"Агым", 28.11.08 - 5-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 Хайл, Сайракан!


Сая-саалы
Боордоштор боорун жектегенде
Казакстандын миграциялык полициясы Астанада иштеп жаткан кыргызстандыктардын паспортторун тартып алып, миграциялык карточкасына өлкөдөн чыгып кет деген мөөрүн басып, куугунтуктап жатканын ал жактагы мекендештерибиз заркакшап айтышууда. Алар муну менен эле чектелбей, текшерүүнү күн сайын жүргүзүшүп, айрым кыргыздарды 2-3 күнгө камап койгон фактылар да арбын.
Муну дүйнөлүк кризистин себеби катары түшүнсөк болот. Бирок казак боордошторубуз дароо эле кыргыздын кулагынан сүйрөбөй, белгилүү бир убакыт берип, ошого чейин чыгып кеткиле десе туура болмок. Ал эми биздин Казакстандагы кыргыз элчилиги өз жарандарынын укугун коргоого алсыз болуп туру.

Облус орунбасарынын ормон опузасы
Баткен облусунун жарандары Темирова Азада менен Сарабакова Иззат 970 миң өзбек сумун алып октябрь айында Өзбекстандын Окчу бажыканасында колго түшкөн эле. Муну Алтыарык сотунун төрагасы Зафаржан Омонов карап жаткан. Ошол учурда Азада Темированын тууганы же Баткен облусунун губернаторунун орунбасары Таштемир Эшалиев Алтыарык сотун "Акчаны кайтарып бербесең, Сох-Кокон жолун жаап таштайм" деп коркуткан. Өзбек соту кыргыздын облустук деңгээлдеги чоңун уруп-ойноп, опузасын тоотот дейсиңби, дароо эле тиги эки шордуунун 970 миң сумун конфискациялоо боюнча өкүм чыгарып, кайра 175 миң сум айып да салган. Эскерте кетсек, өзбектин 1345 суму 1 долларга тете.

Калппы, чынбы?
Жоголгон ЖК депутаты Руслан Шабатоевди Нурлан Жумашев аттуу жигиттин Бишкекте көргөнү жөнүндө белгилүү болду. Нурлан 26-ноябрда борбордогу Горький көчөсүндө машинеде кетип баратып, "Мерседес - 600" маркасындагы машинеден Руслан Шабатоевди көргөн. Шабатоев машинеде жалгыз болуп, машиненин алдыңкы жана каптал терезелери күңүрттөлбөгөн. Нурландын Шабатоевди жакшы таануусуна анын 2005-2007-жылдары "Аякс" кароол агенттигинде иштегени, депутаттын аякка тез-тез келгени себеп. Ошондой эле Нурлан Жумашев Кубат Кыдыралиевдин жеке айдоочусу да болуп иштеген. Кыдыралиевге Шабатоев да келип турчу. Милийса кызматкерлери Нурлан айткан машинени издөөгө киришти. Табылып калгай эле.

Аралашты да калды
"ЭрК" партиясынын жетекчиси Турсунбай Бакир менен жалгыз "саяк" Нурлан Мотуев түштүктү кыдырып, эл менен жолугуп келишти. Алар "Кыргызстан мусулмандар союзунун" атынан дават кылышып, элди ыймандуулукка үндөп жүрүштү. Жолугушуулар аягында 16-декабрда боло турган каршылык көрсөтүү акциялары башталып, күн сайын бир аймакта саат 11ден 14кө чейин жыйындар өтөрүн айтып келишкен. Бишкектеги жыйынтыктоочу жыйын 24-декабрда өтүп, ага президент, премьер-министр да чакырылган.




Крим-аалы
Кызганычтан аялын өлтүргөн
24-ноябрда кечки саат алтылар чамасында Бишкек шаарынын тургуну, 32 жаштагы А.В.Зыкованы өзү жашаган үйүнөн кимдир-бирөө муунтуп өлтүргөндүгү аныкталган. Ошол эле күнү кечинде кошунасы 35 жаштагы В.Кривокобыльский оор абалында ооруканага жеткирилген. Анын денесинде бычактын сайылган тактары бар эле. Арадан көп өтпөй 33 жаштагы Д.Покалов изкубарлардын торуна түштү. Көрсө, аялы А.В.Зыкованы В.Кривокобыльскийден кызганып ортодон чыр чыккан. Кызганычтын айынан аялын муунтуп өлтүрүп, В.Кривокобыльскийди бычак менен бир нече жолу сайган. Учурда тергөө иштери жүрүп атат.

Качкын айдоочу кармалды
Үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрында түнкү саат бирлер чамасында Бишкек шаарынын Ала-Тоо жаңы конушундагы Көк-Кыял көчөсүнөн "Фольксваген-Гольф" автомашинасы жолдун боюнда турган карагайды сүзгөн. Кырсыктан улам машинадагы жүргүнчү, 22 жаштагы Н.Бекмамбетов көз жумуп, айдоочу из жашырып, качып кеткен. 24-ноябрда качып жүргөн 42 жаштагы айдоочу А.Мырзабеков кармалып, сурак берип отурган кези.

Алкымы чоң, паракор доктур
Ош шаарынын жашоочусу Х.Д. №1 төрөтканадан көз жарган наристесинин төрөлгөндүгү тууралуу справка алайын десе, врач андан 1400 сом сураган. ИИМдин аймак аралык коррупцияга каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан паракор врач кабинетинен 1400 сомду алып аткан жерден кармалды.

Түнкү каракчылар
Бишкек шаарынын Кара-Жыгач жаңы конушунун жашоочусу М.Костанбеков 25-ноябрда кечки саат он бирлер чамасында кавказ улутундагы эки жигит бычак менен коркутуп кол телефонун, "Мерседес-Бенц" автомашинасынын автомагнитоласын тоноп кетишкендиги тууралуу милиция бөлүмүнө арыз жазган. Эртеси күнү эле Ф.Асранкулов менен Н.Федорович колго түшүп, актанып отурушат.

Уюшкан топтун кылмышы ачылды
25-ноябрда түнкү саат он бирлер чамасында Бишкек шаарынын Некрасов-Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинен М.Райымбердиевди коркутуп, күч колдонуп 30 миң сомун тоноп алган кылмышкерлер тобу кармалышты. Алар А.Токтонов, М.Шероев, А.Калмазаровдор болуп чыкты. Учурда алардын үстүнөн тергөө иштер каралып, мурдагы кылмыштарынын бети ачыла башталды.




И- тагдаалы
Айтылган башка, иш башка
ПРООН кызматкерлери Ош шаардык мэрия кызматкерлери менен жолугушту. Анда гендер маселеси боюнча сөз болуп, төмөнкүдөй фактылар айтылды. Ар бир үчүнчү үй-бүлөнүн никеси катталган эмес, никесиз төрөлгөн балдар көбөйүүдө. Аялдардын да, балдардын да укуктары ушинтип бузулганы аз келгенсип, кыз алакачмай күчөдү. Мисалы, Оштун бир мектебинин бүтүрүүчү классында окуган 7 кызды бир учурда алакачуу болгон. Эркек мугалимдер аз болгондуктан, балдарга эркектин тарбиясы да жетишпейт. Мындай фактылар көп эле айтылат, бирок азайган учур боло элек.

Арзан ун дейби?
Айыл чарба корпорациясы түзүлсүн деп президент айткандан бери бир топ убакыт өттү. Ушуга чейин жылыш жок эле, бирок жакында бул корпорация түзүлүп, атургай "Агро" деп аталган биринчи продуктусун чыгарып да салды. "Агро" маркасындагы сапаты жакшы, баасы арзан ундар эми акырындап төрт тарапка жөнөтүлө баштады.

50гө чыктыбы?
Алик Акималиев аттуу "эрке бала" эркелеп атып элүүгө чыгып коюптур. 5-декабрь күнү туулуп - өскөн жери Токтогулда "Ханда жок байлык Манассия" аттуу бир томдук поэтикалык китебинин бетачарын өткөрөт. Бардык поэзия сүйүүчүлөрү үчүн 5-декабрда Токтогул райакимиятынын эшиги ачык.

Баракелде, Сарулу!
Жакында болуп өткөн экинчи Ысык-Көл кинофестивалында баш байгени алган "Песнь южных морей" аттуу тасма, 9-эларалык Рим кинофестивалында дароо эки сыйлыкка татыды. Айтмакчы, тасма Казакстандын атынан катышканы менен, режиссеру Марат Сарулу биздин мекендешибиз. Римде анын тасмасы көрүүчүлөрдүн жана NETPAC уюмунун сыйлыгына арзыган. Аталган уюм бул тасманы Европанын прокатына айлантат. Кыргыз-түрк университетин бүтүргөн жаш режиссерлор Наргиза Маматкулова менен Акжол Бекболотовдун тасмалары да Римде көрсөтүлдү.

Берсеңер бергиле, бирок көзөмөл болсун
Панфилов паркы жеке колго өтөөрү дайын болду. Шаардын вице-мэри Элмира Иманалиеванын айтымында, паркты жакшыртуу үчүн абдан көп акча керек. Казнада андай акча жок, жеке адам пайда табаарына көзү жетмейин эч нерсе жасабайт. Мэрия да инвестордун шартына макул болуп, жарым жылга чейин аренда акысын албай турууну чечти. Бирок андан аркы Панфилов паркынын аренда акысы жылына 1 млн.958 сомду түзмөкчү. Шаар бийлиги ушу айтканын аткаралабы, жокпу, көрө жатабыз.

"Сат эле сат" уланууда
Маммүлк комитети 2008-2012-жылдар үчүн менчиктештирүү программасын кабыл алды. Ага ылайык 250 мамлекеттик ишкана менчикке өтөт. Канча ишкана менчикке кетти деп санагандан көрө, кайсынысы кетелек деп санаган оңой окшойт. Турсун Турдумамбетов мамлекеттик ишканалардан арылганга эле уста экен. Жок дегенде буга чейинки берилгендеринен эл, мамлекет эмне пайда көрдү, аны айтпайт.
Сат эле сат, бер эле бер болуп атып акыры өлкө бир күнү канат куйругу кесилип таптакыр мунжу болуп калбаса болду.