"Агым", 28.11.08 - 3-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Капчыгыңа карап кардың сыла!

Той-топур ооздукталса,
Кыргызстан тышкы карызынан кутулабы?

Кайсы бир заманда жер шарын араанын ачкан ачкачылык каптаган экен. Кулдураган кара курсактын айынан элдин көбү дүйнө кезип тентип кетишет. Ошентип, бир нече мамлекетти басып өтүшүптүр. Баарында эле баягы эле "өлбө жаным, өлбө" жашоо картинасы. Аргасы түгөнгөн адамдар кайра артка кайталы дегени менен, үзүлбөгөн курган үмүт алардын сапарын андан ары улантат. Жараткандын боору оорудубу, айтор, бир өлкөгө келишсе дасторкон дүйүм тамакка толуп, арак-шарап суудай агып, дүңгүрөгөн чоң той өтүп атат дейт. Бардыгынын тең көңүлү айттагыдай, капалуу адамды кездештирбейсиң. Беркилер карап турмакпы, элге аралашып, кара курсакты ойда кампайтышат. Анан гана: "Бизде адамдар ачкачылыктан кырылып атышса, силерде жашоо бейиш го, эмнеге?" деп сурашса, той ээси мындай жообун узатыптыр: "Бизде бүгүн майрам, уулумду үйлөнтүп атам. Андыктан, болгон дүнүйөбүздү чачышыбыз керек. Намыс деген бар…"
Анын сыңарындай, учурда дүйнөнү экономикалык кризис каптаганы маалым. Башкасын айтпай эле коелу, андан АКШ, Кытай, Россия өңдүү улуу державалар запкы тартып аткан чагы. Көпчүлүгүндө ири компаниялар банкротко учурап, миллиондогон адамдар жумушсуз калышты. Эгерде ошол өнүккөн өлкөнүн тургундары бизге келчү болсо, ооздору Ошту карары турган иш. Кыргызстандын өтө кедей өлкө экенине эгерим ишенбейт. Не дегенде, күз келгени аш-тойлордон башыбыз чыкпайт.
Жакында Экономика саясаты институту иликтөө жүргүзүп, жылына жакшылык менен жамандыкка кеткен чыгым өлкөнүн тышкы карызынан да көп экенин аныктаган (тышкы карыздын көлөмү 2 млрд. доллар). Мындан улам, кыргыздар уул үйлөп, кыз узатканда, өлүм-житимге, дүңгүрөтүп аш өткөргөнгө канча акча сарптарын изилдеп көрдүк.

Келин келди, жар-жар, ай!
Адатта уулун үйлөгөн ата-эне, жакындары ушинтип сүйүнүшөт. Бирок ошол сүйүнүчтүн аркасында кендирди кескен "чыгымбай" турат, азуусун көрсөтүп. Байыртадан эле ата-бабаларыбыз тогуздап (төө баштаган малдын тогуз түрү) калың берип, баласын турмуш жолуна аттантышкан. Эми мындай жөрөлгө башка нукка түшкөн кези. Келин алган бүлөнүн мойнунда калыңды долларбай менен берип, сүт акысынан кутулуу жана эң башкысы үйлөнүү үлпөтүн өткөрүү турат. Анда эмесе, башына баш кошулган тарап сарптаган чыгымды эсептеп көрөлү:
- калыңдын орточо баасы: 1000-1500 доллар (мындан да көп бергендер бар);
- сүт акыга бир бодо берилет. Ал 18-20 миң сомдун башын жейт;
- кандай гана ата-эне болбосун, уулунун үйлөнүү үлпөтү жогорку деңгээлде өтүүсүн каалайт эмеспи. Ал үчүн биринчи кезекте той өтчү жайды табышы керек. Алыскы райондордо кафе, ресторандын ижара акысы 15 миң сом турат экен. Ал эми Бишкекте кафелер (орто деңгээлдеги) киши башына 800 сом (анын ичинде салаттын үч түрү, биринчи, экинчи дегени кошо эсептелген) талап кылышат. Үйлөнүү үлпөтү өтчү жайларга болжол менен 300 адам батат. Ошондо 240 000 сом кафенин капчыгын кампайтты дей бериңиз. Мындан сырткары, келген коноктор казы-картага карк тоюп, дасторкондогу таттууну чөнтөгүнө солоп, суудай аккан шараптын "атасын" таанытып, үйүнө "кырк жылкысын" айдап кайтмайын ыраазы болушпайт;
- тойдун көркүн ачкан тамадалар да эки түргө бөлүнөт: элиталык жана жөнөкөй. Элиталык тамадалар Акүй, Көкүй аткаминерлеринин, байлыгы башынан ашкан бизнесмен, төбөсү көрүнгөн адамдардын жакшылыгын алып барышат. Алардын эмгек акысы 1000-2000 доллар. Ал эми жөнөкөйлөрүнүн колуна 100-200 доллар карматып койсоңуз кудуңдаган бойдон жолуна түшөт. Бирок, тамада менен эле иш бүтүп калбайт, меймандардын көңүлүн ачкан ырчы-чоорчулардын болушу шарт. Көктө эмес, жерде жүргөн "жылдыздарыбыз" дагы белгилүү өлчөмдө акы алышат. Жалпы жонунан тамада, ырчы-чоорчуларга 1000 доллар чыгымдалат (үйлөнүү үлпөтүнө чет өлкөнүн белгилүү ырчыларын чакырып, он миңдеген доллар короткон мисалдарды айтпай ак койолу);
- заманга ылайык бактылуу эки жашты ак Лимузинге отургузуп, көчө айлантмай модага айланган. Ага саатына 80-100 доллар ижара акысын төлөшүң керек. Аларды 20-30 машине артынан коштоп жүрөт.
Ошентип, башына баш кошулган бүлө орточо эсеп менен 700-800 миң сом чыгым тартса, айыл жергесинде бул сумма 5-8 миң долларды түзөт. Айрым маалыматтарга караганда, борбор калаабызда эле ай сайын 150-200 жаш үйбүлө расмий каттоодон өтөт экен. Бул сумманы 700-800 миң сомго көбөйтсөк, 140.000000 сомду түзөт. Айына Бишкек шаарындагы үйлөнүү үлпөтүнө кеткен чыгымдын жалпы суммасы ушундай. Бирок, кыз берген бүлө деле чыгашадан куру эмес. Алсак, үйлөнүү үлпөтүнө кийчү кийими, кызды сулуулантмай, бут кийими, кол сумкасына кеткен акча бери дегенде 40 миң сомду түзөт. Калгандарына майдалап токтолуп отурбайлы, алардын баарын жаза берсек кагаз бети түт келбес.
"Кыргыздар өлгөндөр үчүн жашайт"
Кезинде ушинтип айткан эле, ыраматылык Салижан Жигитов. Анын мындай сөзүн көпчүлүгү жактырбай, ичинен ашатканы айтпасак да түшүнүктүү. Мындай караганда а кишинин айткандары деле жөндүү экен. Маселен, бу жарыкчылык менен кош айтышкан көрпенденин сөөк узатуу расмисин өткөрүүбүз парз. Сөз жок, союшка жылкы же бодо мал керек (базарда жылкы 50 миң, уй 18-20 миң сомду чапчыйт). Мындан сырткары, эки-үч жандык малдын курсагын жара тартмайын жаныбыз тынбайт эмеспи. Болжол менен о дүйнөгө сапар алган адамдын урматына союлган малдын наркы эле 40 миң сомду соолутат. Ал эми дасторконго коюлчу таттуу, печенье, жер-жемиш өңдүү нерселерге кеткен майда чыгымдарды кошо эсептегенде 100 миң сомуң "оомийин" болду дей бер. Муну менен эле бүтүп калса не? Эсил кайрандын жетилиги, кыркылыгы, жылдыгы, анан ашын берип, эстелигин орнотушуң керек дегендей. Аларга кеткен чыгымды санай берсең чачың агарат. Айтмакчы, элетте каза тапкан адамга жер алыш оңой болсо, Бишкекте накта көйгөйдү жаратат. Не дегенде, биринчиден, жер тартыш, экинчиден, белгилүү өлчөмдө акча төлөө каралган. Ошондо чын дүйнөгө аттанган адамга жалпы жонунан 10 миң доллар (орточо эсеп менен) сарпталат. Анан аргасыздан "өлгөндүн өз шору" эмей эле, анын артында калган жакындарынын шору шорподой кайнарына ынанасың.

Аш-той өткөрмөй бизнеспи?
Айрым чиновниктерибиз ашты айылда өткөрүп эле тим калбастан, шаарга келип дагы жакын санаалаш, кесиптеш, досторунун курчоосунда улантышат. Көбүнчөсү "Дасмия" ресторанында куран окутушары маалым. Кайсы бир аткаминер (белгилүү себептер менен аты аталган жок) ушундай жол менен 25 миң доллар жыйнаганын укканым бар. Мындай көрүнүш уул үйлөп, кыз узатканда, ушуга окшогон жакшылыктарда дагы кайталанат. Албетте, катышың күчтүү болсо жакшылык-жамандыктын аркасы менен капчыгыңды заматта кампайтып аларың турган иш.

Күндө майрам, күндө той
Сентябрдан бери кыргызга төбөсү көрүнгөн инсандарыбызда "гүлдөйжан" жашоосу башталды. Маселен, коомдук ишмер, "Аалам" гезитинин кожоюну Шамшыбек Медетбеков үч ай ичинде отуздан ашык аш-тойго барганга жетишиптир. Ал эми профессор Сабырбек Жумабековдуку аныкынан азыраак, жыйырмадан эми ашты. Эл өкүлдөрү Ибрагим Жунусов, Асылбек Жээнбеков, "Туран" партиясынын лидери Тайырбек Сарпашев "убактыбыз тар болуп, 7-8 тойго катышканга араң жетиштик" деп кайгы тартып турганы. Маданият жана маалымат министри Султан Раев: "Күз келгени бир дагы жакшылыкка барганым жок" деп кабак бүркөйт...

Кимисинин "крышасы" бат кыйшаят?
Жакшылыкта да, жамандыкта да "бөтөштөрдүн" койкоюп турушу салтка айланып барат. Той-топурда 100 граммдан ченебей шимирип, өзүн-өзү тааныбай калган деңгээлге жеткендер да кездешет. Айрым аткаминерлерибиз ылжып калбаса дагы, жүзү тамылжып, кыз-келиндерди көргөндө колдорун ойдолотуп жиберишет. Алсак, Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров, Туризм агенттигинин жетекчиси Турусбек Мамашов "бөдөнөнүн сүтүнө" өлө "ашык" дешет. Ал эми филармония деректири Керим Турапов "живой" ырдап, тойдун көркүн ачса, депутат Бегалы Наргозуев менен профессор Сабырбек Жумабеков бийдин "атасын" таанытышары маалым. Ошондой эле ЖК төрага орунбасары Чолпон Баекова отуруштарда созолонто ырдап, дене боюн титирете бийлеп коймой жайы бар.
Албетте, бир чети тамаша, бир чети олуттуу айтылган бул теманы жөндөн-жөн козгогон жокпуз. Каржы каатчылыгы күчөгөндө күздөгү той-топурду тизгиндебейлиби, сарамжалдуулукту үйрөнбөйлүбү максатында айтылуу олигарх депутат Аскар Салымбеков атайын Кайрылуу менен чыккан. Башкалар айтса бир жөн, бу киши айтса таңданып да, ойлонуп да калат экенсиң. Чын эле ойлоно турган маселе экен. Ал эми Аскар мырзанын оюн 6-беттен окугула.

Кыска жана нуска саптардан:
- чегара кызматынын начальник орунбасары, генерал А.Жамалов ноябрдын башында уулун үйлөп, "Алтын казына" ресторанында той берди. Бул жакшылык Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын 16 генералы бир үстөлдө даам сызганы менен эсте калды;
- өткөн айдын орто ченинде СССРдин Эл артисти, балет бийчиси Чолпонбек Базарбаевдин уулу Таалай өзүнүн "кара казан окуу жайына" бир кызды кабыл алды. "Дружба" ресторанына чогулган меймандар тойдун заманбап өткөнүн алигиче айтып бүтө албай келишет;
- депутат Рашид Тагаев эр ортону элүүнү багындырып, октябрдын аягында "Алтын казынада" юбилейин белгилеген. Анда парламентарийлер, чиновниктер көп келип, айрымдары "эшек оюн" салып да жиберишиптир.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ