"Агым", 14.11.08 - 7-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сейил маек

Ахматбек КЕЛДИБЕКОВ:
"Салык маданиятын жаратам"
Бул ирет өлкөнүн башкы салыкчысына кайрылдык. Дайындалганына жүз күн да тололектигин шылтоолоп баш тартууга аракет кылса да, кесиптик өжөрдүккө салып, "Агым" окурмандары үчүн бир "сейилге чыгуусун" өтүндүк.
- Башкы салыкчылыкка көнүшүп калдыңызбы?
- Бул жумушта кылдат нерселер көп экен. Бирок, Каржы министрлигинде орунбасар болуп жүргөндө салык, бажы тармагын тескечүмүн. Эсимде, ошол мезгилде накталай акчанын топтолушун 97 пайызга жеткирип, зачетту 28ден 7 пайызга түшүрдүк эле. Башкы салыкчылыкка дайындалганы жер-жерлерде негизги жумушту аткаргандардын иши, иш-шарты менен таанышуу максатында төрт районду кыдырып келдим. Бүгүнкү күндө орточо 2400-3000 сом маяна алышат экен. Салыкчылар жакшы жашайт дешчү эле, андай эместигине күбө болдум. 70-80 пайызы негизги кара жумушту аткарып, бирок, эмгеги ушундай аз өлчөмдө бааланышы өкүнүчтүү.
- Коллектив менен тил табышуу кыйынга турган жокпу?
- Чоң ыракмат коллективге. Койгон талаптарымды колдошууда - алардан пара дегенди, "кадрдык бизнести" бирге жоелу деп сурандым. Ал эми планды аткарууда урушуп, кагып, коркутуп салык топтогондон пайда жок, андан көрө салык төлөөчүлөрдө салык маданиятын жараталы деген максат койдук. Базаны көбөйтүп, көмүскөдөгү эсепти ачыктантсак деген максатта стратегиялык пландоо бөлүмдөрүн түздүк. Маселен, ККМди алалы. Бул машинаны колдонууда административдик гана жол болгон, азыр экономикалык өңүттө мыйзам долбоорун иштеп чыгуудабыз. ККМ машинасы коюлбаган ишкана мурда 300-1000 сом гана төлөсө, даярдалып аткан мыйзам долбоору боюнча 100 миң сом, ал эми чек бербеген учурда 150 миң сомго чейин айып пул төлөйт. Ушундай ири экономикалык жоопкерчилик чыкпаса, биз салык төлөөчүлөрдү салык маданиятына үйрөталбайбыз. Уюштурулбаган сектордо салык төлөбөстөн иштеп жүрө берсе болот деген пикир менен жүргөндөр арбын экен. Мыйзамды сыйлап салыкты төлөп кой да, беймарал укта деген сыңары, арбир адамга салык маданиятын жеткирүү аракетин көрүүгө тийишпиз. Салык төлөөчүлөр негизинде мамлекет бюджет топтоп, жашоо улап атат. Алар менен салыкчылардын мамилеси өнөктөштүк деңгээлге чыгышы зарыл. Президенттин мага койгон тапшырмаларынын бири ушул.
- Кызмат сизге сунушталдыбы же суранган учурларыңыз болдубу?
- Буга чейин бир-эки кызмат айтылган. Кызмат десе эле чуркап бара берген болбойт. Каржы министрликте 12 жыл жөнөкөй адистен министр орунбасарына дейре иштедим. Кийин Соцфонддо, парламентте комитетте иш алпардым. Дал ушул финансыга байланышкан, эффективдүү түрдө салымымды кошо ала турган жумуш болсо деп айтканым бар, аны жашырбайм. Президент тарабынан сунушталды, макулдугумду бердим. Курманбек Салиевич мага жаңыдан ишке кирип аткан Салык кодексин элге жеткиликтүү түшүндүрүү жүргүзүп, салыкчылар менен салык төлөөчүлөр ортосундагы жаңы мамиле жаратуу маселелерин койду. Эки-үч айдын ичинде өкмөт көмөктөшүп, парламент колдоп берсе, мыйзамдык, административдик, экономикалык өңүттө ирээтке келтирсек болот. Президент ден соолугун чыңдоого кетип атканда да жаңы кодексти дагы тереңден карап, анын иштешин, салык төлөөчүлөр кыйналар-кыйналбасын анализдегиле деп тапшырган. Биз ага кириштик.
Эгер сурооңуздун экинчи бөлүгүнө жооп күтсөңүз, бүт жоопкерчилик менен билдирем, дайындалган күнгө чейин дал ушул кызмат сунушталарын билгеним жок. Бул туурасында эч кандай сүйлөшүүлөр да болгон эмес. Азыр да менин чоң талабым - кызматка алууда "кадрдык бизнести" жоюу. Кол алдыңдагы адам сага акча берип, кызматка келсе, ага кандай талап кое аласың. Ал дайым "мен бекер келген эмесмин" деши мүмкүн. Эшматовбу, Ташматовбу, Алайдан болобу, Чаткалданбы, мага эч айырмасы жок, негизгиси ким болсо да билими, жөндөмү, ишбилгилиги болсо, мен иштешүүгө даярмын.
- Жаңы салык кодексиндеги кыймылсыз мүлк салыгынан чочулагандар бар экен…
- Мындан карапайым жарандар санаа тартпай эле коюшса болот. Бей-бечаралар айыл чарбасы аталган салыктан тыш. Бул негизинен байларга багытталган салык. Инструктивдүү документ иштелип чыгып, айрым маалымат сайттарына жарыяланат. Анын жардамы менен экономикалык билими жок адам деле канча салык төлөй тургандыгын эсептеп алса болот. Өтө деле чоң сумма чыкпайт. Ал эми сатыктан алынган салык боюнча анализ жүргүзүп жатабыз, азыркы шартта бизнеске тоскоол этиши ыктымал. Себеби, жеке ишкерлердин көбү алып-сатарлык менен оокат өткөрөт. Салык кодексин бүгүнкү күндүн талабына ылайык жакшыртуу максатында өзгөртүүлөр кириши мүмкүн. Анткени, дүйнөдөгү экономикалык кризис эпкини бизге тийбейт дегенден алысмын, биз андан татыктуу чыгып кетүүгө тийишпиз.
- Парламенттеги орун - депутаттык мандат кыска убакытка гана буюрду. Өкүнүч жокпу?
- Белгиленген мөөнөттүн акырына дейре эмес, буйрук экен, үч жыл гана иштеп калдык. Бирок, ошол мезгилдин талабына ылайык биз өз ишибизди аткардык. Эч кандай өкүнүч деле жок, себеби, үч жыл болсо да, шайлоочулардын тапшырмаларынын көпчүлүгүн аткарууга үлгүрдүм.
- Бирок, убагында оор эле тийген да?..
- Ушунчалык оор кабылдадым дебейм. Бирок, "беш жылга шайланган соң, акырына чейин иштесек болмок" деген ой бардыгында эле болгон.
- Бул кызматка дайындалганча эмне менен алектендиңиз? Канча дос жоготуп, эмне сабак алдыңыз?
- Байлык, бийлик эмес, чыныгы достор кандай күндө да досчулуктан качпайт. Көбүнөн айрылганым жок. Арасынан эки-үчөө бийлик, байлык дос болуп чыгат экен. Эми алардын өз уяты өзүндө, аларды күнөөлөбөйм дагы. Бош жүргөн бир жылдын пайдасы - бүгүнкү жеке ишкерлердин чөйрөсүн ичинен билдим. Мурда ушуларга шарт түзүп, жакшы мыйзам чыгарып берип атабыз деп ойлочу элем, мыйзамдын ылдый жакта кантип аткарылышын өз көзүм менен көрдүм. Кечээги салык төлөөчү катары көргөн нерселер бүгүнкү ишимде көп пайдасын берип атат. Андан сырткары, 7-8 жылдан бери кандидаттык ишимди жазып келаткам. Аягына чыгарып, коргоп алдым. Экономика илимдеринин кандидатымын десем болот. Бул өзүм үчүн чоң жетишкендик болду. Үйбүлөмө көбүрөөк көңүл бөлалдым. Балдарымды мурда эки-үч күндөп көрбөй калчу элем, ушул бир жыл ичинде ар биринин өзүнчө кичи турмушуна аралашууга үлгүрдүм. Эне дегенге ыракмат айтуубуз зарыл экен деп калдым. Үйбүлөнүн түйшүгү салыштырмалуу өзүнчө эле бир мамлекеттин түйшүгү тура…
- Ошол жеке мамлекетиңизде не жаңылык бар?
- Кудайга шүгүр. Тун уулум ?61 мектепте окуп жүрчү. Бул Борборазиядагы эң күчтүү мектеп экенине дагы бир ирет ынандым. Эч кимдин жардамысыз эле уулум Пекин университетинин алдындагы мектепке сыноодон өтүп алып, эми анда 10-класста окуп атат. Жардамым - болгону англис тилин окутуп, кичинесинен күчтүү мектепке киргизгеним. Динамикалуу экономикалык өсүш боюнча Кытайга жеткен эч ким жок эмеспи. Кытай тилин, экономикасын үйрөнсө, өзүнө жакшы. Тартип аябай катуу экен, баламдын тартиби бузулат деп да чочулабайм.
- Экономисттик жөндөмү барбы?
- Ушул чоң уулумду экономист кылайын дегем. Кесип тандоого дагы эки жыл бар, көрө жатарбыз.
- Үч жыл мурун кичүү уулуңуз мектепке киреринде гезит аркылуу "бешке окуйм" деп сөз бергени эсиңиздедир. Убадасын аткарып атабы?
- Ошол убадасын дагы бир эске салып койсоңуз (күлүп). Нурсултан да ?61 мектепте окуйт. Кээде "төрт", кээде "үч" да алып коет. "Сен жалаң "бешке" окушуң керек, себеби, элге гезит аркылуу өзүң сөз бергенсиң" десем, ынабайт. Атайын гезиттин ошол санын таап, көргөзгөнүм бар. Кийин гезитти жоготуп алдым. Эгер тиркеп жүргөн болсоңуз, көчүрмөсүн берсеңиз, улам эсине салып турайын. Бирок, аракети жакшы. Бала бакчадан бери орусча окуп калгандыктан, кыргыз, анан англис тилинен бир аз кыйналып жүрөт.
- Фотоархивден Меккеге баргандагы ак жамынган сүрөтүңүздү көрдүк эле. Мусулманчылык шарттарын аткарып турасызбы?
- Меккеге биз иш сапар менен Орозо айт учурунда барып калып, бүт процедураларын көргөнбүз. Ошондон кийин мен мусулманчылыктын эң таза экенине тереңден ишенип, ой-пикирим өзгөрүп кайткам. Мусулманчылык шартты негизинен оюң, жүрөгүң менен аткарсаң болот деп ойлойм. Кызматта жүргөндө намаз окуп, мусулманчылык парздарды аткаруу кыйын эле экен. Бирок, жүрөгүм менен Алла Тааланын бар экендигине ишенем. Үйдө дайым көзү өтүп кеткен тууган-урукка, атамдын арбагына багыштап куран окутуп турабыз.
- Мисалы, ушул кызматка келгениңизди Кудайдын буйругу десек болобу?
- Андай десек да болот. Кудайдын буйругусуз эч нерсе болбойт деп ойлойм.
- Мамлекеттик кызматка келгенче анча-мынча бизнес менен алек болдум дедиңиз эле…
- Азыр аз-маз уландысы бар, өтө деле чоң эмес. Эсиңиздерде болсо, бир жылдары купон - акция таркатылган. Анда кыймылсыз мүлк абдан арзан болчу. Арзыбаган акчага мен үй алып койдум эле, ошол берекесин берди. Кээ бирөөдөн: "тигил жакта, бул жакта, атургай Казакстанда бизнеси бар" дегендерин угуп калам. Казакстанда бизнес жасамак тургай, көчөлөрүн да ушул кезге чейин билбейм. Эл оозунда элек жок, айтыла берет турбайбы.
- Ишмердик жолуңузга кайнатаңыздын мамлекеттик кызматта болушу кандайдыр пайдасын тийгизген жайы барбы?
- Кандай жакының болсо да сени жаман болсун дебейт. Албетте, акыл сөзү, кеп-кеңеши менен ал киши мага дайым көмөкчү болуп келген.
- Сиз туурасындагы айрым кептерде финансылык чөйрөгө таасириңиз күч экени айтылат. Ушул чынбы?
- 12 жыл ушул тармакта иштедим. Ошол эле чогуу иштешип бир жүргөндөр, ишмердиктин изинде тапкан досторум азыр дагы ар кайсы министрлик, башкармалыктарда же дагы бир бөлүмдөрүндө иштеп келатышат. Кыргызстан өзү кичинекей, бул чөйрөсү андан бетер. Андыктан, мага бирөө өтүнүч менен кайрылса, колдон келген көмөгүмдү аябайм, мен аларга кайрылсам, алар жардамга келет. Үстөмдүк таасир эмес, мамилелер адамгерчилик чегинде гана жүрөт. Мен алардын ишине, алар менин ишиме кийлигишпейт.
- Табиятыңыздан кандай адамсыз? Сизде керсейгендик бар дешет…
- Ким кандай мүнөздөсө, ал өз эрки. Туулгандан калыптанган мүнөздү 42 жашка келгенде өзгөртүү мүмкүн эмес. Бирок, адамгерчиликтен тыш эмесмин. Колумдан келсе, жакшылык гана кылайын деген оюм бар.
- Турмушта кекчилдигиңиз жокпу?
- Жо-ок. Жиним чукул, бирок, бир сааттан кийин баарын унутам.
- Финансистке бүгүнкү шартта жашоо татаалбы же жеңилби?
- Кандай кыйын турмуш болбосун, булар дайым эсеп менен жүрүшөт. Үйдө да, мамлекетте да эсеп-кысапка так болбосоң, бир күндө банкрот болушуң ыктымал. Көрөгөч келишет.
- Бул тармактагылар мамилеге да сак келишеби?
- Сак дагы, так дагы болушат.
Собол салган Айнагүл САПАРБЕК кызы