"Агым", 14.11.08 - 28-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Апта астрологиясы

17-ноябрдан 23-ноябрга чейин
Кой (21.03-20.04)
Турмушта: Кокусунан кабыл алынган чечимдер натыйжасыз болушу мүмкүн. Денсоолукка көңүл бурууну эстен чыгарбаңыз. Аптанын экинчи жарымы ишмердүүлүк үчүн мыкты убакыт. Сүйүүдө: Сизден жоопкерчилик-түү мамиле талап кылынат. Көрүнгөн нерсеге чарпыла бербей, бир чечимге келгениңиз оң. Акчада: Каражат маселелерин чечүүдө өнөктөштөрүңүздүн кеп-кеңешине кулак салганыңыз дурус болот.
Букачар (21.04-21.05)
Турмушта: Ишиңизде көптүн катарында болгонуңуз оң. Ашкере активдүүлүк, демилге-сунуштарыңыз азырынча колдоого алынбайт. Жуманын экинчи бөлүгү саякат үчүн ийгиликтүү. Сүйүүдө: Жеке мамилелердин чыңдалышына күбө болосуз. Анча-мынча романтика сезимдерди курчутаарын унутпаңыз. Акчада: Алимент, мурас маселелери, сот иштери сиздин пайдаңызга чечилет. Соода-сатык иштерин жүргүзсөңүз болот.
Эгиздер (22.05-21.06)
Турмушта: Колуңуздан келген иштерди гана жасаңыз. Аптанын биринчи жарымы тиричилик, курулуш жумуштары үчүн ийгиликтүү. Ыкчамдуулук зарыл, болбосо баштаган ишиңиз аягына чыкпай калышы мүмкүн. Сүйүүдө: Жакын адамыңыздын кызыкчылыгын эстен чыгарбаңыз. Түшүнбөстүктөрдү компромисс жолу менен чечүүгө болот. Акчада: Капчыгыңызга карап иш кылыңыз. Киреше-чыгашага так эсеп зарыл.
Бөйөн (22.06-23.07)
Турмушта: Апта башы жумуш үчүн анча ылайыксыз болсо, жуманын экинчи жарымында көп ийгиликтерге жетишесиз. Кесиптештериңиз сиздин тажрыйбаңызга муктаж болушу мүмкүн. Сүйүүдө: Жаңы таанышуулар күтүлөт. Өтө берилип кетпей, эки жагыңызды байкап туруп чечим кабылдаганыңыз оң. Акчада: Оюн-зоокко ашыкча каражат жумшап ийбесеңиз эле материалдык абалыңыздын стабилдүүлүгү кыйлага созулат.
Арстан (24.07-23.08)
Турмушта: Жашоого жаңыча көзкараш менен кароону үйрөнүңүз. Ден соолукка кам көрүп, тамактанууңузга көңүл буруңуз. Апта аягы досторуңуз менен баарлашып эс алууга ылайыктуу. Сүйүүдө: Жакын адамыңыз менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө аракет кылыңыз. Жалпы кызыкчылык мамилени чыңдайт. Акчада: Тиричиликке керектүү нерселерди сатып алууга аптанын биринчи бөлүгү ийгиликтүү болот.
Бийкеч (24.08-23.09)
Турмушта: Жолго чыгып жатып маанилүү нерсени унутуп калбоого аракет кылыңыз. Жакындарыңыз менен бош убакытта гана баарлашууңуз керек, болбосо өзүңүздү да, элди да иштен калтырышыңыз мүмкүн. Сүйүүдө: Жеке мамилелердин өнүгүшү сиздин демилгелүүлүгүңүзгө жараша болот. Акчада: Материалдык абалыңызды оңдоп алууга ылайыктуу шарттар түзүлөт. Аласа-бересеге так болуңуз.
Тараза (24.09-23.10)
Турмушта: Убакыт тиричилик жумуштары, үй жасалгасы менен алектенүүгө ылайыктуу. Максаттарыңызга жылуу-жумшак, ынанымдуу сөз менен жетишүүгө аракет кылыңыз. Сүйүүдө: Жакыныңызга ишениңиз. Апта келечек пландарды түзүүгө ийгиликтүү. Акчада: Пайда болгон кошумча киреше булагы жашыруун бойдон калганы дурус. Каражатты обу жок сарптоону токтотуңуз.
Чаян (24.10-22.11)
Турмушта: Тажрыйбалуу адамдардын кеп-кеңешине кулак түрүп коюңуз. Достор менен жолугушуп, чер жазууга апта ортосу ылайыктуу. Жаңы идеяларыңызды талкууга койгонуңуз оң. Сүйүүдө: Үйбүлөңүздү же жакын адамыңызды жөнү жок тескей берүүдөн ортодо пикир келишпестиктер жаралышы мүмкүн. Акчада: Финансылык маселелерди чечүүгө анча ылайыксыз мезгил. Учурда барга топук кылып жашоо кажет.
Жаачы (23.11-21.12)
Турмушта: Болуп жаткан окуяларга объективдүү баа берүүгө аракет кылыңыз. Жашооңузга болгон дыкат талдоо гана кийинки кадамдарыңыздын багытын аныктай алат. Сүйүүдө: Жеке турмушуңузга романтика ашыктык кылбайт. Жакыныңызды жылуу сөз, жагымдуу белек менен кубандырсаңыз болот. Акчада: Аптанын экинчи жарымы соода-сатык кылууга ылайыктуу. Акчаны туура пайдалануу менен көптөн көксөгөн буюмуңузга ээ болосуз.
Текечер (22.12-20.01)
Турмушта: Бардык иш-аракетиңизди ийгилик коштойт. Жумушуңуздун көптүгүнө кейибеңиз, үзүрүн жакында көрөсүз. Апта аягында жандүйнөңүздү эс алдырууну унутпаңыз. Сүйүүдө: Жеке турмушуңузга кимдир-бирөөлөрдүн кийлигишүүсүнө жол бербеңиз. Сиз жөнүндө туура эмес ойлор жүрүшү мүмкүн. Акчада: Материалдык абалыңыз жөнүндө эч кимге сыр ачпай турганыңыз оң.
Суу пери (21.01-19.02)
Турмушта: Жоопкерчилик менен талыкпаган эмгек гана максаттарыңызга жеткирет. Ал эми өз күчүңүзгө ашкере ишенүүчүлүк бардыгын бузуп салышы мүмкүн. Сүйүүдө: Жеке турмушуңузду талдап көрүңүз. Анча ишене бербеген мамилелерге чекит коюу керек. Акчада: Ири финансылык маселелерди чечүүгө апта аягы ылайыктуу. Ишти сөз менен эмес, аракет менен аткаруу зарыл.
Балык (20.02-20.03)
Турмушта: Элди карап, улуу адамдардын тажрыйбасына таянып өз багытыңызды аныктап алыңыз. Ден соолугуңузга кам көрүүнү, дарылануудан көрө оорунун алдын алуу жеңил экенин унутпаңыз. Сүйүүдө: Учурда болуп жаткан окуяга реалдуу кароого чамаңыз жетпей калышы мүмкүн. Андыктан, түгөйүңүздүн айтканына кулак салыңыз. Акчада: Материалдык абалыңыз стабилдешет. Каражат маселесине байланышкан пландарды түзүүгө апта башы ийгиликтүү.