"Агым", 28.11.08 - 29-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Кимбайкеден Куйкумтөр

Кумдагы издер
Ур-р-е-е! Буюрса, өлкөбүз экономикалык кризистен таза кутулмай болду. Өкмөт менен президент экөө канча жылдан бери карагөтөн кармашып кабыл алган программалар өз жемишин бере баштады. "Кызыл кызгалдак" облусуна апийимдин "контракт-банда" деген суукка чыдамдуу, эрте кышта бышкан сортун тигип (ким тиккени тактала элек), ал дүркүрөп өсүп берди. Бул жөнүндө Интернет боюнча бир нече жолу кабарладык. Эми баары кыймылга кирди. Апийим талааларын кары менен кошо күрөп салуу үчүн Дүйнөлүк Банк алгачкы алты жүз миллион долларды көзүнө карабай бөлүп атат. Жазга маал дагы кайталайт. Себеби, ошол маалда орточо түшүмдүү "Анаша жана мамаша" деген көкнардын сорту гүлдөп калган болот. Андан сырткары анаша менен апийимдин кыйыштырылган соңку сортун соолутуш үчүн дагы кайталайбыз дешти банкирлер. Ушунча каражат мамлекетке бекер берилип атат.
Мындан тышкары уулуу заттар көмүлгөн аңгектер бизде мол экенин билесиңер, ошолорду пайдалануу маалы келди. Ошончо аңгекти алкымдап туруу үчүн кошуна өлкөлөрдөн айла жок, акча алып атабыз. Аларды көздөй агызбай токтотуп турган аракетибиздин урматына ай сайын алып атабыз. Ошентип, акча артынан акча түшүп жатыры. Бирок бул да акыркысы эмес, буюрса, мамлекетке туруктуу валюта куюлуп келип туруш үчүн көп чараларды көрүп атабыз. Кечээ кажыбас археологдорубуз, тарыхчыларыбыз, санжырачыларыбыз сенсациялуу ачылыш жасашты! Көрсө, Александр Македонский бизге туристтик маанай менен эс алганы келип, өз акчасына Атомдук электр станциясын жашыруун куруп кеткен экен, ошону, бирөөгө көрказарларыбыз казып таап чыгышты! Көптөн бери каралбай калгандыктан абалы начар дейт. Эгер жарылып кетсе, бүтдүйнөнү бүлгүнгө салып кое тургандай каракүчү бар имиш. Муну да дүйнө жүзүнө кабарладык. Айтпай койду дебегендей болсун дедик. Буюрса, ошол Эки мүйүздүү Зулкарнайн атындагы АЭСти биротоло демин өчүрүп жабуу үчүн оңбогондой каражат бөлүнүп жатат. Четөлкөдөн келип атат. Өзүбүз бир тыйын да чыгарган жокпуз. Ушул эле дейсиңерби, алдыда Улуу колбашчы Чынгызхандын атом бомба жүктөлгөн самолетторун табыш үчүн издөөлөр күнү-түнү жүрүп атат. Автопилот менен өзү учкан бул самолеттор дүйнө үчүн чоң коркунуч. Бир аэродром толтура самолетторду тезирээк табыш үчүн дагыле каражат керек. Көп керек. Дүйнө жүзү, уккула, тезирээк керек! Кечиктире көрбөгүлө!..




Тост-торгой
Бир акылман айткан экен: "Бизди тажаткан кишилерди кеңпейилдик кылып кечирип коебуз. Ал эми бизден тажаган кишилерди керсейип кечиралбайбыз" деп.
Эмесе, шарапты бири-биринен такыр тажабаган чыныгы достор үчүн көтөрүп коелу!
***
Дагы бир акылман минтип айткан экен: "Элсиз эле баарын өзүм бүтүрөм дегендер чоң жаңылышат, ал эми менсиз эч нерсе бүтүрө албайсыңар дегендер андан бетер чоң жаңылышат".
Эмесе, чыныгы достор үчүн, алар аман турганда жаңылбайбыз да мүдүрүлбөйбүз!
***
"Мен кетирген кемчиликти көзгө сайып көрсөткөн киши - устатым; менин ийгилигиме өз ийгилигиндей баа берген киши - досум; мага жагымпоздук кылган киши - душманым" деген экен бир акылман.
Эмесе, жагымпоздордун жайыты тарысын, устатыбыздын акылмандыгы, досторубуздун бекемдиги үчүн!
***
"Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт" дейт кыргыз. Иче турган эчтекеси жок болсо, эки тоо эмнеге көрүшмөк эле...
Эмесе, иче турган, жута турган нерседен жараткан кур кылбасын, тез-тез жолугушуп туралы, достор!
***
Акылман айткан экен: "Кедейдин душманы аз болот, байлардын достору андан бетер аз болот" деп.
Эмесе, эчбир акча менен ченелгис биздин достук үчүн, ур-ре-е!..




Күлкүлүү үй
Коен менен аюу алтын таап алышып талаша кетишет.
Анда аюу айтат:
- Кел, бир-бирибизди тумшукка урушалы. Кимдин тиши көп күбүлсө, ошол куржалак калат.
Коен аний дебейт. Биринчи коен муштайт.
- Канча тишиң ыргыды?
- Бир эки, үч... алты.
Экинчи аюу муштайт.
- Канча?
- Төйт.
- Кандайча төрт? - деп аюу туталанып кетет.
- Меники болгону төйт эле тис болчу, - дептир коен оозу канжаласа да кубанганын жашыралбай.
***
Участковый милиса жаш келиндин квартирасына капыстан кирип келип:
- Кана, тезирээк ыштаныңды шыпыргын! - дептир. Коркуп кеткен келин ыштанын кантип чече салганын билбей калат.
- Ой, кокуй, өзүңдүкүн эмес, тиги балкондо жайылып турган ыштандарыңды айтып атам!
***
Бир асыл тукум букачар көздөрү бакырайган, кирпиктери упузун, сымбат мүчө кунаажынга ашык болуп калат. Басса, жатса, оттосо да эсинен кетпейт. Кунаажын болсо анын сүйүүсүн караманча четке кагат. Ошондо таптакыр ындыны өчүп, дүйнө супсак көрүнгөн бечара бука "ушундай күндү көргөндөн көрө" деп, телефонду көтөрүп, номурун бурайт:
- Алло! Бул эткомбинаты бекен?..
***
Ургаачы чочко шатыратып жылда тууй берип, "тажаганда" спираль койдуруп эрине мактанып көргөзөт.
Каман катуу ачуусу келип:
- Чочко десе арданасың, дура! Спираль койдурдум деп дегеле... Мени токко урунуп өлсүн дегениңби?
***
Эри түндө үйүнө кызуу келет.
Анда катыны:
- Эй келесоо, дагы ичип келдиңби кызарып? - дейт нааразы боло.
- Омей, мен таптаза элемин, блин.
- Эгерде таптаза болсоң, анда мас экениңди билет элең го, шордуу!
***
Эрди-катын сүрөт музейине келишет. Аңгыча эле күйөөсү жанжерине жалбырак жабыштырылган жылаңач аялдын скульптурасын жалдырап карап калат.
Анда аялы:
- Эмнени күтүп атасың? Күздүн келишинби?
***
Бир киши итбазардан ит сатып келип, дарбазасына "Абайлагыла, кабанаак ит бар!" деген жазууну илип коет. Өтүп бараткан тамашакөй бирөө бор менен "тиши жок" деп кошуп коет. Аны окуган кожоюн, "Бирок өлтүрө сорот!" деп улантып жаза салыптыр.
***
- Жутаров катардан он беш кадам астыга чык!
- Жарайт! Бир, эки, үч, төрт ... жолдош лейтенант, дубалга такалып калдым?..
- Андан ары кереги жок! Рота-аа, аткыла!
***
Бирөө эртең менен жумушка көңүлү көтөрүңкү, өзүн бактылуу сезип келет.
Аны көргөн кызматташы:
- Эмне мынча жадырай-сың? - деп сурайт.
- Эртең менен автобустан түшүп келатсам, бир татына кыз мага жылмайып өтүп кетти.
- Ошоголе ушунча сүйүндүңбү, мен сенин кебетеңди биринчи жолу көргөндө, билесиңби, боорум эзилгенче каткырып, өлүп кала жаздагам.
***
Жылдын аягында мээ отчеттук чогулуш өткөрөт.
- Кана, бөйрөк, иштериң кандай, айта бер.
- Кудайга шүгүр, чыпкалоо иштери өз жайында, заараны болсо план боюнча төгүп атабыз.
- А, боор, сеники кандай?
- Арыз-муңубуз жок. Иштин канын чыгара жасап атабыз.
- Та-ак, жакшы-ы, кана кимде кандай суроо бар?
Чоочугансып Чочой ордунан турат:
- Менде суроо бар...
- Ой, сен үнүңдү басчы! - дептир туталанган мээ, - Ушу сен турганда эле мен акылдан адаша баштайм!
***
Грузиндин соту болуп атат. Гоги Жугаудзе деген рэкетти соттоп атышат.
Сот:
- Айыпкер, тур ордуңан! - дейт.
Эңгезердей бирөө ордунан турат.
- Көрөн-шөрөндөрдү сен уурда-дың беле?
- Жо-ок да, йе-е.
- Сен рэкетсиңби?
- Жо-ок, да йе-е.
- Гоги Жугаудзе деген сенсиңби, өзү?
- Жо-ок да, йе-е...
- Анда эмнеге турдуң ордуңан?
- Көчүгүмдү тырмап алыпле, кайра отурам да, йе-е...
***
Эки курбунун маегинен:
- Ушу менен бешинчи жолу күйөөгө чыктым. Бешинчиси дагы тумшукка урчу болду. Себеби эмнеде экенин түк түшүнбөй койдум.
Анда курбусу:
- Балким, кептин баары тумшукта болуп жүрбөсүн? - дейт имиш.
***
- Садагаң кетейиним, - чоң энеси беш жашар небересине жалынып-жалбарып атат дейт, - туулган күнүңө кандай куурчак сатып берейин, айтагой?
- Куурчактан көрө бойго бүтүрбөс дары сатып бериңизчи?! - дейт экен небереси.
- Ок! Эмне дейт ботом, аны эмне кыласың?
- Өзүңүз деле ойлоп көрбөйсүзбү, мага бешинчи куурчактын эмне кереги бар дейм да!..