"Агым", 14.11.08 - 4-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Опана-шоңку

Революция жасоо үчүн Ленинди окугула
Кыргыз оппозициясы биригүү меморандумуна кол койгондон кийин чабуулду аркыл өңүттө баштай турган болушту. Азимбек Бекназаров 18-ноябрда президентти мөөнөтүнөн мурда кетирүү үчүн Талас шаарына курултай өткөрсө, жалпы элдик курултай 29-ноябрда башталмакчы. Бирок оппозиция дагы эле бир муштумга бириге элек. Меморандумга кол коюп алышып деле маалымат каражаттары аркылуу бири-бирине какшык ыргытышканын токтото элек. Ал эми Турсунбай Бакир уулу өз аракетин мусулмандарга таянуу менен ишке ашырарын билдирди.


Бир аз күндө кабары дүрт эткен "Жаңы Кыргызстан" саясый партиясынын төрагасы Исмаил Исаковдун деми сууй түшкөндөй кыйкырыгы да басаңдап баратат. Ал эми саясат айдыңына кайрадан келген Кубатбек Байболов оппозиция мүчөлөрүнөн түңүлгөнсүп, баарына кайдыгер. Маалымат каражаттарына берген маегинде азырынча жеке таарынычынан башка эч нерсе айталек. Бийликке эмес, бир кездеги чогуу жүргөн санаалаштарына. Парламенттик шайлоодо партиясы депутаттык мандатка илинбей, жаңы бийликтен жүрөгү муздаган Топчубек Тургуналиевдин элдик революция болуп кетеринен үмүтү чоң. Меморандумга кол койгондорго да, башкага да ишенбей, Бекназаров экөө президентти кетиребиз деп шымаланып туру.
Оппозициянын максатка жетүү аракети бардык кыймылдарда, саясый топтордо бирдей эмес. Кээ бир партиялар өкмөттү кетирүү талабын коюшса, кээ бири президентти, айрымдары Конституцияны өзгөртүү талабын коюшууда.
Президент Курманбек Бакиев 2003-2006-жылдары оппозиция өкүлдөрү менен бир нече ирет жолугушууларды өткөрүп, алар койгон талаптардын айрымдарын орундатканы маалым. Азыркы экономикалык жана энергетикалык кризис оппозициячылардын чырагына май тамызып, бийик үн менен сүйлөөгө жакшы себеп болууда. Бул - абалды курчутуп жибериши ыктымал. Анткени, кычыраган суукта үшүгөнүң аз келгенсип, караңгыда "качан күйөт" деп лампочка тиктеп түнөрүп отурган эл кайсы бийлик болбосун ашатып сөгүп, оппозициянын сөзүнө кулак салары белгилүү. Алар энергетика боюнча бийлик айткан себептерди четке кагып, түз эле энергияны уурдап жатат деп жооп берет. Кыжырың келеби? Келет. Дал ушул кырдаал бийликти оппозиция менен сүйлөшүүгө алып барышы ыктымал.
Ал эми революция жасайбыз деген дымактуу сөздөрдү 2005-жылдан берки куру кыйкырык катары кабылдаганыбыз оң. Анткени К.Байболов айткандай, төңкөрүш жасоо үчүн Ленинди окуу керек.

Аскул КЕНЖЕБАЕВ




Мирослав НИЯЗОВ, коомдук ишмер:
"Парламенттик өлкө болуу эрте"
- Меморандумга, өлкөнүн өнүгүү концепциясына кол коюу менен оппозиция бирикти десек болобу?
- Менимче, бириккенге аракет кылып жатышат. Биротоло бирикти деш эрте.
- Турсунбай Бакир уулу баштаган топтун 16-декабрда бүт өлкө боюнча каршылык көрсөтүү акциясын өткөрүүгө көзкарашыңыз?
- Коом азыр бийликтен үмүтү үзүлүп, оппозициядагылардын да өйдө-төмөнү болуп, туруксуздук байкалып, эл чарчап турат. Депрессияга келдик десек болот. 16-декабрда атайын чакырылган айрым адамдар чыгат, эл өз эрки менен чыгышы азыр эрте. Бирок жарым жылдабы, үч айдабы, эл депрессиядан чыгат.
- Меморандумга кол коюудагы келишпестик эмнеден келип чыкты?
- Буга чейин Ө.Текебаев, Т.Тургуналиев, А.Бекназаров жана менин өлкөнүн өнүгүшү боюнча жазган өз алдынча концепциялар бар эле. Бирок Текебаев, Сариев, Жекшенкуловдун концепциясына кол коюлду. Меморандумга ошо концепцияны кошуп, биз парламенттик башкарууга өтөбүз дегенди бекиткенсип, кол коюшканы шашмалык болду. Анткени, партиялар буга бышалек, жүздөн ашык партия болсо да, азыр элге бир да партия сиңип кетелек. Партияларды жактырбагандар партия мүчөлөрүнө караганда көп. Ошон үчүн азыр парламенттик республика болуу чийки маселе. Мисалы, бүгүн бир президентти ооздуктай албай жатабыз, парламенттик башкарууга өткөндө, премьер-министр, министрлер парламент барымтасында калганы жатпайбы. Парламентте жүз депутат болсо, алардын ар биринин, ага-тууганынын кызыкчылыгы чечиле баштаса, Кыргызстандан эчтеке калбайт да. Ошондуктан мен принципиалдуу түрдө парламенттик башкарууга каршымын. Концепцияны эл талкуулаш керек эле. А менимче, бизде президенттик-парламенттик башкаруу болуп, премьер-министрдин институтун жоюп салууга болот. Премьер-министр болгону президенттин жаман иштерин жасап, ошонун айынан гана иштен кетет. Президент парламент менен түздөн-түз иштешип, өз иши үчүн парламентке жооп берип, парламент президентке жооп берип, теңсалмак болсо болмок. Парламенттин 50 пайызын партияларга берип, партияларды бышырыш керек. Балким келечекте парламенттик өлкө болушубуз мүмкүн. Парламенттин 50 пайызын бир мандаттуу округдарга берип, депутаттар жер-жерлерден шайлансын. Ошондуктан мамлекеттик түзүлүш боюнча менин так көзкарашым бар. Он чакты саясатчы чогулуп алып, Кыргызстандын келечеги ушундай болот десе, анда биздин келечегибиз жок. Азыр парламенттик республика болууга такыр даярдыгыбыз жок.

Турсунбай БАКИР уулу, коомдук ишмер:
"Молдолордун бардыгы эки жүздүү"
- 16-декабрда жалпы өлкө боюнча каршылык көрсөтүү акциясына элди чыгарам дебатасыз. Сиздин артыңыздан кимдер ээрчийт?
- Кудайга шүгүр, менин өз электоратым бар, алар бир эле Кудайдан корккон адамдар.
- Молдолор деп түшүнсөк болобу?
- Жок, молдолор менен мен эч качан тил табышалбайм. Жөнөкөй намаз окуп жүргөн мусулмандар. Молдолордун бардыгы эки жүздүү, бийликке кызмат кылышат. Алар Кудайдан эмес, адамдан коркушат. Экинчиден, жакырчылыкка учураган мусулмандар, христиандар эле эмес, түндүктөн да, түштүктөн да элдер көтөрүлөбүз дебатышат. Мындан сырткары, биз бириккен оппозиция менен ревкомдун акцияларын колдоп берели дедик, ревком мүчөлөрү биздин акцияны колдойбуз дебатышат. Эң негизгиси, 4-5 саясатчыны же айрымдарды арак куюп берүү менен эмес, элдин өзүн көтөрөйүн дебатам.
- Бул кадамыңыз сиз Акыйкатчы кызматынан кеткенден кийин бийлик сизге ошого тете кызмат бербегенинен болуп атпасын?..
- Жок. Мен кызмат берсе да, эртең кызматтан кетеримди ачык айттым. Мага кызмат эмес, президентти мыйзамга баш ийдирүү керек. Бу бийликте иштейин деген каалоом же таарынчым да жок. ЭрК партиясы - конструктивдүү оппозиция.
- Анда меморандумга эмне үчүн кол койгон жоксуз?
- Кол койгондордун арасында тазалары да бар. Бирок эртең кызмат берилсе, оппозицияны сатып кете тургандары да бар. Ошон үчүн мен ойлонуп турам.

Орозбек МОЛДАЛИЕВ, саясат таануучу:
"Ушундай оппозицияны эл кантип ээрчисин"
- Бүгүн оппозиция бириккенден кийин өз-өзүнчө турган беш топту: Ө.Текебаев, А.Атамбаев, Т.Сариевдин тобун, А.Бекназаровдун ревкомун, Т.Бакирдин тобун, А.Муралиев жетектеген "биримдикчилерди" жана өзүнчө турган И.Исаковдун тобун көрүп жатабыз. Сиз ушуларга кандай мүнөздөмө берер элеңиз?
- Булар бириккен деле жок, баары сөз түрүндө болууда. КМШ союзу түзүлгөндөй болуп атат. Биригүү үчүн жалпы идея, максат керек. Оппозициянын максаты бийликке жетүү болгондон кийин ар ким өзүн ойлоп атат. Алар чоң маселелер боюнча бириге албай жатышат. Мисалы, өлкөнү башкаруу формасы боюнча буларда бир пикир жок. Оппозиция башкаруунун системасы кандай болуш керек дегенге жооп берелек. Алар башкаруунун системасы менен формасын алмаштырып жатышат. Башкаруу системасынын өз концепциясы болот, ал башкаруу формасынан көзкарандысыз эле иштей берет. Мисалы, Америкада жаңы президент шайланды, мурункусу кетелек, жаңысы келелек. Бирок система иштеп жатат. Башкаруу системасы бийликке ким келгенине карабай иштей берет. Оппозициянын буга көзкарашы белгисиз, анан эл кантип аларды ээрчисин, ачык максаты болбосо. Булардын бирөө да алдыдагы кыйынчылыктардан кантип чыгуу керек дегенге так жооп берелек. Көбү билет, бирок эмнегедир кылчактап турушат. Оппозициябыз дегендин бардыгы тең мурдагы чиновниктер. Мурун да, кийин да ишке жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн бирөө да жок. Үйбүлөлүк система четке сүрүп койсо эле оппозицияга келе калгандар эртең бирөө жумуш сунуш кылса, Атамбаевге окшоп барып иштей берет. Булар ошону күтүп атышат, эл ошон үчүн аларга ишенбейт. Оппозициянын дагы бир кемчилиги - ММК менен өз алдынча мамилелери начар. Аймактагылар эмес, алардын ким экенин, эмне кааларын борбордогулар деле жакшы билишпейт. Себеби, өз телерадиокомпаниялары, гезиттери жок. Алар өздөрү чогулуп сүйлөшүп алышып эле, "муну өткөрдүк" деп маалымат берип коюшат, ошо менен бүттү. Аны элге жай чечмелеп түшүндүрүп берүүгө кудуреттери жок. Сариев жакында китебин чыгарбадыбы, ошондон анын дүйнөтаанымы, ички-тышкы саясатка көзкарашын анализдеп алууга болот. Жок дегенде ушундайлар көбүрөөк болсо болмок.

Аскер САКЫБАЕВА