"Агым", 14.11.08 - 25-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Жолтикен

Арачылайм деп абакка түштү
Үстүбүздөгү жылдын жаз айларынын биринде мурда темир тор артында бир нече жолу отуруп келген Аксенов Николай Бишкек шаарынын Дрогобычинский көчөсүндө жашаган досу Кириллдин үйүнө конокко келген. Кирилл үйүндө башка достору менен көңүл ачып, ырдап-бийлеп отурушкан эле. Алардын арасында Кириллдин кошунасы, 16 жаштагы Бахтияр Иминов да бар болчу. Чогулган достор жолугушуунун урматына деп ичимдик ичип отурушуп, кечки саат сегиздер чамасында сыртка чыгышат. Бахтияр менен Николай арыраак барып, көчө тараптагы отургучта сүйлөшүп отурушса, алардын жанынан бейтааныш аял менен эркек ээрчишип өтүп баратышып, урушуп кетишет. Аял кыйкырып-өкүрүп, эркектин зордуктаганы жатканын айтып, жардамга чакыра баштайт. Ал кыйкырган сайын жанындагы киши аялды чачтан сүйрөп, караңгы жакка алып жөнөйт. Бейкапар отурушкан Бахтияр менен Николай аялга жардамга келишет. Алиги зордуктайм деп аракет жасаган аңгини урушуп, кууп жиберишет да аялдан эмне болгондугун сурашат. Аял бир топ кызуу экен. Ал Николай менен Бахтиярга Москва-Совет көчөсүндө турган сойкулардын бири экенин, бул киши аны менен соодалашып, бир түн өткөрөм деп ээрчитип баратканын айтат. Анан үйүндөгү баласына телефон чалып, чакырып берүүсүн өтүнөт. Николай аялдын айтуусу боюнча, кол телефону менен анын үйүнө телефон чалса, баласы келбей коет. Аял келбей койгон баласына кыжыры келе, уят сөздөр менен жанындагы эки жигитти да кошо сөгүп, анысы аз келгенсип арак сатып бергиле деп кыйнай баштайт.
Зордуктайм деген зөөкүрдүн чеңгелинен аман алып калышкан Николай менен Бактияр аялдан алкыш алуунун ордуна андан жаман сөз уккандарына жиндери келип, уруша кетишет. Николай көчөнү жаңырта кыйкырып аткан аялга жини келип, бет талаштыра бир нече жолу коюп жиберет. Араң турган мас аял олбурлуу жигиттин соккусуна туруштук бералбай, чалкасынан жыгылып, ошол боюнча эс-учун жоготуп жатып калат. Эмне болсо ошол болсун деген кыязда Николай менен Бактияр кол шилтеп, досу Кириллдин үйүнө баса беришет.
Достору менен түнкү саат экилерге чейин арак ичип, көңүл ачып отурушуп, сыртка чыгышса, алиги аял дале масы тарабай, көчөдө туралбай жаткан экен. Эртең мененкиге чейин бул аял соолугуп, сабады деп бизди милицияга берип, түрмөгө отургузат деп чочулаган Бахтияр менен Николай өз ара сүйлөшүшөт да анын көзүн тазалоону чечишет. Үйдөн ала чыккан аш бычакты Николай Бахтиярга берип, жерде жаткан аялды өлтүр деп буюрат. Бирок, он алты жаштагы Бахтияр мындай мыкаачылыкты кинодон гана көргөнү болбосо, чыныгы жашоодон көрбөгөнүн айтып, өлтүрүүгө дити барбайт. Бахтиярга жини келдиби, же ага мактанайын дедиби, айтор Николай аялдын кекиртегине эки-үч жолу сайып, кылган ишине ыраазы боло, кыркырап-шыркырап жайыла аккан жылуу канды айдын жарыгында бир топко чейин карап турат. Аялдын чындап эле көз жумганына ишенгенден кийин бу эки эргул эч нерсе болбогонсуп досунун үйүнө барып жатып алышат.
Эртеси таң атпай жумушка бараткан эл көчөдө өлүп жаткан аялды көрүшүп, милицияга кабар беришкен. "Кан кое бербейт" демекчи, арадан көп өтпөй эле жасаган кылмыштарынын бети ачылып, Николай менен Бахтиярдын колдоруна кишен салынып, темир торго отурушту.
Аксенов Николай Александрович, 1987-жылы 20-майда Казакстандын Кордай айылында туулган. Мурда бир нече жолу хулигандык кылмышы боюнча соттолгон.
Иминов Бахтияр 1992-жылы 30-майда Бишкек шаарында туулган. 3-класс билими бар. Эч жерде иштебейт, окубайт, мурда соттолгон эмес.
Сот процессине Бахтыярдын чоң энеси катышып, небересинин ата-энеден эрте ажыраганын, ал мечитке барып, беш маал намазга жыгылып, куран окуп, Кудай жолунда жүргөндүгүн айтып, ага оор жаза бербөөсүн суранып, ыйлап отурду.
Кылмышкерлердин колунан көз жумган аял маркум Ж.М. Караева да жакында эле түрмөгө отуруп чыкканын, акыркы мезгилдерде ар кайсы жерлерде иштеп жүргөнүн сот процессине катышкан туугандары айтышты.
Жакында Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Аксенов Николайды КР Кылмыш Кодексинин бир нече статьяларынын негизинде он сегиз жылга эркинен ажыратуу менен үй-мүлкүн конфискациялоого чечим чыгарды.
Ал эми он алты жаштагы, али он гүлүнүн бир гүлү ачылалек Бахтияр Иминов оор кылмышка катышкандыгы үчүн жети жыл эркинен ажырап темир тор артында өмүр сүрө турган болду. Дооматы күч долу турмуш деген ушул. Арактын арты ушинтип азапка салып туру...

Назира КУЛМАТОВА