"Агым", 28.11.08 - 23-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Жаншерик
Дүйнөң сокур, жүрөгүң дүлөй
"Агымдын" кат куржуну адаттагыдай окурман журтунун арзуу каттарына, арман саптарына, бакытка балкыган, эстегенде жүрөк эзген окуя баяндарына, же бирөөгө болгон таарынычына, бугуна, көкүрөктө катылган сырына, көөдөндөгү кайгы-муңуна ачык. Аралык араңарды бөлүп турса да - жандүйнөңөр шерик болсун! Ал эми "Жаншерик" рубрикасы ортоңорго орток болсун.

Дубал…
Муздак дубал. Дүйнөм сымал. Тазалык менен балиттиктин айырмасын билбегендей эле, чындык менен калпка бирдей көңүлкоштук… Сезим демди бууйт, а жүрөктү жалын курчабайт - кан агымы токтогондой, же кан агарып, өңүн жоготкондой… Күлкү жолу да өзгөрүп, эми жүрөктөн эмес, мээден, бет тамырларынын жардамы менен гана жаралат… Жарык менен караңгынын түсү жуурулушуп, адал жана арамдыктын чеги өчүрүлгөн… Дос, кас - баары жашоо түшүнүгүнө ылайык.

Тамчы…
… Тып. Ишенимдин акыркы тамчысы. Көпкө абада калкып, учу артын тартар заматта жерге: сүйүүгө, күтүүгө, сагынычка, адамга, адалдыкка, бакытка, жакшылыкка, ар бир адамдын жеке ырыскысына, Жараткандын улуулугу менен калыстыгына, чындыктын майтарылбастыгына, пешене жазмышына, биримдиктин күчүнө, дүйнө кенендигине - болгон ишеним тамчысы. Эми чөйчөк куру, бош. Ыза жок, боштук гана. Ый жок, кургак гана. Жымжырт. Ал күн мүнөт санап кемиген балалыктын учкул кыялдары, аео тазалыгынын ордуна толгон Адам баласынын күчүнө, ойдун тазалыгына, акыл-эстин бекемдиги аалам мейкиндигине жетерине, сезимдердин тунуктугу жандүйнө агарып, ташты эритет, таалайга, бейпилдикке ынтымак жеткирет деген ишенимдин акыркы айкырык тамчысы болчу. Анын да үнү эч бир жанга угулган жок.

Коркунуч…
Ийиним куушурулуп, жеңилип бара жатам. Алым жок. Кайдыгерлик алдастатып алымды кетирип, дүйнөмө ээлик кылууда. Билем ал - Адамдын руханий майыптыгы. Айланадагы адилетсиздикке, ырайымсыздыкка жүз буруп кутулуп, өзүн Аман болсом деген алдамчылык. Кайдыгерлик намыс, аккөңүлдүк, абийир, сый, биримдик сыяктуу улуу касиеттерди гана эмес, коомду, элди өлтүрөт. Анткен менен, калп жеңип, алдап-алдыга озуп, эки жүздүүлүк намыстын бетин тырмап, карөзгөйлүк абийир шагын сындырганда - дүйнөң сокур, жүрөгүң дүлөй болот экен.

Жазгүл Масалиева




Айназик сандыгынан
Ыраазымын тарттырган азабыңа!
Жүрөсүң дагы бир жандын жүрөгүн уурдай. Калп сезимдерди "жүрөгүңдөн" сызылтып. Бал шилекей агытып. Адегенде ошол жандан сени кызгандым. Анан өзүмө салыштыра аны аябай аядым. Азыр да аяйм. Билем, ал да калат мен сымал. Көз-жашка жуунуп. Ачуу арманын ичте катып. Тымызын ичтен сызып. Жайнаган адамдар арасында жалгызсырап…
Күйүт адамды ар азапка салат экен. Анын катаалдыгын сездиң бекен? Ар амал ойго келип, арманга малат тура. Анын ачуулугун таттың бекен? Балакезден берки таттуу кыялдардан куралган дубал урап түштү. Кылың кыйшайды бекен? Азапка малына, күйүткө салына, арманга бата турган тагдырга өзүң болбосо да, бир жакының туш келер тирүүлүк мыйзамына ылайык. Бул оюңа келди бекен?...
Кудайдын буйругусуз кумурсканын буту сынбайт дешет. Экөөбүздүн кезиккенибизди да ушуга байлайм. Сага жолукпасам, сага ишеним артпасам, арзуу даамын татпайт элем. А балким, азабына да батпай калмактырмын. Сезимдеримди тепсеп кетсең да, сага ЫРААЗЫМЫН! Сен аркылуу жиберилген сыноо үчүн Кудайга ыраазымын!
Айым




Сап куралат, тизилет тамгалардан…
"Сага"
Түшүнбөдүм кайсы менин айыбым.
Айтчы качан жаза бастым, тайыдым.
Бороон уруп, ак сүйүүдөн адаштык.
Толкун алып, махабаттын кайыгын.
Жаш жүрөгүм бөлөк согуп кетелек,
Тагдыр бизге өз өкүмүн жаза элек.
Сезбей жүрсөм кемчиликти өзүмдөн,
Күнөөм бардыр, жашмын али секелек.

"Өмүр жана өлүм"
Ар адамдын алсыратып жүрөгүн,
Келет тура эрте-кечпи бир өлүм.
Кээде сүйгөн эки жашты айрылтып,
Кетет экен чачып кайгы үрөнүн.
"Дүйнөнү эмне сактайт?"
Дүйнөнү эмне сактайт түбөлүккө?
Даңкы алыс даанышман улуулукпу?
А балким, көгүш нурга ажарланган.
Таң бермети шүүдүрүмдөй сулуулукпу?

"Эмне үчүн?"
Эмне үчүн мансапкорлор байлык топтойт,
Эмне үчүн колдо жокту дайым кордойт?
Кошоматка кой союшуп, кээ бир жандар.
Бийликтин басындырган кулдары окшойт.

Насыйкат Искендерова




ЖК вице-спикери Чолпон БАЕКОВАга
Мекенимден бир топ жылдан бери алысмын. Интернетти казып олтуруп, сиздин бир маегиңизди таап алдым. Балалыктан бери апама салыштырып келген жанга сөзүм жетпесе да, ушул катым жетер деген ниет жаралды. Кыргызстандан узаган маалымдагы элесиңизди өзүм менен кошо ала кеткем. Ошондо эле сизди катаал, темир аял дешчү. Бирок, андай кепке ынабайт элем. Себеби, апам да сизге окшогон жан. Айылдын активи катары сыртта катаал, а үйдө андан өткөн мээримдүү жан жок эле. Атургай, мен жактырган кыздар апамды айтып, чочулап сунушумду четке кагышчу. "Кантип коркпойсуңар? Эркелей аласыңарбы?" дегендерди укканда таңданчумун. Көрсө, мыкты аялдын образы ушундай болгону оң тура. Азыр өзүм үйлөнүүнү чечип, келинчек издеп жүрөм. Апама, Сизге окшогонун тапсам, дароо колун сурайм дейм. Табар бекем?..
Нуржигит, Санкт-Петербург шаары

Ырчы Урмат УСЕНОВго
Сиз менен сүйлөшкүм келе берет, бирок, тартынам. Канча ирет сиз катышкан концерттерге барам, кыздар түрткүлөп же тааныштыралы деп сүйрөсө да, сахнанын артына тарткынчыктап атып эле баралбай калам. Жактырамбы же сүйөмбү, билбейм. Бирок, сизди көргөндө, ырыңызды укканда менде бир башкача сезимдер болот. Ар бир жаңы чыккан ырыңызды телефонума жаздырып алам. Альбомумда өзүмдүкүнө караганда сиздин сүрөттөрүңүз көп болуш керек. Апам кээде урушса, кээде мага кошула сиздин ырларды ырдап калат. Ушул жигиттей эле күйөө балалуу кылсаң болду дейт. Билем, баары бир сиз мени карабайсыз…

Керээз, Алатоо ж/к