"Агым", 14.11.08 - 17-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Италиялык техналогиялар Кыргызстан азык-түлүгүндө

"Кумтор Оперейтинг Компани" жергиликтүү калкка жардам көрсөтүү боюнча 3 жылдык программасынын алкагында Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылындагы мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү Желден-Ата ишканасына "Асептика" методунда иштөөчү жаңы өндүрүштүк жабдык сатып алууну каржылады.

Жаңыртылган ишкана Ак-Терек, ага коңшулаш эки-үч айылда сатууга кетпей калып өтө бышып кеткен өрүктөрдү 2-3 жыл сакталуучу пюре чыгармакчы. Бул жергиликтүү калктын түшүмүн текке кетирбей, акча каражатына айландыруу көйгөйүн чечет. Өндүрүлгөн пюрени алдын ала сатып алуу боюнча сунуштар көп. Бирок ишмерлер биринчи өндүргөн продукциясын өзүлөрү кайта иштетип, өрүк ширесин, джем ж.б. азык түрлөрүн чыгарууну ойлошот.
Жаңы жабдыкты иштетүүгө жаңы технологияларды билүү талап кылынат. Ал үчүн КОК Агробизнестеги атаандаштык борбору (ААБ) менен биргелешип Италиядан эларалык кеңешчи, технолог Марко Кальзаны чакырып, 3-5-ноябрда жалпы республика боюнча мөмө-жемиштерди кайта иштетүү боюнча технолог адистерге семинар өткөрдү. Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл облустарынан 18 адис жаңы билим алып, сертификаттарга ээ болушту. Марко мырза август айында келип, жергиликтүү ишканалардын иши менен таанышып кеткен.
- Жайында көргөн ишканалардын деңгээлине жараша семинар даярдап келгем. Кыргызстан мол түшүм алат, эгер жогорку сапаттагы продукция өндүрсө, экспорттоодон жакшы киреше алууга шарт бар. Эң башкы жетишкендик - экологиялык таза мөмө-жемиштер.
Семинарга келген технолог Турар Табышов бул тармакта көп жаңы өзгөрүүлөр пайда болгонун билип, башка облустардагы кесиптештери менен тажрыйба алмашканы үчүн "Кумтор Оперейтинг Компаниге" ыраазычылык билдирди.
- Советтик ыкмалар дүйнө боюнча алдыңкы деп ойлочумун, ушул семинарда көзүм кайта ачылгандай болду. Кумтөргө акыркы технологиялар боюнча сапаттуу азык чыгарганга жардам бергени үчүн ыракматымды айтам.
Долбоордун демилгечиси, ишке ашырган адис, ААБ технолог-кеңешчиси Чынара Серкебаева жергиликтүү багбандардын көйгөй-үн жакшы билип, атайын алынган жабдуу тууралуу айтып берди:
- Бул өндүрүш жабдыгы асептикалык, б.а. стерилдик таза технология боюнча автоматтык негизде, адамдын катышуусуз берилген программа боюнча иштейт. Чыгарылган жарым-фабрикат алма жана өрүк пюреси 2 жыл сакталат. Аны сатуу абдан оңой. Эң негизгиси, өтө бышып кеткен жемиштер эми жерде калбайт. Италиялык технология боюнча иштетилген жемиштерде микробдор жоготулуп, пайдалуу витамин азыктары сакталып калат. Жаңы техника жалпысынан 300 миң АКШ доллары турат.
Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен КОК атынан иш алпарган менеджер Керим Шатманов иш-чара боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:
- Бул иш - чара 3 жылдык программанын бир тармагы. Биздин программага Тамга айылындагы микрокредиттик агенттик, Барскоон айылындагы "Жарак" агротехсервиси жана Ак-Терек айылындагы мөмө-жемиш кайта иштетүүчү цех кирет. Цехти айылдын иштетилбей калган гаражын ижарага алып, толугу менен азык-түлүк өндүрүүгө ылайыкташтырып, чоң кыйынчылыктар менен жаңы жабдык алып келип ачтык. Бул жерде даяр продукцияны сактоого кампалар да каралган. Болочокто алынган пюреден тетрапакеттерге шире куюп чыгаруу планы да бар. Андан сырткары, айыл өкмөтү мөмө-питомниги үчүн жер бөлүп берүүдө. Ал жерде кайта иштетүүгө ылайык мөмө берүүчү сорттогу көчөттөр өстүрүлүп, жашоочуларга сунушталат.
"Кумтор Оперейтинг Компани" Жети-Өгүз аймагынын жашоочуларына жардам берүү боюнча дагы бир топ жаңы идеялары бар. Маселен, ысык булак аккан жерде анын жылуулугун пайдаланчу теплица куруу. Ал тармактагы адистер жашоочулар арасында жок эмес. "Эл эмгегин жер жебейт" дегендей, эки тараптын биргелешкен аракетинен көп жакшылыктарга күбө болуп отурабыз.

Нуржан АЛЫМКАНОВА