда үч алып баруучу, үч режиссер, эки корреспондент, бир менеджер болуп тогуз кызматкер эмгектенишет. Күнүгө жарым саат кыргызча, жарым саат орусча түз эфирде көрсөтүлөт. Бул түз эфирге министрден баштап, карапайым адамга чейин чыгып, коомдо болуп аткан актуалдуу теманы чагылдыра алышат. Эфир учурунда карапайым калк республикабыздын ар бир регионунан телефон чалып, кайсы көйгөйлүү маселе козголуп атса, аны менен түз байланышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эфирге чыкканына бир жыл болсо да оперативдүү жагынан эл оозуна алынып, актуалдуу көйгөйлөрдү чагылдырган редакциянын чакан коллективи менен баарлашып, берген суроолорума жооп алдым.
- "Ала-Тоо плюстун" чакыруусунан коноктор баш тарткан учурлар болобу? Анткени баары эле түз эфирден такылдап жооп бере албаса керек. Же башка себеп болуп калат дегендей...
Т.Валиева: - Андай учурлар болуп калат. Кээ бири жүйөөлүү себептер менен келалбай калса, кээси орун басарларын жиберишет. Бул жерге келген чиновниктер эл үчүн эмне иш жасап атканын телекөрүүчүлөргө айтып бериш керек. Анын үйбүлөсү, же жеке көйгөйлөрү бизди кызыктырбайт. Эгерде ал чиновник эл алдына эмне иш жасаганын айтып бере албаса, анда ал ошол отурган креслосуна татыктуубу? Түз эфирден иштеген ишин элге айтып берүүдөн чочулап, же келгиси келбеген чиновникке колдончу чаралар бар. Бирок, түз эфирге чыга тургандар өз убагында келүүгө аракет кылышат.
- Келебиз деп коюп, эң акыркы минуталарда откез бергендер же таптакыр келбей койгондор болсо, мындай кырдаалдан кантип чыгасыздар?
- Мисалы, 30-октябрда ЖКнын бир депутаты чакырылып, макулдашылган. Эфирге бир саат калганда анын жардамчылары бизге телефон чалып, депутаттын пландаштырылбаган иши чыгып келалбай калды деп кабарлашты. Эфирден күткөн көрүүчүлөрүбүзгө "Келе турган депутат сиздер менен жолугушууну эмес, пландаштырылбаган ишине кетүүнү туура көрүп, келалбай калыптыр" деп айттык. Бир жолу министр келем деп убада берип, жүйөөлүү себептен улам кечигип, кармалып атты. Биз телекөрүүчүлөргө аны келбей калды деп же келет деп айталбай отурдук. Негизги тема дүйнөлүк каржы кризистин Кыргызстанга тийгизген таасири, бүгүнкү күндө баалардын өсүшү жөнүндө болмок. Алып баруучу каржы кризиси жөнүндө үстүртөн сүйлөп отурганы менен андан ары тереңдетип сүйлөө мүмкүн эмес экенин билип, чыдамы кете баштаганда министр өзү келип, эфир күндөгүдөй уланып кетти. Мисалы, адабий тема болсо узакка сүйлөй берсе болот, ал эми экономика боюнча өзүң адис болбогондон кийин аны тереңдетип сүйлөө мүмкүн эмес. Бир жолу эфирге жол коопсуздугунун эрежелери тууралуу МАИчилер келебиз деп коюшуп, күттүрүп келбей коюшкан. Ошондо телекөрүүчүлөр бизге телефон чалышып, МАИчилерди бир сыйра тилдеп чыгышты. Эфирге келе турган коноктор телекөрүүчүлөрдү күттүрүп, кечигип же келбей коюшу анын жоопкерчиликсиздигин аныктайт.
- Телекөрүүчүлөрдөн сиздерди да, эфирге келген конокторду да ыңгайсыз абалга калтырган суроолор түшөбү?
Г.Медералиева: - Түз эфирге чыккан коноктор кандай суроо болбосун баарына даяр болушу керек. Көрүүчүлөрдүн кескин, орой берген суроолорун көтөрө билиши абзел. Мындай кырдаалдан кээ бир министрлер жакшы жооп берип, жылуу сүйлөп чыгып кетишет. А кээде чычалап, кызаңдаган учурлар да болгон. Түз эфир бүткөндөн кийин бизге ызасын, нааразычылыгын билдиргендер кездешет. Бир жолу коомчулукка белгилүү айымды түз эфирге чыгарсак, бирөө телефон чалып, сиздин иниңиз бала-чакасын бакпай ичип, качып жүрөт деп темадан тышкары суроо берип, алып баруучуну да, конокту да ыңгайсыз абалга калтырды. Ошол жерден алып баруучу мындай суроолор темадан тышкары болгондуктан кабыл алынбасын айткан эле. Адамдын көңүлү гүл эмеспи, бирок, коногубуз эфир бүткүчө эч сыр билгизбей суроолорго жакшы жооп берип отурду. Чиновниктерди түз эфирге чакырган кезде алар мага бул суроону, же тигил суроону берсеңер деп алдынала суранышат. Бирок, телекөрүүчүлөр алар ойлогондой эмес, иштеген ишине сын-пикирлерин, өздөрүнө тиешелүү кемчиликтерин айтып чалышат. Мындай суроолорду көпчүлүк чиновниктер түз кабыл алып, силер атайын даярдап, уюштурдуңар деген капачылыктар болот. Биз түз эфирде келген коноктор менен чогуу отуруп, мындай учурда стрессти алардан кем албайбыз.
- Эл деген эл эмеспи, түз эфирден чиновникти, же министрди жаман сөздөр менен сөгүп, же урушкандар болсо керек...
А.Султангазиева: - Өзгөчө шайлоо бүткөндө ага нааразычылыктарын билгизип, сөгүп жибере жаздагандар болгон. Көрүүчүлөр бере турган суроолор цензураланып, текшерилбейт. Ошондуктан алардан баардык суроону күтсө болот. Өткөндө бир министрге да ыңгайсыз суроолор берилип, ал элге канааттандыраарлык жооп бере албаганын бизден көрүп, эфир бүткөндө кекетип, эмне үчүн ушундай суроолорго жол бересиңер деп жаман көрдү.
- Эфирге келгендердин элдин кыжырын келтире турган жооптору болуп калат эмеспи, мындай учурда эмне кыласыздар?
- Мындай учурда келген конокко сиздин жообуңузга канааттанган жокпуз, телекөрүүчүлөрдүн кыжырын келтирип атасыз, бул боюнча сиз эмне айтасыз деп, башка суроолорду берип, жакшы жооп алганга аракеттенебиз. Бирок, чакырылган конок түз эфир аркылуу өзүнүн деңгээлин коомчулуктун алдында көрсөтүп коет.
- Журналисттик кесип чынында оор жана жооптуу. Бирок, ошого карабай бир топ кесиптештер ар кандай кысымга, коркутууларга кабылып жүрөт. Сиздер мындай абалга тушуккан жоксуздарбы?
Т.Валиева:- Мисалы, актуалдуу маселелерди көтөрүп чыкканда көрүүчүлөр тараптан чиновниктерге түздөн-түз сын-пикир айтылат. Мындай учурда алар атайы бизди куугунтуктап атат деп жетекчилерге арызданып, кат жазып, чара колдонгула деп кайрылгандар болот. Бирок, ошол эле мезгилде жетекчилик биз менен пикир алышып, маектешкенден кийин, бул күндүн нугунда дайыма эле берилип жүрчү суроо экендигин билишип, түшүнүүгө аракеттенишет. Мисалы, өткөндө эле интернет аркылуу бир министрликтеги туура эмес иштерди чагылдырган, каршы пикирлерди алып, ошол министр айымга телефон чалсак, ал эч нерсе бололекте эле эгерде менин дарегиме сөз тийе турган болсо, силерди сотко берем деп коркутуп кирди. Ал эми интернетте алар тууралуу көп пикирлер бар болчу.
- Көрсөтүү дайыма көйгөй маселе козгогон, кызыктуу, олуттуу суроолорду алып чыгат. Балким сиздер күткөн суроону көрүүчүлөр сурап, издегениңерди тапкандай болсо керек?
А.Султангазиева: - Талаштан тактык жаралган кызыктуу эфир болуп калса өзүбүз да сүйүнүп калабыз. Азыр элдин турмушу оор. Тамак-аш кымбаттап, электр энергиясы өчүрүлгөнүн айтып, нааразы болгон эл туура суроо беришсе биз деле ушул көйгөйдү ырас эле козгоду деп ыраазы болобуз. Себеби, эл көрүп аткан кыйын турмушту биз деле башыбыздан өткөрүп атабыз. Эфир бүткөнчө баардык ички дүйнөбүз, ой-сезимдерибиз ошол жакта болуп калат. Күйүнө турган тема болсо чогуу күйүнөбүз, сүйүнө турган болсо чогуу сүйүнөбүз.
- Эфирге жогору жактагы чиновниктерден бөлөк да карапайым адамдар келип катышат эмеспи, көпчүлүктүн назарын өзүнө бурган, аянычтуу тагдыр менен кайрылгандар болду беле?
Г.Медералиева: - Өткөндө балдардын укугун коргоо конвенциясын кабыл алган күнү майып балдарды чакырдык. Биздин эфирге Гүлбарчын деген эки буту баспаган майып кыз келген. Ал ушунчалык зээндүү, өзү ыр жазып, обон чыгарып, ырдаган таланттуу кыз экен. Ушул кызды карап отуруп, жүрөгүбүз ооруду. Гүлбарчын үйүндө сабак алып, кол өнөрчүлүктү да жакшы өздөштүрүптүр. Анын башка курдаштары сыяктуу эле мектепке барып сабак окугусу келген кыялын айтты. Гүлбарчын келгенде телекөрүүчүлөрдүн арасынан бир мугалим телефон чалып, мен ушул кызга орус тилинен бекер сабак берет элем деп дарегин сурап калды. Көрүүчүлөрдүн кайдыгер болбой, ошол кызга жардамын сунуштаганына ыраазы болдук.
- Отуз мүнөттүк эфир учурунда айтыла турган сөздөр бүтпөй калса, коноктун сөзүн тезирээк токтотууга кантип аракет кыласыңар?
- Кээ бирде көрсөтүүгө келген конок адегенде теманы анча ачалбай атса, андан кийин бүтөөргө жакын абдан ачылып, сүйлөп сөзүн түгөтө албай калат. Ал эми журналист болсо өзүнүн максатына жетип, бериле турган суроолордун баардыгын берип калсам деп жандалбастаса бери жактан режиссерлор убакыт бүттү, токтоткула деп кыйкырышат. Коомчулукка таанылган адамдар көпчүлүк жерде элди башкарып, кыйын болуп жүргөн болсо, түз эфирге келгенде кээ бири кекечтенип, же толкунданып жооп бералбай калышат.
- Редакцияда жалаң айымдар иштейт экен, эмне үчүн мырзалар кызматка келишпейт, же?..
Т.Валиева: - Бизге келген мырзалардын көпчүлүгү иш ордуларынан көтөрүлүп кетишет. Мисалы, бизде иштеген Рахат Сулайманов продюсер болуп кетти. Нурдин Мотуев болсо "Ала-Тоо" маалымат программасынын жумалык көрсөтүүсүн алып барат. Биздин редакциядан жакшы чыгып келаткан мырзаларды башка жакка алып кетишет. Түз эфирди даярдап, күнүгө алып чыгуу үчүн чоң жоопкерчилик талап кылынат.

Даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА