"Агым", 21.11.08 - 8-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сейил маек

Орзубек НАЗАРОВ:
"Саясатта да "чемпиондукка" жетишем"
(Башы 7-бетте)
- Карылыктан коркпойсузбу?
- Мырза өзүн кайсы курактагыдай сезсе, ошончо жашта, айым канча жашка көрүнсө, ошол куракта деген кеп бар эмеспи. 40тан ашып калсам да, кээде өзүмдү бала сезип кетем. Карылыктан коркпойм.
- Чоң ата болдуңузбу?
- Неберем бар, 1 жаш үч ай. Аябай шок, шамдагай. Азыркы жаштардын термоядролук өзгөчөлүгүбү, айтор, неберемдин эки жумалыгында башы бекем кармалып калган сүрөтү да бар. Мени кээде чоң ата деп тамашалап калышат, бирок, мен аны сыймык, кубаныч менен кабылдайм. 41 жашымда небере күтүү бул чоң жетишкендик. Ушуга чейин өзүм теңдүүлөр арасында чоң аталарды кезиктире элекмин. Менден бул жагынан озуп кеткендерди да билсем, кызык болор.
- Небере эркелетүүгө убакыт дайым табылабы?
- Чанда гана. Жумасына бир-эки барып көрүп кетишим мүмкүн. Анткени, жумушта кечке чейин кармалам. Микрофонго чыгып, мыйзамдолбоорун коргогондо же бир маселени козгогондо жеңил сүйлөй бересиң. Анткени, ал маселелер сенин жүрөгүңдө жашап калат. Себеби, кандай кеп козгосоң да, ага канча даярданып, канча акылдуу китеп окуйсуң. Рингде да ошол, дагы бир окшош жагын айта кетели. Таймаш учурунда муштумдарың жеңил, кооз, ал эми ага жетишүүгө канча жыл машыгасың, үйрөнөсүң.
- Ата-энеси макулдук берсе, небереңизди спортко бермек белеңиз?
- Мурда кызымды бокска берет белеңиз деген да суроолор болчу. Андагы жообум уул небереме да тийиштүү. Эч качан колунан жетелеп барбайм, ал эми өз ыктыяры менен барса, жардам берем.
- Эмнеге көп өкүнөсүз?
- Башымды бийик көтөрүп жүргөнүм эмне жасасам да, эч өкүнбөгөндүгүмдөн улам. Таптакыр өкүнбөйм, себеби жөнөкөй эле - өткөндү кайрып, аны оңдой албайсың. Эгер алдымда үч тарапка жол чыкса, түз кетсем да, оңго кайрылсам да, калган эки жолдо баспай калганыма санаа тартпайм.
- Турмушуңузда уйку качырып, санаага салган учур болду беле?
- Спорттон кеткенимде мага аябай оор болгон. Анан калса, травма менен аяктаганым мени санаага салган. Бир аз башкача кылсак да болмок, бирок, ал менден көзкаранды эмес эле. Ошентсе да, мен баарын тез эле жеңдим. Акыры машыктыруучума келип, оюмдагыны бүт айтып алдым. Экөөбүз көпкө сүйлөшүп, аз-маз ичтик дагы. Ал мага өз чечиминин себебин айтты, бири-бирибизди түшүнүштүк. Болбосо, күчүм, тажрыйбам өлкөгө дагы зор сыймык апкелерине ишенимим чоң эле… Антпесе, уйку менен дос элемин, кээде көпкө уктабай да коюшум мүмкүн, бирок, жаздыкка жетсем, дароо уйкуга кетем, анда мени эч нерсе ойгото албайт.
- Спортчуга машыктыруучунун ролу кандай экендигине философиялык аныктама бере аласызбы?
- Машыктыруучу - бул спортсмендин атасы. Эгер өз атам мени дүйнөгө жаратып, кайсы бир деңгээлге чыгарды, а калганын мага машыктыруучулар берди. Алар жадагалса, аэропорт, темиржол вокзалында өзүмдү кандай алып жүрүү, атургай таксисттер менен кандай сүйлөшүү керектигинен бери кеңеш беришчү.
- А саясатта сиз ошондой адамга муктаж эмессизби?
- Андай адам бар, бирок, ата деп атай албайм. Ысымын жарыялабай эле коеюн, кийин ачык айтылар. Эгер саясатка кирүүнү кааласаң, спортто өлкө үчүн кандай пайда келтирсең, саясатта да ошол нерсеге жетишкиң келсе, анда ага аралашууга тийишсиң, ага жөндөмүң бар, колуңдан келет деп кеңеши менен түрткү берген адамдарым бар. Кээде түшүнүксүз маселелер чыгып калса, номурун бурап, үйгө чакырып же өзүм алардыкына барып, маселени терең изилдемейинче, эмне, кандай жана эмне үчүн экенин аңдабасам, аларды кое бербейм. Мүнөзүмдүн бир өзгөчөлүгү ушул.
- Эгер баарын кайра баштоого мүмкүнчүлүк түзүлсө, эмне өзгөрмөк?..
- Эч нерсе. Бир гана балким, акыркы таймаштагы жагдайды өзгөртүп, дагы бокста жүрө турмактырмын. Калганы азыркыдай эле болмок.
- Рингдеги чемпион турмушта да чемпионбу?
- Ооба! Спорттун кайсы түрү болбосун, дүйнө чемпиону болгон адам маңызында жашоонун чемпиону. Анткени, ички күч бийик. Чемпион болуу кыйын, ал титулду кармап калуу андан бетер татаал. Саясат деле ошол. Ага кирүү оңой, бирок, анда кармалып калуу жеңил эмес.

Маек курган Айнагүл САПАРБЕК кызы




  Үмүттүн шооласы кайда?

Сөзгө бай өкмөт, кең пейил оппозиция

Сөз менен жашап калдык. Кыргызстандагы саясаттын өзөгү баштан-аяк сөздөн турат. Оппозицияда болобу, позицияда болобу, саясатчылардын баары сөзү менен кыйын. Абайлап сүйлөбөсө бир балээге калат. Анан көпкө чейин жер таянып турушу кыйын. Баарын сөз менен жасоого, сөз менен баалоого үйрөндүк. Сөз жүзүндө күзүндө сөзсүз революция болот. Сөз менен миңдеген тонна буудайдын кырманы үйүлүп, казна баланча миллиардга толуп кетет. Сөз жүзүндө свет өчпөйт. Кышында жылуу жана жарык болот.
Эгер Кыргызстандагы тиричилик кырдаалына көз салсаң, эл өзүнчө, бийлик өзүнчө жашап аткандай. Эл салык төлөйт, бийлик аны пенсия, пособиеге айлантып, кайра өздөрүнө таратат. Эл менен бийликтин бетме-бет келген жери ушул. Башка аласа-бересеси жок. Элдин бир артыкчылыгы - бюджеттин 40 пайызын короткон чиновниктерди жакшы тамактанып, мыкты кийинип, жаркыраган машинеде жүрүшүн каржылап турат. Депутаттар, министрлер, комитет, агенттиктин жетекчилери гана иштеп жаткан түр көрсөтпөсө, ал эми алардын аппараты керели-кечке элге түшүнүксүз кагаздарды барактап отура берет. Алардын кызматы ушул. Ошого маяна алат. Ошого казнадан жылына 20 миллиард акча коройт. Ал эми 20 млрд. сомго Камбарата сыяктуу ГЭСтен төртөөнү курса болот.
Дегеним, мамлекеттик кызматкерлердин санын эң төмөнкү деңгээлге чейин кыскартууга мезгил жетти. Алакандай Кыргызстанга жети облус, 44 районду кармап туруунун кандай зарылдыгы бар? Айыл чарба министрлигин жоюп салса, дыйкандын түшүмү кемип, күздүгү чыкпай калбайт. Ал эми облуста билим берүү башкармалыгын, райондор бөлүмүн кармап туруунун кажети не. Жер-жерлердеги мектептерге көзөмөл кылууну айыл өкмөттөрүнө өткөрүп берүүгө эчак эле мезгил жеткен. Жадагалса ушул жерде да коррупция бар. Маселен, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы мектеп директоруна бензинге акча бер деп доолайт экен. Ал эми мектептин директору ал чыгашаны мугалимдердин маянасынан кармап калат. Ушунун өзү эле Билим берүү министрлигин түп тамырынан бери жаңылоого муктаж экенинен кабар берет. Мындай болбош керек эле. Эгер акыл таразасынан көз жүгүртсөк, билим берүү бөлүмдөрү мектептерди текшерип, бензин куйдуруунун ордуна мугалимдерге усулдук жактан жардам берип, илимдеги жаңы маалыматтарды жеткирип турууга тийиш. Ал эми министр айым Болжурова билим берүүдө атамзамандан бери келаткан авторитардык педагогиканын кучагынан чыгалбай келет.
Акыркы кезде Соода жана экономика министрлигинин иши бир гана Акылбек Жапаровдун баш айланткан эсептери менен гана жашап жаткандай. Акылбек мырзада убакыт көп. Көптөгөн маалымат жыйындарын өткөрөт. Гезиттерге үзгүлтүксүз маек берет. Сыягы экономика министринин жумушу жеңил окшобойбу.
Энергетика министри Сапарбек Балкыбековдун дарегине көп сөз айтылды. Эң ириде президент анын сөзүнө ишенип, эл алдында осол абалда калды. Кышында өчүрүү болбойт деген сөздү Курманбек Салиевич Казакстандын же Россиянын Энергетика министринин маалыматына таянып айткан жок да. Ага мындай маалыматты С.Балкыбеков же И.Чудинов берген. Эгер абал ошончолук оор болсо, ачуу чындыкты элге жеткирүү зарыл эле. Анткени, эл чоңдор сыяктуу кыйшык ойлобойт, баарын туура түшүнөт.
Баткен окуясынан кийин биз армияга көңүл бөлө баштадык. Ырас, ар бир өлкөнүн мыкты армиясы болушу зарыл. Бирок жер-жерлердеги аскер комиссариаттары да коррупцияга карк болуп турган чагы. Анткени жашы жеткен уландарды ошолор армиядан калтырат. Ырас, Баткен окуясы кокусунан болду. Жүзгө жетпеген моджахеддер үчүн бүтүн өлкөгө бүлүк түштү. Бирок биз азыркыдан да чакан армияны кармоого тийишпиз. Андыктан Коргоо министрлигине да олуттуу реформа зарыл.
Президент дарылануудан келери менен биртоп министрлердин жаны жай албай тыбырчылап турган мезгили. Сыягы ажобуз баарын териштирип жаткандыр. Биздин угушубузга караганда, айрым министрлер кызматтан кетсек оппозицияга кошулабыз деген ниеттерин билдиришиптир.
Анткени бийликте жүргөндөрдүн баарынын барчу жери ошол. Оппозиция кең пейил. Өз катарына кимди болсо да кошуп ала берет. Азыр Исаков менен Кайыповду деле кошуп алууга даяр турушат. Бирок, бул да сөз жүзүндө. Иш жүзүндө оппозиция дале жалкы. Кочкорлордун башы бир казанга кайнабайт тура. Иши кылып, бийлик да, оппозиция да сүйлөгөндө элди бетине кармайт.
Бул көптөн бери ушундай. Бирок сөз жүзүндө. Оппозиция азыр бечаранын кейпин кийип, элдин үнүн угуп, ага боор оорутуп турган кези. Азыркы бийликке келгендер да оппозицияда жүргөндө ушундай өң-алетте болушкан. Карапайым элдин, жетим-жесирдин үнүн кулак төшөп уккан.
Эл дагы эле бийликтин жакшылыгынан, замандын оңолушунан түңүлө элек. Анткени үмүт чиркин эң акырында Акаев сыяктуу Москвага качып кетип, үч жыл өтсө да келбей койгондо өчөт экен.

Аскул КЕНЖЕБАЕВ