"Агым", 14.11.08 - 2-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви


"Агым-пресс" билдирет:
Атамбаев-Сариев тиреши башталды
Оппозициячыл саясатчы Темир Сариев Башпрокурор Элмурза Сатыбалдиевге жолугуп, жеке көйгөйү боюнча сүйлөшкөнүн эшиткенибиз бар. Эми "Акшумкардын" лидеринин дагы бир секрети секирип чыкты. Темир мырза СДПКнын Сокулук аймагы боюнча өкүлүнө жигиттерин жиберип: "Сен солто уруусунан болосуң. Атамбаев менен неге кызматташып жүрөсүң? Бизге келип кошул" маанисинде жигиттеринен салам дубасын айттырыптыр. Муну уккан СДПК жетекчисинин каны ичине кайнап, Темикеге каршы "чоң казатка" даярданып, артынан сөз ээрчите баштады. Т.Сариев да өзүнүн аргументтерин калың журтка жарыя кылып, А.Атамбаевге контр атака жасамакчы. Бул эки дөөнүн кагылышыбы же карапайым элге жагынышыбы? Күтө туралы. Лидерлеринин мындай кейпин карап, оппозициянын келечегинен шек санабай койбойт экенсиң.

Онтогондун да жанын коюшпай
Маданият жана маалымат министри сыркоолоп, ооруканада дарыланып аткан чагы. Султан Раевге оппозиция лидерлери 29-ноябрда өтчү Курултайга - филармония, драмтеатр же опера-балет театрынын бирин сурап кайрылышса: "Алгач Акүйдөгү таасирдүү фигурадан "добро" сурагыла" сыпатындагы жообун узатыптыр.

Мүйүздүү болом деп…
"Акжолдун" айрым депутаттары оппозиция лидерлерине "элчилерин" жибергенин угуп, оозубуз Ошту карады, эй! "Кокусунан бийликке келсеңер бизге да көз сала жүргүлө…" деп ыйламсырашкан имиш. Бийликчил партиянын сенаторлору бекеринен минтпеш керек эле. Бирнерсени жүрөктөрү сезген эмеспи, ыя?

Океандын ары жагындагы экөө
Америкада башкалкалап жүргөн Равшан Жээнбеков туурасында кызык маалымат алдык. Жердеш агасы Болот Шерниязовго көмөк көрсөтүп, АКШда ири бизнес баштаган имиш. Бизнестин кайсы түрү менен шугулданып аткандары бизге белгисиз. Айтмакчы, Равшан мырзанын "Агымга" чыксам деген ниети бар экен. Ортого улам киши салганы менен, ал максаты иш жүзүнө ашпай келет.

Эл өкүлдөрү "киллерге" айланганда
Гезитибиздин өткөн санында батирде жашаган "байкуш" депутаттар туурасында макала жарыяланган. Ошондон бери кабарчыбыз Келдибек Назировго звандап (жашыруун номур менен), "үкам, тынчытып коебуз, тынч жүр" деп коркуткандардын саны арбыды. Андыктан, журналистибиздин бир тал чачы түшсө, сенаторлор жооп берерин эскерте кетели. Баса, ошол макаладан кийин парламентарийлер С.Кадыралиев менен Ж.Салахудинов квартирадан баш тартышты. Калгандарынын бети чымырап да койбой, батирде жашаган "байкуш" турмушун улантышууда.

Исмаил Исаковдун төбө чачы тик турду дейби?
Үсөн аке Сыдыков түптөгөн "Жаңы Кыргызстан" партиясы ичинен ирий баштады. 11-ноябрда партиянын жыйналышы өтүп, Исмаил Исаков бир катар жооптуу кызматкерлерди жумуштан айдаганы туурасында маалымат алдык. "Жаңы Кыргызстандын" активисттери көп адамга "жер беребиз, кызматка коебуз" деп миңдеген долларбай алып, куйруктарын түйгөн имиш. Муну уккан генсек Исаковдун төбө чачы тик турду дейт. Окуянын чын-бышыгын окурман журтчулугуна жарыялоо максатында журналисттик иликтөөбүз башталды. Гезитибиздин келерки сандарында "Жаңы Кыргызстандагы" саясый оюндар, барандуу мүчөлөрү айрым адамдарды кантип алдап жүргөндөрүн окуп каларсыздар.

Кайнагасы "добро" бергени менен…
"Кыргызкөмүр" мамишканасынын башчысы саяк лидери Н.Мотуевдин кайнагасы болуп чыкты. Ошондон уламбы, айтор, күйөө баласын Кара-Кечедеги "Ак-Улакка" башдеректирликке отургузмакчы болот. Орто жолдон Орозбек Дүйшеев каршы чыгып, "Көмүр королуна" бут тосуптур. Орозбек аксакалдын: "Нурлан директордун орунбасары болсун" деген сунушуна Мотуев моюн толгоп, башдеректирликтен башканын кереги жок деп туру. Көптөн бери жумушсуз жүргөн Нурлан мырзанын мындан аркы тагдыры жети адамдан турган "Кыргызкөмүр" мамишканасынын директорлор кеңешинин чечиминен көзкаранды.