"Агым", 28.11.08 - 13-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви


Ах "Гавайи", "Гавайи"...
Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин Бишкектеги №64 мектептин 11-классында окуган кызы бар. Ошо кыз классташтарына бүтүрүү кечесин Токмоктун жанындагы "Гавайи" деген кымбат ресторанда белгилөөнү сунуш кылат. Ал ресторанда отуруу үчүн бир адам 4 миң сом төлөшү керек. Классташтардын арасынан нааразы болгондоруна карабай эки мугалим "Гавайиге" барып, кече өткөрүүнү макулдашып келишкен экен. Сиздерден сураарыбыз ушу жөнүндө жазып, мугалимдерден тактап койсоңуздар ата-энелер ыраазы болоор эле.
Аты-жөнүн айткысы келбеген ата-эне
Биз бул маселени тактоо үчүн борбордогу №64 мектептин тарбия иштери боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы Элмира Өмүрова менен байланыштык.
- Камчыбек Ташиев ата катары болгону транспорт гана бере аларын айткан. А "Гавайи" дегенди ата-энелер өздөрү чогулуп, балдарынын бүтүрүү кечесин ошондо өткөрүүнү өздөрү сунуш кылышкан. Үч класс макул болду, болгону "А" классы гана каршы чыгышты. Беркилер "каршы болсоңор анда башка кафе издейли" дешти, өткөн ишемби күнү. Ташиевдин бул жерге кенедей да тиешеси жок. "Гавайини" такыр башкалар сунуш кылышкан, анан кайра алыс да, кымбат да экен дешти. Мектепке жакын, өзүбүзгө ылайыктуу кафе издейли деп калышкан. Бул ишти ата-энелер өздөрү уюштурушат, биздин ага тиешебиз жок. Бүттү, болгону ушундай гана сөз болгон. Ата-энелер өз балдарына майрам уюштурушат, алардын каражатына биз кийлигишпейбиз. Биздин милдет бүтүрүүчүлөргө аттестат гана тапшыруу.
Кымбаттайт, кымбаттабайт...
Жакында дагы кайрадан жол кире көтөрүлөрү тууралуу сөз жүрүп жатат. Бусиктердин акысы 10 сом, автобус-троллейбустардыкы 6 сом болот дешет. Күйүүчү майлар арзандап атса, жол кире кымбаттаганы кандай? Шаардык кеңештин депутаттары эмнени ойлоп жатышат?
Каныбек Жантелиев, Бишкек шаары
Бул суроого жоопту Бишкектин вице-мэри З.Бекбоев эки күн мурда берди. Ал жаңы жылдан кийин муниципалдык транспорт, б.а. автобус-троллейбустардын жол киреси 1 сомго кымбаттай турганын билдирди. Жол кирени көтөрүү же көтөрбөөгө шааркеңеш депутаттарынын тиешеси бар-жогун билели деп шааркеңеш менен байланыштык. Басма сөз катчысы Чынара Усупбаеванын айтымында, мыйзам боюнча тарифти көтөрүү-көтөрбөө маселесин мэрия гана чечет. Депутаттар болгону бул маселени талкуулай алышат, бирок мэрия алардын макулдугуна муктаж эмес. Мэриянын басма сөз катчысы Оксана Филюк бизге буларды билдирди:
- 1-январдан тарта буга чейин 5 сом болуп келген муниципалдык транспорттун жол киреси 6 сом болот. Ушундай болору мурдатан эле айтылган. Анткени бардык башка нерселер кымбаттап жатпайбы. Бирок жеңилдиктер мурдагыдай эле калтырылат. Бизде жеңилдик алган, башкача айтканда транспортто бекер жүргөн 33 категориядагы адамдар бар. Жол кирени 1 сомго кымбаттатуу себеби да ошо жеңилдик алгандарды колдоо үчүн жасалууда. Бусиктер кымбаттабайт.
Уулума там салсам
Азыр жер алуу, үй салуу абдан кымбаттабадыбы. Жалгыз уулум азыр жетинчи класста окуйт. Өзүбүз Суусамырда турабыз. Төрт түлүк мал колдо кудайга шүгүр эле. Ошо уулума Бишкектен жер алып, там салып коеюн дедим эле. Орто эсеп менен ушуга канча каражат кетет, билип бересиздерби?
Касымбек Айдаралиев, Суусамыр
Бул суроого жалаң үй сатуу менен иштеп келаткан Нурбек Бектурушев жооп берет:
- Сиз Бишкектен жер участогун сатып гана алаласыз. Жер участоктору үч-төрт ай мурдагыга караганда азыр бир топ арзандады. Орточо баа менен 4-6 сотых участокторду 4 миң доллардан 15 миң долларга чейин алсаңыз болот. Албетте, турган жерине карата баалар да ар түрдүү. Курулуш материалдары да азыр абдан кымбат, бирок түрү көп. Ошон үчүн ар ким өз чөнтөгүнө жараша издеген оокатын баары бир табат. Кандай гана курулуш болбосун анын 15-20 пайызы жалаң гана фундамент тургузууга кетет. Эгерде сиз орточо төрт бөлмө үй салам десеңиз, курулуш материалдарынын да орточо баадагыларын алсаңыз, ошол үй баш-аягы 35-40 миң долларга бүтөт.
Газ болор-болбосу эмгиче белгисиз
Жаңы жылдан кийин газдын 1 кубометри 15 сом болот экен, балким газ болбой да калышы мүмкүн деген сөз эл аралап жүрөт. Чын-бышыгын тактап коесуздарбы?
Айнура Айткулуева, Бишкек шаары
Суроого жооп алуу үчүн "Кыргызгаз" акционердик коому менен байланыштык. Аяктан:
- Басмасөздө аз мурда келишимге кол коюлса гана тариф жана башкалар жөнүндө белгилүү болору айтылган. Ошондуктан эчтеке бололекте эле дүрбөлөң салып кереги жок. Өзбекстан менен газ боюнча келишимге кол коюла элек, демек газдын 1 кубометри канчадан болору да белгисиз. Газ болушу да, болбой калышы да мүмкүн. Бизде азыр баары боло берет да.
Ушундай жооптон кийин тиги окурманыбыз эле эмес, биз да дүрбөлөңгө түшүп калдык. Жыл жаңырарына бир айдан аз убакыт калса, газ боюнча келишим эмдигиче жок болсо, анда жаңы жыл түнү газ жок болушу мүмкүн экен да. Эмитеден айтпасак, бул өкмөттүн кыймылдаар түрү байкалбайт.
"Комфорт", "Баткен"
Мал базарын, курулуш материалдарын саткан базарларды шаар сыртына чыгара башташты. Алар эле эмес, жакында Ош базарын, Аламүдүн, Ортосай базарларын да шаар сыртына чыгарат экен дешет. Ушу чынбы?
Осмон Бектенов, Бишкек шаары
Бул суроонун чын-бышыгын билүү үчүн Бишкек шаардык мэриясы менен байланыштык. Мэриянын коомчулук менен байланышуу боюнча жооптуу кызматкери Ирина Козлинская жооп берди:
- Мал базарына мэриянын тиешеси жок, ал Чүй облусуна караштуу. Бишкекте курулуш материалдарын саткан базарлар боюнча комиссия иштеди. "Комфорт" базарында өтө көп мыйзам бузуулар, өрт коопсуздугу, аренда төлөө, өз билгениндей түрдүү объектилерди куруп алуу, жол үстүнө соода түйүндөрүн коюу, машине коюла турган жерлерди ээлеп алуу сыяктуу мыйзамсыз иштер көп болгон. "Комфорт" базарынын жетекчилиги менен сүйлөшүп, базардын тегерегиндеги соода түйүндөрүн "Баткен" базарына жана "Жибек жолу" базарына чыгаруу жөнүндө сүйлөшүлдү. "Баткен" базары менчик, анын бир нече негиздөөчүлөрү бар. Ал базар шартка ылайык жасалган. Стандарттуу соода павильондору "Баткенге", стандарттуу эместери "Жибек жолуна" көчүрүлөт. Бирок бул иш убактылуу. Азыр Бишкек мэриясы, архитекторлор менен бирдикте курулуш материалдары үчүн өзүнчө базардын ордун таап берүүнү көздөп жатышат. Мындай бош жер Чоң Чүй каналынын ары жагынан Васильев көчөсүнөн табылды. Жакында бул жерге курулуш материалдары үчүн базар куруу боюнча тендер жарыяланат. Негизи бүт дүйнө жүзүндө мындай базарлар шаар сыртында. Буюрса май айында ушундай чоң базарлуу болуп калабыз. "Комфорт" кала берет, болгону кыймылга тоскоол болгон тегереги гана тазаланат.
Ал эми Ош базарын, Аламүдүн, Ортосай базарларын бир жакка көчүрүү жөнүндө сөз жок. Азыр бул жерлерде негизинен тартип орноп калды. Албетте, базарлардын ичиндеги, сыртындагы мыйзам бузуулар болсо алар да жөнгө салынат.
Швейцарияга кетким келет. Кантип?
Бир топ мекендештерибиз Европанын жакшы өлкөлөрүндө саясый башпаанек алып жашап жүрүшкөнүн уктум. Саясый башпаанек алуу үчүн эмне кылуу керек?
Жылдыз Бекташева, студент, Бишкек
Суроого жооп алуу үчүн Интернетке саякат жасадык. Мисалы, Швейцариядан саясый башпаанек алуу үчүн Жылдыз Кыргызстандагы Швейцария өкүлчүлүгүнө кайрылышы керек. Өкүлчүлүктүн жооптуу кызматкери ал жөнүндөгү маалыматтардын бардыгын угуп, башпаанек суроо тууралуу анын мотивдерине көзү жеткен соң гана, алынган маалыматтардын бардыгын Бернге, качкындар иши боюнча федералдык советке жөнөтөт. Федералдык совет аны өтө тыкыр изилдеп чыгат. Анда өлкөдөн качууга чын эле олуттуу себептер барбы, Швейцария менен ага чейин кандай тыгыз байланыштары болгон, бул өлкөдөн башкаларынан саясый башпаанек алуу мүмкүнчүлүгү жокпу деген маселелер каралат. Кокус ушулардын бардыгы төп келип уруксат алып калсаңыз, анда виза ачып, паспортуңуз менен Швейцарияга кете берүүгө болот. Чек ара көзөмөлүнөн иммиграциялык кызматтын өкүлдөрү сизди Швейцариянын Кьяссо, Базел, Женева же Кройцлинген шаарларындагы төрт кабыл алуу пунктарынын бирине алпарат. Ошентип андан аркы тагдырыңыз ал өлкөгө тиешелүү болот. Дегеле саясый башпаанек суроонун, каалаган өлкөдө калуунун өтө көп жолдору бар.
Сотко берсек кантет?
Жарыкты өчүрүү, үч фазалуу өткөргүчтөрдү кыркуунун бардыгы мыйзамсыз да. Ушу боюнча электрэнергиясын бөлүштүрүүчү ишканаларды керектөөчүлөрдүн бардыгы сотко берсе эмне болот? Дегеле, жарыктан зыян тартып, сотко берип утуп алгандар барбы?
Канат Буудайчиев, Бишкек шаары
Бул боюнча иштин чоо-жайын билүү үчүн "Вигенс" керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу уюмуна кайрылдык.
- Башында ушундай кайрылуулар болгон. Азыр андайлар жок. Адамдар телефон чалышат, нааразылыктарын билдиришет. Бирок сотко арыз жазып, анын артынан жүргүсү келбейт. Соттошкондо деле жооп берчү тарап өкмөт болуп атпайбы. Соттордун деле өкмөттү жеңилтип берерине эч ким ишенбейт.
Акчамды кантип сактайм?
Азыр доллар өсүп, евро түшүп бараткандай. Дүйнөдө кризис болуп атса, бизде эмне болорун эч ким билбесе, анча-мынча жыйнаганыңды кандай, кайсы валютада сакташты да билбейсиң. Болжол менен болсо да айтсаңар, жыйган-тергенибизди кандай сактасак болот?
Алмагүл Шейшеева, Карабалта шаары
Бул суроого бир өңчөй жооп берүү мүмкүн эмес. Ошентсе да экономика боюнча серепчилердин ойлоруна, бүтүмүнө таянып төмөнкүдөй жооп берүүгө болот. Азыр акчаны доллар менен узак убакытка кармоого болбойт. Көп болсо жарым жылдын наржак-бержагында доллар үчүн эсеп ачууга болот. Ал эми каражат көп болсо, аларды бөлүштүрүп, түрдүү валютада кармаган ыңгайлуу. Азыркы кезде пайдалуу дагы бир жол - мамлекеттик казына векселдерин алып коюу да оң. Албетте, бул үчүн тиешелүү адистен кеп-кеңеш керек. Биздин банктарга да ишенич жок. Ошонүчүн көзүңүз жеткендей абалда каражатыңызды сактаган туура.