"Агым", 28.11.08 - 16-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  ТВ-маек

Гүлшан МОЛДОЕВА:
"Телевидениеден кетүү - өзүмө чыккынчылык кылууга барабар"

Кыргыз Улуттук телевидениесинин түптөөчүлөрүнүн бири, отуз жыл бир жерде эмгектенип, чыгармачылыктын ачуу-таттуусуна, ысык-суугуна чыдап келген айчырайлуу дикторлордун бири, жаш курагы билинбей, дайыма жаш көрүнгөн Гүлшан Молдоеванын жакында элүү жылдык мааракеси өтөт. Чыгармачылыгын, элүү жаш торколуу тою менен куттуктап, басып өткөн өмүрү тууралуу маектештик.
- Теледеги отуз жылдык чыгармачылыгыңызга саресеп салып, басып өткөн жолуңузга кылчайып, эмнелерди көраласыз?
- Биз эс тартып калган кезде телевизор жаңы чыккан. Ошондо телевизордогу дикторлорду көрүш биз үчүн чоң майрам эле. Кыргыз телевидениесинин алгачкы дикторлору Роза Рыскелдинова, Маргарита Булатова, Тамара Бакиева, Жолдубай Кайыповду көргөндө үйдүн ичи шаңга толуп, алардан жылуу сезим таркап, көрүүчүлөрдү өзүнө арбап алчу. Ошол кезде кыргыз телевидениеси кечки саат алтыда башталчу. Биз ошол ачылышты чыдамсыздык менен дегдеп күтөөр элек. Аларды көрүп, мен да ушулардай болсом деп кыялданып, бирок, аларга жетиш кайдан деген ой ички дүйнөмдө удургуп жүрөр эле. Кудайга шүгүр, мектепте окуп жүргөндө өздүк көркөм чыгармачылыкка катышып, комузчулар, ооз комузчулар ансамблинде ойноп, ошол кезде эле алып баруучулук милдет менин мойнума жүктөлгөн. Ысык-Көлдөгү Темир айылында эки мектеп бар. Ошол эки мектеп майрам сайын жарышып, ар кандай сынактар болуп, таймашчубуз. Мектепте кандай гана майрам болбосун, мен алып барчумун. Кийин кыз-келиндер институтунда окуй баштаганда чыгармачылыкка аралаша баштадым. Ал кезде тогуз эле жогорку окуу жай бар болчу. Окуу жайлардын арасында да мелдеш, сынактар көп болор эле. Институтта да алып баруучулукту өздөштүрүп, чоң салтанаттарга, фестивалдарга катышып жүрдүм. Андан сырткары, драмкружокко, комузчулар, ооз комузчулар ансамблине катышчумун. Азыр ойлосом ошол кездеги студенттик күндөр абдан кызыктуу өтүптүр. Дагы бир эсимен кетпей калган окуя 1977-жылы болду. Ошол жылы жаңы Конституция кабыл алынып, биздин союздук республикадан көркөм окуу боюнча тандоо болуп, жүздөгөн кыздын ичинен мени, жигиттерден медициналык институттан жаш мугалимди тандашты. Кыргызстандын атынан экөөбүз Москвадагы Съезддер дворецине барып, Леонид Брежневдин алдында республикабызды даңазалап турдук. Бул биз үчүн өтө чоң сыймык болду. Ал эми кыргыз телевидениесине институтта окуп жүргөндө аралашып калдым. Адегенде радиодон "Жаштардын үнү" деген уктурууда иштеп, андан сырткары, теледен жаштарга арналган көрсөтүүнү алып барчумун. Бул 1977-78-жылдар эле. Ошондон бери телевидение менен өмүрүм өтүп келатат.
- Теледе 30 жыл иштептирсиз, башка иштин даамын татып көрсөм болмок экен деп өкүнгөн учурлар болду беле?
- Атымды чыгарган ушул телевидение. Элге телевидение аркылуу көрүнүп, билинип аткандан кийин эч өкүнбөймүн. Эгерде материалдык, финансы жагын биринчи планга кое турган болсом, анда эч жакты карабай эле башка ишке өтүп алат элем. Эгерде байлык-дүнүйө деп башка жолго түшсөм, кудайга шүгүр, аны деле жасап кетмекмин. Себеби, кайда жүрсөм да жолум ачык болуп, мүмкүнчүлүк түзүлүп атты. Бирок, өзүм сүйгөн, экинчи үйүм болгон телевидениени таштап кеткенге дааган жокмун.
- Мурда сизди жаңылыктар программасынан көрчү элек, акыркы мезгилдерде "Арноо концертинен" көрөбүз. Жаңылыктарда канча убакыт иштедиңиз?
- Биз телевидениеде иштеп баштаганда дээрлик көрсөтүүлөрдүн 90 пайызын дикторлор алып барчу. Ал кезде көркөм кеңеш болор эле. Ошол көркөм кеңеш кимди эфирге чыгаруу керек, кимди чыгарбоо керектигин чеччү. Ал кезде аял-эркек эки диктор чыгып, жаңылыктарды алмак-салмак окушчу. Билбейм, ошол учур мага абдан жагат, сагынам. Азыр болсо замандын агымына жараша Бактыбек Мамытов экөөбүз "Арноо концертин" алып барып атабыз. Бактыбек байке экөөбүз башка маалымат программасына деле кетип калсак болмок, бирок көрүүчүлөрдүн суроосу менен "Арноо концертинде" кармалып турабыз десем болот.
- Ушунча убакыт иштеп, телевидениеден эмнени алалдыңыз жана эмнеге жеталбадыңыз?
- Чыгармачылык деген бул өзгөчө нерсе болот экен. Көрүүчүлөр дайыма бизди кайда болсок да кийген кийимибиз, баскан-турганыбыздан бери көзөмөлгө алып турат. Телевидениеде идеал туткан дикторлорубуздан сабак алып, алардын жакшы нерселерине жетишкенге аракет кылчубуз. Бизден кийинки жаштар да ошол деңгээлге жетсе деп тилейм. Телевидениеден бүгүнкү күнгө чейин маданияттын очогу болгон таалим-тарбияны, көп жакшы нерселерди алдым. Эми бир нерсени көксөп, ойлоп, тутуп келгенден кийин, мүмкүн менин өзүмө билинбеген сапаттарымды көрүүчүлөрүм байкап айтышар, мүмкүн ошол сапаттарды алалбай калгандырмын. Ага көрүүчүлөр өздөрү жыйынтык чыгарышат.
- Мындан 20-25 жыл мурунку Гүлшан Молдоева менен азыркы Гүлшан Молдоеванын жаш өзгөчөлүктөрү гана болбосо, сырткы келбетинде эч кандай өзгөрүүлөр байкалбайт. Келбетиңизди сымбаттуу алып жүрүү үчүн кандай каражаттарды колдоносуз?
- Мага бул суроону аялзаты көбүрөөк берет. Аялзаты, кыздар замандын оор шартына байланыштуу өздөрүн таштап койбой, келбетине карап, жок дегенде чачын тарап, бетине кичинекей маска жасап же кийимин үтүктөп кийсе эле бул өзү үчүн камкордук болот. Ушулардын бардыгына кичине эле убакыт бөлүп койсо, кыргыздын кыздары татынакай болуп чыга келет. Ал эми менин өзгөчө деле жашыруун сырым жок. Диетаны кармашым керек, же ушундай болоюн деп аракет деле кылбайм. Илгерки ата-тегимдин түбү аксөөктөр болгон экен. Мүмкүн ошондон калганбы деп ойлойм. Экинчиден, элимди, көрүүчүлөрүмдү сыйлашым керек. Молдоеваны кандай көрүп жүрсө, аны дайыма бир калыпта көрүүсүн каалайм. Эфирдеги адам дайыма өзү үчүн кам көрүш керек. Кээ бир аялзаты норманы сактабай коюп, толуп кетет эмеспи. Жашылча-жемишке көбүрөөк басым жасап, куурулган, камыр тамактардан кичине баш тартса, формасын бир калыпта алып жүрүүгө болот. Үйбүлөдө камыр тамакты кичине чектейбиз. Мүмкүн жолдошум камыр тамакка жакын болсо, анда биз деле ал жеген тамакты жегенге туура келмек. Жолдошум Ленинградда окуп, тарбияланып, ошол жактын таалим-тарбиясын көргөндүктөн, европалык ашкананы көбүрөөк баалайт.
- Үйбүлөңүз тууралуу айтып өтсөңүз?
- Жолдошум Төлөгөнов Табылды Кадырович, Ленинграддагы курулуш институтун бүтүргөн. Техникалык илимдердин кандидаты. Он жыл ошол жакта окуп, иштеп келген интеллигенттүү адам. Илимдин аркасынан жүрүп, экөөбүз кеч үйлөндүк. Мен да ишти биринчи планга койгонгобу, кичине кечирээк турмушка чыктым. Экөөбүздүн ортобузда эки кыз бар. Улуу кызым Чынара, учурда Президенттик башкаруу академиясында 4-курста окуйт. Кичүүсү Айдана, 12 жашта. Бул кызым келечегинен чоң үмүттөрдү берип атат. Музыкага жакын. Аны чоң музыкант кылалы деген оюбуз деле жок болчу, таланты бар экен, өркүндөтүп атат. Кудай буюрса, менин чыгармачылык кечемде чоң симфониялык оркестр менен Моцарттын чыгармасын ойнойт. Апама чоң белек кылам деп даярданып жүрөт. Биртоп эларалык сынактарга катышып келди.
- Эгерде айылда жашоого туура келсе, ал жакка көнүп жашап кеталасызбы? Айылдык аялдардын түйшүгүн тартуу колуңуздан келеби? Мисалы, уй саап, ичеги-карын артып, төшөк каптап…
- Абдан жакшы суроо экен. Көлдө биздин чарбачылыгыбыз бар. Эс алууга чыкканда ошол жакка барып, бала кезде жасаган жумуштарды, оокаттарды жасайм. Айылдык жашоону башыбыздан өткөргөндөн кийин бардык жумуштарды жасоо колумдан келет. Уй саай алам, камыр жууруп нан бышырам, ичеги-карын артам, керек болсо арыкта суу агып атса, огороддогу жашылча-жемиштерди сугарып коюу оор эмес. Короо-жайыңды гүлдөтүп, татынакай жашоого эмне жетсин. Мен ал жумуштардан качпайм. Кара жумушка дайым даярмын. Жүн жууп, сабап, жууркан каптап, шырдак шырыган бизден калган. Айылга барганда жасаган жумуштарымды көрүп таңгалышат. "Биз сизди үй кызматчыларыңызды жумшап коюп, чалкалап эле отурат, ак кол деп элестетчүбүз" дегендер болот. Эркектин жумушун жасоого туура келсе, колумдан келишинче аткарууга мүмкүнчүлүгүм жетет. Эгерде айылда жашоого туура келсе, эч кыйналбай эле жашап кеталам.
- Өткөндө сизди Дордой базарынан көрүп, "Гүлшан Молдоева базар кыдырып жүрөт" деп таңгалгандар болуптур…
- Негизи тамак-аш, кийим-кечек алам деп базарларды кыдырып жүрүүгө убакыт тар. Кээде гана кыздарыма бир нерсе алыш үчүн базарга барып калбасам, көпчүлүк учурда үйүмө жакын жайгашкан дүкөндөрдөн соода кылам. Ал эми өзүмө кийимди Наил Байкүчүков деген тигүүчүгө тиктирем. Айылдагы чарбачылыгыбыздан кышка азык-түлүк даярдап алабыз.

Маектешкен Назгүл КАЛМАМБЕТОВА